Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Кудайдын аты бар

Кудайдын аты бар

КИМДИР БИРӨӨ менен таанышканда биринчи эле кандай суроо бересиң? ~ Ооба, анын атын сурайсың. Ар бирибиздин атыбыз бар. Кудай биринчи кишиге ат коюп, аны Адам деп атаган. Адамдын аялынын аты Обо болгон.

Бирок адамдардын эле аты барбы? Дагы кимге же эмнеге ат коюлары жөнүндө ойлонуп көрсөң. Мисалы, күчүгүңө сөзсүз ат коймоксуң, туурабы? ~ Ооба, баарынын аты бар.

Түн ичинде асмандан көптөгөн жылдыздарды көрө алабыз. Кандай деп ойлойсуң, алардын аты барбы? ~ Көрсө, Кудай ар бир жылдызга ат коюптур. Ыйык Китепте: «[Кудай] жылдыздардын санын эсептейт, алардын ар бирин атынан атайт»,— деп айтылат (Забур 146:4).

Ар бир жылдыздын аты бар экенин билчү белең?

Сенин оюңча, ааламда баарынан ким чоң? ~ Албетте, Кудай. Кандай деп ойлойсуң, анын аты барбы? ~ Ооба, ал тууралуу Иса айткан. Ал бир жолу Кудайга: «Жолдоочуларыма сенин атыңды ачып бердим»,— деп тиленген (Жакан 17:26). Кудайдын атын билесиңби? ~ Аты ким экенин Кудай өзү айткан. Ал мындай деген: «Мен Жахабамын, бул Менин атым». Демек, Кудайдын аты — ЖАХАБА (Ышайа 42:8, «ЖД»).

Башкалардын сени атыңдан атаганы жагабы? ~ Жахаба да адамдардын анын атын билишин каалайт. Ошондуктан Кудай жөнүндө айтканда аны атынан аташыбыз керек. Улуу Окутуучу элге Кудай жөнүндө айтып жатканда, аны дайыма атынан атачу. Ал бир жолу: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен сүй...»,— деген (Марк 12:30).

Ал «Жахаба» деген аттын аябай маанилүү экенин билген. Ошондуктан өзүнүн шакирттерин Кудайды атынан атоого үйрөткөн. Ал эмес, тиленгенде да Кудайдын атын айтуу керектигин айткан. Ал Кудай өзүнүн атын бардык адамдардын билишин каалаарын билген.

Бир жолу Кудай Мусага өзүнүн атынын маанилүү экенин көрсөткөн. Ал окуя тээ мурун болгон. Муса ысрайылдык эле. Ысрайылдыктар Мисир деген өлкөдө жашашчу. Ал жерде жашаган кишилер мисирликтер деп аталчу. Мисирликтер ысрайылдыктарды кул кылып алышкан жана аларга аябай жаман мамиле кылышчу. Муса чоңойгондо ысрайылдык бир кишиге жардам бергиси келет. Ал тууралуу Мисирдин башкаруучусу, фараон, билип калат. Анан аябай ачууланып, Мусаны өлтүрүүнү буйрук кылат. Ошондуктан Муса Мисирден качып кетет.

Анан башка өлкөдө жашап калат. Ал жер Мидиан жери деп аталчу. Муса ошол жерден үйлөнүп, бала-чакалуу болот. Ал койчу эле. Бир күнү кой кайтарып жүрүп, бийик тоодон таң калыштуу бир нерсе көрөт. Элестетсең, тикенектүү бадал такыр күйүп бүтпөй, жалбырттап күйө берет! Муса аны жакшылап карайынчы деп, ага жакыныраак барат.

Анан эмне болгонун билесиңби? ~ Күйүп жаткан бадалдан: «Муса! Муса!» — деген үн чыгат. Ал кимдин үнү эле? ~ Кудайдын. Кудай Мусага аябай маанилүү тапшырма бергиси келген. Анан Мусага: «Мен сени Мисирден менин элимди, ысрайылдыктарды, алып чыгышың үчүн Мисирдин башкаруучусуна, фараонго, жиберем»,— дейт. Кудай Мусага ошол ишти аткарууга жардам берерин убада кылат.

Муса күйүп турган тикенектүү бадалдын жанына барганда кандай маанилүү нерсени билген?

Бирок Муса ага: «Мен азыр Ысрайыл уулдарына барып: „Мени Кудай жиберди“,— десем, алар менден: „Анын аты ким?“ — деп сурашса, эмне деп жооп берем?» — дейт. Ошондо ал: «Ысрайылдыктарга: „Мени силерге Жахаба жиберди“,— деп айт. Бул Менин кылымдан кылымга белгилүү болгон атым»,— деп жооп берет (Чыгуу 3:1—15). Ооба, Кудай өзүнүн атын түбөлүккө сактагысы келет. Ал аны эч качан өзгөртпөйт жана өзүн дайыма Жахаба деп айтышыбызды каалайт.

Кызыл деңизден Кудай өзүнүн атын кандайча белгилүү кылган?

Ошентип, Муса Мисирге кайра барат. Ошол кезде мисирликтер Жахабаны ысрайылдыктардын болбогон эле кудайы деп ойлошкон. Жахабанын бүткүл жердин Кудайы экени алардын оюна да келген эмес. Ошондуктан Жахаба Мисирдин башкаруучусуна: «Атымды бүт жер жүзүнө белгилүү кылам»,— деп айттырат (Чыгуу 9:16). Анан убадасын аткарат. Кантип аткарганын билесиңби? ~

Ал Мусага ысрайылдыктарды Мисирден алып чыгууну буйрук кылат. Алар Кызыл деңизге жетишкенде, Жахаба деңизди экиге бөлөт. Ысрайылдыктар деңизден кургак жер менен өтүп кетишет. Фараон аскерлери менен алардын артынан кууп жөнөйт. Бирок экиге бөлүнүп турган суу кайрадан кошулуп, мисирликтерди көмүп калат. Ошентип, алардын баары өлөт.

Ал окуя тууралуу кабар бүт жерге тарайт. Жахабанын Кызыл деңизден эмне кылганын бардык элдер угат. Муну каяктан билебиз? ~ Ошол окуядан 40 жылдай өткөндөн кийин ысрайылдыктар Канаан жерине барат. Ал жерди өзүнүн элине берерин Жахаба мурда эле убадалаган. Ошол жерлик Рахап аттуу бир аял эки ысрайылдыкка: «Мисирден чыкканыңарда, Жахаба силердин көз алдыңарда Кызыл деңизде эмне кылганын укканбыз»,— деп айтат (Жашыя 2:10).

Бүгүн ошол мисирликтерге окшогон кишилер көп. Анткени алар Жахабанын бүт жер жүзүнүн Кудайы экенине ишенишпейт. Ошондуктан Жахаба өзүнүн кызматчыларынын ал тууралуу башкаларга айтышын каалайт. Иса дал ушундай кылган. Жердеги жашоосунун аягында ал Жахабага тиленип жатып: «Жолдоочуларыма сенин атыңды ачып бердим»,— деген (Жакан 17:26).

Иса Кудайдын аты тууралуу айткан. Сен Ыйык Китептен Кудайдын атын көрсөтө аласыңбы?

Сен Исадай болгуң келеби? Анда Кудайдын аты Жахаба экенин башкаларга айт. Ошондо көптөрдүн муну билбей турганын байкайсың. Аларга Ыйык Китептен Забур 82:19ду көрсөтсөң болот. Кел, Ыйык Китебиңди алып, ошол аятты чогуу окуп көрөлү. Ал жерде: «Бир гана Сенин атың Жахаба экенин, жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сен экениңди билишсин»,— деп жазылган.

Бул аяттан эмнени билдик? ~ Ооба, «Жахаба» деген ат дүйнөдөгү эң маанилүү ат экенин билдик. Бул — Кудуреттүү Кудайдын, Исанын Атасынын, бардык нерселерди Жараткандын аты. Исанын Жахаба Кудайды бүт жүрөгүң менен сүй дегенин эстесең. Сен Жахабаны сүйөсүңбү? ~

Жахабаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтсөк болот? ~ Аны менен достошуп, жакыныраак таанышышыбыз керек. Ошондой эле башкаларга Кудайдын аты Жахаба экенин айтышыбыз маанилүү. Аны Ыйык Китептин өзүнөн көрсөтүп берсек болот. Жахабанын кандай сонун нерселерди жаратканын жана биз үчүн канчалаган жакшы нерселерди жасаганын да айтып бер. Жахаба буга кандай гана сүйүнөт! Анткени Кудай адамдардын ал жөнүндө билишин каалайт. Биз болсо билгендерибизди аларга айтып бере алабыз, чынбы? ~

Бирок Жахаба жөнүндө угууну баары эле каалабайт. Айрымдар, ал эмес, Улуу Окутуучу Исаны, Жахаба тууралуу айтканда, угушкан эмес. Бирок Иса ага караган эмес. Ал баары бир Жахаба жөнүндө айта берген.

Кел, биз да Исадан үлгү алып, Жахаба тууралуу баарына айталы. Жахаба буга аябай сүйүнөт. Анткени ошентип анын атын абдан баалаарыбызды көрсөтөбүз.

Эми Ыйык Китептен бир нече аят окуп көрөлү. Ал аяттардан Кудайдын аты канчалык чоң мааниге ээ экенин көрөбүз: Ышайа 12:4, 5, «ЖД»; Матай 6:9; Жакан 17:6 жана Римдиктер 10:13.