Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

36-БӨЛҮМ

Кимдер тирилтилет? Алар каякта жашашат?

Кимдер тирилтилет? Алар каякта жашашат?

БУГА чейинки эки бөлүмдөн тирилтилгендер жөнүндө окудук. Алар канчоо эле, эсиңдеби? ~ Бешөө. Алардын канчасы кичинекей бала эле? ~ Үчөө. Төртүнчүсү, Ыйык Китепте айтылгандай, жаш улан болчу. Бул эмнени көрсөтүп турат? ~

Бул Кудай балдарды аябай сүйөрүн көрсөтүп турат. Бирок ал көптөгөн чоң кишилерди да тирилтет. Кудай жакшы иш кылгандарды гана тирилтеби? ~ Ошентип ойлошубуз мүмкүн. Бирок көптөгөн адамдар Жахаба Кудай жана анын Уулу жөнүндөгү чындыкты эч качан угушкан эмес да. Алар туура эмес үйрөтүлгөндүктөн туура эмес нерселерди кылышкан. Кандай деп ойлойсуң, Жахаба ошондой кишилерди тирилтеби? ~

Ыйык Китепте: «Адил жана адил эмес адамдар тирилет»,— деп айтылат (Элчилер 24:15). Бирок адил эместерди тирилтүүнүн эмне кереги бар? ~ Анткени андай кишилерде мурун Жахаба жана анын талаптары тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Кудай эмне үчүн адил эместерди да тирилтет?

Тирилүү качан башталат? ~ Лазар өлгөндө Исанын Мартага: «Биртууганың тирилет»,— деп айткан убадасын эстесең. Анан Марта ага: «Анын акыркы күнү, тирилүү убагында тирилерин билем»,— деп айткан (Жакан 11:23, 24). «Акыркы күнү» тирилет деп Марта эмнени айткысы келген? ~

Иса бул кишиге айтып жаткан Бейиш каякта болот?

Марта Исанын: «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары чыгышат»,— деген убадасын уккан (Жакан 5:28, 29). Ооба, «акыркы күн» — Жахабанын эс тутумундагылардын баары тириле турган убак. Ал акыркы күн 24 саатка эмес, миң жылга созулат. Ошол күнү, Ыйык Китепте айтылгандай, Кудай адамдардын баарын соттойт. Алардын арасында тирилтилгендер да болот (Элчилер 17:31; 2 Петир 3:8).

Ал күндүн кандай гана сонун болорун элестетип эле көрсөң! Ошол миң жылдын ичинде миллиондогон адамдар тирилет. Иса алардын Бейиште жашаарын айткан. Кел, ошол Бейиш каякта болорун жана кандай болорун карап көрөлү.

Иса жаза устунунда өлөрүнө үч сааттай калганда жанында асылып турган кишиге Бейиш жөнүндө айткан. Ал кишиге олуттуу кылмыштарды жасаганы үчүн өлүм өкүмү чыгарылган эле. Бирок ал Исанын кандай киши экенин көрүп, ал жөнүндө айтылып жаткандарды угуп, ага ишенип калган. Анан Исага: «Падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деген. Ошондо Иса: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп убада берген (Лука 23:42, 43).

Бейишти кандай элестетишибиз керек?

Иса муну менен эмне айткысы келген? Бейиш каякта? ~ Кел, ойлонуп көрөбүз. Башында Бейиш каякта эле? ~ Кудай биринчи түгөйдү, Адам ата менен Обо энени, жер бетиндеги бейишке жайгаштырганын эстесең. Ал жер Эйден багы деп аталган. Ал бакта көптөгөн жаныбарлар болгон жана алар эч кимге зыян келтирген эмес. Эйден багында даамдуу жемиш берген бактар өскөн. Ошондой эле анда дарыя агып турчу. Ал жер кандай гана сонун болгон! (Башталыш 2:8—10).

Ошол кылмышкердин Бейиште жашаары жөнүндө окуп, бүт жер жүзү аябай сонун бакка айланарын элестете алабыз. Иса ошол кылмышкер менен жерде Бейиште жашайбы? ~ Жок. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~

Анткени Иса асманда Падыша болот. Ал бейишке айланган жердин үстүнөн башкарат. Иса ошол кылмышкерди тирилтип, ага кам көргөндүктөн, аны менен Бейиште бирге болот деп айтууга болот. Бирок эмне үчүн Иса ал кылмышкерге Бейиште жашоого мүмкүндүк берет? ~ Кел, карап көрөлү.

Ал киши Иса менен сүйлөшкөнгө чейин Кудайдын ой-ниети тууралуу билчү беле? ~ Жок. Ал Кудай жөнүндөгү чындыкты билбегендиктен туура эмес иштерди кылган. Бейиште ал Кудайдын ой-ниети тууралуу билим алат. Ошондо анда Кудайга болгон сүйүүсүн далилдөөгө жана анын эркине ылайык жашоого мүмкүнчүлүк болот.

Тирилтилгендердин баары Бейиште жашайбы? ~ Жок. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ Анткени айрымдар Иса менен асманда бирге болуу үчүн тирилтилет. Алар падыша болуп, Иса менен бирге бейишке айланган жер үстүнөн бийлик жүргүзүшөт. Кел, муну кайдан билерибизди карап көрөбүз.

Өлөр алдындагы түнү Иса элчилерине: «Атамдын үйүндө орун көп. Мен силерге орун даярдаганы баратам»,— деген. Андан соң: «Кайра келем да, силер да менин жанымда болушуңар үчүн, силерди алып кетем»,— деп убада берген (Жакан 14:2, 3).

Иса тирилтилгенден кийин каякка кеткен? ~ Кайрадан өзүнүн Атасына, асманга (Жакан 17:4, 5). Иса элчилери менен башка жолдоочуларына, өзү менен асманда бирге болушу үчүн, аларды тирилтерин убада кылган. Алар ал жакта эмне кылышат? ~ Ыйык Китепте Исанын «биринчи тирилүүгө» катышкан жолдоочуларынын асманда жашап, Иса менен бирге жер үстүнө миң жыл бийлик кылары айтылат (Аян 5:10; 20:6; 2 Тиметей 2:12).

«Биринчи тирилүүдө» канча киши тирилип, Иса менен бирге падышалык кылат? ~ Иса өзүнүн шакирттерине: «Коркпо, кичине отор, анткени асмандагы Атаңар силерге падышалыкты берүүнү туура көрдү»,— деп айткан (Лука 12:32). Иса менен бирге асман Падышалыгында бийлик жүргүзүү үчүн тириле турган «кичине отордун» так саны бар. Ыйык Китепте асмандагы жашоого тириле тургандардын саны «жүз кырк төрт миң» экени айтылат (Аян 14:1, 3).

Тирилтилгендер каякта жашашат жана эмне кылышат?

Ал эми жерде, Бейиште, канча киши жашайт? ~ Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бирок Кудай Адам ата менен Обо энеге балалуу болуп, бүт жер жүзүн адил адамдарга толтурууну буйруганын эстесең. Алар бул тапшырманы аткара албай калышкан. Бирок Кудай өзүнүн ой-ниетинин аткарылышына жана бүт жер жүзүндө жакшы кишилердин жашашына сөзсүз кам көрөт (Башталыш 1:28; Ышайа 45:18; 55:11).

Бейиштеги жашоо кандай гана сонун болорун элестетип эле көрсөң! Бүт жер жүзү укмуштуудай кооз бакка айланат. Ал бакта көптөгөн канаттуулар жана жаныбарлар болот, аябай кооз бактар менен гүлдөр өсөт. Оору, атүгүл өлүм да болбойт. Жер жүзүндөгү элдердин баары дос болушат. Эгер Бейиште түбөлүк жашагыбыз келсе, ага азыртадан даярданышыбыз керек.

Жерге карата Кудайдын кандай ой-ниети бар экени жөнүндө Ыйык Китепте эмне айтыларын окуп көр: Накыл сөздөр 2:21, 22; Насаатчы 1:4; Ышайа 2:4; 11:6—9; 35:5, 6 жана 65:21—24.