Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

41-БӨЛҮМ

Кудайды кубандырган балдар

Кудайды кубандырган балдар

КАНДАЙ деп ойлойсуң, Жахабаны кайсы бала баарынан көбүрөөк кубандырган? ~ Албетте, анын Уулу Иса. Кел, Иса асмандагы Атасын кантип кубандырганын карап көрөлү.

Исанын үйбүлөсү Иерусалимден, Жахабанын ибадатканасы жайгашкан жерден, үч күн жол жүрө турган жерде жашачу. Ал ибадаткана абдан кооз болчу. Иса аны: «Атамдын үйү»,— деп атаган. Анын үйбүлөсү жыл сайын ошол жерге Пасахты майрамдоо үчүн барышчу.

Иса 12ге чыкканда, мындай окуя болот. Пасахтан кийин Исанын үйбүлөсү үйүнө кетип бараткан. Кечинде түнөй турган жерге токтогондо, Исанын ата-энеси аны таппай калат. Аны чогуу келаткан туугандарынын да, тааныштарынын да арасынан таппай коюшат. Ошондуктан Мариям менен Жусуп ошол замат Исаны издеп, Иерусалимге кайра барышат. Ал каякта болушу мүмкүн? ~

Алар Исаны ибадатканадан табышат. Ал окутуучуларды угуп, аларга суроо берип, ошолор менен отурган. Окутуучулар да ага суроо берип, анын жоопторуна таң калышат. Кудайдын өзүнүн Уулуна эмне үчүн ыраазы болгонун эми түшүндүңбү? ~

Мариям менен Жусуп Исаны табышканда кандай гана жеңилдей түшүшкөн! Бирок Иса тынчсызданган эмес. Ал ибадаткананын жердеги эң сонун жай экенин билген. Ошондуктан ата-энесинен: «Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деп сураган. Иса ибадаткананын Кудайдын үйү экенин билген жана ошол жакта болууну жакшы көрчү.

Андан кийин Мариям менен Жусуп Исаны алып, Назаретке келишет. Иса ата-энесине кандай мамиле кылган? ~ Ыйык Китепте Исанын «ата-энесине баш ийгени» айтылат. Бул эмнени билдирет? ~ Бул анын ата-энесине тил алганын билдирет. Ал дайыма ата-энесинин тилин алчу жана үй иштерине жардам берчү. Мисалы, суу ташычу (Лука 2:41—52).

Иса кичинекей кезинде Кудайды кантип кубандырган?

Бул тууралуу ойлонуп көрсөң: Иса жеткилең болсо да, жеткилеңсиз ата-энесинин тилин алган. Буга Кудай кубанганбы? ~ Албетте, анткени Кудайдын Сөзү балдарды: «Ата-энеңердин тилин алгыла»,— деп үндөйт (Эфестиктер 6:1). Исадай болуп, ата-энеңдин тилин алсаң, сен да Кудайды кубандыра аласың.

Кудайды кубандыруунун дагы бир жолу — ал жөнүндө башкаларга айтуу. Айрымдар балдар Кудай жөнүндө айтпашы керек деп ойлошот. Бирок бир жолу эл балдарды тыюуга аракет кылганда, Иса аларга: «„Өзүңдү наристелер менен эмчектеги балдарга даңктаттың“,— деген сөздөрдү эч качан окуган жок белеңер?» — деген (Матай 21:16). Ооба, биз Жахабанын кандай Кудай экени жөнүндө башкаларга айтууну каалайбыз. Бул Кудайды аябай кубандырат.

Кудай жөнүндө кайдан биле алабыз? ~ Ыйык Китепти үйдөн изилдөө менен. Бирок Кудайдын эли чогулган жыйналыштардан андан да көп билим алууга болот. Ал эми Кудайдын эли ким экенин кантип биле алабыз? ~

Өзүбүзгө мындай суроолорду берип көрсөк болот: өздөрүн Кудайдын элибиз деп эсептегендер жыйналыштарында эмне кылышат? Ыйык Китепте жазылгандарга үйрөтүшөбү? Ыйык Китепти окуп, аны талкуулашабы? Анткени Кудайдын айткандарын Ыйык Китептен гана биле алабыз да, чынбы? ~ Ал эми жыйналыш жолугушууларына Кудайдан үйрөнүү үчүн барабыз, туурабы? ~ Кимдир бирөө сага Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык жашоонун зарылдыгы жок экенин айтсачы? Ошондой кишини Кудайдын элинин катарына кирет деп айтууга болобу? ~

Мында дагы бир нерсени эске алуу керек. Ыйык Китепте Кудайдын элинин анын аты менен атала турганы айтылат (Элчилер 15:14). Кудайдын аты — Жахаба. Ошондуктан башкалардан Жахабаны өзүнүн Кудайы деп эсептер-эсептебээрин сурап көрүүгө болот. Антип эсептебесе, аларды Кудайдын эли деп айтууга болбойт. Кудайдын эли башкаларга Кудайдын Падышалыгы тууралуу айтат. Ошондой эле Кудайдын осуяттарын аткаруу менен ага сүйүү көрсөтөт (1 Жакан 5:3).

Эгер ушулардын баарын аткарган элди билсең, Кудайга алар менен бирге сыйын. Жолугушууларда кунт коюп ук жана суроолорго жооп берүүгө аракет кыл. Иса Кудайдын үйүнө барганда ошенткен. Ошентүү менен, Исадай болуп, Жахабаны кубандырасың.

Ыйык Китепте Кудайды кубандырган дагы кайсы бала тууралуу айтылганы эсиңдеби? ~ Бул жагынан Тиметей эң сонун үлгү калтырган. Анын атасы Жахабага ишенчү эмес. Бирок апасы Эйнике менен таенеси Лоис ишенчү. Тиметей алардын айткандарын угуп, Жахаба жөнүндө биле алган.

Атасы чыныгы Кудайга ишенбесе да, Тиметей кандай жолду тандаган?

Тиметей чоңойгондо, ал жашаган шаарга элчи Пабыл барган. Пабыл Тиметейдин ынталуулугун жана Жахабага кызмат кылууну канчалык жакшы көрөрүн байкаган. Ошондуктан аны өзүнүн кызматташы болууга, кызматын кеңейтүүгө чакырган. Алар көп жерлерди кыдырып, Кудайдын Падышалыгы жана Иса тууралуу айтышкан (Элчилер 16:1—5; 2 Тиметей 1:5; 3:14, 15).

Ыйык Китепте Кудайды кубандырган эркек балдар жөнүндө эле айтылабы? ~ Жок. Кел, Кудайды кубандырган ысрайылдык бир кыздын эмне кылганын карап көрөлү. Ал убакта Сирия менен Ысрайыл кас болчу. Бир жолу сириялыктар ысрайылдыктарга кол салып, кичинекей кызды туткунга алып кетишет. Анан аны Нааман деген аскербашчынын үйүнө беришет. Ал кыз Наамандын аялына кызмат кылып калат.

Нааман пес оорулуу болчу. Ага бир да доктур жардам бере алган эмес. Бирок ысрайылдык ошол кичинекей кыз бир пайгамбардын, Кудайдын өзгөчө кызматчысынын, Нааманды айыктыра аларына ишенген. Нааман менен аялы Жахабага сыйынышчу эмес. Ал кыз аларга Кудайдын пайгамбары жөнүндө айтышы керек беле? Сен эмне кылат элең? ~

Бул ысрайылдык кыз Кудайды кантип кубандырган?

Ысрайылдык кыз Наамандын аялына: «Эгерде мырзам, Нааман, Жахабанын Ысрайылдагы пайгамбарына барып келсе, анда ал аны пес оорусунан айыктырмак»,— деген. Нааман кыздын айтканын угуп, Жахабанын пайгамбарына барат. Анан пайгамбардын айтканынын баарын кылып, оорусунан айыгат. Ал оорусунан кереметтүү түрдө айыккандыктан чыныгы Кудайдын кызматчысы болууга түрткү алат (2 Падышалар 5:1—15).

Ошол кичинекей кыздай болуп, сен да кимдир бирөөгө Жахаба жана анын жакшы иштери тууралуу билүүгө жардам бергиң келеби? ~ Кудай жөнүндө кимге айта аласың? ~ Албетте, башында алар сенин жардамыңдын кереги жок деген ойдо болушу ыктымал. Бирок аларга Жахабанын кандай көп жакшы иштерди кылып жатканын айтып берсең болот. Балким, сени ошондо угат. Кылган аракетиңдин баары Кудайды кубандырарына шектенбе!

Төмөнкү аяттар Кудайга кызмат кылуудан кубаныч алууга жардам берет: Забур 121:1; 148:12, 13; Насаатчы 12:1; 1 Тиметей 4:12 жана Эврейлер 10:23—25.