Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

Мээримдүү Кудайдан кат

Мээримдүү Кудайдан кат

КАЙСЫ китепти баарынан жакшы көрөсүң? ~ Кээ бир балдар жаныбарлар жөнүндөгү китептерди жакшы көрөт. Башкаларга болсо сүрөттөрү бар китептер жагат. Андай китептерди окуу, чынында эле, аябай кызыктуу.

Бирок дүйнөдөгү эң жакшы китептер — бул Кудай жөнүндө чындык жазылган китептер. Алардын бири абдан баалуу. Ал кайсы китеп экенин билесиңби? ~ Ал — Ыйык Китеп.

Ыйык Китеп эмне үчүн баалуу? ~ Анткени ал — Кудайдын китеби. Анда Кудайдын ким экени жана анын бизге кандай жакшы нерселерди кылары жөнүндө айтылат. Ошондой эле Кудайды кубандыруу үчүн эмне кылышыбыз керектиги да жазылган. Ыйык Китепти Кудайдан келген катка салыштырууга болот.

Кудай Ыйык Китепти асмандан жазып, анан адамдарга берип коё алмак. Бирок ал анткен эмес. Кудай ал китептин көпчүлүк бөлүгүн жердеги кызматчыларына жаздырганы менен, эмне жаздырууну өзү чечкен.

Ал аны кандайча кылган? ~ Кел, ойлонуп көрөлү. Мисалы, радиодон сүйлөп жаткан кишинин бизден аябай алыс жакта экенин билебиз. Телевизордон да таптакыр башка өлкөдө жашагандарды көрүп, алардын үнүн да уга алабыз.

Адамдар космос кемеси менен Айга чейин учуп, ал жактан Жерге маалымат бере алышат. Сен ушул жөнүндө билчү белең? ~ Эгер адамдар ушундай кыла алса, анда Кудай асмандан адамдарга маалымат бере албайбы? ~ Албетте, бере алат! Кудай аны адамдар радиону, телевизорду ойлоп чыгаргандан алда канча мурун эле кылган.

Алыста болсо деле, Кудай адамдар менен сүйлөшө аларын кайдан билебиз?

Кудай менен сүйлөшкөн кишилердин бири Муса болгон. Муса Кудайды көрө алган эмес, ал Кудайдын үнүн гана уккан. Кудайдын үнүн аны менен бирге миллиондогон кишилер да уккан. Ошондо күн күркүрөп, чагылган чартылдап, тоо титиреген. Эл Кудай сүйлөп жатканын түшүнгөн. Алар катуу коркконунан Мусага: «Биз менен Кудай сүйлөшпөсүн, болбосо өлүп калабыз»,— деп жалынышкан. Кийинчерээк Муса Кудайдын айткандарынын баарын жазып алган. Аларды биз Ыйык Китептен окуй алабыз (Чыгуу 20:18—21).

Муса Ыйык Китептин биринчи беш китебин жазган. Бирок Ыйык Китепти жалгыз эле ал жазган эмес. Кудай бул ишти 40тай кишиге тапшырган. Алар мындан көп убакыт мурун жашашкан. Ыйык Китеп жазылып бүткөнгө чейин бир топ убакыт — болжолу, 1 600 жыл — өткөн! Таң калыштуусу, алардын айрымдары бири-бирин эч качан көрүшкөн эмес. Ошого карабай алардын жазгандарынын баары бири-бирине шайкеш келет.

Ыйык Китептин бул жазуучуларынын аттары ким?

Кудай Ыйык Китепти жаздырган кишилердин айрымдары белгилүү кишилер болгон. Муса бир учурда койчу болсо да, кийинчерээк ысрайыл элине жолбашчы болгон. Сулайман болсо падыша болчу. Ал эң акылдуу, эң бай киши болгон. Бирок Ыйык Китепти жазгандардын баары эле атактуу кишилерден болгон эмес. Мисалы, Амос мөмөсү анжырдын мөмөсүнө окшош тыт дарагын өстүрчү.

Ыйык Китептин дагы бир жазуучусу доктур болгон. Анын атын билесиңби? ~ Лука. Башкасы салык жыйноочу эле. Анын аты — Матай. Бирөө болсо юрист болчу. Ал жүйүттөрдүн диний мыйзамдарын жакшы билчү. Ошол киши баарынан көп китеп жазган. Анын атын билесиңби? ~ Анын аты — Пабыл. Исанын Ыйык Китепти жазууга катышкан Петир, Жакан деген жолдоочулары балыкчы болушкан.

Ыйык Китепти жазган ушул кишилердин көбү Кудайдын келечекте эмне кылары тууралуу жазышкан. Алар аны кайдан билишкен? ~ Аны аларга Кудай айткан.

Улуу Окутуучу Иса жерге келген убакта Ыйык Китептин көпчүлүк бөлүгү жазылып бүткөн. Улуу Окутуучунун мурун асманда жашаганын эстесең. Ал, Кудай эмне кылса, ошонун баарын көргөн. Ал Ыйык Китеп Кудайдын китеби экенине ишенгенби? ~ Албетте, ишенген!

Иса адамдарга Кудайдын иштери жөнүндө айтып берип жатканда Ыйык Китептен окуп берчү. Кээде болсо аяттарды жатка айтчу. Ошондой эле ал бизге Кудай жөнүндө көп нерселерди ачып берген. Ал: «Мен дүйнөгө андан уккандарымды гана айтам»,— деген (Жакан 8:26). Иса Кудайдан көп нерселерди уккан, анткени аны менен асманда жашаган. Исанын сөздөрүн биз каяктан окуй алабыз? ~ Ыйык Китептен. Ал айткандардын баары окушубуз үчүн жазылган.

Кудай Ыйык Китепти жаздырган кишилер аны өз эне тилинде жазышкан. Ыйык Китептин көпчүлүк бөлүгү эврей тилинде, айрымдары арамей тилинде, калганы болсо грек тилинде жазылган. Бүгүнкү күндө көптөр ал тилдерде окуй албагандыктан, Ыйык Китеп башка тилдерге которулган. Анын кээ бир бөлүгүн 2 260тан ашуун тилде окуса болот. Элестетсең, Ыйык Китеп ушунча тилге которулган! Ыйык Китеп — Кудайдын бардык адамдарга арналган каты. Ал канча тилге которулбасын, Кудайдын китеби болуп кала берет.

Ыйык Китепте айтылгандар биз үчүн абдан маанилүү. Ал байыркы убакта жазылган. Бирок анда азыркы күндө болуп жаткан нерселер жөнүндө айтылган. Ошондой эле Кудайдын жакында эмне кылары да жазылган. Ал бизге үмүт берген кандай гана сонун кабар!

Ыйык Китепти окуудан эмнеге үйрөнө аласың?

Ыйык Китептен Кудайды кубандыруу үчүн кандай жашоо өткөрүшүбүз керектиги жөнүндө да биле алабыз. Анда эмне жакшы, эмне жаман экени түшүндүрүлөт. Муну сен да, мен да — баарыбыз билишибиз керек. Ыйык Китепте өздөрүн туура эмес алып жүргөн кишилер жөнүндө жана алардын эмне болгону жазылган. Бул бизге алардын кылганын кайталабоого жардам берет. Ооба, анда жазылгандын баары биз үчүн пайдалуу.

Бирок Ыйык Китептен көбүрөөк пайда алышыбыз үчүн маанилүү бир суроонун — «Ыйык Китепти бизге ким берген?» деген суроонун — жообун билишибиз керек. Буга сен эмне деп жооп берет элең? ~ Туура, Ыйык Китепти бизге Кудай берген. Ал эми биз чынында эле акылдуу экенибизди кантип көрсөтө алабыз? ~ Биз Кудайдын тилин алып, анын айткандарынын баарын аткарышыбыз керек.

Ыйык Китепти чогуу окууга сөзсүз убакыт бөлүшүбүз зарыл. Адатта, аябай жакшы көргөн бирөөдөн кат алганда аны кайра-кайра окуйбуз. Анткени ал кат биз үчүн абдан баалуу. Ыйык Китеп да ошондой кат сыяктуу. Ал — бизди аябай жакшы көргөн Кудайдын каты.

Эми Ыйык Китеп, чынында эле, биздин пайдабыз үчүн жазылган Кудайдын Сөзү экенин көрсөткөн бул аяттарды окуп көрсөң: Римдиктер 15:4; 2 Тиметей 3:16, 17 жана 2 Петир 1:20, 21.