Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

Исанын алгачкы жолдоочулары

Исанын алгачкы жолдоочулары

Бул ким жана ал кандайча Исанын шакирти болгон?

КУДАЙДЫН эң жакшы кызматчысы ким болгон? ~ Ооба, Иса Машаяк. Кандай деп ойлойсуң, биз Исадай боло алабызбы? ~ Ыйык Китепте анын бизге үлгү калтырганы айтылат. Иса бизди өзүнүн жолдоочусу болууга чакырат.

Исанын жолдоочусу болуу деген эмнени билдирерин билесиңби? ~ Кел, карап көрөлү. Биринчиден, биз андан үйрөнүшүбүз керек. Ошондой эле анын айткандарына ишенишибиз да зарыл. Эгер ишенсек, анда аларды аткарышыбыз керек.

Көптөр Исага ишенерин айтышат. Бирок алардын баарын Исанын жолдоочулары деп айтууга болобу? ~ Жок, көпчүлүгү жөнүндө антип айтууга болбойт. Балким, алар чиркөөгө бараттыр. Бирок алардын көбү Иса окуткан нерселерге эч качан кызыгышкан эмес. Чынында, Исанын жолдоочулары деп анын жолун жолдогондор гана атала алышат.

Кел, Иса жерде жашаган учурдагы анын жолдоочулары менен таанышалы. Филип Исанын жолдоочуларынын эң биринчилеринен болгон. Ал досу Натанаелди (анын башка аты Барталамей) издеп жөнөгөн. Сүрөттө көрүнүп тургандай, Натанаел дарактын түбүндө отурат. Ал Исага келгенде, Иса: «Куулугу жок, накта ысрайылдык ушул»,— деген. Натанаел таң калып, андан: «Сен мени кайдан билесиң?» — деп сураган.

Иса өзүнүн шакирти болууга кимдерди чакырып жатат?

Иса ага: «Филип сени чакыра электе, мен сени анжыр дарагынын түбүндө отурганыңда көргөм»,— деп жооп берген. Натанаел аябай таң калат. Анткени анын каякта болгонун Иса так айткан. Ошондуктан Исага: «Сен Кудайдын Уулусуң, Ысрайылдын Падышасысың»,— деген (Жакан 1:49).

Жүйүт Искариот, Жүйүт (Тадай деген да аты бар), Симон

Башкалары болсо Иса Филип менен Натанаелди чакырардан бир күн мурун анын жолдоочулары болушкан. Алар: Андрес жана анын биртууганы Петир, ошондой эле Жакан жана мүмкүн, анын биртууганы Жакып (Жакан 1:35—51). Бирок убакыттын өтүшү менен ал төртөө кайра мурунку жумушу, балык уулоо, менен алектенип кетишкен. Иса бир жолу Галилея деңизинин жээгинде тор салып жаткан Петир менен Андрести көрүп, аларды: «Мени ээрчигиле»,— деп чакырган.

Жакып (Алпейдин уулу), Томас, Матай

Андан кийин Жакып менен Жаканды жолуктурган. Алар атасы менен кайыкта балык кармаган торлорун оңдоп жатышкан. Иса аларды да артынан ээрчүүгө чакырган. Ал сени да чакырса, эмне кылат элең? Анын артынан ээрчүүгө дароо эле макул болот белең? ~ Алар Исанын ким экенин, аны Кудай жибергенин билишкен. Ошондуктан балык уулоочулукту таштап, ошол замат Исанын артынан жөнөшкөн (Матай 4:18—22).

Натанаел, Филип, Жакан

Бирок бул алардын ошондон кийин дайыма туура иш кылганын билдиргенби? ~ Жок. Алардын кимиси чоң экени тууралуу талашышканын эстесең. Ошентсе да алар Исаны угушчу жана оңолууга аракет кылышчу. Биз да өзгөрүүгө даяр болсок, Исанын жолдоочусу боло алабыз.

Жакып (Жакандын биртууганы), Андрес, Петир

Иса өзүнүн жолдоочусу болууга ар кандай кишилерди чакырган. Бир жолу бир бай жигит Исага келип, түбөлүк өмүргө кантип ээ болсо болорун сураган. Ал Кудайдын осуяттарын бала чагынан эле аткарып жүргөнүн айткан. Ошондо Иса ага: «Менин жолдоочум бол»,— деген. Ошол жигиттин эмне кылганын билесиңби? ~

Исанын жолун жолдоо байлыкка ээ болуудан алда канча маанилүү экенин билгенде ал аябай капа болгон. Ал Исанын жолдоочусу болгон эмес, анткени Кудайга караганда акчаны көбүрөөк сүйгөн (Лука 18:18—25).

Иса болжол менен бир жарым жыл кызмат кылгандан кийин өзүнүн жолдоочуларынын ичинен 12 элчи тандап алган. Ал аларды өзгөчө тапшырма аткарууга жөнөткөн. Алардын аттарын билесиңби? ~ Кел, сүрөттүн жардамы менен алардын аттарын эстеп калууга аракет кылалы. Элчилердин аттарын атап көрсөң. Эми китепти карабай, дагы бир жолу айтып көр.

Иса кабар айтып жүргөндө ага жардам берген бул аялдар кимдер?

Тилекке каршы, кийин элчилердин бири жаман болуп кеткен. Ал Жүйүт Искариот эле. Анын ордуна элчи болуп башка киши тандалган. Ал ким экенин билесиңби? ~ Матий. Кийинчерээк Пабыл менен Барнаба да элчи болушкан, бирок алар он эки элчинин ичине кирген эмес (Элчилер 1:23—26; 14:14).

Биринчи бөлүмдөн билгенибиздей, Иса балдарга убакыт бөлчү. Эмне үчүн? ~ Анткени ал балдардын да анын жолдоочусу боло аларын билген. Балдар атүгүл чоңдорго Улуу Окутуучуну угууга жана ал жөнүндө көбүрөөк билүүгө түрткү бере алышат.

Исанын жолдоочуларынын арасында аялдар да көп болгон. Алардын айрымдары, мисалы, Магдалалык Мариям, Жаана жана Сузана, Иса башка шаарларда кабар айтканда, анын артынан ээрчип жүрүшкөн. Алар Исага тамак жасап, кийимин жууп беришсе керек (Лука 8:1—3).

Сен Исанын жолдоочусу болгуң келеби? ~ Исанын жолдоочусумун деп аталуу жетишсиз экенин эсиңден чыгарба. Биз өзүбүздү жыйналыш жолугушууларында эле эмес, бардык жерде анын жолдоочуларындай алып жүрүшүбүз керек. Кандай деп ойлойсуң, дагы кайсы жерде өзүбүздү Исанын жолдоочуларындай алып жүрүшүбүз керек? ~

Ооба, үйдө. Ошондой эле мектепте да өзүбүздү Исанын жолдоочусундай алып жүрүшүбүз зарыл. Исанын жолун жолдоо деген кайсы жакта жүрбөйлү, күн сайын аны тууроону билдирерин унутпашыбыз керек.

Исанын жолдоочусу экенибиз кайсы жерде да белгилүү болушу керек?

Эми Исанын жолдоочулары тууралуу Ыйык Китепте эмне айтыларын чогуу окуп көрөлү: Матай 28:19, 20; Лука 6:13—16; Жакан 8:31, 32 жана 1 Петир 2:21.