Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?
  • Кудайдын адамзатка карата кандай ой-ниети бар?

  • Кудайдын душманы кантип пайда болгон?

  • Келечекте жер бетинде кандай жашоо болот?

1. Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

КУДАЙ жерди эң сонун ой-ниет менен жараткан. Ал жер бетинде ден соолугу чың, бактылуу адамдардын жашашын каалайт. Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын Эйденге «бак отургузуп», «мөмөсүн жегенге боло турган, көрүнүшү жакшы ар кандай дарактарды өстүргөнү» айтылат. Андан соң ал биринчи эркек менен аялды — Адам ата менен Обо энени — жаратып, ошол кооз жерге жайгаштырган да, аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле»,— деген (Башталыш 1:28; 2:8, 9, 15). Кудайдын ой-ниетине ылайык, адамдар балалуу болуп, бейиш багын кеңейтишмек жана жан-жаныбарларга кам көрүшмөк.

2. а) Кудайдын жерге карата болгон ой-ниети ишке ашарын кайдан билебиз? б) Ыйык Китепке ылайык, жерди кандай адамдар мурастайт?

2 Жахаба Кудайдын адамдар менен жерге байланышкан ой-ниети ишке ашат деп ойлойсуңбу? «Айтканымды аткарам»,— дейт Кудай (Ышая 46:9—11; 55:11). Ооба, анын ой-ниети сөзсүз ишке ашат! Жахаба жерди «куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жаратканын» айткан (Ышая 45:18). Ал жер бетинде кандай адамдардын жана канча убак жашашын каалайт? Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— делет (Забур 37:29; Аян 21:3, 4).

3. Жер бетинде азыр кандай жагдай өкүм сүрүүдө жана ушундан улам кандай суроолор туулат?

3 Бүгүн жашоо Кудай ниет кылгандан таптакыр башкача экени айкын. Адамдар ооруга, өлүмгө кабылууда. Алар согушуп, бири-бирин өлтүрүп жатышат. Жахаба жашоонун мындай болушун эч качан каалаган эмес. Анда эмне себептен адамзат кыйналып келет? Эмне үчүн Кудайдын ой-ниети ишке аша элек? Көйгөй алгач асманда башталгандыктан, тарых жөнүндөгү китептердин бири да бул суроолорго жооп бере албайт.

ДУШМАН КАНТИП ПАЙДА БОЛГОН?

4, 5. а) Обо энеге жылан аркылуу ким сүйлөгөн? б) Чынчыл адам кантип ууру болуп калышы мүмкүн?

4 Ыйык Жазманын биринчи китебинен Эйден багында Кудайга каршы чыккан душман тууралуу окуйбуз. Ал «жылан» деп аталганы менен, кадимки жылан болгон эмес. Ыйык Жазманын акыркы китебинде ал «бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн» Ибилис жана Шайтан, ошондой эле «байыркы жылан» деп аталат (Башталыш 3:1; Аян 12:9). Куурчактын ордуна сүйлөгөн актёрго окшоп, көзгө көрүнбөгөн күчтүү периште жылан аркылуу Обо энеге сүйлөгөн. Ал рухий жаратуу Кудай жерди адамдар үчүн даярдап жатканда эле бар болчу (Аюп 38:4, 7).

5 Жахабанын жаратууларынын баары жеткилең болсо, анда Шайтан Ибилис кайдан пайда болгон? Жөнөкөй сөз менен айтканда, Кудайдын күчтүү рухий уулдарынын бири өз каалоосу менен Ибилис болуп калган. Кандайча? Мисалы, чынчыл адам деле ууру болуп калышы мүмкүн. Кантип? Алгач анын жүрөгүндө туура эмес каалоо пайда болот. Эгер дайыма ошол жөнүндө ойлоно берсе, ал каалоосу күчөп отуруп, ээ-жаа бербей калат. Анан мүмкүнчүлүк болуп калганда, адам аны ишке ашырышы ыктымал. (Оку: Жакып 1:13—15.)

6. Кудайдын рухий уулдарынын бири кантип Шайтан Ибилис болуп калган?

6 Шайтан Ибилис да так ошондой болгон. Ал Кудайдын Адам ата менен Обо энеге укумдап-тукумдап, жерди толтурууну буйрук кылганын укса керек (Башталыш 1:27, 28). Анан ага: «Эмне үчүн ошол адамдардын баары мага эмес, Кудайга сыйынышы керек?» — деген ой келген чыгар. Ошентип, жүрөгүндө туура эмес каалоо тамыр алган. Акыр-аягы, ал Кудай жөнүндө жалган айтып, Обо энени туура жолдон адаштырган. (Оку: Башталыш 3:1—5.) Натыйжада Ибилис жана Шайтан деген атка конгон. «Ибилис» деген сөз «жалаачы», ал эми «Шайтан» деген сөз «душман» дегенди билдирет.

7. а) Эмне үчүн Адам ата менен Обо эне өлүшкөн? б) Эмне себептен Адам атанын тукумдарынын баары карышат жана өлүшөт?

7 Амалкөй Шайтан жалган сүйлөп, Адам ата менен Обо энени Кудайдан баш тарттырган (Башталыш 2:17; 3:6). Тил албастыктын айынан алар, Кудай алдын ала эскерткендей, өлүмгө дуушар болушкан (Башталыш 3:17—19). Күнөө кетиргенден кийин Адам ата жеткилеңдиктен айрылып калгандыктан, күнөө тукумдарынын баарына өткөн. (Оку: Римдиктер 5:12.) Муну түшүнүш үчүн кандайдыр бир кемтиги бар идишти мисалга алалы. Ага жабылган нандын баары кандай болот? Албетте, идиштин кемтиги ар бир нанга түшөт. Ушу сыңары, Адам атанын «кемтиги», башкача айтканда, жеткилеңсиздиги адамдардын баарына тукум кууп өткөн. Ошондуктан баарыбыз карыйбыз жана өлөбүз (Римдиктер 3:23).

8, 9. а) Шайтан Кудайдын башкаруусуна карата кандай шек келтирген? б) Эмне себептен Кудай козголоңчуларды дароо жок кылган эмес?

8 Шайтандын Адам ата менен Обо энени Кудайга каршы иш кылууга түрткөнү козголоң чыгарганга тете болгон. Ал Жахабанын бийлигине шек келтирген. Мындайча айтканда, Шайтан: «Кудай — жаман башкаруучу. Ал жалган сүйлөп, өзүнүн жаратууларынан жакшы нерселерди жашырып жатат. Адамдар анын жетегине муктаж эмес. Алар эмне жаман, эмне жакшы болорун өз алдынча чече алышат. Эгер мен башкарсам, алардын жашоосу бир топ жакшырмак»,— деп айткан. Шайтандын жалаасына Кудай кантип жооп кайтарган? Айрымдар Кудай козголоңчуларды дароо эле жок кылышы керек болчу деп ойлошот. Бирок анда Шайтандын шек келтирүүсүнө жооп кайтарылат беле? Кудайдын башкаруусу туура экени далилденет беле?

9 Жахаба адилеттүүлүк сапатын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан козголоңчуларды дароо жок кылган эмес. Шайтандын шек келтирүүсүнө толук жооп кайтарылышы жана анын жалганчы экени далилдениши үчүн убакыт керек болчу. Ошондуктан Кудай адамдарга бир канча убакыт Шайтандын таасири алдында бийлик кылууга жол берүүнү туура көргөн. Жахабанын эмне себептен мындай чечимге келгени жана көтөрүлгөн маселенин чечилишине эмне үчүн мынчалык көп убакыт бергени ушул китептин 11-бөлүмүндө талкууланат. Азыр болсо, төмөнкү суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көрөлү: Адам ата менен Обо эненин аларга эч кандай жакшылык кылбаган Шайтанга ишенгени туура болгонбу? Ал экөөнүн өздөрүнө бардык жактан мээримдүүлүк менен кам көргөн Жахабаны калпычы дегенге ишенишине негиз бар беле? Алардын ордунда болсоң, сен эмне кылат элең?

10. Жахаба тарапта экениңди кантип көрсөтө аласың?

10 Бул суроолордун үстүнөн ой жүгүрткөнүбүз маанилүү, себеби алар бизге да тиешелүү. Жахаба тарапты ээлесең, Шайтандын шек келтирүүсү негизсиз экенин көрсөтөсүң. Ошондой эле Кудайды башкаруучуң катары кабыл алып, Шайтан Ибилистин жалганчы экенин далилдейсиң (Забур 73:28; оку: Накыл сөздөр 27:11). Тилекке каршы, бүгүн адамдардын көбү Кудай тарапты ээлөөнү каалабайт. Бул азыркы дүйнөнү Шайтан башкарып жатканын билдиреби? Буга байланыштуу Ыйык Китепте эмне айтылат?

АЗЫРКЫ ДҮЙНӨНҮ КИМ БАШКАРУУДА?

Эгер падышалыктардын баары өзүнө таандык болбосо, Шайтан аларды Исага сунуш кылат беле?

11, 12. а) Иса Машаяк дуушар болгон азгырык бул дүйнөнү Шайтан башкарарын кандайча көрсөтүп турат? б) Шайтандын бул дүйнөнүн башкаруучусу экенин дагы эмнеден билебиз?

11 Иса Машаяк азыркы дүйнөнү Шайтан башкарарына такыр күмөн санаган эмес. Бир жолу Шайтан ага керемет жолу менен «дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын көрсөткөн». Анан: «Эгер чөгөлөп, мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баарын сага берем»,— деп убада кылган (Матай 4:8, 9; Лука 4:5, 6). Ойлонуп көрсөң, эгер ал падышалыктар Шайтанга таандык болбосо, анын сунушу Иса үчүн азгырык болот беле? Иса бул дүйнөдөгү өкмөттөрдүн баары Шайтандын бийлигинде экенин четке каккан эмес. Эгер Шайтандын бийлиги астында болбосо, Иса аны сөзсүз айтмак.

12 Албетте, ааламдын Жаратканы — Кудуреттүү Кудай Жахаба (Аян 4:11). Анткен менен Ыйык Китептин эч жеринде анын азыркы дүйнөнү башкарары айтылбайт. Иса Шайтанды «бул дүйнөнүн башкаруучусу» деп атаган (Жакан 12:31; 14:30; 16:11). Ыйык Жазмада ал атүгүл «бул дүйнөнүн кудайы» деп да аталат (2 Корунттуктар 4:3, 4). Башкы душманыбыз Шайтан тууралуу элчи Жакан: «Бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин билебиз»,— деп жазган (1 Жакан 5:19).

ШАЙТАНДЫН ДҮЙНӨСҮ КАНДАЙЧА ЖОК КЫЛЫНАТ?

13. Эмне үчүн жаңы дүйнөгө муктажбыз?

13 Дүйнөдөгү абал жылдан жылга оордоп баратат. Улам бир жерде согуш тутанып, кылмышкерлик күч алууда. Чынчыл эмес саясатчылар жана эки жүздүү диний жетекчилер элди эзип келишет. Дүйнөнү өзгөртүү мүмкүн болбой калды. Бирок Ыйык Китепте жакында Кудай Армагедон согушун жүргүзөрү айтылат. Ал ошондо жамандыктын баарын жок кылып, адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөнү орнотот (Аян 16:14—16).

14. Кудай өзүнүн Падышалыгында башчылык кылууга кимди дайындаган жана бул тууралуу кандай пайгамбарлык айтылган?

14 Жахаба Иса Машаякты өзүнүн асман Падышалыгында, азыркы сөз менен айтканда, өкмөтүндө башчылык кылууга дайындаган. Ыйык Китепте көп жылдар мурун: «Ага... Тынчтыктын Төрөсү деген ат коюлат... Анын бийлиги жана тынчтык чексиз өсөт. Арабызда бала төрөлдү, бизге уул берилди. Анын ийнине бийлик артылат. Аны... Тынчтык төрөсү деп аташат. Анын бийлиги кеңири жайылып,.. падышалыгында тынчтык чексиз болот»,— деп айтылган (Ышая 9:6, 7). Иса жолдоочуларына ошол Падышалык тууралуу: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүнү үйрөткөн (Матай 6:10). Бул китептен дагы окуй турганыбыздай, Кудайдын Падышалыгы азыркы өкмөттөрдүн баарын жок кылып, өзү түбөлүккө бийлик жүргүзөт. (Оку: Даниел 2:44.) Натыйжада жер бейишке айланат.

ЖАҢЫ ДҮЙНӨГӨ АЗ КАЛДЫ!

15. «Жаңы жер» деген эмнени билдирет?

15 Ыйык Жазмада: «[Кудайдын] убадасы боюнча, адилдик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз»,— деп айтылат (2 Петир 3:13; Ышая 65:17). Айрым учурда Ыйык Китепте «жер» деген сөз адамдарга карата колдонулат (Башталыш 11:1). Ошондуктан бул аяттагы «жаңы жер» деген сөз айкашы Кудайдын жактыруусуна ээ болгон адамзат коомун билдирет.

16. Кудайдын жактыруусуна ээ болгондор кандай баа жеткис белек алышат жана ал үчүн эмне кылышыбыз керек?

16 Иса Машаяк убада кылгандай, Кудайдын жактыруусуна ээ болгондор жакында орной турган жаңы дүйнөдө «түбөлүк өмүр» белегин алышат (Марк 10:30). Ыйык Китебиңден Жакан 3:16ны жана 17:3тү ачып, окуп көр. Ал аяттардан, Исанын айткандарына ылайык, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышыбыз керектигин биле аласың. Азыр болсо Ыйык Китептен бейиште жашай тургандар кандай баталарды алышарын карап көрөлү.

17, 18. Жер жүзүндө тынчтык менен коопсуздук болоруна ишенүүгө кандай негиз бар?

17 Согуш, кылмышкерлик жана зордук-зомбулук болбойт. «Ыймансыз жок болот... Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат» (Забур 37:10, 11). Бүт дүйнө жүзүнө тынчтык орнойт, себеби Кудай «жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот» (Забур 46:9; Ышая 2:4). Ошондо «адил адам гүлдөйт, ай жарыгын бербей калганча», тактап айтканда, түбөлүккө «тынчтык мол болот» (Забур 72:7).

18 Жахабанын кызматчылары бейкуттукта жашайт. Байыркы ысрайыл эли Кудайдын тилин алганда коопсуз жашаган (Лебилер 25:18, 19). Бейиште да адамдар бейпил турмушка ырахаттанышат. (Оку: Ышая 32:18; Микей 4:4.)

19. Жаңы дүйнөдө тамак-аш кенен болору эмнеден көрүнүп турат?

19 Тамак-аш кенен болот. Забурчу: «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот»,— деп ырдаган (Забур 72:16). Жахаба Кудай адил адамдарга батасын төгөт жана «жер өз жемишин берет» (Забур 67:6).

20. Жер бети бейишке айланарына эмне үчүн ишенсек болот?

20 Жер бети бейишке айланат. Азыр өзүмчүл, кара ниет адамдар кыйратып жаткан жер тазаланат да, сонун үйлөр курулуп, түркүн бактар отургузулат. (Оку: Ышая 65:21—24; Аян 11:18.) Убакыттын өтүшү менен бүт жер жүзү Эйден багындай ажайып кооз жайга айланат. Ырайымдуу Кудай «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатат» (Забур 145:16).

21. Адамдар менен айбанаттардын бири-бирине зыян келтирбей турганын кайдан билебиз?

21 Адамдар менен айбанаттар бири-бирине зыян келтирбейт. Жапайы жана үй жаныбарлары чогуу жайылат. Атүгүл кичинекей балдарга да азыркы жырткыч айбанаттардан коркуунун кереги жок болот. (Оку: Ышая 11:6—9; 65:25.)

22. Оору-сыркоо эмне болот?

22 Оору-сыркоонун баары жок болот. Иса Машаяк жерде жүргөндө көптөрдү айыктырган. Ал эми Кудайдын Падышалыгынын башкаруучусу катары ал келечекте бүт адамдарды сакайтат (Матай 9:35; Марк 1:40—42; Жакан 5:5—9). Ал убакта эч ким: «Ооруп жатам»,— деп айтпайт (Ышая 33:24; 35:5, 6).

23. Тирилүү бизге эмне себептен кубаныч тартуулайт?

23 Өлгөн жакындарыбыз тирилет жана Кудайга тил алышса, түбөлүк жашашат. Кудай өзүнүн эс тутумундагы адамдардын баарын өлүм уйкусунан ойготот. Демек, «адил адамдар» да, «адил эмес адамдар» да тирилет (Элчилер 24:15; оку: Жакан 5:28, 29).

24. Бейишке айланган жердеги жашоо жөнүндө ойлонгондо кандай сезимде болосуң?

24 Улуу Жаратканыбыз Жахаба Кудай жөнүндө көбүрөөк билүүнү жана ага кызмат кылууну чечкен адамдарды кандай гана сонун келечек күтүп турат! Иса жанында устунга кадалып турган кылмышкерге: «Сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп айткан (Лука 23:43). Ал келечектеги бейиш заман тууралуу сөз кылган. Иса Машаяк жөнүндө да көбүрөөк билгенибиз маанилүү, себеби жогоруда айтылгандардын баары ал аркылуу ишке ашат.