Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-БӨЛҮМ

Кимге баш ийишибиз керек?

Кимге баш ийишибиз керек?

КЭЭДЕ кимге баш ийүү керектигин аныктоо кыйынга турат. Апаң же атаң сенден бир нерсени талап кылышы мүмкүн. Мугалимиң же милиционер болсо такыр башканы талап кылышы ыктымал. Ошондой учурда кимисине баш ийишиң керек? ~

Ушул китептин 7-бөлүмүнөн Эфестиктер 6:1—3-аяттарды окуганбыз. Ал жерде балдардын ата-энесине баш ийиши керектиги айтылган. Аятта: «Теңирдин эркине ылайык ата-энеңердин тилин алгыла»,— делет. «Теңирдин эркине ылайык» ата-эненин тилин алуу деген эмнени билдирерин билесиңби? ~ Бул ата-энелер балдарына Кудайдын мыйзамдарын үйрөткөндө аларды угууну билдирет.

Бирок чоңдордун баары эле Жахабага ишене бербейт. Айрымдар сабак учурунда бирөөдөн көчүрүүнүн же дүкөндөн акчасын төлөбөй бир нерсе алуунун эч деле жаман жери жок деши мүмкүн. Кандай деп ойлойсуң, балдардын алдаганы же уурдаганы туурабы? ~

Небухаданасар падышанын бардыгына өзү жасаган алтын бурканга табынышын буйруганын эстесең. Бирок Шадрах, Мейшах жана Абет-Него анын буйругуна баш ийишкен эмес. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ Анткени Ыйык Китепте Жахабага гана сыйынуу керектиги айтылат (Чыгуу 20:3; Матай 4:10).

Петир Каяпага эмне деп жатат?

Иса өлгөндөн кийин, анын элчилерин Синедрионго — жүйүттөрдүн жогорку сотуна — алып барышкан. Башкы динкызматчы Каяпа аларга: «Биз силерге Исанын атынан окутпагыла деп тыюу салбадык беле. Силер болсо окутууңарды бүт Иерусалимге жайылтып жибердиңер»,— деген. Эмне үчүн элчилер жогорку сотко баш ийишкен эмес? ~ Петир элчилердин атынан Каяпага: «Биз адамдарга эмес, башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деп жооп берген (Элчилер 5:27—29).

Ошол учурдагы диний жетекчилер бийликке ээ болчу. Бирок алардын өлкөсү Римдин бийлиги алдында эле. Римдин башкаруучусу цезарь деп аталган. Рим өкмөтү эл үчүн жакшы иштерди кылса да, жүйүттөр аларга баш ийүүнү каалашкан эмес. Азыркы күндө да өкмөт элге кам көрүп, алар үчүн жакшы иштерди кылышат. Маселен, кандай иштер экенин билесиңби? ~

Өкмөт жолдорду курат жана милиция кызматкерлери, өрт өчүргүчтөр бизди коргошу үчүн, аларга акча төлөйт. Ошондой эле балдардын билим алышы жана карылардын денсоолугу үчүн ар кандай чара көрөт. Анын баарына көп акча керек. Өкмөт акчаны кайдан аларын билесиңби? ~ Элден. Элдин өкмөткө төлөгөн акчасы салык деп аталат.

Улуу Окутуучу жерде жашап жүргөндө, жүйүттөрдүн көпчүлүгү Рим өкмөтүнө салык төлөөнү каалашкан эмес. Ошондуктан бир жолу динкызматчылар Исаны сыноо үчүн ага бир нече киши жиберишет. Алар андан: «Падышага салык төлөшүбүз керекпи же төлөбөшүбүз керекпи?» — деп сурашат. Бул куулук менен берилген суроо болчу. Эгерде Иса: «Ооба, силер салык төлөшүңөр керек»,— деп жооп берсе, бул жүйүттөрдүн көпчүлүгүнө жакмак эмес. Иса: «Салык төлөбөй эле койсоңор болот»,— деп да айта алмак эмес. Антип айтуу туура эмес болмок.

Анан Иса эмне кылган? Ал: «Мага тыйынды көрсөткүлөчү»,— деген. Алар ага тыйынды алып келишкенде, Иса алардан: «Бул жерде кимдин сүрөтү тартылып, кимдин ысмы жазылган?» — деп сураган. Алар: «Падышаныкы»,— деп жооп беришкен. Анан Иса: «Андай болсо, падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген (Лука 20:19—26).

Иса бул кишилердин куулук менен берген суроосуна эмне деп жооп берген?

Исанын жообунан эч ким кынтык таба албай калган. Эгер цезарь эл үчүн көп иштерди кылып жатса, анда ага ошол иштер үчүн акча төлөө туура да. Ошентип, Иса кылып жаткан иштери үчүн өкмөткө салык төлөөнүн маанилүү экенин көрсөткөн.

Сен азыр салык төлөй турган куракка жете элексиң. Бирок өкмөттүн алдында сенин да милдетиң бар. Кандай милдет экенин билесиңби? ~ Өкмөттүн мыйзамдарына баш ийүү. Ыйык Китепте: «Жогорку бийликтерге баш ийгиле»,— делет. «Жогорку бийликтер» — бул өкмөт башкаруучулары. Өкмөттүн мыйзамдарына баш ийишибизди Кудай өзү талап кылат (Римдиктер 13:1, 2).

Мисалы, көчөгө кагаз же дагы башка нерселерди таштоого тыюу салган мыйзам бар деп коёлу. Ал мыйзамга баш ийишиң керекпи? ~ Ооба, анткени баш ийишиңди Кудай каалайт. Милиция кызматкерлерине да баш ийишиң керекпи? ~ Бизди коргошу жана тартип болушу үчүн, өкмөт аларга акча төлөйт. Аларга баш ийсек, өкмөткө да баш ийген болобуз.

Жолдон өткөнү жатасың дейли. Бирок милиция кызматкери: «Токтой тур!» — десе, эмне кыласың? ~ Башкалар эскертүүгө көңүл бурбай өтүп баратса, сен да алардын аркасынан жөнөйсүңбү? ~ Эч ким көңүл бурбаган күндө да, сен андай кылбашың керек. Анткени аларга баш ийишиңди Кудай талап кылат.

Же жакын жерде бир нерсе болду дейли. Анан милиция кызматкери: «Үйүңөргө тарагыла, көчөгө чыкпагыла!» — дейт. Бирок ар жактан кыйкырыктар угулуп жатса, эмне болгонун билүү үчүн ошо жакка барат белең? ~ Бул «жогорку бийликтерге» баш ийгендикке жатабы? ~

Адатта, мамлекет мектептерди курат жана мугалимдерге акча төлөйт. Кандай деп ойлойсуң, Кудай мугалимдердин тилин алышыңды каалайбы? ~ Кел, ойлонуп көрөбүз. Мамлекет милиция кызматкерлерине бизди коргогону үчүн акча төлөгөндөй эле, мугалимдерге да бизди окутканы үчүн акча төлөйт. Ошондуктан мугалимдер менен милиционерлердин тилин алуу менен мамлекетке баш иерибизди көрсөтөбүз.

Милиция кызматкерлерине эмне үчүн баш ийишибиз керек?

Бирок мугалимиң кандайдыр бир сөлөкөткө таазим кылышыңды талап кылса, эмне кыласың? ~ Үч жаш эврей Небухаданасар падышанын буйругуна карабастан бурканга таазим кылышкан эмес. Эмне үчүн экени эсиңдеби? ~ Анткени алар Кудайга баш ийүүнү каалашкан.

Тарыхчы Уилл Дюрант Исанын алгачкы жолдоочулары биринчи кезекте цезарга эмес, Кудайга баш ийишкенин айткан. Ооба, алар Жахабага баш ийишкен! Кел, Кудай жашообузда биринчи орунда турушу керектигин эч качан эсибизден чыгарбайлы.

Биз өкмөткө баш иебиз, анткени муну Жахаба талап кылат. Бирок Кудайга жакпаган нерсе кылуу талап кылынган учурларда эмне кылышыбыз керек? ~ Биз элчилердей болуп: «Адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— дейбиз (Элчилер 5:29).

Ыйык Китепте мыйзамга баш ийишибиз керектиги айтылат. Ал тууралуу Матай 5:41; Тит 3:1 жана 1 Петир 2:12—14-аяттарда эмне айтылганын окуп көр.