Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43-БӨЛҮМ

Биздин бир туугандарыбыз ким?

Биздин бир туугандарыбыз ким?

БИР жолу Улуу Окутуучу: «Менин энем ким? Биртуугандарым ким?» — деген таң калыштуу суроо берген (Матай 12:48). Бул суроого сен эмне деп жооп берет элең? ~ Исанын апасынын аты Мариям экенин билет чыгарсың. Ал эми инилеринин аттары ким эле? ~ Анын карындаштары болгонбу? ~

Ыйык Китепте Исанын инилеринин аттары: «Жакып, Жусуп, Симон жана Жүйүт» болгону айтылат. Ошондой эле анда карындаштары тууралуу да айтылат. Иса Жусуп менен Мариямдын улуу баласы болгон (Матай 13:55, 56; Лука 1:34, 35).

Исанын биртуугандары анын шакирттери болгонбу? ~ Ыйык Китепте башында алардын «Исага ишенишпегени» айтылат (Жакан 7:5). Бирок кийинчерээк Жакып менен Жүйүт Исанын шакирти болуп, Ыйык Жазмага кирген китептерди жазышкан. Кайсы китептер экенин билесиңби? ~ Ооба, Жакыптын каты менен Жүйүттүн каты.

Ыйык Китепте Исанын карындаштарынын аттары ким экени айтылбаса да, анын, жок эле дегенде, эки карындашы болгону маалым. Бирок андан да көп болушу мүмкүн. Алар анын шакирттери болгонбу? ~ Ыйык Китепте бул тууралуу жазылбагандыктан так айта албайбыз. Бирок Иса эмне үчүн: «Менин энем ким? Биртуугандарым ким?» — деп сураган. Кел, карап көрөлү.

Иса шакирттерин окутуп жатканда, кимдир бирөө анын сөзүн бөлүп: «Энең менен биртуугандарың сени менен сүйлөшүү үчүн сыртта турушат»,— дейт. Ошондо Иса аларды маанилүү бир нерсеге үйрөтүүнү чечет. Ал: «Менин энем ким? Биртуугандарым ким?» — деп сурайт. Анан өзүнүн шакирттерин көрсөтүп: «Мына менин энем жана биртуугандарым!» — дейт.

Андан соң Иса сөзүн түшүндүрүп: «Ким асмандагы Атамдын эркин аткарса, ошол менин биртууганым жана энем»,— деп айтат (Матай 12:47—50). Бул сөздөрдөн Исанын өзүнүн шакирттери менен канчалык жакын мамиледе болгонун көрүүгө болот. Иса үчүн шакирттери биртуугандарындай жана энесиндей эле болгон.

Исанын айтканына ылайык, анын биртуугандары кимдер?

Ошол учурда Исанын биртуугандары — Жакып, Жусуп, Симон жана Жүйүт — анын Кудайдын Уулу экенине ишенишчү эмес. Алар Жебирейил периштенин Мариямга айткандарына ишенишкен эмес көрүнөт (Лука 1:30—33). Алар атүгүл Исаны шылдыңдап, ага жаман мамиле кылышчу окшойт. Ушундай кылгандарды чыныгы биртуугандар деп айтууга болбойт. Биртуугандарына жаман мамиле кылган кимдир бирөөнү билесиңби? ~

Ыйык Китепте Эйсап менен Жакып жөнүндө айтылат. Бир жолу Эйсап биртууганына аябай ачуулангандыктан: «Бир тууганым Жакыпты өлтүрөм»,— деген. Алардын апасы Ребека абдан коркуп, Эйсаптан коргоо үчүн Жакыпты башка өлкөгө жиберет (Башталыш 27:41—46). Бирок көп жыл өткөндөн кийин Эйсап өзгөрүлүп, Жакыпка жолукканда аны атүгүл кучактап, өпкөн (Башталыш 33:4).

Убакыттын өтүшү менен Жакып 12 балалуу болот. Бирок анын улуу балдары иниси Жусупту жаман көрүшчү. Жусуп атасынын жакшы көргөн баласы болгондуктан, агаларынын ичи күйчү. Ошондуктан алар Жусупту Мисирге бараткан кул саткан кишилерге сатып жиберишет. Ал эми атасына Жусупту жырткыч жеп кетиптир деп коюшат (Башталыш 37:23—36). Алар кандай гана жаман иш кылышкан, ээ? ~

Кийинчерээк Жусуптун агалары кылганына өкүнүшкөн. Ошондуктан Жусуп аларды кечирген. Ушул жагынан анын Исага окшош экенин байкадыңбы? ~ Исанын өмүрүнө коркунуч туулганда, элчилери аны таштап качып кетишкен. Петир болсо атүгүл андан баш тарткан. Ошентсе да Иса, Жусупка окшоп, элчилерин кечирген.

Кабыл жана Абыл менен болгон окуядан эмнеге үйрөнө алабыз?

Эми башка эки биртууган — Кабыл жана Абыл — менен болгон окуяны карап көрөлү. Андан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Кудай Кабылдын Абылды чындап жакшы көрбөөрүн билген. Ошондуктан Кудай ага инисине болгон мамилесин өзгөртүүнү кеңеш кылган. Эгер Кабыл Кудайды чындап сүйсө, кеңешти кабыл алмак. Бирок ал Жахабаны сүйчү эмес. Бир жолу Кабыл Абылга: «Жүрү, талаага барып келебиз»,— дейт. Анан экөө талаага барганда, Кабыл инисин катуу уруп, өлтүрүп салат (Башталыш 4:2—8).

Ыйык Китепте ошол окуядан маанилүү бир нерсеге үйрөнүшүбүз керектиги айтылат. Эмнеге үйрөнө аларыбызды билесиңби? ~ «Силер башынан эле угуп келаткан кабар бул: биз бири-бирибизди сүйүшүбүз керек. Карөзгөйдөн болгон жана биртууганын өлтүрүп салган Кабылдай болбойлу». Демек, биртуугандар бири-бирин сүйүүгө тийиш. Алар Кабылдай болбошу керек (1 Жакан 3:11, 12).

Биз эмне үчүн Кабылдай болгубуз келбейт? ~ Анткени Ыйык Китепте анын «Карөзгөйдөн», Шайтан Ибилистен, болгону айтылат. Кабылдын кылган иши Шайтандыкындай болгондуктан, Шайтанды анын атасы деп айтууга болот.

Биртуугандарыбызды сүйүү канчалык маанилүү экенин эми түшүндүңбү? ~ Эгер аларды сүйбөсөк, анда кимдин балдарын туураган болобуз? ~ Шайтандын балдарын. Сен аларга окшошкуң келбейт да, чынбы? ~ Кудайдын баласы экениңди кантип көрсөтө аласың? ~ Биртуугандарыңа чыныгы сүйүү көрсөт.

Бирок сүйүү деген эмне? ~ Бул — башкаларга жакшылык кылууга түрткү берген ички сезим. Башкаларга жакшы бир нерсе кылууга аракет жасоо менен сүйүү көрсөткөн болобуз. Сүйүшүбүз керек болгон биртуугандарыбыз кимдер? ~ Исанын биздин биртуугандар ишенимдештерибиз экенин айтканын эстесең.

Биртууганыбызга кантип сүйүү көрсөтсөк болот?

Аларды сүйгөнүбүз канчалык маанилүү? ~ Ыйык Китепте: «Ким өзү көрүп турган биртууганын сүйбөсө, көзгө көрүнбөгөн Кудайды сүйө албайт»,— деп айтылат (1 Жакан 4:20). Ошондуктан ишенимдештерибиздин кээ бирлерин эле эмес, баарын сүйүшүбүз керек. Иса: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35). Сен ишенимдештериңдин баарын сүйөсүңбү? ~ Эгер сүйбөсөң, Кудайды да чындап сүйө албай турганыңды унутпа.

Биртуугандарыбызды сүйөрүбүздү кантип көрсөтсөк болот? ~ Эгер чынында эле сүйсөк, алар менен сүйлөшүүдөн качпайбыз. Баарына жакшы мамиле кылабыз. Ошондой эле жакшылык кылып, марттык көрсөтөбүз. Эгер кырсыкка кабылса, жардам беребиз. Анткени баарыбыз бир чоң үйбүлөбүз.

Биртуугандарыбыздын баарын сүйсөк, бул эмненин далили? ~ Исанын, Улуу Окутуучунун, шакирттери экенибиздин далили. Баарыбыз ошого умтулуп жатабыз да, туурабы? ~

Биртуугандарыбызга сүйүү көрсөтүү тууралуу Галатиялыктар 6:10 жана 1 Жакан 4:8, 21де да айтылат. Кел, ошол аяттарды ачып, окуп көрөлү.