Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31-БӨЛҮМ

Бизди ким соорото алат?

Бизди ким соорото алат?

КӨҢҮЛҮҢ чөгүп, жалгызсыраган учурларың болду беле? ~ Же өзүңдү эч кимге кереги жоктой сезгендирсиң? ~ Кээ бир балдарда өздөрүн ушундай сезген учурлар болот. Бирок Кудай: «Мен сени унутпайм»,— деп убада берет (Ышайа 49:15). Бул кандай сонун, ээ? ~ Ооба, Жахаба Кудай бизди, чынында эле, сүйөт!

Бул жоголуп кеткен козу өзүн кандай сезип жатат деп ойлойсуң?

Ыйык Китептин бир жазуучусу мындай деген: «Мени атам да, энем да таштап кетти, бирок Теңир мени кабыл алат» (Забур 26:10). Бул биз үчүн чыныгы сооронуч, чынбы? ~ Жахаба бизди: «Коркпо, анткени Мен сени мененмин. Мен сага жардам берем»,— деп ынандырат (Ышайа 41:10).

Бирок кээде Жахаба Шайтандын бизге зыян келтиришине жол берет. Ал атүгүл Шайтанга өзүнүн кызматчыларын сынашына жол берет. Бир жолу Иса Шайтандын айынан кыйналганда Жахабага: «Кудайым, Кудайым, мени эмне үчүн таштап койдуң?» — деп жалынган (Матай 27:46). Иса азап чексе да, Жахабанын аны сүйөрүнө эч шектенген эмес (Жакан 10:17). Ошондой эле Жахабанын Шайтанга өзүнүн кызматчыларын сыноого жана аларды азап тарттырууга жол берерин билген. Кийинки бөлүмдөрдүн биринен Кудай Шайтанга ушундай нерселерди кылууга эмне үчүн жол берип жатканын билебиз.

Кичинекей балдардын корккон учурлары көп болот. Эстеп көрсөң, сенин адашып кеткен учурларың болду беле? ~ Ошондо корктуң беле? ~ Көпчүлүк балдар коркмок. Бир жолу Улуу Окутуучу бирөөнүн жоголуп кеткени тууралуу аңгеме айтып берген. Бирок ал бала эмес, козу болчу.

Кандайдыр бир мааниде сен да козуга окшошсуң. Кандайча? Койлор, адатта, анча чоң эмес, алсыз келишет. Алар дайыма бирөөнүн кам көрүүсүнө жана коргоосуна муктаж. Кой баккан кишини койчу деп айтат.

Иса жүз кою бар койчу тууралуу аңгеме айткан. Анын бир козусу жоголуп кетет. Ал козу дөңсөнүн ары жагын көргүсү келген окшойт. Анан койлордон артта калып, адашып калат. Козу жапжалгыз калып калганда өзүн кандай сезгенин элестетсең. Ал аябай корксо керек, ээ? ~

Аңгыча койчу бир козунун жоголуп кеткенин байкап калат. Ал эми эмне кылат? «Ал козу өзү күнөөлүү. Эмне алыс кетип калат! Жоголсо жоголо берсин» — деп, аны издебей коёбу? Же 99 коюн коопсуз жерге калтырып коюп, байкуш козуну издеп жөнөйбү? Бир козуну издөөнүн зарылдыгы барбы? ~ Ошол жоголгон козу сен болсоң, койчунун издешин каалайт белең? ~

Ким жоголгон козусун тапкан койчуга окшош?

Койчу койлорун, ошондой эле жоголгон козуну да аябай жакшы көрчү. Ошондуктан аны издеп жөнөйт. Адашып кеткен козу койчуну көргөндө кандай гана сүйүнгөнүн элестетсең! Иса койчунун да козуну тапканда сүйүнгөнүн айткан. Ал атүгүл жоголбогон 99 коюна караганда табылган козусуна көбүрөөк сүйүнгөн. Исанын аңгемесиндеги койчу кимди билдирет? Койчу койлоруна кам көргөндөй, бизге ким назиктик менен кам көрүп жатат? ~ Иса асмандагы Атасы Жахабанын бизге кам көрүп жатканын айткан.

Жахаба Кудай — өз элинин Улуу Кайтаруучусу. Ал ага кызмат кылгандардын баарын, алардын арасында сага окшогон жаштарды да сүйөт. Ал биз менен кандайдыр бир жаман нерсе болушун каалабайт. Кудайдын бизге ушунчалык кам көрөрүн билүү кандай сонун! (Матай 18:12—14).

Жахабанын бар экенине башкаларга, мисалы, атаңа ишенгендей эле ишенесиңби?

Жахабанын бар экенине, анын касиет-сапаттарга ээ Кудай экенине чынында эле ишенесиңби? ~ Албетте, биз Жахабаны көрө албайбыз. Анткени ал — Рух. Бирок ал бизди көрө алат жана бизге качан жардам керек экенин билет. Биз, башка кишилер менен сүйлөшкөндөй эле, аны менен тиленүү аркылуу сүйлөшө алабыз. Жахаба аны менен сүйлөшүшүбүздү аябай каалайт.

Демек, көңүлүң чөгүп же өзүңдү жалгыз сезип турсаң, эмне кылышың керек? ~ Ал жөнүндө Жахабага айт. Ага жакында, ошондо ал сени сооротуп, сага жардам берет. Жахаба сени өзүңдү жалгыз сезип турганыңда да сүйөрүн эсиңен чыгарба. Ыйык Китепти алып, 22-забурду ачсаң. 1-аяттан баштап мындай делет: «Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм. Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат».

Төртүнчү аятта: «Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат»,— делгенине көңүл бурсаң. Жахаба Кудайга сыйынгандар ушундай сезимде болушат. Алар оор учурларда сооронуч табышат. Сен да өзүңдү ушундай сезесиңби? ~

Камкор койчудай болуп, Жахаба өзүнүн кызматчыларына назиктик менен кам көрөт. Жахаба аларга туура жол көрсөтөт, алар болсо ыраазычылык менен Кайтаруучусунун артынан ээрчишет. Жолдо кандай кыйынчылыктарга кабылышпасын, аларда коркууга себеп жок. Койчу койлорду жырткычтардан коргоо үчүн ар дайым таяк алып жүрчү. Ыйык Китепте өзүнүн койлорун арстандар менен аюулардан коргогон жаш койчу, Дөөтү, жөнүндө айтылат (1 Шемуел 17:34—36). Кудайдын кызматчылары Жахабанын да аларды сөзсүз коргооруна шектенишпейт. Кудай алар менен болгондуктан, алар өздөрүн коопсуз сезишет.

Эржүрөк койчуга окшоп, оор учурларда бизге ким жардам берет?

Жахаба өзүнүн койлорун, чынында эле, сүйөт жана аларга назиктик менен кам көрөт. Ыйык Китепте Жахаба, койчудай болуп, койлорун жетелеп, козуларын көтөрүп алары жөнүндө айтылат (Ышайа 40:11).

Жахабанын ушундай камкор Кудай экенин билүү сооротпойбу? ~ Сен анын козусу болгуң келеби? ~ Койлор койчусунун үнүн угат. Алар анын жанында жүрүшөт. Сен Жахабанын тилин аласыңбы? ~ Сен ага жакынсыңбы? ~ Андай болсо, эч качан коркпой эле койсоң болот. Анткени Жахаба дайыма сенин жаныңда болот.

Жахаба өз кызматчыларына сүйүү менен кам көрөт. Кел, бул жөнүндө Забур 36:25; 54:23 жана Лука 12:29—31-аяттарда эмне айтыларын чогуу окуп көрөлү.