Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23-БӨЛҮМ

Адамдар эмне үчүн ооруйт?

Адамдар эмне үчүн ооруйт?

КАНДАЙДЫР БИР оору менен ооруган кишилерди билесиңби? ~ Сенин да суукка урунуп калган же ичиң ооруган учурларың болгондур. Кээ бирөөлөр аябай оорулуу болушат. Андай кишилер атүгүл башкалардын жардамысыз ордунан тура албайт. Өзгөчө, киши карыганда ушундай болот.

Негизинен, оорубаган киши жок. Адамдар эмне үчүн ооруурун, карырын жана өлөрүн билесиңби? ~ Бир жолу Исага баса албаган, аябай оорулуу кишини алып келишет. Ошондо Улуу Окутуучу адамдардын эмне үчүн ооруурун жана өлөрүн түшүндүргөн. Сага ошол тууралуу айтып берейин.

Иса Галилея деңизинин жанындагы шаарга барат. Ал токтогон үйгө аябай көп эл чогулат. Киши ушунчалык көп болгондуктан, үйдүн ичинде эмес, эшиктин алдында да орун калбай калат. Бирок элдин аягы үзүлбөй келе берет. Анан төрт киши Исага баса албаган, шал оорулуу бир кишини замбилге салып көтөрүп келет.

Оорулууну эмне үчүн Исага алып келишкенин билесиңби? ~ Алар оорулууга жардам берүүгө Исанын күчү жетерине ишенишет. Ошондой эле Улуу Окутуучунун шал кишини айыктыра аларын да билишет. Бирок үйгө кирүү мүмкүн эмес болгондуктан, кире алышпайт. Эми оорулуу кишини Иса отурган бөлмөгө кантип киргизишет? ~

Сүрөттү карасаң. Мында алардын эмне кылып жатышканы көрсөтүлгөн. Алар адегенде шал кишини үйдүн чатырына чыгарышат, анткени ал жердеги үйлөрдүн чатыры жалпак болчу. Анан үйдүн чатырын тешип, оорулуу кишини тешик аркылуу замбили менен бөлмөгө түшүрүшөт. Алардын ишеними кандай гана күчтүү болгон!

Аны көргөндөрдүн баары таң калышат. Шал кишини үйдүн төбөсүнөн түшүрүп жатышканын элестетсең! Иса аларды көрүп ачууланганбы? ~ Жок. Алардын ишенимин көрүп, аябай кубанган. Ал шал оорулуу кишиге: «Күнөөлөрүң кечирилди»,— деген.

Иса шал кишиге эмне деген?

Бирок Исанын сөзүн уккандардын айрымдары нааразы болуп: «Күнөөлөрдү ал кантип кечирмек эле?» — дешет. Ошондуктан Иса өзүнө ошондой бийлик берилгенин көрсөтүү үчүн оорулуу кишиге: «Ордуңан туруп, замбилиңди ал да, үйүңө бар»,— дейт.

Иса ушинтип айтар замат, оорулуу айыгып калат! Эми ал өзү туруп, өзү баса алат. Ал кереметти көргөн эл аябай таң калат. Алар мындайды эч качан көрүшкөн эмес! Ошондуктан алар, ушундай ооруларды айыктыра алган Улуу Окутуучуну жибергени үчүн, Жахабаны даңкташат (Марк 2:1—12).

Бул керемет эмнени көрсөтүп турат?

Бул керемет эмнени көрсөтүп турат? ~ Исанын күнөөлөрдү кечирүүгө жана ооруларды айыктырууга жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат. Бирок мындан да маанилүү бир нерсе айкын болду. Көрсө, адамдар күнөөнүн айынан оорушат турбайбы.

Бирок баарыбыз эле ооруйбуз да. Анда эмне, баарыбыз тең күнөөлүбүзбү? ~ Ооба, Ыйык Китепте бардык адамдардын күнөөлүү болуп төрөлөрү айтылат. Күнөөлүү болуп төрөлүү деген эмнени билдирерин билесиңби? ~ Бул биздин жеткилеңсиз болуп төрөлгөнүбүздү билдирет. Кээде өзүбүз каалабасак деле, туура эмес иштерди кылып алабыз. Бардык адамдардын кандайча күнөөлүү болуп калганын билесиңби? ~

Адам ата Кудайдын тилин албай койгондуктан, күнөөлүү болуп калганбыз. Ал Кудайдын мыйзамын бузуп, күнөө кылган. Анан ал аркылуу баарыбызга күнөө өткөн. Мунун кандайча болгонун билесиңби? Мисал менен түшүндүрүүгө аракет кылайын.

Адамдар кандайча күнөөлүү болуп калышкан?

Нанды кантип бышырарын көрсөң керек. Эгер көмөчтан мыйрык болсо эмне болот? ~ Нан да ошондой болот, туурабы? ~

Адам атаны ошондой көмөчтанга, ал эми бизди нанга салыштырууга болот. Адам ата Кудайдын мыйзамын бузгандан кийин жеткилеңсиз болуп калган. Мындайча айтканда, ал мыйрык көмөчтандай болуп калган же анда жеткилеңсиздиктин тагы калып калгандай болгон. Ал эми ал балалуу болгондо эмне болгон? ~ Жеткилеңсиздик анын бардык урпактарына өткөн.

Адамдардын көпчүлүгү колу же буту жок болуп төрөлбөйт. Ошентсе да жеткилеңсиздик баарына таасир этет. Ошондуктан алар карышат жана өлүшөт.

Бирок айрымдар башкалардан көбүрөөк оорушат. Эмне үчүн? Балким, алар күнөөлүүрөөк болуп төрөлүшкөндүр? ~ Жок, баарыбыз бирдей эле күнөөлүү, жеткилеңсиз болуп төрөлөбүз. Ошондуктан эртеби, кечпи, адамдардын баары ооруйт. Ал эмес, Кудайдын бардык мыйзамдардын аткарып, эч кандай жаман нерсе кылбагандар да ооруп калышы ыктымал.

Күнөө биротоло жок кылынганда, денсоолугубуз кандай болот?

Анда айрымдар эмне үчүн башкаларга караганда көп оорушат? ~ Анын ар кандай себептери бар. Кимдир бирөөлөрдүн курсагы тойбойттур. Же анча пайдалуу эмес, мисалы, момпосуйду же таттуу нерселерди көп жейттир. Башкалардын болсо аябай кеч жаткандыктан уйкусу канбайттыр. Же суукта жука кийинип алышат. Дагы бирөөлөрдүн организми алсыз келет. Андыктан денсоолугуна кам көрүшсө да, организми ар кандай оорулар менен күрөшө албайт.

Бирок эч ким оорубай турган убак келеби? Качандыр бир кезде күнөөдөн арылабызбы? ~ Иса шал оорулуу кишини эмне кылды эле? ~ Ал анын күнөөсүн кечирип, айыктырган. Муну менен Иса туура иш кылгандардын бардыгы үчүн келечекте эмне кыларын көрсөткөн.

Эгер күнөө кылбоого аракет кылсак жана жамандыкты жек көрсөк, Иса бизди да айыктырат. Келечекте болсо жеткилеңсиздиктен арылтат. Анткени ал — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы. Бирок күнөө дароо эле жок кылынбайт. Ага бир нече убак талап кылынат. Күнөө биротоло жок кылынганда, эч кимибиз оорубай калабыз. Баарыбыз чың денсоолукта болобуз. Ошондо кандай гана сонун убак болот!

Күнөө ар бирибизге кандай таасир этерин Аюб 14:4; Забур 50:7; Римдиктер 3:23; 5:12 жана 6:23төн билүүгө болот.