Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

38-БӨЛҮМ

Эмне үчүн Исаны сүйүшүбүз керек?

Эмне үчүн Исаны сүйүшүбүз керек?

СЕН отурган кайыктын чөгүп баратканын элестетсең. Сени кимдир бирөө куткарышын каалайт белең? ~ Ан үчүн ага өмүрүнөн айрылууга туура келсечи? ~ Иса дал ушундай кылган. 37-бөлүмдөн билгенибиздей, ал биз үчүн өз өмүрүн кун катары берген.

Албетте, Иса бизди чөгүп баратканыбызда куткарган эмес. Ал бизди эмнеден куткарганы эсиңдеби? ~ Адам атадан тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдөн куткарган. Иса баарыбыз үчүн, атүгүл туура эмес иш кылгандар үчүн да өлгөн. Сен ошондой кишилер үчүн өмүрүңдү тобокелге салат белең? ~

Ыйык Китепте: «Адил киши үчүн кимдир бирөөнүн өз жанын кыяры күмөн, ал эми жакшылык кылган киши үчүн кыйышы мүмкүн»,— деп айтылат. Бирок, Ыйык Китепте айтылгандай, Иса «күнөөкөрлөр» үчүн өлгөн. Ооба, ал Кудайга кызмат кылбагандар үчүн өлгөн! Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде [туура эмес иш кылып жүргөнүбүздө] эле өлгөн» (Римдиктер 5:6—8).

Элчилердин кимиси мурун туура эмес иш кылганы эсиңдеби? ~ Ошол элчи: «Машаяк Иса дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келген. Алардын ичинен жеткен күнөөкөрү менмин»,— деген. Бул сөздөрдү элчи Пабыл жазган. Ал өзүн «жамандык» кылган «акылсыз» киши деп атаган (1 Тиметей 1:15; Тит 3:3).

Кудай ушундай кишилер үчүн өз Уулун берсе, анда анын сүйүүсү канчалык күчтүү болгонун элестетсең! Ыйык Китебиңди ачып, Жакандын 3-бөлүмүнүн 16-аятын окуп көр. Ал жерде: «Кудай бул дүйнөнү [башкача айтканда, адамдарды] ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айтылат.

Иса өз өмүрүн биз үчүн берерде кандай азап тарткан?

Иса адамдарды Атасы сүйгөндөй сүйөрүн далилдеген. Ушул китептин 30-бөлүмүнөн Исаны камакка алышканда анын кандай азап чеккени тууралуу окуганбыз. Исаны башкы динкызматчы Каяпанын үйүнө алып барышып, ошол жерден соттошкон. Күбөлөр ага жалган жалаа жаап, аны сабашкан. Ошондо Петир андан баш тартып кеткен. Кел, андан ары эмне болгонун элестетип көрөлү.

Таң атат. Иса түнү бою уктаган жок. Түн ичинде жүргүзүлгөн сот мыйзамсыз болгондуктан, динкызматчылар тезинен Синедрионду, жүйүттөрдүн жогорку сотун, чакырышат. Алар Исаны Кудайга каршы кылмыш жасаган деп кайрадан күнөөлөшөт.

Андан кийин аны байлап, Пилатка, Римдин башкаруучусуна, алып барышат. Динкызматчылар Пилатка: «Бул киши өкмөткө каршы чыгып жатат. Муну өлтүрүш керек!» — дешет. Бирок Пилат динкызматчылардын калп айтып жатканын билет. Ошондуктан аларга: «Мен бул кишиден эч кандай айып тапкан жокмун, ошондуктан муну коё берем»,— дейт. Бирок динкызматчылар менен эл: «Аны өлтүрүш керек!» — деп кыйкырышат.

Бир аздан кийин Пилат элге Исаны бошотууну каалаарын айтууга дагы аракет кылат. Бирок динкызматчылар элди: «Эгер аны коё берсең, сен да өкмөткө каршысың! Аны өлтүрүш керек!» — деп кыйкырууга тукурат. Эл барган сайын катуу кыйкыра баштайт. Пилат кандай чечим чыгарат болду экен? ~

Акыры, ал элдин айтканына көнөт. Ал Исаны сабоого буйрук берет. Анан аны өлтүрө турган жоокерлердин колуна тапшырат. Жоокерлер Исанын башына тикенектен таажы кийгизип, бут алдына тизелеп, аны шылдыңдашат. Андан соң Исага оор устун көтөртүп, шаардын сыртына, «Башсөөк» деп аталган жерге, алып жөнөшөт. Ошол жерден Исанын колу-бутун устунга кадашат. Устунду көтөргөндө денеси чыдатпай ооруйт. Жарааттарынан кан агат.

Иса дароо эле өлбөйт. Ал бир нече убакыт бою устунда асылып турат. Башкы динкызматчылар болсо аны шылдыңдашат. Ал эми өтүп бараткандар: «Кудайдын уулу болсоң, жаза устунунан түшүп көрчү!» — дешет. Бирок Иса аны Атасы жерге эмне үчүн жибергенин билген. Ал, биз түбөлүк өмүр алышыбыз үчүн, жеткилең өмүрүн бериши керектигин түшүнгөн. Түштөн кийин саат үчтөрдө Иса акыркы жолу Атасына кайрылат да, анан өлөт (Матай 26:36—27:50; Марк 15:1; Лука 22:39—23:46; Жакан 18:1—19:30).

Иса Адам атадан кандай гана айырмаланган! Адам ата Кудайды сүйгөн эмес. Ал Жахабанын тилин албай койгон. Ал бизге да сүйүү көрсөткөн эмес. Ал күнөө кетиргендиктен, биз да күнөөлүү болуп төрөлгөнбүз. Иса болсо Кудайды да, адамдарды да аябай сүйгөн. Ал дайыма Кудайдын тилин алган. Адам ата келтирген зыянды жок кылуу үчүн ал өз өмүрүн курмандыкка берген.

Исаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

Исанын биз үчүн кылганын баалайсыңбы? ~ Кудайга Уулун биз үчүн бергенине тиленүү аркылуу ыраазычылык билдиресиңби? ~ Элчи Пабыл Машаяктын кылгандарынын баарын баалаган. Ал: «Кудайдын Уулу мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген»,— деп жазган (Галатиялыктар 2:20). Иса сен үчүн да, мен үчүн да өлгөн. Ал өзүнүн жеткилең өмүрүн биз түбөлүк жашай алышыбыз үчүн берген! Биз Исаны ошол себептен сүйүшүбүз керек.

Элчи Пабыл Исанын Корунт шаарындагы жолдоочуларына: «Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү»,— деп жазган. Ал эмнеге түрткү берет? Пабыл: «Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн жашабай [өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөбөй], алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашашы үчүн, ал бардыгы үчүн өлгөн»,— деген (2 Корунттуктар 5:14, 15).

Машаяк үчүн жашап жатканыңды кантип көрсөтөсүң? ~ Мисалы, Улуу Окутуучу жөнүндө билгендериңди башкаларга айтып берсең болот. Бул тууралуу да ойлонуп көрсөң. Үйдө жалгыз калдың дейли. Эмне кылып жатканыңды апаң да, атаң да — эч ким көрбөйт. Анан телевизордон же Интернеттен Исага жакпаган нерселерди билип туруп көрөт белең? ~ Исанын тирүү экенин жана баарын көрүп турарын унутпа!

Биздин кылып жаткандарыбыздын баарын ким көрүп турат?

Биз Жахабаны туурагыбыз келет. Бул — Исаны сүйүшүбүз керектигинин дагы бир себеби. Иса: «Атам мени сүйөт»,— деген. Кудай Исаны эмне үчүн сүйөрүн жана биз да аны эмне үчүн сүйүшүбүз керектигин билесиңби? ~ Анткени Иса Кудайдын эркин аткаруу үчүн өз өмүрүн даярдуулук менен берген (Жакан 10:17). Ошондуктан, кел, Ыйык Китепте: «Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар. Машаяк силерди сүйүп, өзүн силер үчүн бергендей, силер да сүйүү жолунда жүргүлө»,— деп айтылгандай иш кылалы (Эфестиктер 5:1, 2).

Бул аяттар сага Исаны дагы көбүрөөк сүйүүгө жана анын биз үчүн кылгандарын баалоого жардам берет: Жакан 3:35; 15:9, 10 жана 1 Жакан 5:11, 12.