Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-БӨЛҮМ

Майрамдардын бардыгы Кудайга жагабы?

Майрамдардын бардыгы Кудайга жагабы?

Бул майрам Жахабага эмне үчүн жаккан?

САГА майрамдар жагабы? ~ Майрамдар аябай көңүлдүү болушу мүмкүн. Кандай деп ойлойсуң, майрамдарга катышканыбыз Улуу Окутуучуга жагат беле? ~ Иса да бир жолу майрамга катышкан. Ал өзүнүн шакирттери менен үйлөнүү тоюна барган. Жахаба — «бактылуу Кудай». Ошондуктан жакшы майрамдарда көңүл ачканыбызда, ал да кубанат (1 Тиметей 1:11; Жакан 2:1—11).

Ушул китептин 29-бетинде Жахаба Кызыл деңизди экиге бөлүп, ысрайылдыктарды аркы өйүзгө өткөргөнү айтылган. Ошол аңгеме эсиңдеби? ~ Андан кийин ысрайыл эли ырдап-бийлеп, Жахабаны даңкташкан. Ал, чынында эле, майрам болгон! Эл ошондо абдан кубанган, Жахабанын да кубанганы шексиз (Чыгуу 15:1, 20, 21).

Болжолу, ошондон 40 жыл өткөндөн кийин ысрайылдыктар башка бир чоң майрамга катышкан. Ал майрамды Жахабага сыйынбагандар уюштурушкан. Алар башка кудайларга сыйынышчу жана аялы же күйөөсү болбогондор менен жыныстык катнашта болушчу. Кандай деп ойлойсуң, ысрайылдыктардын ошол майрамды майрамдаганы туура болгонбу? ~ Ысрайылдыктардын ал майрамга барганы Жахабага жаккан эмес, ошондуктан ал аларды жазалаган (Сандар 25:1—9; 1 Корунттуктар 10:8).

Ыйык Китепте эки туулган күн жөнүндө да айтылат. Балким, алардын бири Улуу Окутуучунун туулган күнү болгондур? ~ Жок. Ал эки туулган күндү Жахабага кызмат кылбаган кишилер белгилешкен. Алардын бири — падыша Ирод Антипа. Ал Иса жашаган учурда Галилея аймагынын башкаруучусу болчу.

Ирод падыша көп жаман иштерди кылган. Ал өзүнүн биртууганынын аялын алып алган. Анын аты Иродия эле. Кудайдын кызматчысы, Чөмүлдүрүүчү Жакан, Иродго туура эмес кылганын айткан. Анын айтканы Иродго жакпагандыктан, Жаканды түрмөгө каматып койгон (Лука 3:19, 20).

Жакан түрмөдө отурганда, Ироддун туулган күнү болот. Ошондо ал чоң той өткөрүп, көптөгөн атактуу кишилерди чакырат. Алардын баары ичип-жешип, көңүл ачышат. Анан Иродиянын кызы конокторго абдан сонун бийлеп берет. Кыздын бийлегени конокторго ушунчалык жаккандыктан, Ирод ага өзгөчө белек бергиси келет. Анан: «Сураганыңдын баарын, атүгүл падышалыгымдын жарымын да берем»,— деп сөз берет.

Кыз эми эмне сурайт? Акчабы? Кооз кийим же аксарайбы? Ал эмне сураарын билбей, апасы Иродияга кайрылып: «Эмне сурайын?» — дейт.

Иродия Чөмүлдүрүүчү Жаканды аябай жек көрчү. Ошондуктан кызына: «Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын сура»,— дейт. Кыз падышага барып: «Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын табакка салып, азыр алып келишиңди каалайм»,— деп айтат.

Ирод падыша Жакандын жакшы киши экенин билгендиктен Кудайдын кызматчысын өлтүрүүнү каалаган эмес. Бирок ал сөз берип койгон да. Ал: «Эгер кыздын өтүнүчүн аткарбай койсом, коноктор эмне деп ойлойт»,— деп корккон. Ошондуктан Ирод кызматчысына түрмөгө барып, Жакандын башын алып келишин буйруйт. Анан ал кызматчы Жакандын башын табакка салып келип, кызга берет. Кыз болсо аны апасына берет (Марк 6:17—29).

Ыйык Китепте жазылган башка туулган күн да ушундай эле болгон. Ал Мисирдин падышасынын, фараондун, туулган күнү болчу. Ошондо да бир кишинин башы алынган. Анан канаттуулар жеш үчүн ал кишинин денесин асып коюшкан (Башталыш 40:19—22). Кандай деп ойлойсуң, ошол майрамдарды Кудай жактырганбы? ~ Сен ошол майрамдарга катышкың келет беле? ~

Ироддун туулган күнүндө эмне болду эле?

Ыйык Китепте айтылгандын бардыгы бекеринен жазылган эмес. Анда эки эле туулган күн тууралуу айтылат. Бирок ошондо аябай жаман иштер болгон. Кудай муну менен эмне айткысы келген? Ал туулган күндөрдү белгилешибизди каалайбы? ~

Албетте, эч ким деле бүгүнкү күндө андай майрамдарда башкалардын башын кыйбайт. Бирок туулган күн өткөрүүнү чыныгы Кудайга сыйынбагандар ойлоп чыгарышкан. Ыйык Китепте айтылган туулган күндөр тууралуу диний бир энциклопедияда мындай деп айтылган: «Туулган күнүн белгилөө үчүн күнөөкөрлөр гана... чоң той өткөрүшчү» («Католик энциклопедиясы»). Биз аларга окшошкубуз келбейт да, чынбы? ~

Ал эми Улуу Окутуучу өзүнүн туулган күнүн белгилечү беле? ~ Жок. Ыйык Китепте ал жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Исанын алгачкы жолдоочулары да анын туулган күнүн белгилешчү эмес. Элдин эмне үчүн Исанын туулган күнүн 25-декабрда, айрым өлкөлөрдө 7-январда белгилеп калганын билесиңби? ~

Бир белгилүү энциклопедияда айтылгандай, 25-декабрды «римдиктер күндүн туулган күнүнө арналган Сатурн Майрамын көп убактан бери майрамдап келишкендиктен» тандап алышкан («Уорлд бук» энциклопедиясы). Анда Исанын туулган күнүн бутпарастардын — башка кудайларга сыйынгандардын — майрамы менен аралаштырып салышкан турбайбы!

Эмне үчүн Исанын декабрда төрөлүшү мүмкүн эмес экенин билесиңби? ~ Ыйык Китепте Иса төрөлгөндө койчулар койлору менен талаада түнөшкөнү айтылат (Лука 2:8—12). Ал декабрда болушу мүмкүн эмес, анткени ал аймакта декабрь айы суук жана жаанчыл келет.

Эмне үчүн Исанын 25-декабрда төрөлүшү мүмкүн эмес?

Рождествонун Исанын туулган күнү эмес экенин көптөр билишет. Алар атүгүл ошол күнү бутпарастар Кудайга жакпаган майрамды белгилешкенин да билишет. Ошого карабастан алар Рождествону белгилей беришет. Алар ушул майрамды ушунчалык жакшы көргөндүктөн Кудайдын буга карата болгон көзкарашын эске алышпайт. Бирок биз Жахабаны кубандыргыбыз келет да, ээ? ~

Демек, кандайдыр бир майрам уюштурардан мурун, анын Жахабага жагарына ынангыдай болушубуз керек. Майрамдарды каалаган күнү уюштура берсек болот. Ан үчүн атайын бир күндү күтүүнүн кереги жок. Даамдуу тамак жасап, кызыктуу оюндарды ойносо болот. Ушундай кылууну каалайт белең? ~ Анда бул тууралуу ата-энеңе айтып, майрам уюштурууга жардам беришин сурансаң болот. Бул аябай сонун болмок, ээ? ~ Бирок майрам уюштурардын алдында анын Жахабага жагарына ынан.

Майрамдарыбыздын Кудайга жагар-жакпасын кантип билсек болот?

Дайыма Кудайга жаккан иштерди кылуу маанилүү экени Накыл сөздөр 12:2; Жакан 8:29; Римдиктер 12:2 жана 1 Жакан 3:22де көрсөтүлгөн.