Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?
  • Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы тууралуу эмне айтылат?

  • Ал эмнелерди ишке ашырат?

  • Падышалык Кудайдын жерге байланышкан эркин качан орундатат?

1. Көптөр билген кайсы тиленүүнү талдап чыгабыз?

ДҮЙНӨ жүзү боюнча миллиондогон адамдар «Асмандагы Атабыз» деп аталган тиленүүнү билишет. Аны Иса Машаяк жолдоочуларына кантип тиленүү керектигин үйрөтүп жатканда айткан. Ал абдан терең мааниге ээ. Андагы биринчи үч өтүнүчтү талдап чыгуу Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы тууралуу эмне айтыларын билүүгө жардам берет.

2. Иса үйрөткөн тиленүү кайсы үч өтүнүч менен башталат?

2 Иса үйрөткөн тиленүү: «Мындай деп тиленгиле: „Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын“»,— деп башталат (Матай 6:9—13). Бул үч өтүнүч кандай мааниге ээ?

3. Кудайдын Падышалыгы тууралуу эмнелерди билишибиз керек?

3 Буга чейин Кудайдын ысмы жөнүндө көп нерсени билдик. Ошондой эле анын адамзатка карата болгон эрки эмнеде экени, биз үчүн эмнелерди кылганы жана кылары тууралуу окудук. Азыр болсо: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленүүнү үйрөткөндө Исанын эмнени айткысы келгенин карап көрөлү. Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Кандайча ал Кудайдын ысмын ыйыктайт? Ошондой эле анын келиши менен Кудайдын эркинин аткарылышынын ортосунда кандай байланыш бар?

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

4. Кудайдын Падышалыгы деген эмне жана анын Падышасы ким?

4 Кудайдын Падышалыгы — бул Жахаба негиздеген өкмөт. Кудай анын Падышасы кылып кимди дайындаган? Иса Машаякты. Иса башкаруучулардын баарынан улук. Ыйык Китепте ал «падышалык кылгандардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы» деп аталат (1 Тиметей 6:15). Жакшылык кылуу жагынан ага бир да башкаруучу, атүгүл эң эле жакшы деп эсептелгени да тең келе албайт.

5. Кудайдын Падышалыгы каяктан бийлик жүргүзөт жана эмненин үстүнөн башкарат?

5 Падышалык каяктан бийлик жүргүзөт? Анын Падышасы Исанын азыр каякта экени эсиңде чыгар. Мурунураак анын өлгөндөн кийин кайра тирилгени жана көп өтпөй асманга көтөрүлгөнү тууралуу окуганбыз (Элчилер 2:33). Демек, Кудайдын Падышалыгы да асманда. Ошондуктан Ыйык Китепте ал «асман Падышалыгы» деп да аталат (2 Тиметей 4:18). Ал өкмөт асманда жайгашканы менен, жердин үстүнөн башкарат. (Оку: Аян 11:15.)

6, 7. Эмне үчүн Исаны өзгөчө Падыша десе болот?

6 Эмне үчүн Исаны өзгөчө Падыша десе болот? Мунун бир себеби ал эч качан өлбөйт. Ыйык Китепте анын, жердеги падышалардан айырмаланып, «өлбөстүккө ээ» экени жана «адам жете алгыс жарыкта жашаары» айтылат (1 Тиметей 6:16). Бул Исанын жакшы иштерди түбөлүк жасаарын билдирет. Келечекте анын адамдар үчүн көптөгөн жакшы нерселерди кылары шексиз.

7 Иса жөнүндөгү төмөнкү пайгамбарлыкка көңүл бурсаң: «Ага Жахабанын руху, акылмандык менен түшүнүк руху, кеңеш менен кудурет руху, билим менен Жахабадан коркуу руху түшөт. Ал Жахабадан коркуудан ырахат алат. Ал көзүнүн көргөнү боюнча соттобойт, кулагынын укканы боюнча ашкерелебейт, бей-бечараларды адилдик менен соттойт, жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактарга болушуп, акыйкаттык менен ашкерелейт» (Ышая 11:2—4). Бул сөздөр Иса Машаяктын элди адилеттүүлүк жана боорукердик менен башкарарын көрсөтүп турат. Ушундай башкаруучунун бийлик жүргүзүшүн каалайсыңбы?

8. Иса Машаяк менен бирге кимдер бийлик жүргүзөт?

8 Кудайдын Падышалыгында Иса жалгыз бийлик жүргүзбөйт. Анын кошо башкаруучулары болот. Элчи Пабыл Тиметейге: «Туруктуу болсок, аны менен бирге падышалык кылабыз»,— деген (2 Тиметей 2:12). Ооба, Кудай Пабылды, Тиметейди жана башка көптөгөн ишенимдүү кызматчыларын Машаяк менен бирге асманда бийлик жүргүзүүгө тандаган. Алардын саны канча?

9. Иса менен бирге бийлик жүргүзө тургандардын саны канча жана Кудай аларды качан тандай баштаган?

9 Бул китептин 7-бөлүмүнөн окуганыбыздай, элчи Жакан аян аркылуу «Сион тоосунда турган Козуну», тактап айтканда, асманда падышалык абалын ээлеген Исаны, ошондой эле анын «жанында чекелерине анын жана Атасынын ысмы жазылган 144 000 турганын» көргөн. Ошол 144 000 адам ким? Жакан: «Алар... козу кайда барбасын, анын артынан ээрчип жүргөндөр. Алар адамдардын арасынан Кудай менен Козу үчүн биринчи түшүм катары сатылып алынган»,— деп түшүндүргөн (Аян 14:1, 4). Ооба, алар — Иса Машаяктын аны менен бирге башкарууга тандалган ишенимдүү жолдоочулары. Асмандагы жашоого тирилген соң алар жер үстүнөн «падышалык кылышат» (Аян 5:10). Кудай 144 000 ишенимдүү башкаруучуну тээ элчилердин күндөрүнөн тартып тандай баштаган.

10. Эмне үчүн Исанын жана 144 000дин башкаруучу болуп дайындалганы Кудайдын сүйүүсүн айгинелеп турат?

10 Исанын жана 144 000дин жер үстүнөн башкаруучу болуп дайындалганы Кудайдын сүйүүсүн айгинелеп турат. Иса жерде жашап көргөндүктөн азап чегүү деген эмне экенин жакшы билет. Пабыл ал жөнүндө: «Биздин башкы дин кызматчыбыз алсыздыктарыбызды эске албаган, боор ооруй билбеген дин кызматчы эмес. Ал — биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылбаган дин кызматчы»,— деп айткан (Еврейлер 4:15; 5:8). Анын кошо башкаруучулары да жерде жашап жүргөн кезинде ар кандай азап-кайгыга, сыноолорго дуушар болушкан. Андан сырткары, алар жеткилеңсиздик жана ар кыл оорулар менен күрөшүп келишкен. Ошондуктан биздин кандай кыйынчылыктарга кездешип жатканыбызды эң жакшы билишет.

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ЭМНЕЛЕРДИ ИШКЕ АШЫРАТ?

11. Эмне себептен Иса Машаяк Кудайдын эркинин асманда аткарылышы жөнүндө тиленүү керектигин айткан?

11 Кудайдын Падышалыгынын келиши тууралуу тиленүүнү үйрөткөндө Иса Машаяк Атасынын эрки «асмандагыдай эле, жерде да» аткарылышын сурап тиленишибиз керектигин да айткан. Кудай асманда жашайт жана ал жакта ишенимдүү периштелер анын эркин дайыма орундатып келишкен. Бирок 3-бөлүмдөн окуганыбыздай, бир периште Кудайдын эркине каршы чыгып, Адам ата менен Обо энени күнөө кылууга азгырган. 10-бөлүмдөн Шайтан Ибилис деп аталган ал каардуу периште тууралуу Ыйык Китепте эмне айтыларын билебиз. Шайтанга жана аны ээрчип кеткен рухий жаратууларга — жин-перилерге — бир канча убакка чейин асманда жашоого жол берилген. Ошондуктан асманда Кудайдын эрки толук аткарылбаган убак болгон. Бирок Кудайдын Падышалыгы бийлик кыла баштаганда, жагдай өзгөрмөк. Анткени тактыга отурган Иса Машаяк Шайтанга каршы согуш жүргүзмөк. (Оку: Аян 12:7—9.)

12. Аян 12:10до кайсы эки маанилүү окуя тууралуу айтылат?

12 Ыйык Китепте ал согуштун натыйжасы мындайча баяндалат: «Мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум: „Мына, Кудайыбыз куткарылуу алып келди, анын күчү айкын көрүндү, Падышалыгы орноду, анын Машаягы бийлик жүргүзө баштады, анткени бир туугандарыбызды Кудайыбыздын алдында күндүр-түндүр айыптаган айыптоочу [Шайтан] кулатылды!“» (Аян 12:10). Бул аятта кайсы эки маанилүү окуя жөнүндө айтылганын байкадыңбы? Биринчиден, Иса Машаяк башчылык кылган Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзө баштаган. Экинчиден, Шайтан асмандан жерге кулатылган.

13. Шайтандын асмандан кулатылганынын натыйжасы кандай болгон?

13 Жогорку абзацта сөз кылынган окуялар эмнеге алып келген? Ыйык Жазмада: «Асман жана анда жашагандар, кубангыла!» — деп айтылат (Аян 12:12). Ооба, асмандагы ишенимдүү периштелер үчүн кубанууга зор себеп болгон. Анткени Шайтан менен анын жин-перилери асмандан кулатылгандыктан, ал жакта Жахаба Кудайга берилген периштелер гана калган. Азыр асманда бекем тынчтык жана биримдик өкүм сүрүп, Кудайдын эрки толугу менен аткарылууда.

Шайтан менен жин-перилердин асмандан кулатылышы жерге «кайгы» алып келген. Бирок азап-кайгынын баары жакында жок болот

14. Шайтандын кулатылышы жерде жашагандарга кандай таасир эткен?

14 Жердеги жагдай тууралуу эмне айтууга болот? Ыйык Китепте: «Ал эми жер менен деңизге кайгы, анткени Ибилис убактысынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү»,— делет (Аян 12:12). Шайтан асмандан кулатылганына жана убактысы аз калганына абдан каарданууда. Ошондуктан жерге ар кыл «кайгы», кыйынчылыктарды жиберүүдө. Бул жөнүндө кийинки бөлүмдөн көбүрөөк билебиз. Бирок сен: «Падышалык Кудайдын жерге карата болгон эркин кандайча ишке ашырат?» — деп ойлошуң мүмкүн.

15. Кудайдын жерге карата кандай ой-ниети бар?

15 Кудайдын жерге карата кандай ой-ниети бар экени эсиңдеби? Ал тууралуу 3-бөлүмдөн окуганбыз. Эйден багында эле Жахаба жердин бейишке айланышын жана анда адил адамдардын түбөлүк жашашын каалаарын билдирген. Шайтан Адам ата менен Обо энени күнөө кылууга азгыргандыктан, Кудайдын ал ой-ниети азырынча ишке аша элек. Бирок ал өзгөргөн жок. Жахаба адил адамдардын «жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашын» азыр да каалайт (Забур 37:29). Анын бул ой-ниети Падышалык аркылуу ишке ашат. Кандайча?

16, 17. Даниел 2:44төн Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эмнелерди билүүгө болот?

16 Даниел 2:44төгү пайгамбарлыкка көңүл бурсаң. Ал жерде: «Ошол падышалардын күндөрүндө асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат»,— делет. Мындан Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эмнелерди билүүгө болот?

17 Биринчиден, Кудайдын Падышалыгы «ошол падышалардын күндөрүндө», тактап айтканда, башка падышалыктар күчүндө болгон кезде орноору көрүнүп турат. Экинчиден, анын түбөлүк турары айкын болууда. Аны башка эч бир өкмөт кыйрата да, жок кыла да албайт. Үчүнчүдөн, бул аяттан Кудайдын Падышалыгы менен азыркы дүйнөдөгү падышалыктардын ортосунда согуш жүрөрүн билүүгө болот. Ал согушта Кудайдын Падышалыгы жеңет. Акыр-аягы, бүт адамзатты жалгыз жана адилеттүү өкмөт башкарат.

18. Кудайдын Падышалыгы менен дүйнөдөгү өкмөттөрдүн ортосунда боло турган согуш эмне деп аталат?

18 Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы менен дүйнөдөгү өкмөттөрдүн ортосунда боло турган согуш жөнүндө көп нерсе айтылат. Мисалы, анда жазылгандай, ал убак жакындаган сайын, каардуу рухтар «бүт дүйнөнүн падышаларын» адаштырган жалган сөздөрдү таратышат. Кандай максат менен? «Аларды [падышаларды] Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушка чогултуш» үчүн. Ал падышалар «еврейче Армагедон деп аталган жерге чогултулат» (Аян 16:14, 16). Демек, бул эки аятта айтылгандарга ылайык, Кудайдын Падышалыгы менен адамдар башкарган өкмөттөрдүн ортосундагы ал согуш Армагедон деп аталат.

19, 20. Эмне үчүн Кудайдын эрки жерде аткарылбай келет?

19 Армагедондон кийин Падышалык эмнени ишке ашырат? Кудайдын жерге карата кандай ой-ниети бар экенин эстесең. Анын эркине ылайык, бейишке айланган жер бети адил, жеткилең жана ага кызмат кылган адамдарга толушу керек эле. Анда эмне үчүн азыр андай эмес? Биринчиден, баарыбызга күнөө тукум кууп өткөндүктөн, биз оору менен өлүмгө моюн сунуп келебиз. Бирок 5-бөлүмдөн билгенибиздей, Иса Машаяк өз өмүрүн биз үчүн бергендиктен, түбөлүк өмүргө жол ачылган. Жакандын Инжилинде: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп жазылганы эсиңде чыгар (Жакан 3:16).

20 Экинчиден, көптөр жаман иштерди кылууну жакшы көрүшөт. Алар башкаларды митаамдык менен алдашат жана адеп-ахлаксыз иштерди жасашат. Андай адамдар Кудайдын эркин аткарууну эч каалашпайт. Кудай жүргүзө турган Армагедон согушунда ыймансыздардын баары жок кылынат. (Оку: Забур 37:10.) Үчүнчүдөн, өкмөт башчылары адамдарды Кудайдын эркин аткарууга үндөбөйт. Адамдар башкарган өкмөттөрдүн көбү алсыз, сатылма келет жана бийликти кыянат колдонот. Ыйык Китепте: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деп бекеринен айтылган эмес (Насаатчы 8:9).

21. Кудайдын жерге карата болгон эрки Падышалык аркылуу кандайча аткарылат?

21 Армагедондон кийин адамзатты бир гана өкмөт, Кудайдын Падышалыгы, башкарат. Ал Кудайдын эркин ишке ашырып, адамдарга көптөгөн баталарды алып келет. Мисалы, Шайтан менен жин-перилер туңгуюкка ыргытылат (Аян 20:1—3). Исанын курмандыгынын негизинде адамдар оору менен өлүмдөн арылып, түбөлүк жашашат. (Оку: Аян 22:1—3.) Жер бети бейишке айланат. Ошентип, Падышалык аркылуу Кудайдын жерге карата болгон эрки аткарылып, ысмы ыйыкталат. Бул болсо Кудайдын Падышалыгы башкарган убакта адамдардын баары Жахабанын ысмын ыйык тутарын билдирет.

ПАДЫШАЛЫК КУДАЙДЫН ЖЕРГЕ БАЙЛАНЫШКАН ЭРКИН КАЧАН ОРУНДАТАТ?

22. Кудайдын Падышалыгы Иса жерде жүргөндө же ал тирилер замат келбегенин кайдан билебиз?

22 Машаяктын өзүнүн жолдоочуларына: «Падышалыгың келсин»,— деп тиленүүнү үйрөткөнү ал кезде Падышалыктын келе электигин көрсөтүп турат. Анда ал Иса асманга көтөрүлгөндө келгенби? Жок, анткени Петир да, Пабыл да Иса тирилгенден кийин Забур 110:1де жазылган пайгамбарлыктын аткарылганын айтышкан. Ал аяттан Жахабанын Исага: «Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур»,— дегенин окуйбуз (Элчилер 2:32—35; Еврейлер 10:12, 13). Демек, Иса белгиленген убак келгенге чейин күтүүгө тийиш болгон.

Падышалыктын тушунда Кудайдын эрки, асмандагыдай эле, жерде да аткарылат

23. а) Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаган? б) Кийинки бөлүмдө эмнелер талкууланат?

23 Иса канча убак күтүшү керек эле? 19 жана 20-кылымдарда Ыйык Китепти кылдат изилдегендер ал күтүшү керек болгон убак 1914-жылы аяктаарын акырындык менен түшүнүшкөн. (Бул дата жөнүндө «Тиркеменин» 215—218-беттеринде көбүрөөк айтылат.) 1914-жылдан бери дүйнөдө болуп жаткан окуялар алардын туура жыйынтыкка келишкенин тастыктоодо. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылышы 1914-жылы Иса Машаяктын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик жүргүзө баштаганын көрсөтүп турат. Биз азыр Шайтанга берилген убакыт аяктап бараткан мезгилде жашап жатабыз (Аян 12:12; Забур 110:2). Ошондуктан Кудайдын Падышалыгы жакында анын жерге карата болгон эркин ишке ашырат деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Бул кубанычтуу кабар эмеспи? Сен буга ишенесиңби? Кийинки бөлүмдөн мунун далилдерин карап чыгабыз.