Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Иса Машаяк деген ким?

Иса Машаяк деген ким?
  • Иса кандай өзгөчө абалды ээлейт?

  • Ал кайдан келген?

  • Иса кандай адам болгон?

1, 2. а) Эмне себептен кимдир бирөөнүн атын билсең эле, аны тааныйм деп айта албайсың? б) Адамдар Исаны ким деп эсептешет?

ДҮЙНӨДӨ атактуу адамдар көп. Айрымдары өздөрү жашаган айылга, шаарга же өлкөгө гана белгилүү болушса, башкаларынын атагы алыска кеткен. Алардын кайсы биринин атын билсең эле, аны тааныйм деп айта албайсың, чынбы? Анткени анын жашоосу жана кандай киши экени жөнүндө эч нерсе билбейсиң.

2 Иса Машаяк же кээ бирөөлөр Иса пайгамбар деп атап келген инсан мындан 2 000 жылдай мурун жашаса да, ал жөнүндө укпагандар жокко эсе. Анткен менен анын чынында ким болгонун билгендер аз. Айрымдар аны жөн эле жакшы киши болгон дешсе, башкалары пайгамбар деп эсептешет. Дагы бирөөлөрү Исаны Кудай көрүп, ага сыйынышат. Бул туурабы?

3. Эмне үчүн Жахаба Кудай жана Иса Машаяк жөнүндө билим алганың маанилүү?

3 Иса жөнүндөгү чындыкты билгениң маанилүү. Эмне үчүн? Себеби Ыйык Китепте: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деп айтылат (Жакан 17:3). Ооба, Жахаба Кудай жана Иса Машаяк жөнүндө билим алуунун аркасында бейишке айланган жер бетинде түбөлүк жашай аласың (Жакан 14:6). Ошондой эле Иса бизге эң сонун үлгү калтырган. Ал кандай жашашыбыз жана башкаларга кандай мамиле кылышыбыз керектигин көрсөткөн (Жакан 13:34, 35). Бул китептин 1-бөлүмүнөн Кудай жөнүндөгү чындыкты билгенбиз. Эми болсо Иса Машаяк тууралуу Ыйык Китепте эмне айтыларын карап көрөлү.

УБАДА КЫЛЫНГАН МАШАЯК

4. «Машаяк» деген сөз эмнени билдирет?

4 Иса төрөлгөнгө чейин эле көп жылдар мурун Ыйык Китепте Кудайдын Машаякты (Мессияны) жиберери айтылган. «Машаяк» деп которулган еврей сөзү жана «Христос» деген грек сөзү «майланган» дегенди билдирет. Убада кылынган Машаяк Кудай тарабынан майланып, өзгөчө тапшырма аткармак. Кийинки бөлүмдөрдөн анын Кудайдын убадаларынын аткарылышында кандай маанилүү роль ойноорун жана бизге азыртадан эле кандай жардам бере аларын билебиз. «Ким убадаланган Машаяк болот?» — деген суроо Иса төрөлгөнгө чейин да көптөрдү кызыктырган.

5. Исанын шакирттери аны ким деп эсептешкен?

5 Б. з. 1-кылымында назареттик Исанын шакирттери анын убадаланган Машаяк экенине эч күмөн санашкан эмес (Жакан 1:41). Алардын бири Симон Петир Исага: «Сен Машаяксың»,— деп айткан (Матай 16:16). Эмне себептен шакирттери анын убадаланган Машаяк экенине бекем ишенишкен жана эмне үчүн буга биз да шектенбесек болот?

6. Жахаба ишенимдүү кызматчыларына Машаякты таанууга кантип жардам берген? Мисал менен түшүндүр.

6 Иса келгенге чейин, Кудайдын пайгамбарлары Машаяк тууралуу көптөгөн нерселерди айтышкан. Ал пайгамбарлыктар Машаякты так аныктоого өбөлгө түзмөк. Мисалы, сен темир жол бекетинен же аэропорттон бирөөнү тосуп келишиң керек дейли. Бирок аны мурун эч качан көргөн эмессиң. Ал адамдын сырткы көрүнүшүн тагыраак сүрөттөп беришсе, аны оңой табарың бышык. Анын сыңарындай, Жахаба Машаяктын жашоосу жана кызматы жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин жаздырган. Ал пайгамбарлыктардын аткарылышы Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына Машаякты жазбай таанууга жардам бермек.

7. Кайсы эки пайгамбарлык Исага байланыштуу аткарылган?

7 Буга байланыштуу эки эле мисалга токтололу. 700 жылдан ашуун убакыт мурун Микей пайгамбар Машаяктын Жүйүт жериндеги Бетлехем деген чакан шаарчада төрөлөрүн айткан (Микей 5:2). Иса кайсы жерде төрөлгөн? Так ошол шаарчада (Матай 2:1, 3—9). Ал эми бир нече кылым мурун Даниел 9:25те Машаяктын б. з. 29-жылы келери жазылган *. Ушул жана башка көптөгөн пайгамбарлыктардын аткарылганы Исанын убадаланган Машаяк экенин далилдеп турат.

Иса чөмүлгөндө Машаяк болгон

8, 9. Иса чөмүлгөндө анын Машаяк экени кандайча айкын болгон?

8 Исанын Машаяк экени б. з. 29-жылынын аяк ченинде дагы айкыныраак билинген. Ошол жылы Иса Иордан дарыясында чөмүлүү үчүн Чөмүлдүрүүчү Жаканга келет. Жахаба Жаканга Машаякты таанууга жардам бере турган белгини көрсөтүүнү убада кылган эле. Иса чөмүлгөндө, Жакан ал белгини көргөн. Ыйык Китепте ошол учурда эмне болгону төмөнкүдөй баяндалат: «Иса чөмүлтүлөрү менен суудан чыкты. Ошол учурда асман ачылып, Жакан Кудайдын рухунун Исага көгүчкөндөй болуп түшүп келатканын көрдү. Анан асмандан: „Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм“,— деген үн угулду» (Матай 3:16, 17). Бул окуяга күбө болгондон кийин Жакандын Исаны Кудай жибергенине толук көзү жеткен (Жакан 1:32—34). Так ошол күнү Кудайдын ыйык руху, башкача айтканда, иш-аракет кылуучу күчү Исага түшкөндө, ал Машаяк болгон. Кудай аны Жол башчы жана Падыша кылып дайындаган (Ышая 55:4).

9 Пайгамбарлыктардын аткарылышы жана Жахаба Кудайдын сөздөрү Исанын убадаланган Машаяк экенин айкын көрсөтүүдө. Бирок ал кайдан келген жана кандай адам болгон? Ыйык Китеп бул маанилүү суроолорго да жооп берет.

ИСА КАЙДАН КЕЛГЕН?

10. Исанын жерге келгенге чейинки жашоосу тууралуу Ыйык Китепте эмне айтылат?

10 Ыйык Китепте Исанын жерге келгенге чейин асманда жашаганы айтылат. Микей пайгамбар анын Бетлехемде төрөлөрүн жана «эзелки заманда, байыркы күндөрдө жаралганын» жазган (Микей 5:2). Иса өзү да жерге келгенге чейин асманда жашаганын көп жолу айткан. (Оку: Жакан 3:13; 6:38, 62; 17:4, 5.) Ал асманда жүргөндө Жахаба менен абдан ынак мамиледе болгон.

11. Ыйык Китепке ылайык, эмне себептен Иса Жахабанын эң сүйүктүү Уулу болуп эсептелет?

11 Иса — Жахабанын эң сүйүктүү Уулу. Мунун орчундуу себеби бар. Ал — «бардык жаратылгандардын туңгучу», анткени Кудай аны эң биринчи жараткан * (Колосалыктар 1:15). Иса дагы бир себептен улам өзгөчө. Ал — Жахабанын өзү жалгыз жараткан Уулу (Жакан 3:16). Кудай Исаны гана өзү жалгыз жараткан, ал эми калган нерселердин баары ал аркылуу жаратылган (Колосалыктар 1:16). Андан сырткары, Иса «Сөз» деп аталат (Жакан 1:14). Себеби ал Кудайдын атынан сүйлөп, Атасынын насааттары менен көрсөтмөлөрүн анын башка уулдарына — периштелерге жана адамдарга — айтып турган.

12. Исанын Кудайга тең эмес экенин кайдан билебиз?

12 Көптөр ишенгендей, Кудайдын тун Уулу ага теңби? Ыйык Китептен андай эмес экенин билүүгө болот. Жогорку абзацтан окуганыбыздай, Исаны Кудай жараткан. Демек, анын башталышы болгон, ал эми Жахаба Кудайдын башталышы да, аягы да жок (Забур 90:2). Иса Кудайга тең болууну эч качан ойлогон эмес. Ыйык Китепте Кудайдын өз Уулунан жогору турары айкын көрсөтүлөт. (Оку: Жакан 14:28; 1 Корунттуктар 11:3.) Жахаба гана «Кудурети Күчтүү Кудай» деп аталат (Башталыш 17:1). Ошондуктан ага эч ким тең келе албайт *.

13. Эмне үчүн Иса «көрүнбөс Кудайдын бейнеси» деп аталат?

13 Жахаба жана анын тун Уулу асман менен жер жаратылганга чейин миллиарддаган жылдарды чогуу өткөрүшкөн. Алардын бири-бирине болгон сүйүүсү бөтөнчө күчтүү экени күмөнсүз (Жакан 3:35; 14:31). Атасына абдан окшош болгондуктан Иса Машаяк Ыйык Китепте «көрүнбөс Кудайдын бейнеси» деп аталат (Колосалыктар 1:15). Көп балдар чоңойгондо атасына окшош болгондой эле, Иса Атасынын касиет-сапаттарын өзүндөй кылып чагылдырган.

14. Жахабанын Уулу кандайча адам болуп төрөлгөн?

14 Жахабанын Уулу асмандан жерге келип, адам болуп жашоого даярдуулук менен макул болгон. Балким, сен: «Рухий жаратуу кандайча адам болуп төрөлгөн?» — деп таң калаттырсың. Жахаба Уулунун өмүрүн Мариям аттуу жүйүт кыздын боюна көчүрүү менен керемет жасаган. Демек, анын түйүлдүк болуп жаралышына эркектин эч кандай катыштыгы болгон эмес. Ошентип, убагы жеткенде Мариям жеткилең уул төрөп, атын Иса койгон (Лука 1:30—35).

ИСА КАНДАЙ АДАМ БОЛГОН?

15. Эмне себептен Иса аркылуу Жахабаны жакшыраак таанып-биле алабыз?

15 Исанын кандай адам болгону сөздөрүнөн жана иштеринен көрүнүп турат. Ал аркылуу биз Жахабаны да жакшыраак таанып-биле алабыз. Эмне себептен? Жогоруда айтылгандай, Иса Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырат. Ошондуктан ал бир шакиртине: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деген (Жакан 14:9). Ыйык Китептеги Матай, Марк, Лука жана Жакан жазган төрт Инжилде Иса Машаяктын жашоосу, кызматы, кандай адам болгону жөнүндө көп нерсе айтылат.

16. Иса пайгамбар негизинен эмне жөнүндө кабар айткан жана анын окуулары кимдики эле?

16 Иса элге Устат, башкача айтканда, Окутуучу катары таанымал болгон (Жакан 1:38; 13:13). Ал эмне жөнүндө окуткан? Негизинен, «Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды» жарыялаган. Кудайдын Падышалыгы — асмандагы өкмөт — жердин үстүнөн бийлик жүргүзүп, тил алчаак адамдарга көптөгөн баталарды алып келет (Матай 4:23). Иса пайгамбар айткан кабар кимдики эле? Ал өзү: «Мен үйрөткөн окуулар меники эмес, мени жибергендики»,— деген (Жакан 7:16). Иса Атасынын адамдардын баары Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды угушун каалаарын билген. Бул китептин 8-бөлүмүнөн Кудайдын Падышалыгы жана анын эмнелерди ишке ашырары тууралуу көбүрөөк билебиз.

17. Иса Машаяк адамдарды кайсы жерлерде окуткан жана буга эмне үчүн ушунчалык көп күч жумшаган?

17 Иса Машаяк адамдарды кайсы жерлерде окуткан? Бардык жерде: алардын үйлөрүндө, айыл-кыштактарда, шаарларда жана базар аянттарында. Ал башкалардын келишин күтүп отурбастан, аларга өзү барган (Марк 6:56; Лука 19:5, 6). Эмне себептен Иса элди окутуп-үйрөтүүгө ушунчалык көп убакыт жана күч жумшаган? Анткени Кудай аны жерге ошол үчүн жиберген. Ал дайыма Атасынын эркин аткарган (Жакан 8:28, 29). Бирок мунун дагы бир себеби болгон. Иса элге боору ооруган. (Оку: Матай 9:35, 36.) Диний жетекчилер аларга Кудай жана анын ой-ниети жөнүндө эч нерсе айтышкан эмес. Ошондуктан Иса адамдардын Падышалык тууралуу кабарды угууга канчалык муктаж экенин билген.

18. Сага Исанын кайсы сапаттары өзгөчө жакты?

18 Иса пайгамбар абдан мээримдүү, боорукер, камкор болгон. Башкалар ага оңой кайрыла алышчу. Балдар да анын жанында өздөрүн эркин сезишкен (Марк 10:13—16). Иса бет карама болгон эмес жана ач көздүк менен адилетсиздикти жек көрчү (Матай 21:12, 13). Ал кезде аялдар басынтылып, укуктары тебеленип-тепселсе да, Иса аларга урмат-сый менен мамиле кылган (Жакан 4:9, 27). Ал абдан момун болгон. Бир жолу атүгүл элчилеринин бутун жууп, адатта, кулдар аткарчу ишти жасаган.

Иса Машаяк бардык жерде кабар айткан

19. Исанын башкаларга жардам берүүгө ынтызар болгонун кайсы окуя көрсөтүп турат?

19 Иса башкаларга жардам берүүгө ынтызар болгон. Бул, айрыкча, Кудайдын күчү менен оорулууларды айыктырганынан айкын көрүнгөн (Матай 14:14). Мисалы, бир күнү пес оорулуу киши ага келип: «Эгер кааласаң, мени айыктыра аласың»,— деген. Анын кыйналганын көргөндө Исанын зээни кейип, боору ачыган. Анан ага колун тийгизип: «Каалайм. Айык»,— деген. Ал киши ошол замат айыгып кеткен (Марк 1:40—42). Сакайгандан кийин анын кандай сезимде болгонун элестетсең!

ӨМҮРҮНҮН АЯГЫНА ЧЕЙИН ИШЕНИМДҮҮ БОЛГОН

20, 21. Кудайдын тилин алуу жана ага берилгендик сактоо жагынан Иса Машаяк кандай үлгү калтырган?

20 Кудайдын тилин алуу жана ага берилгендик сактоо жагынан Иса Машаяк мыкты үлгү калтырган. Ал оор сыноолорго, катуу куугунтуктарга карабай Атасына ишенимдүү бойдон калган. Ошондой эле Шайтандын азгырыктарын чечкиндүү түрдө четке каккан (Матай 4:1—11). Исанын кээ бир туугандары ага ишенишкен эмес, атүгүл аны «акылынан айнып калган» деп эсептешкен (Марк 3:21). Бирок Иса алардын таасирине алдырбай, Кудай тапшырган ишти аткарууну уланта берген. Каршылаштары кордоп, жаман мамиле жасаса да, ал өзүн кармай билген жана алардан өч алууга эч качан умтулган эмес (1 Петир 2:21—23).

21 Иса душмандары тарабынан ырайымсыздык менен өлтүрүлгөнгө чейин, өмүрүнүн акырына чейин, ишенимдүү бойдон калган. (Оку: Филипиликтер 2:8.) Жердеги жашоосунун акырында ал эмнелерге дуушар болгонун элестетсең. Камакка алгандан кийин ага жалган жалаа жаап, адилетсиз өкүм чыгарышкан. Калың топ менен жоокерлер аны шылдыңдап, мазакташкан. Устунда кадалып турганда ал акыркы жолу дем алган соң, үнүн катуу чыгарып: «Аткарылды!» — деп айткан (Жакан 19:30). Бирок өлгөнүнө үч күн болгондо, асмандагы Атасы аны кайра рухий жаратуу кылып тирилткен (1 Петир 3:18). Бир нече жумадан кийин Иса асманга кайтып барып, «Кудайдын оң жагына отурган» да, падышалык бийлик бериле турган убакты күтө баштаган (Еврейлер 10:12, 13).

22. Иса Машаяктын өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү бойдон калганы эмнеге жол ачкан?

22 Иса Машаяктын өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү бойдон калганы эмнеге жол ачкан? Анын өлүмүнүн аркасында биз, Жахабанын алгачкы ой-ниетине ылайык, бейишке айланган жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болдук. Бул тууралуу кийинки бөлүмдө талкууланат.

^ 7-абз. Даниел айткан пайгамбарлыктын Исага байланыштуу кантип аткарылганын билүү үчүн «Тиркеменин» 197—199-беттерин кара.

^ 11-абз. Жахаба бардыгынын Жаратканы болгондуктан Ата деп аталат (Ышая 64:8). Исаны Кудай жараткандыктан, ал Кудайдын Уулу делет. Ушул эле себептен улам башка рухий жаратуулар, атүгүл Адам ата да Ыйык Китепте Кудайдын уулу делген (Аюп 1:6; Лука 3:38).

^ 12-абз. Исанын Кудайга тең эмес экенин көрсөткөн кошумча далилдерди «Тиркеменин» 201—204-беттеринен табууга болот.