Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Кудай жөнүндөгү чындык

Кудай жөнүндөгү чындык
  • Кудай бизге кам көрөбү?

  • Ал кандай сапаттарга ээ жана анын ысмы барбы?

  • Кудай менен дос болуу мүмкүнбү?

1, 2. Бизде эмне үчүн суроолор пайда болот?

БАЛДАРДЫН суроо бергенди жакшы көрөрүн байкадың беле? Көптөрү тили чыгары менен ар кайсы нерселер тууралуу сурай башташат. Көздөрүн бакырайтып алып: «Эмне үчүн асман көк? Жылдыздарды ким жасаган? Чымчыктарга сайраганды ким үйрөткөн?» — деген сыяктуу суроолорду жаадырышат. Жооп берүү дайыма эле оңойго тура бербейт. Анын үстүнө, канчалык жакшы жооп бербе, кайрадан «эмне үчүн?» деген башка суроону угасың.

2 Бирок суроону балдар эле бербейт. Чоңойгон сайын бизде ар кандай суроолор туулат. Себеби жашоодо өз жолубузду табууну, кооптуу нерселер тууралуу билүүнү же жөн эле бир нерсеге болгон кызыгуубузду канааттандырууну каалайбыз. Ошентсе да убакыттын өтүшү менен көптөр жашоодогу ар кандай, өзгөчө, абдан маанилүү нерселерге байланыштуу суроолорду бербей калышат. Же беришсе да, жооп издешпейт.

3. Эмне үчүн көптөр жашоодогу маанилүү суроолорго жооп издөөнү токтотуп коюшкан?

3 Бул китептин мукабасында, кириш сөзүндө жана ушул бөлүмдүн башында берилген суроолордун үстүнөн ойлонуп көрсөң. Алар жашоодогу маанилүү суроолордун айрымдары гана. Анткен менен көптөр аларга жооп издөөнү токтотуп коюшкан. Эмне үчүн? Ыйык Китепте алардын жообу барбы? Айрымдар Ыйык Китепти түшүнүү кыйын деп ойлошот. Башкалары болсо суроо бергенден уялышат. Дагы бирөөлөр андай суроолорду диний жетекчилер менен молдолор гана талкуулашы керек деген ойдо. Сенчи?

4, 5. Жашоодогу маанилүү суроолордун айрымдары кайсылар? Эмне үчүн алардын жообун издегенибиз зарыл?

4 Ал суроолорго жооп алууну сен да каалайт чыгарсың. Балким: «Жашоонун маңызы эмнеде? Адам өлгөндөн кийин жашайбы? Кудай деген ким?» — деп ойлонгон учурларың болгондур. Ойлонгонуң, албетте, жакшы, бирок аларга туура, канааттандырарлык жооп издөөнү уланта бергениң андан да маанилүү. Иса Машаяк: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат»,— деп айткан (Матай 7:7).

5 Эгер жашоодогу маанилүү суроолордун жообун издей берсең, кылган аракетиңдин акыбети кайтпай койбойт (Накыл сөздөр 2:1—5). Башкалар сага эмне деп айтышпасын, ал суроолордун жообу бар экенине жана аларды Ыйык Китептен таба аларыңа эч шектенбе. Анда жазылган жооптор анчалык деле татаал эмес. Мындан сырткары, Ыйык Китептен билим алуунун аркасында азыртадан эле бактылуу болосуң жана келечекке үмүт менен карайсың. Анда эмесе, азыр көптөрдүн тынчын алган суроого токтололу.

КУДАЙ КАЙДЫГЕР ЖАНА ТАШ БООРБУ?

6. Эмне себептен көптөр Кудайды таш боор деп ойлошот?

6 Көптөр Кудай жөнүндө так ушундай ойдо. «Эгер Кудай боорукер болсо, дүйнөдөгү абал таптакыр башкача болот эле да»,— дешет алар. Чынында эле, дүйнөдө согуш, жек көрүүчүлүк жана жакырчылык болуп көрбөгөндөй кулач жаюуда. Ооруну, кайгы-капаны, өлүм-житимди башынан өткөрбөгөн бир да жан жок. Ошондуктан көптөр: «Кудай бизге кам көрсө, ушундай нерселерге жол берет беле?!» — деп айтышат.

7. а) Көптөрдүн Кудайды таш боор деп эсептешине эмне үчүн кээде диний кызматчылар себепкер болушат? б) Биз кабылып жаткан азап-кайгы жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет?

7 Мындан да өкүнүчтүүсү, адамдардын Кудайды таш боор деп эсептешине кээде диний кызматчылар себепкер болушат. Кандайча? Кырсык болгондо, алар: «Кудайдын буйругу ушул турбайбы...» — дешет. Башкача айтканда, жаман иштер үчүн Кудайды күнөөлөшөт. Жамандыкка чын эле Кудай күнөөлүүбү? Буга байланыштуу Ыйык Китепте эмне делет? Жакып 1:13тө: «Сыналып жатканда эч ким: „Мени Кудай сынап жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт, Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт»,— деп айтылат. Кудай дүйнөдө болуп жаткан жаман иштерге күнөөлүү эмес. (Оку: Аюп 34:10—12.) Ооба, анын ар кандай кайгы-касыреттерге жол берери чын. Бирок жол берүүнүн жана аларга жооптуу болуунун ортосунда чоң айырма бар.

8, 9. а) Жамандыкка жол берүүнүн жана ага жооптуу болуунун ортосунда айырма бар экенин түшүндүрүп бер. б) Жамандыктын болуп жатканына Кудайды күнөөлөө эмне себептен калыстыкка жатпайт?

8 Мисалы, акылдуу жана мээримдүү бир кишинин бойго жеткен уулу бар дейли. Бир күнү баласы өзү билгендей жашоону каалап, үйдөн кетүүнү чечет. Атасы эркине коёт. Уулу баш аламан жашоо өткөрүп, кыйынчылыктарга дуушар болот. Андай жагдайга кабылганы үчүн атасы күнөөлүүбү? Албетте, жок (Лука 15:11—13). Анын сыңарындай, адамдар өздөрү билгендей жашоону чечкенде, Кудай тоскоолдук кылган эмес, ошол эле учурда алар туш болгон кыйынчылыктарга ал айыптуу эмес. Демек, адамзат кездешип жаткан жамандыктар үчүн Кудайды күнөөлөө калыстыкка жатпайт.

9 Кудай адамдардын жаман жолго түшүшүнө жүйөлүү себептерден улам жол берген. Акылдуу, күчтүү Жараткан катары ал эмне үчүн тигиндей же мындай иш кылганын айтууга милдеттүү эмес. Ошентсе да сүйүүсүнөн улам ал жамандыкка эмне үчүн жол берип жатканын Ыйык Китепке жаздырып койгон. Бул жөнүндө 11-бөлүмдөн көбүрөөк биле аласың. Биздин көйгөйлөрүбүз үчүн Кудай күнөөлүү эмес экенине эч күмөн санаба. Тескерисинче, ал адамзатты бардык кыйынчылыктардан арылтууну убадалайт (Ышая 33:2).

10. Кудайдын жамандыктын баарын жок кыларына эмне үчүн ишенсек болот?

10 Мындан сырткары, Кудай ыйык (Ышая 6:3). Бул анын таза жана адил экенин билдирет. Анда бир да жаман сапат жок. Ошондуктан ага толук таянсак болот. Ал эми адамдар тууралуу минтип айта албайбыз, себеби алар кээде сатылма болушат. Атүгүл абдан чынчыл башкаруучулар да кара ниет адамдар келтирген зыянды толук жоё алышпайт. Адамдардан айырмаланып, Кудайдын кудурети күчтүү. Ал жамандыкты жок кыла алат жана убагы келгенде адамзатты кайгы-муңдан биротоло арылтат. (Оку: Забур 37:9—11.)

КУДАЙ АДИЛЕТСИЗДИККЕ КАНДАЙ КАРАЙТ?

11. а) Кудай адилетсиздикке кандай карайт? б) Сенин кыйналганыңды көргөндө Кудай кандай сезимде болот?

11 Жалпы адамзат жана сен дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу Кудай кандай ойдо? Ыйык Китепте анын «адилеттикти сүйөрү» айтылат (Забур 37:28). Ошондуктан ал жакшылыкка да, жамандыкка да кош көңүл карабайт. Кудай адилетсиздиктин бардык түрүн жек көрөт. Ыйык Жазмада байыркы убакта жер бети жамандыкка толуп кеткенде, анын «кайгырып, жүрөгү ооруганы» айтылат (Башталыш 6:5, 6). Кудай андан бери өзгөргөн жок (Малаки 3:6). Ал азыр да дүйнөдөгү оор жагдайды көргөндө аябай кайгырат жана эч кимдин кыйналышын каалабайт. Ыйык Китепте айтылгандай, ал бизге кам көрөт. (Оку: 1 Петир 5:7.)

Ыйык Китепте Жахабанын мээримдүү Жараткан экени айтылат

12, 13. а) Эмне үчүн сүйүү сыяктуу сонун сапаттарды чагылдыра алабыз? Сүйүү адилетсиздикке болгон көз карашыбызга кандай таасир этет? б) Кудайдын бардык кыйынчылыктарды жок кыларына эмне үчүн шектенбесек болот?

12 Адамдар кыйналганда, Кудайдын да кошо кыйналарына эмне үчүн шектенбесек болот? Мунун дагы бир далилин карап көрөлү. Ыйык Китепте Кудайдын адамды өзүнө окшош кылып жаратканы айтылат (Башталыш 1:26). Ошондуктан биз Кудайда бар жакшы сапаттарды чагылдыра алабыз. Мисалы, күнөөсүз адамдардын жабыр тартып жатканын көргөндө жүрөгүң ооруйбу? Эгер адилетсиздик сени кош көңүл калтырбаса, анда сезимдери сеникинен алда канча күчтүү болгон Кудайды ого бетер тынчсыздандырары талашсыз.

13 Адам чагылдыра алган эң сонун сапаттардын бири — сүйүү. Бул жагынан да Кудайга окшошпуз. Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат (1 Жакан 4:8). Кудай сүйүү көрсөткөндүктөн, биз да ал сапатты чагылдыра алабыз. Сен дүйнөдөгү жамандык менен адилетсиздиктин баарын жок кылууну каалайсыңбы? Колуңан келсе, жок кылат белең? Сөзсүз, ошентмексиң. Буга, албетте, сүйүүң түрткү бермек! Ошондуктан Кудайдын жамандык менен адилетсиздикти жок кыларына толук ишенсең болот. Бул китептин кириш сөзүндө айтылган убадалар куру кыял эмес. Кудай убадалаган нерселердин баары сөзсүз ишке ашат! Буга бекем ишенүү үчүн Кудай жөнүндө көбүрөөк билишиң зарыл.

КУДАЙ АНЫ МЕНЕН ТААНЫШУУҢДУ КААЛАЙТ

Бирөө менен таанышканда атыңды айткандай эле, Кудай Ыйык Китеп аркылуу өзүнүн ысмын ачып берүүдө

14. Кудайдын ысмы ким жана эмне үчүн аны колдонушубуз керек?

14 Кимдир бирөө менен таанышканда эмне кыласың? Адатта, атыңды айтасың. Ал эми Кудайдын ысмы барбы? Көптөгөн динчил адамдар анын аты «Кудай» же «Теңир» дешет, бирок чынында андай эмес. Булар — «падыша» же «президент» сыяктуу эле наамдар. Ыйык Китепте Кудайдын булардан сырткары дагы көптөгөн наамдары бар экени айтылат. Ал китептен Кудайдын ысмы Жахаба экенин билебиз. Забур 83:18де: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деп жазылган. Эгер сен колдонгон Ыйык Китепте Кудайдын ысмы кездешпесе, бул китептеги «Тиркеменин» 195—197-беттерин окуп көр. Ал жерден анын себебин биле аласың. Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларында Кудайдын ысмы 7 000дей жолу кездешет. Демек, Кудай анын ысмын билишиңди жана аны колдонушуңду каалайт. Ал өзүнүн ысмын Ыйык Китеп аркылуу ачып берүүдө.

15. Жахаба деген ысым кандай маанини билдирет?

15 Кудай өзүнө терең мааниге ээ ысымды тандаган. Жахаба деген ысмы анын ой-ниети менен убадаларынын баарын ишке ашыра аларын билдирет *. Кудайдын ысмы өзгөчө, аны өзү гана алып жүрүүгө татыктуу. Жахабага эч ким тең келе албайт. Эмне себептен?

16, 17. а) «Кудурети Күчтүү»; б) «Түбөлүктүктүн Падышасы»; в) «Жараткан» деген наамдар Жахаба тууралуу эмнени айтып турат?

16 Жогоруда айтылгандай, Забур 83:18де Жахаба жөнүндө: «Эң Жогорку Кудай жалгыз сенсиң»,— деп жазылган. Ошондой эле ал гана Кудурети Күчтүү Кудай деп аталат. Аян 15:3төн: «Кудурети Күчтүү Жахаба Кудай, сенин иштериң улуу, кереметтүү. Түбөлүктүктүн Падышасы, сенин жолдоруң адил, туура»,— дегенди окуйбуз. «Кудурети Күчтүү» деген наам Жахабанын чексиз күчкө ээ экенин көрсөтүп турат. Күч жагынан ага эч ким тең келе албайт. «Түбөлүктүктүн Падышасы» деген наам анын дагы бир өзгөчөлүгүн — дайыма бар болгонун — баса белгилөөдө. Забур 90:2де: «Сен түбөлүктөн түбөлүккө Кудайсың»,— деп жазылган. Бул ой жүрөгүбүздү козгобойбу?

17 Андан сырткары, Жахаба гана Жараткан деп атала алат. Аян 4:11де: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп айтылат. Ойлоп көрсөң, периштелер, түнкү асманда жымыңдаган жылдыздар, ар түркүн мөмөлүү дарактар жана океандар менен дарыяларда сүзүп жүргөн сансыз балыктар — булардын баары Жаратканыбыз Жахабанын колунан бүткөн.

ЖАХАБА МЕНЕН ДОС БОЛУУ МҮМКҮНБҮ?

18. Эмне үчүн айрымдар Кудай менен дос болуу мүмкүн эмес деген ойдо, бирок Ыйык Китепте буга байланыштуу эмне делет?

18 Жахабанын кастарлоо сезимин туудурган сапаттарга ээ экенин билгенде айрымдар андан корко башташат. Алар: «Кудай бизден ушунчалык улуу, даңктуу, бийик болгондуктан, аны менен дос болуу мүмкүн эмес, ал тургай, бизге көңүл деле бурбайт»,— деп ойлошот. Бирок минтип ойлоо туурабы? Ыйык Китепте Жахабанын «ар бирибизге жакын» экени айтылат (Элчилер 17:27). Атүгүл анда: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жакып 4:8).

19. а) Кудай менен ынак мамиледе болуу үчүн эң алды эмне кылсак болот жана бул кандай пайда алып келет? б) Сага Кудайдын кайсы сапаттары өзгөчө жагат?

19 Канткенде Кудай менен ынак мамиледе боло аласың? Эң алды, ал жөнүндө билим алууну уланта беришиң керек. Иса: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп айткан (Жакан 17:3). Ооба, Ыйык Китепке ылайык, Жахаба жана Иса жөнүндөгү билим «түбөлүк өмүргө» алып барат! Жогоруда айтылып кеткендей, «Кудай — сүйүү» (1 Жакан 4:16). Жахаба мындан башка дагы көптөгөн сонун касиет-сапаттарга ээ. Мисалы, Ыйык Жазмада анын «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз» Кудай экени айтылат (Чыгуу 34:6). Ал «кечирүүгө даяр» (Забур 86:5). Жахаба чыдамдуу (2 Петир 3:9). Ошондой эле ал — берилгендикти сактаган Кудай (Аян 15:4). Ыйык Китепти окууну уланта берсең, Жахабанын ушул жана башка сонун сапаттарын кантип көрсөтөрүн биле аласың.

20—22. а) Кудайды көрө албаганыбыз ага жакындоого тоскоолдук кылабы? Түшүндүр. б) Айрымдар жакшы эле ой менен эмне кылышы мүмкүн, бирок андайда эмне кылганың оң?

20 Кудайдын денеси биздикиндей болбогондуктан, аны көрө албайсың (Жакан 1:18; 4:24; 1 Тиметей 1:17). Бирок Ыйык Китепти окуунун аркасында анын кандай Кудай экенин билесиң жана забурчу айткандай, «сулуулугун көрөсүң» (Забур 27:4; Римдиктер 1:20). Жахаба жөнүндө көбүрөөк билген сайын, анын тирүү Кудай экенине болгон ишенимиң артат. Ошондой эле аны сүйүүгө жана аны менен жакын мамиледе болууга түрткү аласың.

Мээримдүү атанын сүйүүсү асмандагы Атабыз бизди канчалык сүйөрүн көрсөтүп турат

21 Булардан сырткары, Ыйык Китепте эмне себептен Жахабанын Ата катары сүрөттөлөрүн түшүнөсүң (Матай 6:9). Ал бизге өмүр тартуулап эле койбостон, мээримдүү атага окшоп, бактылуу жашашыбызды да каалайт (Забур 36:9). Ыйык Жазмада адамдардын Жахаба менен достук мамиле өрчүтө алары айтылат (Жакып 2:23). Элестетсең, сен ааламдын Жаратканы менен дос боло аласың!

22 Айрымдар жакшы эле ой менен Ыйык Китепти изилдешиңе жолтоо кылышы ыктымал. Алар сени башка динге өтүп кетет деп чочулашы мүмкүн. Бирок Кудай менен дос болушуңа эч кимдин тоскоолдук кылышына жол бербе.

23, 24. а) Эмне үчүн суроо бергенден уялбашың керек? б) Кийинки бөлүмдө эмне жөнүндө талкууланат?

23 Албетте, айрым нерселерди дароо түшүнүү мүмкүн эмес, ошондуктан суроо бергенден уялба. Ал үчүн, Иса пайгамбар айткандай, балдарга окшоп момун болуу зарыл (Матай 18:2—4). Балдардын суроо бергенди жакшы көрөрү баарыбызга маалым. Жахаба сенин да суроолоруңа жооп алышыңды каалайт. Байыркы убакта Кудай тууралуу билүүнү каалагандыгы үчүн айрым адамдар макталган. Алар уккандары чындык экенине ынануу үчүн Ыйык Китепти кылдат изилдешкен. (Оку: Элчилер 17:11.)

24 Жахаба менен таанышуунун эң сонун жолу — Ыйык Китепти изилдөө. Ал башка китептердин баарынан айырмаланат. Эмнеси менен? Бул кийинки бөлүмдө талкууланат.

^ 15-абз. Кудайдын ысмынын мааниси жана айтылышы тууралуу «Тиркеменин» 195—197-беттеринде көбүрөөк маалымат берилет.