Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

46-БӨЛҮМ

Байыркы дүйнө суу менен жок кылынган. Дагы ошондой болобу?

Байыркы дүйнө суу менен жок кылынган. Дагы ошондой болобу?

СЕН акыр кыямат жөнүндө уктуң беле? ~ Бүгүн ал тууралуу көптөр сөз кылышат. Айрымдар дүйнө ядролук согуштан жок болот деп эсептешет. Кандай деп ойлойсуң, Кудай кооз планетабыздын, кең ааламдын жана жаркыраган жылдыздардын жок болушуна жол береби? ~

Буга чейин билгенибиздей, Ыйык Китепте дүйнөнүн жок кылынары айтылат. Анда: «Дүйнө өтүп кетет»,— делет (1 Жакан 2:17). Бирок бул жердин жок кылынарын билдиреби? ~ Жок, Ыйык Китепте Кудайдын жерди «жашоо үчүн» жаратканы айтылат. Ооба, Кудай адамдардын жерде түбөлүк жашап, бактылуу болушун каалаган (Ышайа 45:18). Забур 36:29да: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат»,— делет. Ошондуктан Ыйык Китепте жердин түбөлүк турары жазылган (Забур 103:5; Насаатчы 1:4).

Дүйнөнүн жок кылынышы жердин жок болорун билдирбесе, анда бул сөздөрдү кандай түшүнүүгө болот? ~ Аны билүү үчүн Нухтун убагында эмне болгонун карап көрөлү. Ыйык Китептен: «Ошол убактагы дүйнө суунун астында калып, кыйратылган»,— дегенди окуйбуз (2 Петир 3:6).

Нухтун убагындагы Топон суудан кимдир бирөө аман калды беле? ~ Ыйык Китепте Кудай ыймансыздардын дүйнөсүнө Топон суу каптатканда «адилдиктин кабарчысы болгон Нухту жана аны менен кошо дагы жети адамды сактап калганы» айтылат (2 Петир 2:5).

Нухтун убагында кайсы дүйнө жок кылынган?

Демек, кайсы дүйнө жок кылынган? Жерби же жаман кишилерби? ~ Ыйык Китепте «ыймансыздардын дүйнөсү» жок кылынганы жазылат. Нухтун «кабарчы» деп аталганына көңүл бурсаң. Кандай деп ойлойсуң, ал эмне жөнүндө кабар айткан? ~ Ал башкаларга «ошол убактагы дүйнөнүн» жок кылынарын эскерткен.

Иса өзүнүн шакирттерине Топон суунун алдында жашаган адамдардын эмне менен алек болгонун айткан. Ал: «Топон суунун алдында, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес»,— деген. Анан бул дүйнө жок кылынардын алдында да адамдардын ошондой болорун айткан (Матай 24:37—39).

Исанын сөздөрү көрсөтүп тургандай, Топон сууга чейин жашаган адамдардан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Кел, ушул китептин 10-бөлүмүнөн окугандарыбызды эстеп көрөлү. Топон суунун алдында жашаган адамдар кандай болушкан? ~ Алардын айрымдары ташбоор болушкан жана башкаларды кордошкон. Элдин көпчүлүгү, Иса айткандай, Кудай Нухту кабар айтууга жибергенде, аны укпай коюшкан.

Ошентип, Жахаба Нухка ыймансыздардын бардыгын Топон суу менен жок кылам деп айткан күн келген. Суу ушунчалык көп болгондуктан бүт жер жүзүн, атүгүл тоолорду да каптап калган. Жахаба Нухка чоң кеме курууну буйруган. Кеме — бул чоң узун жашик. Ал 238-беттеги сүрөттөгүдөй болсо керек.

Кудай кеменин Нухтун үйбүлөсү жана көптөгөн жаныбарлар баткыдай чоң болушу керектигин айткан. Ошондуктан Нух менен анын үйбүлөсүнө көп иштөөгө туура келген. Алар чоң бактарды кыйып, жыгачтан кеме курушкан. Ал кеме абдан чоң болгон. Алар аны көп жыл курушкан.

Нухтун кеме кургандан тышкары, дагы эмне иш кылганы эсиңдеби? ~ Ооба, ал жакындап келе жаткан Топон суу жөнүндө элге эскертүү берип, кабар айткан. Аны кимдир бирөө укту беле? Аны өзүнүн үйбүлөсү гана уккан. Башкалар болсо өздөрүнүн иштери менен алек болушкан. Алардын кандай иштер менен алек болушканы эсиңдеби? Иса бул тууралуу эмне деди эле? ~ Алар ичип-жешкен, аял алышкан жана күйөөгө тийишкен. Алар өздөрүн жаман деп эсептешкен эмес. Ошондой эле Нухту угуу үчүн убакыт бөлүшкөн эмес. Кел, алар менен эмне болгонун карап көрөлү.

Нух үйбүлөсү менен кемеге киргенден кийин, Жахаба кеменин эшигин жабат. Кемеге кирбегендер Топон суу болоруна дагы эле ишенишпейт. Анан күтүлбөгөн жерден асмандан суу куюла баштайт. Ал кадимки жаан эмес болчу. Ал чакадан куйгандай төгөт! Суу ушунчалык көп болгондуктан бардыгын агыза баштайт. Анан бактарды жулуп, чоң таштарды кичинекей таштардай эле агызып кетет. Ал эми кемеге кирбеген кишилер эмне болгон? ~ Иса: «Топон суу каптап, баарын жок кылган»,— деген. Ооба, алардын баары өлгөн. Эмне үчүн? ~ Иса айткандай, «алар ойлонушкан эмес». Ооба, алар угушкан эмес! (Матай 24:39; Башталыш 6:5—7).

Эмне үчүн көңүл ачуу, эс алуу жөнүндө эле ойлобошубуз керек?

Исанын мунун бардыгы биз үчүн сабак экенин айтканын эстесең. Ал окуядан кандай сабак ала алабыз? ~ Топон сууда жаман кишилер эле эмес, Кудай жөнүндө жана анын эмне кылганы жатканы тууралуу угууга убакыт бөлбөгөндөр да өлүшкөн. Ошолордой болуп калбашыбыз үчүн биз да сак болушубуз керек, туурабы? ~

Кандай деп ойлойсуң, Кудай качандыр бир убакта дүйнөнү кайрадан Топон суу менен жок кылабы? ~ Жок, Кудай андай кылбай турганын убадалаган. Ал: «Мен булут бетине көк желе [асан-үсөн] тартам. Ал белги болот»,— деген. Ооба, Жахаба асан-үсөндүн «мындан ары бардык тирүү жандыктарды кырган топон суу болбой» турганынын белгиси болорун айткан (Башталыш 9:11—17).

Жахабанын дүйнөнү Топон суу аркылуу эч качан жок кылбай турганына ишенсек болот. Бирок, буга чейин билгенибиздей, Ыйык Китепте акыр кыямат келери айтылат. Кудай бул дүйнөнү жок кылганда, кимдер аман калат? ~ Кудай жөнүндө билүүнү каалабай, өздөрүнүн иши менен алек болгондорбу? Же Ыйык Китепти изилдөөгө убакыт бөлбөгөндөрбү? ~

Биз Кудай аман алып калган адамдардын арасында болгубуз келет, чынбы? ~ Биздин үйбүлөбүз да Нухтукундай болсо жана Кудай бизди сактап калса, кандай сонун болот, ээ? ~ Эгер акыр кыяматтан аман өткүбүз келсе, Кудайдын бул дүйнөнү кандайча жок кыларын жана жаңы дүйнөнү кантип орноторун билишибиз зарыл. Кел, ошол тууралуу сүйлөшөлү.

Ал жөнүндө Даниел китебинен биле алабыз. Ал китептин 2-бөлүмүнүн 44-аятында биздин күндөр жөнүндө айтылат. Ал жерден: «Ошол падышачылыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты [же өкмөттү] орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат»,— дегенди окуйбуз.

Бул аятты түшүндүңбү? ~ Мында Кудайдын өкмөтүнүн адамдардын азыркы учурдагы бардык өкмөттөрүн талкалаары айтылат. Эмне үчүн? ~ Анткени алар Кудай тандаган Падышага баш ийишпейт. Ал Падыша ким? ~ Ооба, Иса Машаяк!

Иса Машаяк, Кудай тандаган Падыша, бул дүйнөнү Армагедондо жок кылат

Жерди кайсы өкмөт башкарарын чечүүгө Жахаба укуктуу. Ал Падыша кылып өзүнүн Уулун, Исаны, тандаган. Жакында Кудайдын Башкаруучусу, Иса Машаяк, бул дүйнөдөгү бардык өкмөттөрдү жок кылат. Анын кандайча болору Ыйык Жазманын Аян китебинин 19-бөлүмүнүн 11ден 16га чейинки аяттарында айтылат. Бул сүрөт анын кандай болорун элестетишибизге жардам берет. Ыйык Китепте Кудайдын бул дүйнөдөгү өкмөттөрдү жок кыла турган согушу Хар-Магедон же Армагедон деп аталат.

Ооба, Кудай өзүнүн Падышалыгы аркылуу дүйнөдөгү өкмөттөрдү жок кылууну убадалайт. Кудай биздин ал согушка катышышыбызды каалайбы? ~ Жок, Ыйык Китепте Армагедон «Кудуреттүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушу» экени айтылат (Аян 16:14, 16). Ооба, Армагедон — бул Кудайдын согушу жана ага Иса Машаяк менен асман кошуундары, периштелер, катышат. Ал качан башталат? Мунун жообун эмки бөлүмдөн билебиз.

Кел, Кудай жаман кишилерди жок кылып, өзүнүн кызматчыларын сактап кала турган убак тууралуу окуп көрөлү: Накыл сөздөр 2:21, 22; Ышайа 26:20, 21; Жеремия 25:31—33 жана Матай 24:21, 22.