Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33-БӨЛҮМ

Иса бизди коргой алат

Иса бизди коргой алат

Исаны кандай элестетесиң, күчтүү Падыша катарыбы же алсыз ымыркайдайбы?

КАНДАЙ деп ойлойсуң, Иса чоңоюп, Жахабанын аны кичинекей кезинде керемет жолу менен сактап калганын билгенде ага тиленүү аркылуу ыраазычылык билдиргенби? ~ Ал эми Жусуп менен Мариямдын Мисирге качып кетип, анын өмүрүн сактап калганын билгенде аларга эмне деди болду экен? ~

Албетте, Иса азыр кичинекей бала эмес. Ошондой эле ал азыр жерде жашабайт. Бирок айрымдар аны азыркыга чейин эле акырда жаткан кичинекей бала катары элестетишерин билесиңби? ~ Маселен, Рождество маалында открытка жана календарлардан Исанын кичинекей бала катары сүрөттөлгөнүн көрүүгө болот.

Кандай деп ойлойсуң, ал азыр тирүүбү? ~ Ооба, ал тирилтилген жана азыр асманда күчтүү Падыша. Ал өзүнүн жолдоочуларын кантип коргой алат? ~ Ал жерде жүргөндө аны сүйгөндөрдү коргой аларын көрсөткөн. Кел, Улуу Окутуучу шакирттери менен кайыкта сүзүп баратканда эмне болгонун карап көрөлү.

Кеч кирип калган убак. Иса бир күн кечке Галилея деңизинин жээгинде элди окутат. (Ал көлдүн узундугу 20 километр, туурасы 12 километр болгондуктан, аны деңиз деп коюшчу.) Анан Иса шакирттерине: «Көлдүн аркы өйүзүнө өтөлү»,— дейт. Алар кайыкка отуруп, сүзүп жөнөшөт. Иса аябай чарчагандыктан кайыктын арт жагына барып, катуу уктап калат.

Иса шамал менен деңизге эмне деп буйруп жатат?

Шакирттер кайыкты башкарып бараткандыктан укташпайт. Аңгыча катуу шамал башталат. Ал күчөгөндөн күчөй берет. Аябай чоң толкун болуп, кайыкка суу толо баштайт.

Шакирттер чөгүп кетебиз деп аябай коркушат. Иса болсо коркпойт. Ал кайыктын арт жагында баягыдай эле уктай берет. Акыры, шакирттер аны ойготуп: «Устат, бизди куткар. Куткарбасаң, чөгүп баратабыз»,— дешет. Ошондо Иса туруп, шамал менен деңизге: «Басыл! Тынчы!» — дейт.

Ошол замат шамал басылып, деңиз тынчып калат. Шакирттер аң-таң болушат. Алар мындайды буга чейин такыр көргөн эмес. Алар бири-бирине: «Шамал менен сууга да буйрук берип, аларды баш ийдирген деги бул ким?» — дешет (Лука 8:22—25; Марк 4:35—41).

Сенчи, Исанын ким экенин билесиңби? ~ Ал андай күчтү каяктан алган? ~ Шакирттер коркпошу керек эле, анткени алардын жанында Иса бар болчу. Ал жөн киши болгон эмес. Иса башкалар кыла албаган укмуштуудай иштерди жасай алган. Ал, дагы бир жолу деңизде катуу шамал болуп жатканда, башка керемет жасайт. Анда ошол тууралуу айтып берейин.

Бир күнү кечинде Иса шакирттерине кайыкка отуруп, деңиздин аркы өйүзүнө сүзө беришин айтат. Өзү болсо тоого чыгат. Ал жер тынч болгондуктан, Атасына, Жахаба Кудайга, тиленүү үчүн абдан ылайыктуу эле.

Шакирттер болсо кайыкка отуруп, аркы өйүздү көздөй сүзүп жөнөшөт. Бирок ошол учурда катуу шамал башталып, күчөгөндөн күчөй берет. Түн кирип калган эле. Шакирттер кеменин парусун түшүрүп, калак менен сүзүп жөнөшөт. Бирок шамал аларга каршы соккондуктан, алыска сүзүп кете алышпайт. Кайык ары-бери чайпалып, ичине суу кире баштайт. Шакирттер болгон күчү менен жээкке карай сүзүүгө аракет кылышат, бирок жээкке жетчүдөй эмес.

Иса дагы эле тоодо. Ал ошол жакта бир топко чейин болот. Ал шакирттеринин өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын билет. Ошондуктан тоодон жээкке түшүп келет. Шакирттерине жардам берүүнү каалагандыктан Иса аларды көздөй катуу толкун болуп жаткан деңиздин үстү менен басып жөнөйт!

Суунун үстү менен басууга аракет кылсаң, эмне болот? ~ Чөгүп кетишиң мүмкүн. Бирок Иса чөккөн эмес. Анткени ал өзгөчө күчкө ээ болчу. Ал суунун үстү менен басып отуруп, кайыкка жетет. Таң атып калгандыктан шакирттер Исанын суунун үстү менен басып келатканын көрүп, көргөн көзүнө ишенишпейт! Алар коркконунан кыйкыра башташат. Бирок Иса аларды: «Кайраттуу болгула, бул менмин. Коркпогула»,— деп тынчтандырат.

Иса кереметтерди эмне үчүн жасаган?

Иса кайыкка түшөрү менен, шамал токтоп калат. Шакирттер дагы таң калышат. Анан ага таазим кылып: «Сен, чын эле, Кудайдын Уулу экенсиң»,— дешет (Матай 14:22—33; Жакан 6:16—21).

Ошол убакта жашап, баарын өз көзүбүз менен көрсөк, кандай сонун болмок, ээ? ~ Иса ошондой кереметтерди эмне үчүн жасаганын билесиңби? ~ Ал шакирттерин сүйгөн жана аларга жардам берүүнү каалаган. Ошондой эле зор күчкө ээ экенин жана келечекте, Кудайдын Падышалыгында Падыша катары башкарганда, ошол күчтү колдоно аларын көрсөткүсү келген.

Иса бүгүн өзүнүн жолдоочуларын кантип коргойт?

Иса ошол күчүн азыр деле колдонот. Ал өзүнүн жолдоочуларына Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабарды Шайтандын тоскоолдугуна карабай таратууга жардам берүүдө. Бирок Иса азыр жолдоочуларын оорулардан сактабайт жана айыктырбайт. Атүгүл анын элчилери да акыр-аягы өлүшкөн. Мисалы, Жакандын биртууганы Жакып зөөкүрдүк менен өлтүрүлгөн. Ал эми Жакан түрмөгө камалган (Элчилер 12:2; Аян 1:9).

Бүгүн да ушул сыяктуу эле нерселер болууда. Жахабага кызмат кылгандар да, кылбагандар да ооруп жана өлүп жатышат. Бирок жакында Иса Кудайдын Падышалыгында Падыша катары жердин үстүнөн башкара баштаганда, бардыгы өзгөрөт. Иса күчүн өзүнүн тилин алгандардын пайдасы үчүн колдонгондуктан, коркунуч биротоло жок болот (Ышайа 9:6, 7).

Төмөнкү аяттарда Кудай өзүнүн Падышалыгынын Падышасы катары тандап алган Исанын канчалык зор күчкө ээ экени айтылат: Даниел 7:13, 14; Матай 28:18 жана Эфестиктер 1:20—22.