Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-БӨЛҮМ

Чыныгы Кудай ким?

Чыныгы Кудай ким?

ЧЫНЫГЫ КУДАЙ ким? Бул суроо эмне үчүн маанилүү? ~ Анткени адамдар көп кудайларга сыйынышат (1 Корунттуктар 8:5). Элчи Пабыл баса албаган бир кишини Жахабанын күчү менен айыктырганда, эл: «Бизге кудайлар адам кейпин кийип түшүп келишти!» — деп кыйкырган. Ал кишилер Пабыл менен анын досу Барнабага сыйынгысы келген. Алар Пабылды Гермес, Барнабаны болсо Зевс деп аташкан. Бул алардын жалган кудайларынын аттары болчу.

Бирок Пабыл менен Барнаба элдин аларга сыйынышына жол беришкен эмес. Алар элге: «Ушул пайдасыз нерселерди четке кагып, баарын жараткан тирүү Кудайга кайрылгыла»,— дешкен (Элчилер 14:8—15). Баарын жараткан «тирүү Кудай» ким? ~ Ооба, Жахаба, «жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай». Иса Жахабаны «жалгыз чыныгы Кудай» деген. Демек, сыйынууга жалгыз ким татыктуу? ~ Жахаба гана! (Забур 82:19; Жакан 17:3; Аян 4:11).

Эмне үчүн Пабыл менен Барнаба элдин аларга сыйынышына жол беришкен эмес?

Көптөр «жалгыз чыныгы Кудайга» сыйынышпайт. Айрымдар көп учурда жыгачтан, таштан же темирден жасалган нерселерге сыйынышат (Чыгуу 32:4—7; Лебилер 26:1; Ышайа 44:14—17). Атүгүл атактуу кишилерди «жылдыз» деп атап, аларды да кудайдай көрүшөт. Ошондой кишилерди даңктоо туурабы? ~

Шабыл элчи Пабыл болгондон кийин мындай деп жазган: «Бул дүйнөнүн кудайы ишенбегендердин акылын сокур кылып койгон» (2 Корунттуктар 4:4). Ал кайсы кудай? ~ Ооба, Шайтан Ибилис. Шайтан адамдарды кимдир бирөөлөргө же бир нерселерге сыйындырып келет.

Шайтан Исаны алдына жыгылып, өзүнө сыйындырууга аракет кылганда, Иса эмне деди эле? ~ Ал: «„Кудайың Жахабага сыйын жана ага гана ыйык кызмат кыл“,— деп жазылган»,— деген (Матай 4:10). Иса Жахабага гана сыйынуу керектигин ачык көрсөткөн. Кел, муну жакшы билген айрым жаштар жөнүндө окуп көрөлү. Алардын аттары: Шадрах, Мейшах, Абет-Него.

Ал жаш эврейлер Кудайдын элинен, ысрайыл элинен, болушкан. Алар Бабыл деген жерге туткундалып кетишкен. Ал жердин падышасы Небухаданасар алтындан аябай чоң буркан жасаган. Бир күнү ал баарына музыка ойнолгондо ошол бурканга сыйынышын буйруйт. Анан: «Ким жыгылып таазим кылбаса, жалындап күйүп турган мешке ыргытылат»,— деп эскерткен. Сен ошол жерде болсоң, эмне кылат элең? ~

Жахаба өзүнүн кызматчыларын мештеги оттон кантип сактап калган?

Шадрах, Мейшах жана Абет-Него падышанын буйруктарын дайыма аткарышчу. Бирок алар падышанын ошол буйругун аткаруудан баш тартышкан. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ Анткени Кудайдын мыйзамында: «Менден башка кудайларың болбосун. Өзүңө буркан жасаба, ага табынба»,— деп айтылган (Чыгуу 20:3—5). Ошондуктан ал үчөө падышанын буйругуна эмес, Жахабанын мыйзамына баш ийишкен.

Ошондо падыша аябай ачууланып, аларды алып келүүнү буйруйт. Анан аларга: «Мен орноткон алтын бурканга таазим кылбай жатканыңар чынбы? Силерге мүмкүнчүлүк берейин. Музыканы угарыңар менен жыгылып, мен жасаган бурканга табынгыла. Эгерде табынбасаңар, анда ошол замат жалындап күйүп турган мешке ыргытыласыңар, ошондо силерди менин колумдан кайсы кудай куткарар экен?» — деген.

Эми алар эмне кылышат? Сен эмне кылат элең? ~ Алар падышага: «Биз кызмат кылып жаткан Кудайыбыз бизди куткара алат. Андай болбогон учурда да, биз сенин кудайларыңа кызмат кылбайбыз, сен орноткон алтын бурканга табынбайбыз»,— дешкен.

Падыша аябай каарданып: «Мешти демейдегиден жети эсе катуу жаккыла!» — дейт. Анан өзүнүн жоокерлерине Шадрах, Мейшах жана Абет-Негону байлап, мешке ыргытууну буйруйт. Меш ушунчалык ысык болгондуктан, падышанын жоокерлери күйүп өлүп калат! Ал эми үч эврей эмне болгон?

Шадрах, Мейшах жана Абет-Него жалындап күйүп турган мештин так ортосуна түшөт. Бирок алар эч зыян тартышпайт! Колдорундагы жиптер да чечилип калат. Ушундай болушу мүмкүнбү? ~ Падыша мешти карап, аябай коркуп кетет. Ал: «Биз отко үч кишини ыргыттык беле?» — деп сурайт. Анын кызматчылары: «Ооба, падыша»,— деп жооп беришет.

Булар эмне үчүн бурканга табынбай жатышат?

Анан падыша катуу үн менен: «Мен төрт кишини көрүп турам, алар оттун ичинде басып жүрүшөт, эч кандай зыян тартышпаптыр»,— дейт. Төртүнчүсү ким экенин билесиңби? ~ Ал Жахабанын периштеси болчу. Ал үч эврейди жалындап күйүп жаткан оттон сактап калган.

Падыша муну көргөндө мештин ооз жагына барып: «Шадрах, Мейшах, Абет-Него, баарынан жогору турган Кудайдын кулдары! Мештен чыккыла, бери келгиле!» — деп кыйкырган. Алар мештен чыгып келишкенде, бардыгы алардын эч зыян тартпаганын көрүп, таң калышкан. Алар ыш жыттанган да эмес. Анан падыша үнүн бийик чыгарып: «Шадрах, Мейшах жана Абет-Негонун Кудайына даңк! Ал Өзүнүн периштесин жиберип, өздөрүнүн Кудайынан башка кудайга кызмат кылбаш үчүн денелерин отко берген Өзүнүн кулдарын куткарып алды»,— деген (Даниел 3-бөлүм).

Бүгүн адамдар кимдерди жана эмнелерди кудайдай көрүшөт?

Биз бул окуядан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Бүгүнкү күндө да адамдар сөлөкөттөргө же буркандарга сыйынышат. Бир энциклопедияда: «Желек, айкаш жыгач сыяктуу эле, ыйык деп эсептелет»,— делет («The Encyclopedia Americana»). Сөлөкөттөр жыгачтан, таштан, темирден же чүпүрөктөн жасалышы мүмкүн. Исанын алгачкы жолдоочулары Рим башкаруучусуна сыйынуудан баш тартышкан. Муну тарыхчы Дэниел Манникс желекке таазим кылуудан жана ант берүүдөн, башкача айтканда, кайсы бир өлкөгө берилгендигин сактоого убада берүүдөн баш тартуу менен салыштырган.

Кандай деп ойлойсуң, Кудай үчүн буркандын чүпүрөктөн, жыгачтан, таштан же темирден жасалганынын айырмасы барбы? ~ Жахабанын кызматчысынын ошондой буркандарга сыйынганы туурабы? ~ Шадрах, Мейшах жана Абет-Неголор сыйынышкан эмес. Ошондуктан Жахаба аларга аябай ыраазы болгон. Сен аларды кантип туурай аласың? ~

Жахабага кызмат кылгандар кимдир бирөөлөргө же бир нерселерге сыйынбашы керек. Ал тууралуу Жашыя 24:14, 15, 19—22; Ышайа 42:8; 1 Жакан 5:21 жана Аян 19:10дон окуп көр.