Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

35-БӨЛҮМ

Адамдар өлүм уйкусунан ойгоно алышат!

Адамдар өлүм уйкусунан ойгоно алышат!

ЭГЕР өлүп калсак, Кудай бизди тирилтүүнү каалайбы? ~ Аюб аттуу адил киши буга ишенген. Ошондуктан ал өлүп калам деп ойлогондо Кудайга: «Сен чакырсаң, мен Сага жооп берер элем»,— деген. Ошондой эле Жахабанын аны сагынып куса болуп, тирилтүүнү каалаарын айткан (Аюб 14:14, 15, «ЖД»).

Иса Атасы Жахаба Кудайга аябай окшош. Ал бизге жардам берүүнү каалайт. Бир жолу ага пес оорулуу киши: «Кааласаң эле мени айыктыра аласың»,— деген. Иса ага дароо эле: «Каалайм» — деп, аны айыктырган (Марк 1:40—42).

Жахаба кичинекей балдарга сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

Иса өзүнүн Атасынан балдарды сүйүүгө үйрөнгөн. Көптөгөн жылдар мурун Жахаба өзүнүн кызматчылары аркылуу эки кичинекей баланы тирилткен. Бир жолу Илияс Жахабадан өзүнө жакшылык кылган аялдын баласын тирилтишин суранган. Жахаба анын суранычына жооп берген. Кийинчерээк Жахаба Элиша аттуу кызматчысы аркылуу дагы бир кичинекей баланы тирилткен (1 Падышалар 17:17—24; 2 Падышалар 4:32—37).

Жахаба бизди ушунчалык сүйөрүн билүү кандай сонун, ээ? ~ Ал бизди тирүү кезибизде эле эмес, атүгүл өлүп калсак да, ойлойт. Иса Атасынын аны сүйгөн кишилерди, алар өлүп калса да, тирүү деп эсептээрин айткан! (Лука 20:38). Ыйык Китепте: «Өлүм да, өмүр да, азыркы нерселер да, келечектеги нерселер да бизди Кудайдын сүйүүсүнөн ажырата албайт»,— деп айтылат (Римдиктер 8:38, 39).

Иса жерде жүргөн кезинде Жахабанын кичинекей балдарга кам көрөрүн көрсөткөн. Буга чейин айтылгандай, Иса балдар менен Кудай жөнүндө сүйлөшүүгө убакыт бөлгөн. Бирок Кудай Исага балдарды тирилтүүгө күч бергенин билчү белең? ~ Иса Жайырдын 12 жашар кызын кантип тирилткени тууралуу айтып берейин.

Жайыр аялы жана жалгыз кызы менен Галилея деңизинен анча алыс эмес жерде жашаган. Бир күнү анын кызы катуу ооруп калат. Жайыр кызына жардам көрсөтүлбөсө, анын өлүп каларын билген. Ошондо ал Исаны эстеп, аны издеп жөнөйт. Анткени Исанын ооруларды айыктыра аларын уккан. Анан Исаны Галилея деңизинин жээгинен, көптөгөн кишилерди окутуп жаткан жеринен, табат.

Жайыр калың элди аралап барып, Исанын бут алдына жыгылып: «Кызымдын абалы өтө начар. Суранам, барып, ага жардам берчи!» — дейт. Иса ошол замат аны менен жөнөйт. Улуу Окутуучуну укканы келгендер да алар менен жөнөшөт. Бирок жолдон Жайырдын үйүнөн келаткан кишилер жолугуп, ага: «Кызың өлүп калды. Эми устатты убара кылбай эле кой»,— дешет.

Алардын айтканын Иса да угат. Ал Жайырдын жалгыз кызынан айрылып, кандай абалда болуп жатканын жакшы түшүнөт. Ошондуктан ага: «Коркпо. Болгону эле, Кудайга бекем ишен. Ошондо баары жакшы болот»,— дейт. Анан Жайырдын үйүнө жетишет. Алардын досторунун баары кызды жоктоп ыйлап жатышкан. Бирок Иса аларга: «Ыйлабагыла. Кыз өлгөн жок, ал уктап жатат»,— деп айтат.

Аны уккан эл күлөт. Анткени алар кыздын өлүп калганын билишет. Кандай деп ойлойсуң, эмне үчүн Иса: «Кыз уктап жатат»,— деген? ~ Муну менен ал эмне айткысы келген? ~ Ал өлүмдүн катуу уйкуга окшош экенин жана Кудайдын күчүнүн жардамы менен адамды тирилте аларын көрсөткөн. Адамды тирилтүү Иса үчүн, уктап жаткан кишини ойготкондой эле, оңой болгон.

Исанын Жайырдын кызын тирилткенинен эмнени биле алабыз?

Иса Петир, Жакып, Жакан жана кыздын ата-энесинен башкалардын баарына үйдөн чыгып турушун айтат. Анан кыз жаткан бөлмөгө кирип, колунан алып, ага: «Кызым, тур!» — дейт. Кыз ошол замат туруп, баса баштайт. Кандай гана керемет! Кыздын ата-энеси кубанычы койнуна батпай сүйүнөт! (Марк 5:21—24, 35—43; Лука 8:40—42, 49—56).

Эми ойлонуп көрсөң, эгер Иса ошол кызды тирилте алса, башкаларды да тирилте алабы? ~ Кандай деп ойлойсуң, ал ошентеби? ~ Албетте. Анткени Иса: «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары менин үнүмдү угуп, мүрзөдөн чыга турган убакыт келет»,— деп өзү айтпады беле (Жакан 5:28, 29).

Бирок Иса өлгөндөрдү тирилтүүнү каалайбы? ~ Бул суроого ыйык китептик башка окуянын жардамы менен жооп алууга болот. Андан жакынын жоготкондорго карата Иса кандай сезимде болорун билебиз. Ал окуя Наин шаарынан алыс эмес жерде болгон.

Наин шаарынан сөөк коюуга чыгып бараткан элди элестетсең. Алардын арасында баласынан айрылып, кайгыга баткан аял да баратат. Андан мурун анын күйөөсү өлүп калган эле. Эми болсо жалгыз уулунан айрылды. Бул кандай гана оор жоготуу! Наиндин көптөгөн тургундары ошол аялдын баласын коюуга баратышат. Баланын апасы өксүп ыйлап баратат, аны эч ким соорото албайт.

Ошол учурда Иса шакирттери менен Наин шаарына жетип калган. Алар шаардын дарбазасынын жанынан сөөк коюуга бараткандарга жолугат. Иса ыйлап бараткан аялды көрүп, ага аябай боору ооруйт. Исанын ичи ушунчалык ачышкандыктан, ага жардам бергиси келет.

Ал жумшак, ошол эле учурда ишенимдүү түрдө: «Ыйлаба»,— дейт. Анан элдин баары аны карап калат. Иса өлгөн баланын жанына барат. Ал эмне кылайын деп жатат? Ал өлгөн балага: «Жигит, сага айтып жатам, ордуңан тур»,— дейт. Бала ошол замат ордунан туруп, сүйлөй баштайт (Лука 7:11—17).

Ошондо жаш уландын апасы кандай сезимде болгонун элестетсең! Ал эми сенин жакындарыңдын бири тирилсе, кандай сезимде болот элең? ~ Бул окуя Исанын адамдарды чынында эле сүйөрүн жана аларга жардам берүүнү каалаарын көрсөтүп турган жокпу? ~ Кудайдын жаңы заманында тирилтилгендерди тосуп алуу кандай гана кубанычтуу болот! (2 Петир 3:13; Аян 21:3, 4).

Исанын жесир аялдын жалгыз баласын тирилткени эмнени көрсөтүп турат?

Тирилтилгендердин арасында биз тааныгандар, алардын ичинде балдар да болот. Биз аларды, Иса тирилткенден кийин, Жайыр кызын тааныгандай эле, тааныйбыз. Ошондой эле жүздөгөн, атүгүл миңдеген жылдар мурун өлгөндөр да тирилтилет. Алар көп жылдар мурун өлсө да, Кудай аларды унуткан жок.

Жахаба Кудайдын жана анын Уулу Исанын бизди аябай сүйөрүн билүү кандай гана сонун, чынбы? ~ Алар биздин бир нече эле жыл эмес, түбөлүк жашашыбызды каалашат!

Ыйык Китепте өлгөндөргө карата кандай үмүт бар экенин төмөнкү аяттардан окуп көр: Ышайа 25:8; Элчилер 24:15 жана 1 Корунттуктар 15:20—22.