Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

Ырахмат айтууну унутпа

Ырахмат айтууну унутпа

БҮГҮН тамактандыңбы? ~ Тамакты ким жасады? ~ Балким, апаң же дагы кимдир бирөө жасагандыр. Анда эмнеге тамак үчүн Кудайга ыраазычылык билдиришибиз керек? ~ Анткени бизде дайыма тамак-аш болуп турушу үчүн Кудай өсүмдүктөр менен бак-дарактарды өстүрөт. Бирок тамак жасаган кишиге да ырахмат айтышыбыз зарыл.

Кээде бизге жакшылык кылгандарга ыраазычылык билдирүүнү унутуп калабыз. Бир жолу пес оорулуу кишилер Улуу Окутуучуга ырахмат айтканды унутуп коюшкан. Пес оорусу менен ооруган кишинин денеси эмне болорун билесиңби? ~

Андай оорудан кээде кишинин дене түзүлүшү бузулат. Иса жерде жашап жүргөндө ошондой оору менен ооруган кишилерге башкалар менен бирге жашоого уруксат берилчү эмес. Эгер пес оорулуу кимдир бирөөнүн өзүнө жакындап келе жатканын көрсө: «Таза эмесмин! Таза эмесмин!» — деп кыйкырышы керек болчу. Ал башка бирөө ага жакындабашы жана ага оорусу жукпашы үчүн ошентиши керек эле.

Иса пес оорулууларга боорукердик менен мамиле кылчу. Бир жолу ал Иерусалимге бара жатканда бир айылга кирип, пес оорулуу он кишини жолуктурган. Алар Исанын Кудайдын жардамы менен ар кандай ооруларды айыктыра аларын угушкан. Ошондуктан анын алдынан чыгышкан.

Алар Исага жакындабай, андан алысыраак турушкан. Исанын айыктыра аларына ишенгендиктен аны көргөндө: «Иса, Устат, бизге жардам бер!» — деп кыйкырышкан.

Ооруган кишилерди көргөндө бооруң ооруйбу? ~ Исанын боору ооруган. Ал пес оорусунун кандай жаман экенин билген. Ошондуктан аларга: «Барып, динкызматчыларга көрүнгүлө»,— деген (Лука 17:11—14).

Бул пес оорулуу кишилерге Иса эмне деп жатат?

Ал эмне үчүн антип айткан? Байыркы убакта Жахаба өзүнүн элине пес оорулууларга байланыштуу мыйзам берген. Динкызматчы пес оорулууну мезгил-мезгили менен текшерип турушу керек болчу. Анткени ал оорулуунун айыккан-айыкпаганын аныктай алчу. Эгерде пес оорулуу оорусунан айыкса, кайрадан элдин арасында жашай алмак (Лебилер 13:16, 17).

Бирок ал пес оорулуу кишилер дагы деле айыга элек болчу. Исанын айтканын угуп, алар динкызматчыга барышты беле? ~ Ооба, Иса айтар замат барышкан. Алар Исанын айыктыра аларына бекем ишенишсе керек. Анан эмне болгон?

Алар динкызматчыга жете электе эле айыгып калышкан. Денелеринде бир да жара калган эмес! Алар Исага ишенгени үчүн айыгышкан. Ошондо алар кандай гана кубанышкан! Бирок алар ыраазычылыгын кантип көрсөтө алышат эле? Сен алардын ордунда болсоң, эмне кылат элең? ~

Алардын бири Исага келип, Жахабаны даңктай баштаган. Ал туура кылган, анткени Иса аны Кудайдын күчү менен айыктырган. Ал киши Улуу Окутуучуга да ыраазычылык билдирген, атүгүл анын бутуна жыгылган. Ушундай керемет кылганы үчүн, ал Исага кандай гана ыраазы болгон!

Бул пес оорулуу киши эмне кылууну унуткан эмес?

Ал эми берки тогузу кайда? Иса андан: «Он киши айыкпады беле? Калган тогузу кана? Кудайды даңктоо үчүн бирөө эле кайтып келдиби?» — деп сураган.

Ооба, бирөө эле келген. Он кишинин бирөө эле Кудайды даңктап, мактаган. Алардын бирөө эле, самариялык киши эле, Исага ыраазычылык билдирген. Ал эми калган тогузу Кудай менен Исага ыраазычылык билдирүүнү ойлоп да коюшкан эмес (Лука 17:15—19).

Сен ушул кишилердин кимисине окшошсуң? Баарыбыз самариялык кишиге окшош болгубуз келет, туурабы? ~ Ошондуктан кимдир бирөө бизге кандайдыр бир жакшы иш кылса, эмнени унутпашыбыз керек? ~ Ооба, ырахмат айтышыбыз керек. Адамдар көп учурда ырахмат айтканды унутуп коюшат. Бирок башкаларга ыраазычылык билдирүү абдан маанилүү. Ошентүү менен Жахаба Кудайды жана анын Уулу Исаны кубандырабыз.

Канткенде Исага ыраазычылык билдирген кишидей боло аласың?

Эгер ушул тууралуу ойлонсоң, башкалардын сага кылган жакшы нерселерин эсиңен чыгарбайсың. Сенин ооруган учурларың болду беле? ~ Пес оорулуу он кишидей катуу ооруган эмес болушуң керек. Бирок суукка урунуп калган же ичиң катуу ооруган учурлар болсо керек. Ошондо сени кимдир бирөө дарылады беле? ~ Балким, сага кимдир бирөө кандайдыр бир дарыларды бергендир же башка жол менен кам көргөндүр. Айыгышыңа жардам бергенде, сүйүндүң беле? ~

Самариялык киши Исага айыктырганы үчүн ыраазычылык билдиргенде, Иса кубанган. Кандай деп ойлойсуң, атаң менен апаңа сен үчүн кылып жаткан нерселери үчүн ырахмат айтсаң, алар кубанышабы? ~ Албетте!

Эмне үчүн ыраазычылык билдирүүнү унутпаш керек?

Кээ бирөөлөр сен үчүн күнүгө же жума сайын кандайдыр бир нерселерди кылышат. Балким, ал алардын жумушудур. Алар кылган ишинен кубаныч алат болуш керек. Бирок аларга ыраазычылык билдирүүнү унутуп койгон учурларың болоттур. Мисалы, мугалимиңдин сага көп нерселерди үйрөтүү үчүн канчалык күч жумшаары тууралуу ойлонуп көрсөң. Бул — анын жумушу. Бирок анын сага жардам берип жатканына ырахмат айтсаң, ал кандай гана кубанат.

Айрым учурда башкалар бизге кичинекей эле нерселерди кылышы ыктымал, мисалы, эшикти ачып бериши же тамак жеп отурганда нан алып бериши мүмкүн. Ушундай кичинекей нерселер үчүн да ыраазычылык билдиришибиз керек.

Адамдарга ырахмат айтканды унутпасак, андан бетер асмандагы Атабызга да ырахмат айтканды унутпашыбыз керек. Жахаба бизге кандай сонун нерселерди берген! Ал бизге өмүр жана жашоодо ырахат тартуулаган нерселерди да берген. Кел, Кудайды күн сайын даңктап, ага ыраазычылык билдире берели.

Бул аяттардан ыраазычылык билдирүү маанилүү экенин көрө алабыз: Забур 91:2; Эфестиктер 5:20; Колосалыктар 3:17 жана 1 Тесалоникалыктар 5:18.