Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Бардыгынын Жаратуучусу

Бардыгынын Жаратуучусу

Тирүү жандардын бардыгын ким жараткан?

МЕН кызыктуу бир нерсе билем, айтып берейинби? ~ Колуңду жумсаң. Эми кайра ачып, бир нерсе кармап көрсөң. Колуң менен көп нерселерди кыла аласың. Аны ким жаратканын билесиңби? ~

Туура, аны оозубузду, мурдубузду жана көзүбүздү Ким жаратса, ошол жараткан. Ал — Кудай — Улуу Окутуучунун Атасы. Кудайдын бизге көз жаратып бергени кандай жакшы, ээ? ~ Анткени көзүбүз менен бардыгын көрө алабыз. Мисалы, гүлдөрдү, чөптөрдү жана көк асманды көрөбүз. Бул сүрөттөгү чымчыктын ачка балапандарын да көрө алабыз. Биздин ушунча көп нерселерди көрө алганыбыз кандай сонун, чынбы? ~

Бирок булардын бардыгы каяктан пайда болгон? Балким, аларды бир киши жасагандыр? Жок. Адамдар үй кура алат, бирок бир да киши чөп жасай албайт. Ошондой эле адамдар чымчыктын балапанын же гүл, деги эле тирүү бир нерсе жасай албайт. Сен ушуну билчү белең? ~

Алардын бардыгын Кудай жараткан. Ал асман менен жерди, биринчи аял менен эркекти да жараткан. Улуу Окутуучу Иса ушуга окуткан (Матай 19:4—6).

Биринчи эркек менен аялды Кудай жаратканын Иса каяктан билген? Ал Кудайдын адамдарды жаратып жатканын көрдү беле? ~ Ооба, анткени Иса ошол учурда Кудайдын жанында эмес беле. Кудай эң биринчи эле аны жараткан. Ал периште болгон жана асманда Атасы менен жашаган.

Ыйык Китепте Кудайдын: «Адам жараталы»,— деген сөздөрү жазылган (Башталыш 1:26). Бул сөздөрдү Кудай кимге айтканын билесиңби? ~ Муну ал өзүнүн Уулуна айткан. Уулу болсо кийинчерээк жерге келип, Иса болгон.

Бул аябай таң калыштуу, чынбы? Элестетип эле көрсөң, биз Улуу Окутуучудан — Жерди жана айланабыздагы бардык нерселерди жаратып жатканда Кудайдын жанында болгон Исадан — үйрөнө алабыз. Ал Атасы менен асманда чогуу эмгектенип, көп нерселерге үйрөнгөн. Ошондуктан анын Улуу Окутуучу болгону таң калыштуу эмес!

Кандай деп ойлойсуң, Кудай Уулун жаратканга чейин өзүн бактысыз, жалгыз сезгенби? ~ Жок. Эгер ал жалгызсырабаса, анда эмне үчүн башкаларды жарата баштаган? ~ Ал бардык тирүү жандарды сүйүүнүн Кудайы болгондуктан жараткан. Ал башкалардын да жашап, жашоодон кубаныч алышын каалаган. Ошондуктан өмүр бергени үчүн ага ыраазычылык билдиришибиз керек.

Кудай жараткан нерселердин баарынан анын сүйүүсү көрүнүп турат. Мисалы, Кудай Күндү жараткан. Ал бизге жарык жана жылуулук берет. Күн жок болсо, баары тоңуп калмак жана жерде жашоо болмок эмес. Кудайдын Күндү жаратканы кандай жакшы, ээ? ~

Ошондой эле Кудай жамгыр жаап турушуна да кам көргөн. Жамгыр жааганы кээде сага жакпашы мүмкүн. Анткени эшикке ойногону чыга албай каласың да. Бирок жаан жаабаса, гүлдөр өспөйт болчу. Эми кооз гүлдөрдү көргөнүңдө кимге ыраазычылык билдиресиң? ~ Кудайга. Ал эми жашылча-жемиш жегенде кимге ырахмат айтышыбыз керек? ~ Албетте, Кудайга. Анткени алар, Кудай күн тийгизгендиктен жана жамгыр жаадыргандыктан, өсүп жатат.

Эгер сенден кимдир бирөө: «Адамдар менен жаныбарларды Кудай жаратты беле?» — деп сураса, эмне деп жооп бересиң? ~ «Ооба, адамдар менен жаныбарларды Кудай жараткан» — десең, туура жооп берген болосуң. Бирок кимдир бирөө адамдарды Кудай жаратканына ишенбесечи? Адамдар жаныбарлардан келип чыккан деп айтсачы? Ыйык Китепте мындай деп айтылбайт. Анда бардык тирүү жандарды Кудай жаратканы айтылат (Башталыш 1:26—31).

Эгер үй өзүнөн өзү пайда болбосо, анда гүлдөрдү, бактарды жана жаныбарларды ким жараткан?

Бирок айрымдар: «Мен Кудайга ишенбейм»,— деп айтышы ыктымал. Андайда эмне кылыш керек? ~ Ага үйдү көрсөтүп, анан: «Бул үйдү ким курган?» — деп сурасаң болот. Ар бир эле киши үйдү бирөө курганын билет. Анткени үй өзүнөн өзү эле пайда болбойт да! (Эврейлер 3:4).

Анан бакчадагы гүлдү көрсөтсөң болот. Андан: «Бул гүлдү ким жасаган?» — деп сура. Аны адамдар жасашы мүмкүн эмес. Үй өзүнөн өзү пайда болбогондой эле, гүл да өзү эле пайда боло алмак эмес. Аны да бирөө жаратышы керек эле. Ооба, гүлдү Кудай жараткан.

Же андай кишиге бир азга токтоп, чымчыктардын сайраганын угуп көрүшүн айтсаң болот. Анан: «Чымчыктарды ким жараткан, аларга сайраганды ким үйрөткөн?» — деп сура. Аларды Кудай жараткан. Ооба, асманды да, жерди да, бардык тирүү жандарды да Кудай жараткан! Бардыгына өмүрдү Кудай берген.

Бирок дагы бирөө көргөнүнө гана ишенерин айтышы мүмкүн. Ал: «Көрмөйүнчө ишенбейм»,— деп айтат. Ооба, кээ бирөөлөр Кудайга аны көрбөгөндүктөн ишенбейт.

Кудайды көрө албаганыбыз чын. Ыйык Китепте Кудайды бир да кишинин көрө албай турганы айтылат. Жердеги бир да киши — эркектер да, аялдар да, балдар да — Кудайды көрө албайт. Ошон үчүн эч ким Кудайдын сүрөтүн тартууга же сөлөкөтүн жасоого аракет кылбашы керек. Кудай анын сөлөкөтүн жасабашыбыз керек экенин өзү айткан. Ошондуктан үйүбүздө ошондой нерселер болсо, бул ага жакпайт (Чыгуу 20:4, 5; 33:20; Жакан 1:18).

Бирок Кудайды көрө албасак, анын бар экенин каяктан билебиз? Кел, ойлонуп көрөлү. Сен шамалды көрө аласыңбы? ~ Албетте, жок. Шамалды эч ким көрө албайт. Бирок анын бар экенин байкаса болот. Мисалы, бактардын термелип жатканын жана жалбырактардын кыймылдап жатканын көрөсүң. Ошондуктан шамал бар деп айта аласың.

Шамалдын бар экенин эмнеден улам билесиң?

Ошо сыяктуу эле, биз Кудайдын иштерин көрө алабыз. Гүлдөрдү же чымчыктарды — баарын Кудай жараткан. Ошондуктан Кудайдын бар экенине ишенебиз.

Ал эми дагы башка бирөө: «А Күн менен Жерди ким жасаган?» — деши мүмкүн. Ыйык Китепте: «Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп айтылат (Башталыш 1:1). Ооба, жакшы нерселердин бардыгын Кудай жараткан. Сен ушунун баары үчүн Кудайга ыраазысыңбы? ~

Жашоо кандай гана сонун! Биз чымчыктардын сайраганына, гүлдөргө жана Кудай жараткан дагы башка көп нерселерге суктана алабыз. Ошондой эле дүйнөдө канчалаган таттуу, даамдуу нерселер бар!

Ушул белектердин бардыгы үчүн Кудайга ырахмат айтышыбыз керек. Кудайдын эң баалуу белеги — бул өмүр. Эгер Кудайга чындап ыраазы болсок, анда ал үчүн бир нерсе кылгыбыз келет. Эмне кылсак болот деп ойлойсуң? ~ Кудайга тил алып, ал Ыйык Китепте биздин эмне кылышыбыз керектигин айтса, ошонун баарын аткарышыбыз керек. Ошентүү менен бардыгынын Жаратуучусун сүйөрүбүздү көрсөтөбүз.

Кудайга биз үчүн жасаган нерселердин бардыгы үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек. Кантип? Бул аяттарды окуп көрсөң: Забур 138:14; Жакан 4:23, 24; 1 Жакан 5:21 жана Аян 4:11.