Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

26-БӨЛҮМ

«Кечирүүгө даяр» Кудай

«Кечирүүгө даяр» Кудай

1—3. а) Забурчу Дөөттү эмне кыйнаган жана анын жүрөгүн эмне соороткон? б) Күнөө кылганыбызда эмне оор жүк сыяктуу кыйнашы мүмкүн, бирок Жахаба бизди эмнеге ынандырат?

ЗАБУРЧУ Дөөт: «Менин мыйзамсыз иштерим өзүмдүн башымдан ашып кетти, оор жүк сыяктуу мага салмагын салып турат. Алсырап, аябай кыйналып жатам»,— деп жазган (Забур 37:5, 9). Таза эмес абийир кандай оор жүк болорун Дөөт билчү. Ошентсе да анын кыйналган жүрөгү сооронуч тапкан. Дөөт Жахабанын күнөөнү жек көрөрүн, бирок чын дилинен өкүнүп, күнөө кылганын токтоткон адамдын өзүн жек көрбөөрүн билчү. Жахабанын өкүнгөндөргө ырайым кыларына ишенгендиктен ал: «Сен, Теңирим... боорукерсиң [«кечирүүгө даярсың», «ЖД»]»,— деген (Забур 85:5).

2 Күнөө кылганыбызда, абийирибиз жемелеп, үстүбүздө оор жүк тургандай сезилиши мүмкүн. Мындай сезимдин пайдалуу жагы да бар. Ал оңолуу үчүн зарыл кадамдарды жасоого түрткү берет. Бирок адам өзүн өтө эле күнөөлүү сезгендиктен чөгүп кетиши да ыктымал. Канчалык өкүнбөйлү, жүрөгүбүз айыптап, Кудай кечирбейт деп шыбырай бериши мүмкүн. Эгерде күнөөнүн айынан кайгыга «чөгө» турган болсок, Шайтан биздин багынып, Жахабага кызмат кылууга татыксызмын деген чечимге келишибиз үчүн, колунан келгендин бардыгын кылат (2 Корунттуктарга 2:5—11).

3 А бирок Жахаба бизди эч нерсеге татыксыз деп эсептейби? Жок! Ал зор сүйүүсүн күнөөлөрүбүздү кечирүү менен да көрсөтөт. Кудайдын Сөзү бизди анын чын дилинен өкүнгөндөрдү кечирүүгө даяр экенине ынандырат (Накыл сөздөр 28:13). Жахабанын кантип жана эмне үчүн кечирерин түшүнүү анын ырайымына эч качан ээ боло албайбыз деген ойлордон арылууга жардам берет.

Жахаба эмне үчүн «кечирүүгө даяр»?

4. Жахаба биз тууралуу эмнени эсинен чыгарбайт жана бул анын бизге кылган мамилесине кандай таасир этет?

4 Жахаба мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин билет. «Ал биздин түзүлүшүбүздү... топурак экенибизди билет» (Забур 102:14). Кудай биздин топурактан жаратылганыбызды жана жеткилеңсиз болгондуктан, кемчиликтерибиз, алсыз жактарыбыз бар экенин эстен чыгарбайт. «Түзүлүшүбүздү билет» деген сөздөр Ыйык Китепте Жахабанын — карапачыга, а биздин ал жасаган идиштерге салыштырыларыбызды эске салат * (Жеремия 18:2—6). Улуу Карапачы бизден өтө көп нерсени күтпөйт, ал алсыздыктарыбызды жана күнөө кылууга жакын экенибизди билип, бизге анын жетекчилигине кандай жооп кайтарып жатканыбыздын негизинде мамиле кылат.

5. Римдиктерге жазылган катта күнөөнүн күчү кандайча сүрөттөлөт?

5 Жахаба күнөөнүн бийлиги күчтүү экенин билет. Ыйык Китепте күнөө карыштыра кармап турган күч катары сүрөттөлөт. Анын адамдын үстүнөн болгон бийлиги канчалык күчтүү? Элчи Пабыл римдиктерге жазган катында мындай деп түшүндүрөт: жоокерлер аскер башчынын кол астында болгондой эле, биз да «күнөөнүн бийлиги астындабыз» (Римдиктерге 3:9); күнөө адамдардын үстүнөн «бийлик жүргүзүүдө» (Римдиктерге 5:21); ал биздин «ичибизде» (Римдиктерге 7:17, 20); «күнөөнүн мыйзамы» жашообузду башкаруу аракетинде дайым таасир этип турат (Римдиктерге 7:23, 25). Күнөөнүн алсыз дененин үстүнөн кылган бийлиги кандай гана күчтүү! (Римдиктерге 7:21, 24).

6, 7. а) Жахаба чын жүрөгүнөн өкүнүп, андан ырайым кылышын сурагандарга кандай мамиле жасайт? б) Эмне үчүн Кудайдын ырайымдуулугун кыянаттык менен пайдаланбоо керек?

6 Ошондуктан Жахаба канчалык аракет кылсак да жеткилең түрдө тил алчаактык көрсөтө албаарыбызды билет. Ал бизди чын жүрөктөн өкүнүп, ырайым кылышын сурагандарды мээримдүүлүк менен кечирерине ынандырат. Забур 50:19да: «Кайгылуу рух Кудайга курмандык болот, Кудайым, Сен кайгырган жана моюн сунган [«кайгыга баткан», ПК] жүрөктү жек көрбөйсүң»,— деп айтылган. Жахаба күнөөнүн айынан «кайгырган» же «кайгыга баткан» жүрөктү эч качан четке какпайт.

7 Бирок бул төрөлгөнүбүздөн күнөөгө жакынбыз деп туура эмес иштерибизди актап, Кудайдын ырайымдуулугун кыянаттык менен пайдалана берсек болот дегенди билдиреби? Албетте, жок! Жахаба сезимдерге гана жетектелбейт. Анын ырайымдуулугу чексиз эмес, ошондуктан атайлап күнөө жасап өкүнбөгөндөрдү кечирбейт (Эврейлерге 10:26). Бирок кайгырган жүрөктү көргөндө кечирүүгө даяр. Жахаба сүйүүсүн ушундай өзгөчө жол менен көрсөтөрү Ыйык Китепте кандайча сүрөттөлгөнүн карап көрөлү.

Жахаба кантип кечирет?

8. Жахаба өкүнгөндөрдүн күнөөлөрүн каймана мааниде эмне кылат жана ушундан улам эмнеге шектенбесек болот?

8 Дөөт өкүнгөндөн кийин: «Мен Сага күнөөмдү ачтым, Сенден мыйзамсыз иштеримди жашырган жокмун... Сен күнөөмдүн айыбын менден алып салдың»,— деген (Забур 31:5). «Алып салдың» деп которулган эврей сөзү, негизинен, «көтөрүү» же «көтөрүп жүрүү» деген маанини билдирет. Бул аятта ал «айыпты, мыйзамсыздыкты, күнөөнү» алып кетүү деген мааниде колдонулган. Каймана мааниде айтканда, Жахаба Дөөттүн күнөөлөрүн алып кеткен. Дөөттүн андан кийин өзүн мурункудай күнөөлүү сезбей, кыйналбай калганы шексиз (Забур 31:3). Кудайдын Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишенип, кечирим сурагандардын күнөөлөрүн да алып кетерине шектенбесек болот (Матай 20:28).

9. Жахаба күнөөлөрүбүздү бизден канчалык алыстатат?

9 Жахабанын кантип кечирерин көрсөтүү үчүн Дөөт дагы бир айкын сүрөттөөнү колдонот. Ал: «Чыгыш батыштан кандай алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты»,— дейт (Забур 102:12; жантайынкы ариптер биздики, ред.). Чыгыш батыштан канчалык алыс? Кандайдыр бир мааниде чыгыш батыштан дайыма алыс турат: бул карама-каршы эки тарап бири-бирине эч убакта жакындабайт. Бир окумуштуунун айтымында, бул сөз айкашы «мүмкүн болушунча алыс; ой жеткис алыс» дегенди билдирет. Дөөттүн Кудайдын жетеги астында айткан сөздөрү көрсөтүп тургандай, Жахаба кечиргенде күнөөлөрүбүздү бизден мүмкүн болушунча алыстатат.

«Күнөөлөрүңөр... аппак кардай агарат».

10. Күнөөлөрүбүздү Жахаба кечирген соң, эмне үчүн алардын тагы өмүр бою өчпөйт деп ойлобошубуз керек?

10 Ачык түстөгү кийимге түшкөн такты кетирүүгө аракеттенип көрдүң беле? Канчалык аракет кылсаң да такты толук кетире албай койгондурсуң. Жахабанын өзүнүн кечиримдүү экенин кандайча сүрөттөгөнүн байкасаң. Ал: «Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл болсо, Мен аны аппак кардай агартам. Эгерде кочкул кызыл болсо, Мен аны ак жүндөй агартам»,— дейт (Ышайа 1:18) *. Канчалык аракет кылбайлы, күнөөнүн тагын өзүбүз кетире албайбыз. Бирок Жахаба кыпкызыл же кочкул кызыл сыяктуу болгон күнөөлөрүбүздү кардай же аппак жүндөй кылып агарта алат. Ошондуктан Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирген соң, алардын тагы өмүр бою өчпөйт деп ойлобошубуз керек.

11. Кандай мааниде Жахаба күнөөлөрүбүздү Өзүнүн артына таштайт?

11 Хиския ажалдуу оорудан аман калгандан кийин Жахабага ыраазычылык билдирип: «Менин күнөөлөрүмдүн бардыгын Өзүңдүн артыңа таштадың»,— деп ыр жазган (Ышайа 38:17). Каймана мааниде Жахаба өкүнгөн адамдын күнөөлөрүн алып, аларды экинчи көрбөш же байкабаш үчүн, Өзүнүн артына таштайт. Бир маалымдама эмгекке ылайык, бул ойду: «[Менин күнөөлөрүмдү] алар мурун болбогондой эле кылып койдуң»,— деп берсе болот. Бул жубатарлык эмеспи?

12. Жахабанын кечирүү менен күнөөлөрүбүздү биротоло алыстатарын Михей пайгамбар кандайча көрсөткөн?

12 Михей пайгамбар Кудайдын элинин калыбына келтирилери жөнүндө айтып, Жахабанын өкүнгөн элин кечирерине бекем ишенерин: «Өз мурасынын калдыгынын кылмыштарын айыпка койбогон Сендей Кудай барбы?.. Сен биздин бүт күнөөлөрүбүздү деңиздин түпкүрүнө таштайсың»,— деп билдирген (Михей 7:18, 19). Бул сөздөрдүн байыркы убакта жашаган адамдар үчүн эмнени билдиргенин ойлоп көрсөң. Ал кезде «деңиздин түпкүрүнө» ташталган нерсени кайра алып чыгуу мүмкүн беле? Михейдин сөздөрү Жахабанын кечирүү менен күнөөлөрүбүздү бизден биротоло алыстатарын көрсөтүп турат.

13. Ыйсанын: «Карыздарыбызды кечир»,— деген сөзү эмнени билдирет?

13 Жахабанын кантип кечирерин Ыйса карыз берүүчү менен бересеси бар адамдын ортосундагы мамилени мисалга алып көрсөткөн. Ал: «Биздин карыздарыбызды кечир»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:12, «Мукаддас»). Ыйса бул жерде күнөөнү карыз менен салыштырган (Лука 11:4). Күнөө кылуу менен биз Жахабага «карыз» болобуз. Бир маалымдама эмгекте «кечирүү» деп которулган грек тилиндеги этиш «карызды кайтарып берүүнү талап кылбоо, аны унутуу» дегенди билдирери түшүндүрүлөт. Жахаба кечиргенде, мындайча айтканда, карыздарыбызды кечет, болбосо бизден аны төлөө талап кылынмак. Бул өкүнгөн күнөөкөрлөрдү кандай гана жубатат, анткени кечирилген карызды Жахаба эч качан кайра сурабайт! (Забур 31:1, 2).

14. Күнөөлөрдүн «кечирилиши» деген сөз айкашында кандай ой камтылган?

14 Элчилер 3:19да Жахабанын кечирүүсү тууралуу: «Күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, Кудайга кайрылгыла»,— деп айтылган. Бул жерде «кечирилиши» деп которулган грек тилиндеги этиш «өчүрүү... жоюу же жок кылуу» деген мааниге ээ. Айрым окумуштуулардын айтымына караганда, ал этиштин өтмө мааниси жазылганды өчүрүп салууга болот дегенди туюнтат. Бирок кантип өчүрүп салууга болот? Байыркы мезгилдерде адатта көөнүн, чайырдын жана суунун аралашмасын сыя катары колдонушчу. Мындай сыя менен жазылган жазууларды, арадан көп убакыт өтө элек болсо, нымдуу чүпүрөк менен өчүрүп салууга болор эле. Бул Жахабанын ырайымдуулугун кандай сонун сүрөттөйт! Ал кечиргенде, күнөөлөрүбүздү нымдуу чүпүрөк менен өчүрүп салгандай эле болот.

Жахаба өзүнүн «кечирүүгө даяр» экенин билишибизди каалайт.

15. Жахаба эмнени билишибизди каалайт?

15 Бул айкын сүрөттөөлөрдүн үстүнөн ой жүгүртүп, Жахаба өзүнүн чын дилден өкүнгөндөрдү кечирүүгө даяр экенин билишибизди каалайт деген тыянакка келбейбизби? Ал күнөөлөрүбүздү качандыр бир кезде эстейт деп кооптонуунун кереги жок. Муну Жахабанын улуу ырайымдуулугунун дагы бир жагы күбөлөндүрүп турат: Кудай кечирип эле койбостон, унутат.

«Алардын кылган күнөөлөрүн эстебейм»

16, 17. Ыйык Китепте Жахабанын күнөөлөрүбүздү унутат делгени эмнени билдирет жана эмне үчүн ушинтип жооп берип жатасың?

16 Жаңы келишимге киргендердин бардыгына Жахаба: «Мен алардын мыйзамсыздыктарын кечирем, ошондон кийин алардын кылган күнөөлөрүн эстебейм»,— деп убада кылат (Жеремия 31:34). Бул анын кечиргенден кийин кээ бир күнөөлөрдү эстей албасын билдиреби? Албетте, андай эмес. Ыйык Китепте Жахаба кечирген көптөгөн адамдардын, алардын арасында Дөөттүн да күнөөлөрү тууралуу айтылат (2 Шемуел 11:1—17; 12:13). Алардын кандай күнөөлөрдү жасашканын Жахаба баштагыдай эле билери шексиз. Бул билдирүүлөр, ал адамдардын кантип күнөө кылышканы, кантип өкүнүп, Кудайдын кечиримине кандайча ээ болушканы тууралуу мисалдардан сабак алышыбыз үчүн, Ыйык Китепке жазылган (Римдиктерге 15:4). Анда Ыйык Китепте Жахабанын өзү кечирген адамдардын күнөөлөрүн эстебейт делгени эмнени билдирет?

17 «Эстөө» деп которулган эврей тилиндеги этиш өткөндү эстөө дегенден да көптү камтыйт. «Байыркы Келишим боюнча теологиялык сөздүккө» ылайык, «эстөө» «тийиштүү чара көрүү» деген да мааниге ээ («Theological Wordbook of the Old Testament»). Андыктан күнөөнү «эстөө» деген сөз айкашы айыптууларга каршы чара көрүү деген маанини да билдирет (Ошуя 9:9). Бирок «күнөөлөрүн эстебейм» деп убада берүү менен Кудай бизди өкүнгөн адамды кечиргенден кийин мурдагы күнөөлөрү үчүн аны кайра жазалабасына ынандырат (Жезекиел 18:21, 22). Башкача айтканда, Жахаба «эстебейт» деген анын бизди айыптоо же жазалоо үчүн күнөөлөрүбүздү кайра-кайра эстебээрин билдирет. Кудайыбыздын кечирген күнөөлөрүбүздү унутарын билүү соороторлук эмеспи?

Күнөөнүн кесепеттери

18. Кечирилүү эмне себептен өкүнгөн адамдын натуура иштеринин бардык кесепеттеринен арыларын билдирбейт?

18 Жахаба кечирүүгө даяр, бирок бул өкүнгөн адам туура эмес иштеринин кесепеттеринен толугу менен арылат дегенди билдиреби? Жок. Жазасыз күнөө кылууга мүмкүн эмес. Пабыл: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп жазган (Галаттыктарга 6:7). Кылган иштерибиздин кандайдыр бир кесепетин тартышыбыз ыктымал. Бирок бул кечиргенден кийин Жахаба бизди кыйынчылыктарга дуушар кылат дегенди билдирбейт. Кыйынчылыктарга кабылганда Ыйсанын жолдоочусу Жахаба мурдагы күнөөлөрүм үчүн жазалап жатса керек деп ойлобошу керек (Жакып 1:13). Ошол эле учурда Жахаба натуура иштерибиз алып келчү кесепеттердин бардыгынан сактабайт. Ажырашуу, каалабаган кошбойлуулук, жыныстык жол менен жугуучу оорулар, башкалардын ишениминен жана урмат-сыйынан ажыроо — булардын бардыгы күнөөнүн кайгыга салган, качып кутулгус кесепеттери болушу ыктымал. Мисалы, Дөөттүн Бат-Шеба менен Урийге каршы жасаган күнөөсүн кечиргени менен Жахаба ал падышаны натуура иштеринин оор кесепеттеринен сактабаганын эстесеңер (2 Шемуел 12:9—12).

19—21. а) Кандайча Лебилер 6:1—7-аяттарда жазылган мыйзам зыянга учураганга да, мыйзамды бузганга да пайда апкелген? б) Күнөөлөрүбүздүн айынан кимдир бирөө жапа чексе, Жахаба биздин эмне кылышыбызды күтөт?

19 Күнөөнүн дагы башка кесепеттери болушу мүмкүн, өзгөчө, анын айынан башкалар жапа чегишсе. Лебилер китебинин 6-бабындагы билдирүүнү мисалга алып көрөлү. Ал жерде жакынынын мүлкүн менчиктеп алуу үчүн уурдап, тоноп же алдоо менен оор күнөөгө баткан ысрайылдык адамдын иши Мусанын мыйзамынын негизинде каралат. Ал адам күнөөсүн мойнуна алмак түгүл, кылган ишин танат. Териштирүү эч натыйжасыз аяктайт. Бирок кийинчерээк абийири жемелегендиктен күнөөсүн мойнуна алат. Кудай кечириши үчүн, ал дагы үч талапты аткарууга тийиш: уурдаганын кайтарып бериши, зыянга учураган адамга уурдаган нерсесинин баасынын бештен бир бөлүгүн кошуп бериши жана айып үчүн курмандыкка кой чалышы керек. Мыйзамда андан ары: «Ыйык кызмат кылуучу аны Теңирдин алдында... тазалайт... бардыгы кечирилет»,— деп айтылган (Лебилер 6:1—7).

20 Мыйзам Кудайдын ырайымдуулугун чагылдырып, зыянга учураган адамды коргочу. Күнөөлүү күнөөсүн мойнуна алганын укканда жана мүлкү кайтарылып берилгенде, зыян тарткан адам аябай жеңилденип калчу. Мыйзам абийирине жетектелгенден улам күнөөсүн мойнуна алып, катасын оңдогон адамга да пайда алып келчү. Ушундай кадамдарды жасабаса, ал Кудайдан кечирим ала алмак эмес.

21 Азыр Мусанын мыйзамына карманбасак да, ал бизге Жахабанын кандайча ой жүгүртөрүн, анын кечирүүгө карата көзкарашын түшүнүүгө жардам берет (Колостуктарга 2:13, 14). Кылган күнөөбүздүн айынан башкалар зыян тартканда, катабызды оңдоого бүт күчүбүз менен аракет кылсак, Жахаба кубанат (Матай 5:23, 24). Күнөөбүздү моюнга алып, зыянга учураган адамдан кечирим сурашыбыз зарыл. Ошондон кийин Жахабага Ыйсанын куткаруу курмандыгынын негизинде тиленип, анын бизди кечиргенине ынана алабыз (Эврейлерге 10:21, 22).

22. Жахабанын кечирүүсүн эмне коштойт?

22 Ар бир мээримдүү атадай эле, Жахаба бизди кечире да, ошол эле учурда оңдоо үчүн жазалай да алат (Накыл сөздөр 3:11, 12). Өкүнгөн Ыйсанын жолдоочусу андан ары аксакал, кызмат жардамчысы же толук убакыттагы жарчы болуп кызмат кыла албасын түшүнөт. Ал үчүн баалуу артыкчылыктарынан убактылуу ажыроо оор болушу мүмкүн. Бирок мындай жазалоо чарасы Жахабанын аны кечирбегенин билдирбейт. Андан сырткары, Жахабанын жазасы анын бизге болгон сүйүүсүнүн далили экенин эстен чыгарбоо маанилүү. Кудайдын жазасын кабыл алуу пайда алып келет (Эврейлерге 12:5—11).

23. Эмне үчүн Жахаба ырайым кылбайт деп эч качан ойлобошубуз керек жана эмне себептен кечирүү жагынан Жахабаны туурашыбыз зарыл?

23 «Кечирүүгө даяр» Кудайга кызмат кылып жатканыбызды билүү кандай кубандырат! Кандай ката кетирбейли, Жахаба ырайым кылбайт деп эч качан ойлобошубуз керек. Эгер чын жүрөктөн өкүнсөк, катабызды оңдоо үчүн колдон келгендин бардыгын жасасак жана Ыйсанын төгүлгөн канынын негизинде Жахабадан жан-дилден кечирим сурасак, анын кечирерине шектенбесек болот (1 Жакан 1:9). Келгиле, Жахабаны туурап, бири-бирибизди ал бизди кечиргендей кечирүүгө аракет кылалы. Күнөө кылбаган Жахаба бизди чын дилден жана ырайымдуулук менен кечирип жатса, анда биз, күнөөлүү адамдар, бири-бирибизди кечирүүгө аракет кылышыбыз керек эмеспи?

^ абз. 4 «Түзүлүшүбүз» деп которулган эврей сөзү карапачы жасаган чопо идиштерге карата да колдонулат (Ышайа 29:16).

^ абз. 10 Бир окумуштуунун билдирүүсүнө караганда, кыпкызыл түс «туруктуу, өчпөс өң эле. Андай түс менен боёлгон кездеме шүүдүрүмдө же жамгырда калганда, жууганда же көпкө урунганда оңчу эмес».