Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?

Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?
  • Тирилүү болоруна ишенүүгө кандай негиз бар?

  • Жахабанын өлгөндөрдү тирилтүүнү каалаарын кайдан билебиз?

  • Кимдер тирилет?

1—3. Баарыбызды кайсы душман кууп келатат жана Ыйык Китепте айтылгандар бизди эмне үчүн жубатат?

ЖЕТКЕН мыкаачы душмандан качып баратканыңды элестетсең. Ал сенден алда канча күчтүү жана тез чуркайт. Анын ырайымсыз экенин билесиң, себеби айрым досторуңду өлтүргөнүн өз көзүң менен көргөнсүң. Болгон күчүң менен чуркасаң да, ал жакындагандан жакындап келатат. Эч үмүт жоктой сезилет. Бирок так ошол учурда күтүлбөгөн жерден бирөө жардамга келет. Ал душманыңдан кыйла күчтүү жана сени андан куткарууну убада кылат. Ошондо кандай гана жеңилдей түшөсүң!

2 Сенин кандайдыр бир мааниде ушундай душманың бар. Негизи, ал баарыбыздын артыбыздан кууп келатат. Мурунку бөлүмдөн билгенибиздей, Ыйык Китепте ал душман өлүм деп аталат. Андан эч кимибиз качып кутула да, аны жеңе да албайбыз. Анын айынан көбүбүз жакындарыбыздан айрылганбыз. Бирок Жахаба ал ырайымсыз душманыбыздан — өлүмдөн — алда канча күчтүү. Кудай өзүнүн мээримдүү Куткаруучу экенин жана өлүмдү багындыра аларын нечен ирет далилдеген. Ал жакында аны биротоло жок кыларын убада кылат. Ыйык Китепте: «Акыркы душман — өлүм — жок кылынат»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 15:26). Бул кандай сонун убада!

3 Сүйүктүү адамыбыз каза болгондо кандай сезимде болорубуз жөнүндө ойлонуп көрөлү. Бул бизге Жахабанын убадасын баалоого жардам берет. Ал өлгөндөрдү тирилтүүнү убадалайт (Ышая 26:19). Тирилүүнүн аркасында мүрзөдө жаткандар кайра жашоого мүмкүнчүлүк алышат.

ЖАКЫН АДАМЫБЫЗДАН АЙРЫЛГАНДА...

4. а) Иса Машаяктын досу өлгөндө кандай сезимде болгонунан эмне үчүн Жахабанын өлүмгө болгон көз карашын биле алабыз? б) Кимдер Исанын ынак досторунан болушкан?

4 Жакын адамыңан ажыраган учуруң болду беле? Андайда колуңан эч нерсе келбечүдөй сезилип, катуу күйүт тартасың. Кайгыдан улам таптакыр эле чөгүп кетпеш үчүн Кудайдын Сөзүн окуганыбыз маанилүү. (Оку: 2 Корунттуктар 1:3, 4.) Андан Жахаба менен Иса Машаяктын өлүмгө кандай карашарын биле алабыз. Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган Иса жакынынан айрылган адам кандай сезимде болорун жакшы билген (Жакан 14:9). Иерусалимге келгенде ал анча алыс эмес жерде жайгашкан Бетания айылындагы Лазарга жана анын бир туугандары Марта менен Мариямга көп барчу. Алар абдан ынак достордон эле. Ыйык Китептен: «Иса Марта менен Мариямды жана Лазарды жакшы көрчү»,— дегенди окуйбуз (Жакан 11:5). Бир күнү, мурунку бөлүмдө айтылгандай, Лазар каза болуп калат.

5, 6. а) Лазардын туугандары менен досторун көргөндө Иса кандай сезимде болгон? б) Эмне үчүн Исанын Лазарды жоктоп кайгырганы бизди жубатат?

5 Досунан айрылганда Иса Машаяк кандай сезимде болгон? Ыйык Китепте анын Лазардын туугандары менен жоро-жолдошторун соороткону келгени айтылат. Ыйлап жаткандарды көргөндө Исанын «каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздап кеткен», атүгүл «көзүнө жаш алган» (Жакан 11:33, 35). Иса эч кандай үмүтү жок болгондуктан ошенткенби? Жок, анткени ал керемет жасай турганын билген (Жакан 11:3, 4). Ошентсе да досунун өлгөнүнө ичи туз куйгандай ачышкан.

6 Исанын Лазарды жоктоп кайгырганы бизди жубатат. Себеби мындан анын жана Атасынын өлүмдү жек көрөрү айкын көрүнүп турат. Жахаба Кудай ал душманды биротоло жок кыла алат! Кел, Кудайдын Исага өлүмдүн үстүнөн кандай бийлик бергенин карап көрөлү.

«ЛАЗАР, ЧЫК!»

7, 8. Эмне себептен Лазарга жардам берүү мүмкүн эместей көрүнгөн, бирок Иса пайгамбар эмне кылган?

7 Иса пайгамбар Лазардын сөөгү коюлган үңкүрдүн оозундагы ташты алып салууну буйруйт. Ошондо Марта анын өлгөнүнө төрт күн болуп калганын жана денеси жыттана баштаганын айтып каршы болот (Жакан 11:39). Пенделик көз караш менен караганда, жакшы бир нерсеге үмүттөнүүгө негиз жок болчу.

Лазардын тирилгени абдан кубанычтуу окуя болгон (Жакан 11:38—44)

8 Ташты жылдырышканда, Иса үнүн бийик чыгарып: «Лазар, чык!» — дейт, ошондо ал «мүрзөдөн чыгып келет» (Жакан 11:43, 44). Ал жердегилердин кандай гана кубанычка батышканын элестетсең. Туугандары, достору, кошуна-колоңдору — баары аны кайра көрөбүз деп ойлошкон эмес. Бирок эми ал сүйүктүү адамы тирилип, кайрадан алардын алдында турган. Андайды эч кимиси күтпөсө керек. Көптөрү сүйүнгөнүнөн Лазарды кучактап-өпкүлөгөнү шексиз. Ооба, Иса өлүмдү багындырган!

Илияс пайгамбар жесир аялдын баласын тирилткен

(1 Падышалар 17:17—24)

9, 10. а) Иса Лазарды Кудайдын күчү менен тирилткенин кантип көрсөткөн? б) Тирилүү жөнүндөгү билдирүүлөрдү окуу эмнеси менен пайдалуу?

9 Иса Лазарды чакырардан мурун Жахабадан тиленген. Муну менен ал каза болгон досун өзүнүн күчү менен эмес, Кудайдын күчү менен тирилтерин көрсөткөн. (Оку: Жакан 11:41, 42.) Жахаба күчүн ушундай жол менен башка учурларда да колдонгон. Лазардын тирилгени Кудайдын Сөзүндө жазылган тогуз тирилүүнүн бири гана *. Алар тууралуу окуп-изилдөө бизди жубатат. Ал билдирүүлөрдөн Кудайдын бет карама эмес экенин билүүгө болот, себеби тирилгендердин арасында жашы да, карысы да, эркеги да, аялы да, жүйүттөр да, жүйүт эместер да болгон. Ошондой эле ал билдирүүлөрдөн ошол кереметтердин элге чоң кубаныч алып келгенин көрүүгө болот. Мисалы, Иса кичинекей кызды тирилткенде, анын ата-энесинин «абдан кубанганы» айтылат (Марк 5:42). Ооба, Жахаба аларга эстен кеткис кубаныч тартуулаган.

Элчи Петир Табита деген ишенимдешин тирилткен (Элчилер 9:36—42)

10 Иса Машаяк тирилткен адамдар кийин кайрадан өлүшкөн. Бул алардын тирилүүсү пайдасыз болгонун билдиреби? Жок, себеби Ыйык Китептеги ал билдирүүлөр маанилүү чындыкты камтыйт жана жакындарын жоготкондорго үмүт берет.

ТИРИЛҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН ЭМНЕНИ БИЛЕ АЛАБЫЗ?

11. Лазардын тирилүүсү жөнүндөгү билдирүү кандайча Насаатчы 9:5теги сөздөрдүн калетсиздигин тастыктап турат?

11 Ыйык Китепте өлгөндөрдүн «эч нерсе билбей» турганы айтылат (Насаатчы 9:5). Алар аң-сезимсиз абалда болушат жана башка дүйнөдө жашабайт. Муну Лазар тууралуу билдирүү тастыктап турат. Тирилгенде ал адамдарга асмандагы жашоо же жүрөктүн үшүн алган тозок оту жөнүндө айтканбы? Жок. Ыйык Китептен Лазардын андай нерселер тууралуу айтканын окубайбыз. Төрт күн бою тең ал «эч нерсе билген» эмес, анткени өлүк болгон. Лазар өлүм уйкусунда жаткан (Жакан 11:11).

12. Лазардын чынында эле тирилгени эмнеден көрүнүп турат?

12 Ошондой эле Ыйык Китептеги бул билдирүү өлгөндөрдүн чынында эле тирилерин жана анын ойдон чыгарылган нерсе эмес экенин көрсөтүп турат. Лазардын тирилгенине калың топ күбө болгон. Атүгүл Исаны жек көргөн диний жетекчилер да бул кереметти жокко чыгара алган эмес. Тескерисинче, алар: «Эмне кылсак? Бул киши көп керемет көрсөтүп жатат»,— дешкен (Жакан 11:47). Дагы башкалары тирилген Лазарды көрүү үчүн келишкен. Натыйжада көптөрү Иса Машаякка ишенип калышкан. Анткени алар бул керемет Исаны Кудай жибергенин далилдеп турганын көрүшкөн. Мындай айкын далилди четке кага албагандыктан жүйүттөрдүн таш боор диний жетекчилери Исанын да, Лазардын да көзүн тазалоону максат кылышкан (Жакан 11:53; 12:9—11).

13. Эмне үчүн Жахабанын өлгөндөрдү тирилте аларына шектенбесек болот?

13 Тирилүү болоруна ишенүүгө негиз барбы? Ооба, анткени Иса пайгамбар «мүрзөлөрдө жаткандардын баары» тириле турган убак келерин айткан (Жакан 5:28). Тирүү жандын баары Жахабанын колунан бүткөн. Ошол себептен анын өмүрдү кайрып бере алары шексиз. Көп нерсе Жахабанын эс тутумунан көз каранды. Ал өлгөн жакындарыбызды эстей алабы? Ойлоп көрсөң, ааламда сан жеткис жылдыздар бар, ошентсе да Кудай алардын ар биринин атын билет (Ышая 40:26). Андыктан ал үчүн өлгөн жакындарыбыздын кулк-мүнөзүн майда-чүйдөсүнө чейин эстөө жана аларды тирилтүү кыйынга турбайт.

14, 15. Аюп пайгамбардын сөздөрү Жахабанын өлгөндөрдү тирилтүүнү каалаарын кандайча көрсөтүп турат?

14 Жахаба өлгөндөрдү тирилтүүнү каалайбы? Ооба, муну Ыйык Китептен билүүгө болот. Мисалы, Аюп пайгамбар: «Өлгөн киши кайра жашайбы?» — деп сураган. Анан Кудай аны эстегиче көрдө күтмөктүгүн айткан. Ошондой эле Жахабага кайрылып: «Сен чакырасың — мен жооп берем. Колуңан бүткөндү сагынып, куса болосуң»,— деген (Аюп 14:13—15).

15 Ойлоп көрсөң, Жахаба өлгөндөрдү тирилте турган убакты чыдамсыздык менен күтүп келет. Кудайыбыздын ушундай сезимде болорун билүү кубантпайбы?! Келечекте ал кимдерди тирилтет? Алар каякта жашашат?

«МҮРЗӨЛӨРДӨ ЖАТКАНДАРДЫН БААРЫ»

16. Тирилгендер кандай шарттарда жашашат?

16 Ыйык Китептеги тирилүү жөнүндөгү билдирүүлөр алдыда боло турган тирилүү тууралуу көбүрөөк билгенге жардам берет. Мурун тирилген адамдар кайрадан өзүлөрүнүн жакындары менен жер бетинде жашашкан. Келечекте өлүм уйкусунан ойгоно тургандар да жер бетине тирилишет, бирок алда канча жакшы шарттарда жашашат. Үчүнчү бөлүмдөн окуганыбыздай, Кудайдын ой-ниетине ылайык, бүт жер жүзү бейишке айланат. Ошондуктан тирилгендер согуш, кылмышкерлик жана оору болбогон дүйнөдө түбөлүккө бактылуу өмүр сүрүшөт.

17. Кимдер тирилет?

17 Кимдер тирилет? Иса пайгамбар «мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн угуп», тирилишерин айткан (Жакан 5:28, 29). Ошондой эле Аян 20:13тө: «Деңиз өзүндөгү өлүктөрдү кайрып берди, өлүм менен көр да өздөрүндөгү өлүктөрдү кайрып берди»,— деп айтылат. («Тиркеменин» 212, 213-беттерин кара.) Мындан көрдүн толук бош калары айкын болууда. Андагы миллиарддаган маркумдар тирилип, кайра жашашат. Элчи Пабыл «адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерин» айткан (Элчилер 24:15). Бул эмнени билдирет?

Бейиште маркумдар тирилип, жакындары менен жолугушат

18. «Адил адамдарга» кимдер кирет жана тирилүүгө болгон үмүт сага кандай таасир этет?

18 «Адил адамдардын» катарына Иса жерге келгенге чейин жашаган жана Ыйык Китепте аттары аталып кеткен көптөгөн адамдар кирет. Алардын арасында Нух пайгамбар, Ыбрайым пайгамбар, Саара, Муса пайгамбар, Рут, Эстер сыяктуу эркек-аялдар болот. Ал ишенимдүү кызматчылардын айрымдары тууралуу Еврейлер 11-бөлүмдө айтылып кетет. «Адил адамдарга» Жахабанын биздин күндөрдө каза болгон кызматчылары да кирет. Тирилүүгө болгон үмүт бизге өлүмдөн коркпоого жардам берет (Еврейлер 2:15).

19. «Адил эмес адамдарга» кимдер кирет жана Жахаба ырайымдуулугунан улам аларга кандай мүмкүнчүлүк берет?

19 Жахаба жөнүндө билбегендиктен ага кызмат кылбаган же баш ийбеген адамдардын баары эмне болот? Андай миллиарддаган «адил эмес адамдар» да унутта калбайт. Кудай аларды тирилтип, өзү жөнүндө билүүгө жана өзүнө кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берет. Миң жылдын ичинде тириле турган андай адамдар Жахабанын ишенимдүү кызматчыларына кошулуп, ага кызмат кыла алышат. Ал убак кандай гана сонун болот! Ыйык Китепте ал Сот күнү деп аталат *.

20. Гээна эмнени символдоштурат жана ал жакка кимдер түшөт?

20 Жогоруда айтылгандар адамдардын баары тирилерин билдиреби? Жок. Ыйык Китепте өлгөндөрдүн айрымдары «гээнага ташталары» айтылат (Лука 12:5). Гээна деген байыркы Иерусалимдин сыртындагы таштандылар ыргытылчу жерди билдирген. Ал жакта өлүктөр, акыр-чикирлер өрттөлчү. Ошондой эле ал жерге көмүлүүгө жана тирилүүгө татыксыз деп эсептелген кишилердин денелери да ыргытылчу. Ошондуктан гээна түбөлүккө жок кылынуунун ылайыктуу символу болуп саналат. Тирүүлөр менен өлгөндөрдү Иса соттосо да, акыркы чечимди Жахаба чыгарат (Элчилер 10:42). Ал өзгөрүлүүнү каалабаган ыймансыз адамдарды тирилтпейт.

АСМАНДАГЫ ЖАШООГО ТИРИЛҮҮ

21, 22. а) Тирилүүнүн дагы кандай түрү бар? б) Рухий жаратуу болуп ким биринчи тирилген?

21 Ыйык Китептен тирилүүнүн дагы бир түрү — рухий жаратуу катары асмандагы жашоого тирилүү — жөнүндө окуйбуз. Ага Иса Машаяктын тирилүүсү мисал боло алат.

22 Иса өлгөндө, Жахаба ишенимдүү Уулунун мүрзөдө калышына жол берген эмес (Забур 16:10; Элчилер 13:34, 35). Кудай аны тирилткен, бирок ал адамдыкындай денеде тирилген эмес. Элчи Петир анын «адам катары өлүп, кайра рух катары тирилгенин» айткан (1 Петир 3:18). Бул укмуш керемет болгон. Иса күчтүү рухий жаратуу катары тирилген. (Оку: 1 Корунттуктар 15:3—6.) Мындай сыймыкка ал эң биринчи ээ болгон. Бирок асмандагы жашоого дагы башка адамдар да тирилмек (Жакан 3:13).

23, 24. «Кичине оторго» кимдер кирет жана алардын саны канча?

23 Өзүнүн асманга кетерине аз калганын билгендиктен Иса ишенимдүү жолдоочуларына алар үчүн «орун даярдай» турганын айткан (Жакан 14:2). Ал асманга кете турган топту «кичине отор» деп атаган (Лука 12:32). Ишенимдүү жолдоочулардын бул чакан тобуна канча адам кирет? Элчи Жакан Аян 14:1де: «Мен карап, Сион тоосунда турган Козуну [Иса Машаякты] көрдүм. Жанында чекелерине анын жана Атасынын ысмы жазылган 144 000 туруптур»,— деп жазган.

24 Исанын 144 000 жолдоочусу, алардын ичинде ишенимдүү элчилери асманда жашоо үчүн тирилет. Качан? Элчи Пабыл мунун Иса Машаяктын катышуусунун убагында болорун айткан (1 Корунттуктар 15:23). 9-бөлүмдөн биле турганыбыздай, биз дал ошол убакта жашап жатабыз. Ошондуктан бүгүн 144 000дин калдыгына киргендер өлөр замат асманда жашоо үчүн тирилишет (1 Корунттуктар 15:51—55). Ал эми адамзаттын басымдуу бөлүгү жер бетине орной турган бейиште жашоо үчүн тирилет.

25. Кийинки бөлүмдөн эмне тууралуу билебиз?

25 Ооба, Жахаба өлүмдү — ырайымсыз душманыбызды — биротоло жок кылат. (Оку: Ышая 25:8.) Балким, сен: «Асмандагы жашоого тирилгендер ал жакта эмне кылышат?» — деп ойлонуп жаткандырсың. Алар асмандагы адилеттүү өкмөттүн курамына киришет. Ал өкмөт тууралуу кийинки бөлүмдөн көбүрөөк билебиз.

^ 19-абз. Сот күнү тууралуу жана адамдар эмненин негизинде соттолору жөнүндө билүү үчүн «Тиркеменин» 213—215-беттерин кара.