Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-БӨЛҮМ

Мушташса болобу?

Мушташса болобу?

ӨЗҮН кыйын сезген, мушташканды жакшы көргөн балдар-кыздарды билесиңби? ~ Ошондойлор менен дос болууну каалайт белең? Же боорукер, урушчаак эмес балдар-кыздар менен дос болгуң келеби? ~ Улуу Окутуучу: «Тынчтыкка умтулгандар бактылуу, анткени алар Кудайдын уулдары деп аталышат»,— деген (Матай 5:9).

Бирок кээде кимдир бирөөнүн бизге кылган мамилеси кыжырыбызды келтирет, чынбы? ~ Андайда ага кылганына жараша жооп кайтаргыбыз келиши мүмкүн. Бир жолу Иса шакирттери менен Иерусалимге бара жатканда алар менен да ушундай болгон. Кел, ошол жөнүндө айтып берейин.

Исанын шакирттери менен жолдо баратканына бир топ болуп калган. Анан Улуу Окутуучу бир нече шакиртин түнөк жай табуу үчүн самариялыктардын жакын арадагы бир айылына жөнөтөт. Бирок айылдын тургундары алардын айылда калышын каалашкан эмес. Анткени алардын дини башка болчу. Самариялыктар Кудайга Иерусалимге барып сыйынгандарды жаман көрүшчү.

Жакып менен Жакан самариялыктарды эмне кылууну каалашкан?

Сени менен да ушундай болсо, эмне кылат элең? Ачууланат белең? Же, мүмкүн, өч алууну каалайт белең? ~ Жакып менен Жакан дал ушундай кылгысы келген. Алар Исага: «Каалайсыңбы, асмандан от түшүп, буларды жалмап кетсин деп айталы?» — дешкен. Ошон үчүн Исанын аларды «күн күркүрөөнүн уулдары» деп атаганы таң калыштуу эмес. Иса башкаларга андай мамиле кылуу туура эмес экенин айткан (Лука 9:51—56; Марк 3:17).

Ооба, кээде башкалар бизге жаман мамиле кылышат. Кээ бир балдар бизди оюнга кошууну каалабашы мүмкүн. Алар атүгүл: «Бар кет! Биз сени менен ойнобойбуз!» — деши да ыктымал. Андайда аябай жаман болосуң, ээ? Аларга өздөрүндөй мамиле кылгыбыз келиши мүмкүн. Бирок ошенткенибиз туурабы? ~

Кел, Ыйык Китепте эмне айтыларын карап көрөлү. Накыл сөздөр китебинин 24-бөлүмүнүн 29-аятын ачсаң. Ал жерде: «„Ал мага кандай кылса, мен да ага ошондой кылам, ага кылганына жараша тиешесин берем“,— дебе»,— деп айтылат.

Бул аятты кандай түшүндүң? ~ Бул жерде өч албашыбыз, башкача айтканда, жамандыкка жамандык менен жооп бербешибиз керектиги айтылып жатат. Башкаларга бизге жаман мамиле кылганы үчүн эле жаман мамиле кылбашыбыз керек. Бирок кимдир бирөөнүн сени менен атайын эле урушкусу келип жатсачы? Ачууңа тийиш үчүн жаман сөздөр менен тилдесечи? Сени шылдыңдап, коркок десечи? Андайда эмне кыласың, аны менен мушташа кетесиңби? ~

Кел, дагы бир жолу Ыйык Китепке кайрылып көрөбүз. Матай Инжилинин 5-бөлүмүнүн 39-аятын окуп көрөлү. Ал жерде Иса: «Жаман адамга каршылык көрсөтпө, тескерисинче, оң жаагыңа чапканга сол жаагыңды тосуп бер»,— деген. Бул сөздөр эмнени билдирет? Иса чынында эле бир жаагыңа чапкан кишиге экинчи жаагыңды тосуп бер дегиси келгенби? ~

Жок, Иса башка нерсе тууралуу айткан. Ал муштум менен урууну эмес, жаакка чабууну сөз кылганын байкасаң. Ал эми жаакка чабуу болсо жөн гана чаап же түртүп коюну билдирет. Адатта, адамдар бири-биринин кыжырын келтирүү жана мушташуу үчүн жаакка чабат. Эгер биз да ачууланып, таарынткан кишини түртүп жиберсек эмне болот? ~ Мушташ чыгат.

Иса жолдоочуларынын мушташышын каалаган эмес. Ошондуктан кимдир бирөө жаакка чапканда, жооп кайтарбашыбыз керектигин айткан. Биз ачууланбашыбыз, мушташпашыбыз керек. Болбосо мушташты баштагандардан айырмабыз жок болуп калат.

Мушташ чыгарын сезсең, эмне кылганың туура? ~ Ооба, кетип калганың жакшы. Бирок сени менен мушташкысы келген бала же кыз дагы бир-эки жолу түртүп же чаап жибериши мүмкүн, анан ошону менен токтоп калышы ыктымал. Эгер ошондо кетип калсаң, бул сенин коркок экениңди билдирбейт. Тескерисинче, күчтүү экениңди жана туура иш кылуудан коркпой турганыңды көрсөтөсүң.

Кимдир бирөөнүн биз менен урушкусу келип жатса, эмне кылышыбыз керек?

Бирок мушташа кетип, аны сабап салсаң, эмне болушу мүмкүн? ~ Ал досторун ээрчитип келиши ыктымал. Алар сага таяк же бычак менен кол салышы мүмкүн. Эми Исанын эмне үчүн мушташпашыбыз керек экенин айтканын түшүндүңбү? ~

Эгер башкалар мушташып жатсачы? Кимдир бирөөнүн тарабын ээлеп, мушташка катышышыбыз керекпи? ~ Ыйык Китепте эмне кылышыбыз керектиги айтылат. Накыл сөздөр китебинин 26-бөлүмүнүн 17-аятын ачсаң. Ал жерде: «Өтүп бара жатып бирөөнүн чыр-чатагына кийлигишүү дөбөттү кулактан алганга барабар»,— деп айтылат.

Башкалардын урушуна кийлигишүү итти кулагынан чоюуга барабар деп эмне үчүн айтууга болот? Ал жакшылыкка алып барбагандыктан, эч качан андай кылба!

Итти кулагынан чойсоң эмне болот? Анын кулагы ооругандыктан каап алат, чынбы? Ит канчалык жулкунган сайын, аны ошончолук бекем кармайсың. Бирок ал ого бетер ырылдашы мүмкүн. Аны коё берсең, ал сага асылып, катуу тиштеп алышы да ыктымал. Бирок аны кечке эле кармап тура албайсың да, туурабы? ~

Кимдир бирөөнүн урушуна кийлигишкендер менен да ушундай болот. Биз урушту ким баштаганын же уруш эмне үчүн болуп жатканын билбешибиз мүмкүн. Мисалы, кимдир бирөөлөрдүн бир кишини уруп жатканын көрүп калдык дейли. Балким, ал киши бир нерсе уурдап алгандыр. Эгер ага болушсак, ууруга жардам берген болуп калабыз. Бул туура эмес болмок, чынбы?

Бирөөлөрдүн мушташып жатканын көрсөк, эмне кылышыбыз керек? ~ Эгер балдар мектепте мушташып жатышса, мугалимге айтса болот. Ал эми башка жерде болсо, ата-энеңди же милицияны чакырсаң болот. Ооба, башкалар урушкусу келип жаткан күндө да тынчтыкты сактоого болот.

Кимдир бирөөлөрдүн мушташып жатканын көрсөң, эмне кыласың?

Биз, Исанын чыныгы жолдоочулары, урушпоо жана мушташпоо үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз. Ошону менен күчтүү экенибизди жана туура иш кылуудан коркпой турганыбызды көрсөтөбүз. Ыйык Китепте Исанын жолдоочусу «чатакташпашы, тескерисинче, баарына жумшак мамиле кылышы» керектиги айтылат (2 Тиметей 2:24).

Бул аяттардан урушпоого жана мушташпоого жардам бере турган кеңештерди биле алабыз: Римдиктер 12:17—21 жана 1 Петир 3:10, 11.