Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Эмне үчүн кечириш керек?

Эмне үчүн кечириш керек?

СЕНИ кимдир бирөө таарынткан учурлар болду беле? ~ Балким, жаман мамиле кылып же жаман айткандыр? ~ Жамандыкка жамандык менен жооп беришибиз керекпи? ~

Адатта, таарынган киши таарынтканга өзүндөй мамиле кылууга аракет кылат. Бирок Иса бизге жаман мамиле кылгандарды кечиришибиз керектигин айткан (Матай 6:12). А эгер бир нече жолу таарынтсачы, анда канча жолу кечиришибиз керек? ~

Муну Петир да билгиси келген. Ошондуктан ал бир жолу Исадан: «Жети жолу кечиришим керекпи?» — деп сураган. Бирок жети жолу аябай эле аз да! Иса Петирге: «Сага каршы күнөө кылганды жетимиш жети жолу кечир»,— деп жооп берген.

Кечирүүгө байланыштуу Петир эмнени билгиси келген?

Көп деп ушуну айтса болот! Чын эле, кимдир бирөөнүн бизди ушунча жолу таарынтканын эстеп жүрүү мүмкүн эмес да! Иса дал ошону айткысы келген. Биз кекчил болбой, кечирим сурагандарды чын жүрөктөн кечиришибиз керек.

Иса шакирттерине кечирүү канчалык маанилүү экенин көрсөткүсү келген. Ошондуктан Петирдин суроосуна жооп бергенден кийин аларга бир аңгеме айтып берген. Ошол жөнүндө билгиң келеби? ~

Абдан боорукер, жакшы бир падыша болуптур. Ал атүгүл өзүнүн кулдарына да карызга акча берчү экен. Күндөрдүн биринде ал карызын кайтарып алууну чечет. Бир кул ага 60 миллион тыйын карыз экен. Бул аябай көп акча!

Кул карызын төлөө үчүн падышадан убакыт беришин сураганда, падыша эмне кылды эле?

Бирок ал акчанын баарын коротуп койгондуктан карызды төлөй албай калат. Падыша ошол кулду, анын аялын, балдарын, эмнеси болсо, ошонун баарын сатууну буйрук кылат. Карызын ошентип төлөтмөк. Кандай деп ойлойсуң, кул ал жөнүндө укканда өзүн кандай сезген? ~

Ал падышанын бутуна жыгылып: «Карыздын баарын төлөп берем, бир аз убакыт берчи»,— деп жалбарат. Сен падышанын ордунда болсоң, эмне кылат элең? ~ Падыша кулга боор ооруп, аны кечирет. Ал ага: «Сенин карызыңды, 60 миллион тыйыныңдын баарын, кечирдим, бара бер»,— дейт. Ошондо кул кандай гана сүйүнөт!

Андан кийин ал кул эмне кылат? Ал өзүнө жүз эле тыйын карызы бар кулга барат да, аны кекиртектен алып: «Менин жүз тыйынымды бер!» — деп муунтат. Кандай гана ташбоордук! Падыша анын ошончо чоң карызын кечирсе, ал болсо тиги кулду болбогон жүз тыйын үчүн кыйнайт. Кандай гана ырайымсыздык, ээ? ~

Бул кул, башка кул ага карызын төлөп бере албай калганда, аны эмне кылды эле?

Жүз тыйын карызы бар кул аябай кедей болгондуктан карызын дароо эле төлөй алмак эмес. Ошондуктан ал берки кулдун бутуна жыгылып: «Баарын төлөп берем, бир аз күтө турчу»,— деп жалбарат. Ал аны күтүшү керек беле? ~ Сен эмне кылат элең? ~

Ал киши падышадай боорукер болгон эмес. Ал аны күткүсү келбей, карызын тез арада төлөп беришин талап кылат. Бирок тиги кулдун берерге акчасы жок эле. Ошондо жаман кул аны түрмөгө каматып салат. Муну көргөн башка кулдар аябай нааразы болушат. Алар жарды кулга боор ооругандыктан падышага барып, баарын айтып беришет.

Падыша да буга нааразы болот. Ал ташбоор кулга аябай ачууланат. Ошон үчүн аны чакырып: «Эй, жаман кул! Жалынып-жалбарганыңда бүт карызыңды кечтим эле го. Эмне үчүн сен тиги кулду кечирбей, ташбоордук кылдың?» — дейт.

Падыша ага боор ооругандай эле, ал да берки кулга боорукердик көрсөтүшү керек болчу. Бирок ал андай кылган эмес. Ошондуктан падыша аны, 60 миллион тыйынды төлөп бермейинче, түрмөгө каматып коёт. Бирок түрмөдө акча табуу мүмкүн эмес да. Бул ал кул өмүрү өткөнчө түрмөдө отурарын билдирмек.

Кечирүүнү каалабаган кулду падыша эмне кылган?

Сөзүнүн акырында Иса жолдоочуларына: «Эгерде ар бириңер биртууганыңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге ушундай мамиле кылат»,— деген (Матай 18:21—35).

Кудай биз үчүн көп нерселерди кылган. Ал бизге эң кымбат нерсени, өмүрдү, берген. Буга салыштырмалуу башкалардын бизге болгон карызы кичинекей эле. Алардын карызы кедей кулдун башка кулга карыз болгон жүз тыйынындай эле. Ал эми биздин Кудайдын алдындагы карызыбызды, кетирген каталарыбыз менен күнөөлөрүбүздү, падышага карыз болгон жаман кулдун 60 миллион тыйынына салыштырууга болот.

Кудай абдан боорукер. Канчалык көп ката кетирсек да, ал бизди кечирет. Ал бизден карызын төлөшүбүздү талап кылбайт. Эгер талап кылса, бул өмүрүбүздөн түбөлүккө айрыларыбызды билдирмек. Бирок маанилүү бир нерсени унутпашыбыз керек: Кудай бизди өзүбүздү таарынткандарды кечиргенибизде гана кечирет. Бул чын эле ойлончу нерсе, туурабы? ~

Сенден кимдир бирөө кечирим сураса, эмне кыласың?

Сени таарынткан бирөө кечирим сураса, эми эмне кыласың? Аны кечиресиңби? ~ Эгер кайра-кайра таарынтсачы? Ошондо да кечиресиңби? ~

Кимдир бирөөдөн кечирим сураганда бизди кечиришин каалайбыз, чынбы? ~ Ошондуктан биз да башкаларды кечиришибиз керек. Жөн эле кечирдим деп айтып койбостон, чын жүрөктөн кечиришибиз зарыл. Ошентүү менен чынында эле Улуу Окутуучунун жолдоочусу болууну каалаарыбызды көрсөтөбүз.

Кечирүү канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн Накыл сөздөр 19:11; Матай 6:14, 15 жана Лука 17:3, 4тү окуп көрөлү.