Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-БӨЛҮМ

Жаман иш кылгандар оңоло алышабы?

Жаман иш кылгандар оңоло алышабы?

АДАМДАРДЫН бардыгы туура иш кылышса, аябай сонун болмок, ээ? ~ Тилекке каршы, баарыбыз көп жаңылабыз. Жакшы иш кылгыбыз келип турса да, жаман нерсе кылып алган учурларыбыз да болот. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ Анткени баарыбыз күнөөлүү болуп төрөлгөнбүз. Бирок өздөрүн аябай жаман алып жүргөн кишилер да бар. Андай кишилер көп жамандык кылышат, башкаларды жек көрүшөт жана аларга атайлап эле зыян келтиришет. Кандай деп ойлойсуң, ошондой кишилер оңоло алышабы? ~

Бул сүрөттөгү кишини карасаң. Ал Степанды таш менен уруп жаткандардын кийимин кайтарып турат. Анын эврейче аты — Шабыл, римдик аты болсо Пабыл. Ал Улуу Окутуучунун шакирти Степанды өлтүрүп жаткандарды колдоп жатат. Кел, Шабылдын эмне үчүн мындай жаман иш кылып жатканын карап көрөлү.

Шабыл — жүйүттөрдүн фарисейлер деп аталган диний тобунун мүчөсү. Фарисейлер Кудай Сөзүнө ишенгени менен, жетекчилеринин окутканына көбүрөөк карманышат. Шабыл ошол себептен жаман иш кылып жатат.

Иерусалимден Степанды камакка алышканда, Пабыл да ошол жерде болчу. Степанды соттун алдына алып барышат. Соттордун арасында фарисейлер да бар эле. Ал жерден Степанга жалган жалаа жабышат. Бирок ал коркпой, өзүн айыптап жаткандарга кайраттуулук менен жооп берет. Ошентип, сотторго Жахаба Кудай жана Иса тууралуу эң сонун күбөлөндүрөт.

Бирок Степандын сөздөрүн соттор жактырышпайт. Алар Иса тууралуу көп нерселерди билишчү. Анткени Улуу Окутуучуну өлтүртүп салышканына бир аз эле убакыт болгон. Бирок Жахаба Исаны тирилтип, асманга алып кеткен. Эми соттор, өзгөрүлгөндүн ордуна, Исанын шакирттерине тоскоолдук кылып жатышат.

Алар Степанды шаардын сыртына алып чыгышат. Анан аны таш менен урушат. Сүрөттөн Шабылдын аларды карап турганын көрсөң болот. Ал Степанды өлүмгө татыктуу деп эсептейт.

Шабыл эмне үчүн Степанды өлүмгө татыктуу деп эсептеген?

Шабыл эмне үчүн андай ойдо экенин билесиңби? ~ Ал фарисей болгондуктан фарисейлердин окууларына аябай ишенген. Ошондой эле фарисейлерден үлгү алып, аларды бардык жагынан туурачу (Элчилер 7:54—60).

Шабыл Степан өлгөндөн кийин эмне кылат? ~ Ал Исанын башка шакирттерин да жазалагысы келет! Шабыл алардын үйүнө кирип барып, эркек-аял дебей көчөгө сүйрөп чыгат. Анан алардын баарын түрмөгө каматат. Исанын шакирттеринин көпчүлүгүнө Иерусалимден качып кетүүгө туура келет. Бирок алар Иса тууралуу кабар айтууну токтотушпайт (Элчилер 8:1—4).

Ошондуктан Шабыл аларды ого бетер жек көрө баштайт. Ал башкы динкызматчы Каяпага барып, Исанын Дамаск шаарындагы бардык жолдоочуларын камоого уруксат алат. Шабыл аларды Иерусалимге алып келип, катуу жазалагысы келет. Бирок ал Дамаскка баратканда, укмуштуудай бир нерсе болот.

Шабыл менен ким сүйлөшүп жатат жана ал ага эмне деп жатат?

Күтүлбөгөн жерден асмандан жарык түшөт, анан ал: «Шабыл, Шабыл, эмне үчүн мени куугунтуктап жатасың?» — деген үн угат. Ал асмандан сүйлөп жаткан Исанын үнү болчу. Аябай жарык болгондуктан, Шабыл эч нерсе көрбөй калат. Анан Шабыл менен бараткан кишилер аны Дамаскка жетелеп барышат.

Үч күндөн кийин Иса Дамасктагы шакирттеринин бирине аян аркылуу көрүнөт. Анын аты Анания эле. Иса ага Шабылга барып, көзүн айыктырууну жана аны менен сүйлөшүүнү буйруйт. Ананиянын айткандары Шабылдын жүрөгүнө жетип, ал Иса тууралуу чындыкты кабыл алат. Анан көзү көрүп калат. Ошондон кийин Шабылдын жашоосу толугу менен өзгөрүлүп, Кудайдын ишенимдүү кызматчысы болуп калат (Элчилер 9:1—22).

Мурда Шабыл эмне үчүн жаман иштерди кылып жүргөн? ~ Аны фарисейлер туура эмес нерселерге окутушкан болчу. Ал Кудайга жакпаган кишилердин жолун жолдогон. Ал кишилер Кудайдын Сөзүнө ишенгенге караганда өздөрүнүн көзкарашына көбүрөөк карманышчу. Бирок эмне үчүн, башка фарисейлер Кудайга каршы чыгып жатышса да, Шабыл өзгөрүлүп, жакшы иштерди кыла баштаган? ~ Ал чындыкты жакшы көрчү, ошондуктан өзгөрүлгөн. Кандайча туура иш кылуу керектигин түшүнгөндөн кийин ал ошондой кыла баштаган.

Акыры, Шабыл ким болгонун билесиңби? ~ Ооба, элчи Пабыл, Исанын элчиси, болгон. Буга чейин билгенибиздей, Ыйык Жазманын көп китебин дал ошол Пабыл жазган.

Башкалар да, Пабылдай болуп, өзгөрө алышат. Бирок өзгөрүү оңой эмес. Анткени адамдарды жаман иш кылууга азгырган бирөө бар. Анын ким экенин билесиңби? ~ Улуу Окутуучу ал тууралуу Шабыл Дамаскка баратканда, ага көрүнгөндө айткан. Ошондо Иса Шабылга: «Мен сени элдин көзүн ачып, караңгылыктан жарыкка чыгарышың үчүн жана Шайтандын бийлигинен куткарып, Кудайга бурушуң үчүн жиберем»,— деген (Элчилер 26:17, 18).

Ооба, бизди жаман иш кылууга Шайтан Ибилис азгырат. Кээде сага туура иш кылуу кыйынбы? ~ Ооба, баарыбыз менен эле ошондой болот. Ал Шайтандын айынан. Бирок тоскоолдук кылган дагы башка нерсе бар. Ал эмне экенин билесиңби? ~ Күнөөлүү болуп төрөлгөнүбүз.

Ошондуктан көпчүлүк учурда туура иш кылууга караганда туура эмес иш кылуу оңой. Анда эмне кылышыбыз керек? ~ Ооба, туура иш кылуу үчүн күрөшүшүбүз зарыл. Ошондо Иса бизге жардам берет. Анткени ал бизди аябай сүйөт.

Иса жерде жүргөндө мурда жаман иш кылып жүрүп, кийин оңолгон кишилерге сүйүү көрсөткөн. Ал андай кишилерге өзгөрүлүү аябай кыйынга турарын билген. Маселен, ошол убактарда айрым аялдар көптөгөн эркектер менен бузуктук кылчу. Албетте, бул туура эмес болгон. Андай аялдар Ыйык Китепте бузулган аялдар деп аталат.

Иса бузуктук кылып жүргөн аялды эмне үчүн кечирген?

Ошондой аялдардын бири Иса тууралуу угат. Бир күнү Улуу Окутуучунун фарисейдикинде конокто отурганын билип, ошол жакка барат. Ал аял ыйлап, Исанын бутун жыпар жыттуу май менен майлап, бутуна тамган жашын чачы менен арчыйт. Аял кылган күнөөлөрү үчүн аябай өкүнгөндүктөн, Иса аны кечирет. Бирок бул фарисейге жакпайт. Анткени ал ошол аялды кечирилүүгө татыксыз деп эсептеген (Лука 7:36—50).

Бир жолу Иса кээ бир фарисейлерге эмне дегенин билесиңби? ~ Ал: «Бузулган аялдар Кудайдын падышалыгына силерден биринчи баратышат»,— деген (Матай 21:31). Иса, бузулган аялдар ага ишенип, жаман иштерин таштагандыктан, ушинтип айткан. Фарисейлер болсо өзгөрүлүүнү каалашкан эмес. Алар Исанын жолдоочуларына жамандык кылууну уланта беришкен.

Демек, кандайдыр бир иштерибиз Ыйык Китепке карама-каршы келсе, аларды таштап, экинчи кайталабашыбыз керек. Жахаба бизден эмне талап кыларын билген соң дайыма ага жаккандай иш кылууга аракет кылалы. Ошондо ал аябай сүйүнөт жана келечекте бизге түбөлүк өмүр берет.

Жаман иштерден качууга төмөнкү аяттар жардам берет. Кел, аларды чогуу окуп көрөлү: Забур 118:9—11; Накыл сөздөр 3:5—7 жана 12:15.