Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮМ

Рухий жаратуулар. Алардын бизге тийгизген таасири

Рухий жаратуулар. Алардын бизге тийгизген таасири
  • Периштелер адамдарга жардам береби?

  • Каардуу рухтар адамдарга кандай таасир этет?

  • Алардан коркушубуз керекпи?

1. Эмне себептен периштелер жөнүндө билишибиз керек?

КИМДИР БИРӨӨНҮ жакшыраак билүү үчүн биз, адатта, анын үй-бүлөсү менен таанышууну каалайбыз. Анын сыңарындай, Жахаба Кудайды жакшыраак таанып-билүү үчүн анын периштелерден турган үй-бүлөсү менен таанышуу абзел. Ыйык Китепте периштелер «Кудайдын уулдары» деп аталат (Аюп 38:7). Кудайдын ой-ниетинде алар кандай роль ойнойт? Алар адамзат тарыхына кандай таасир тийгизген? Биздин жашообузга таасир этишеби? Эгер ошондой болсо, кантип таасир этишет?

2. Периштелерди ким жараткан жана алардын саны канча?

2 Ыйык Китепте периштелер жөнүндө көп жолу сөз кылынат. Алар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн айрым аяттарга кайрылып көрөлү. Периштелерди ким жараткан? Колосалыктар 1:16да «асмандагы жана жердеги» нерселердин баары Иса Машаяк аркылуу жаратылганы айтылат. Демек, периштелер деп аталган рухий жаратуулардын баарын Жахаба Кудай тун Уулу аркылуу жараткан. Алардын саны канча? Ыйык Жазмада периштелердин жүз миллиондоп саналары жана алардын баары абдан күчтүү экени айтылат (Забур 103:20) *.

3. Аюп 38:4—7-аяттардан периштелер жөнүндө эмнелерди билүүгө болот?

3 Аюп 38:4—7-аяттарда жер жаратылганда «Кудайдын уулдарынын баары салтанаттуу үн салганы» жазылган. Демек, алар адамдар, атүгүл жер жаратылганга чейин эле көп убакыт мурун бар болгон. Ал аяттардагы «шаттанган» деген сөз периштелердин сезимдери бар экенин көрсөтүп турат. Ошондой эле «Кудайдын уулдарынын баарынын» кубанганы да көңүлгө аларлык. Мындан ал кезде периштелердин бардыгы ынтымактуу үй-бүлөнүн мүчөлөрү катары Жахабага кызмат кылышканын билүүгө болот.

ПЕРИШТЕЛЕРДИН ЖАРДАМЫ ЖАНА КОРГООСУ

4. Ыйык Китептен ишенимдүү периштелердин адамдардын иштерине кызыгары кандайча көрүнүп турат?

4 Түпкү ата-энебиз жаратылгандан тартып эле, ишенимдүү рухий жаратуулар адам баласынын улам чоңоё берген үй-бүлөсүнө, ошондой эле Кудайдын ой-ниетинин ишке ашышына абдан кызыгуу менен байкоо салып келишет (Накыл сөздөр 8:30, 31; 1 Петир 1:11, 12). Убакыттын өтүшү менен алар адамдардын көпчүлүгү мээримдүү Жаратканына кызмат кылбай калганына күбө болушкан. Бул, албетте, аларды капаланткан. Ал эми кимдир бирөө Жахабага кайрылса, алар абдан кубанышат (Лука 15:10). Периштелер Кудайга кызмат кылгандардын жыргалчылыгына кызыкдар болгондуктан, Кудай аларды өзүнө берилген адамдарды колдоп, бекемдөөдө нечен ирет колдонгон. (Оку: Еврейлер 1:7, 14.) Буга байланыштуу айрым билдирүүлөрдү карап көрөлү.

«Кудайым периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду» (Даниел 6:22)

5. Ыйык Китепте периштелердин адамдарга жардам бергенин көрсөткөн кандай окуялар бар?

5 Адеп-ахлаксыздыкка толгон Содом жана Амор шаарлары талкаланарда, эки периште адил Лот менен кыздарына ал жактан чыгып кетүүгө жардам беришкен (Башталыш 19:15, 16). Бир нече кылымдан кийин Даниел пайгамбар арстандар жаткан орго ыргытылган, бирок эч зыян тарткан эмес. Мунун себебин ал: «Кудайым периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду»,— деп түшүндүргөн (Даниел 6:22). Б. з. 1-кылымында периште элчи Петирди түрмөдөн бошоткон (Элчилер 12:6—11). Периштелер Иса Машаякка да, ал жердеги кызматын баштаганда, колдоо көрсөтүшкөн (Марк 1:13). Ал эми өлүмүнө аз калганда, «асмандан периште келип, аны бекемдеген» (Лука 22:43). Бул Исага өмүрүнүн ошол эң эле маанилүү учурунда бир топ дем-күч бергени шексиз.

6. а) Бүгүн периштелер Кудайдын элин кандайча коргошот? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

6 Бүгүн биз периштелерди көрө албайбыз. Ошентсе да Жахабанын ал күч-кубаттуу кызматчылары анын жердеги элине жардам берип, өзгөчө, аларды рухий жактан коргоп келишет. Ыйык Китепте: «Жахабанын периштеси Андан корккондорду коргоп турат, аларды куткарат»,— деп айтылат (Забур 34:7). Эмне үчүн бул сөздөр бизди жубатат? Себеби бизди жер менен жексен кылгысы келген каардуу рухий жаратуулар бар. Алар кимдер жана кайдан пайда болушкан? Бизге кандай жолдор менен зыян келтирүүгө умтулушат? Бул суроолорго жооп алуу үчүн адамзат тарыхынын башында эмне болгонун карап көрөлү.

ПЕРИШТЕЛЕРДИН АРАСЫНАН ЧЫККАН ДУШМАНДАР

7. Адамдарды Кудайдан баш тарттырууда Шайтан кандай натыйжага жеткен?

7 Бул китептин 3-бөлүмүнөн билгенибиздей, бир периште башкалардын үстүнөн бийлик кылууну каалап, Кудайга каршы чыккан. Кийинчерээк ал Шайтан Ибилис деген атка конгон (Аян 12:9). Обо энени алдагандан кийин да ал адамдарды Кудайдан баш тарттырууга аракет кыла берген. Абыл, Энох жана Нух сыяктуу ишенимдүү кызматчыларды кошпогондо, 16 кылымдын ичинде адамдардын дээрлик баары Ибилиске алданган (Еврейлер 11:4, 5, 7).

8. а) Айрым периштелер кантип жин-пери болуп калышкан? б) Топон суу каптаганда, алар эмне кылышкан?

8 Нух пайгамбардын күндөрүндө дагы башка периштелер Жахабага каршы чыгышкан. Алар Кудайдын асмандагы үй-бүлөсүндө ээлеген ордун калтырып, адам кейпин кийип, жерге келишкен. Кандай максатта? Башталыш 6:2ден: «Чыныгы Кудайдын уулдары... кыздарга, алардын сулуу экенине көңүл бура башташты. Анан тандагандарын аялдыкка алышты»,— дегенди окуйбуз. Бирок Жахаба Кудай алардын мындай ыпылас иштерин улантышына жана адамзаттын биротоло бузулушуна жол берген эмес. Ал Топон суу каптатуу менен бузулган адамдардын баарын жок кылып, ишенимдүү кызматчыларын сактап калган (Башталыш 7:17, 23). Ал эми козголоңчул периштелер, башкача айтканда, жин-перилер адамдык денелерин калтырып, рухий жаратуу катары кайрадан асманга көтөрүлүшкөн. Ошентип, алар «жиндердин башчысы» болгон Ибилистин тарабына өтүп кетишкен (Матай 9:34).

9. а) Жин-перилер асманга барганда эмне болушкан? б) Кийинки абзацтардан эмне жөнүндө билебиз?

9 Асманга кайтып барганда козголоңчул периштелер, өзүлөрүнүн башчысы Шайтан сыяктуу эле, Кудайдын асмандагы үй-бүлөсүнүн мүчөсү болбой калышкан (2 Петир 2:4). Азыр алар адам кейпин кие алышпаса да, адамдарга терс таасирин тийгизип келишет. Шайтан жин-перилери аркылуу «бүт жер жүзүн адаштырууда» (Аян 12:9; 1 Жакан 5:19). Кантип? Жин-перилер колдонгон ыкмалардын көбү адамдарды адаштырууга багытталган. (Оку: 2 Корунттуктар 2:11.) Алардын айрымдарына токтололу.

ЖИН-ПЕРИЛЕР АДАМДАРДЫ КАНТИП АДАШТЫРЫШАТ?

10. Спиритизм деген эмне?

10 Адамдарды адаштыруу үчүн жин-перилер спиритизмди колдонушат. Спиритизм — бул жин-перилер менен түздөн-түз же далдалчы (медиум) аркылуу байланышуу. Ыйык Китепте спиритизм менен алектенүү айыпталат жана ага байланышы бар иштердин баарынан алыс болуу керектиги айтылат (Галатиялыктар 5:19—21). Спиритизмди балык уулоодо колдонулган жемге салыштырууга болот. Балыкчы балыктын ар кайсы түрүнө ар башка жемди колдонгондой эле, каардуу рухтар ар кандай адамдарды адаштыруу үчүн спиритизмдин ар кыл түрүн колдонушат.

11. Төлгө салуу деген эмне жана андан эмне үчүн качышыбыз керек?

11 Спиритизмдин бир түрү — төлгө салуу. Төлгө салуу деген эмне? Бул — келечекти же белгисиз бир нерсени билүү максатында жасалуучу аракет. Анын айрым түрлөрү: астрология, карта же таш менен төлгө тартуу, алакан ачуу (хиромантия), ырым-жырымдарга маани берүү жана түш жоруу. Айрымдар төлгө салуунун эч кандай деле зыяны жок деп эсептешсе да, Ыйык Китепте андай иштерди кылган адамдардын каардуу рухтар менен байланышары айтылат. Мисалы, Элчилер 16:16—18-аяттарда бир кызга «көзү ачыктык кылдыруучу жиндин» келечекти алдын ала айтууга жардам берип жүргөнү жазылат. Ал жин кыздан «чыгып кеткенде», кыз көзү ачыктык кыла албай калган.

Жин-перилер адамдарды ар кандай жолдор менен адаштырат

12. Эмне себептен маркумдар менен сүйлөшүү кооптуу?

12 Жин-перилердин адамдарды адаштыруу үчүн колдонгон дагы бир ыкмасы — аларды маркумдар менен сүйлөшүүгө кызыктыруу. Жакынынан айрылып, кайгыга батып жүргөндөрдүн көбү өлгөндөрдүн абалы жөнүндөгү жалган окууларга оңой алданат. Медиум маркум тууралуу өзгөчө бир маалымат айтышы же анын үнүн туурап сүйлөшү мүмкүн. Ошондуктан көптөр маркумдардын жашоосун улантып жатышканына жана алар менен сүйлөшсө, күйүтү басыларына ишенишет. Бирок бул адамды чындап сооротпойт, анан калса, абдан кооптуу. Эмне үчүн? Себеби өлгөн адамдын үнүн туурап сүйлөгөндөр да, ал тууралуу маалымат бергендер да жин-перилер (1 Шемуел 28:3—19). Андан сырткары, 6-бөлүмдөн окуганыбыздай, өлгөндөр жашоосун эч жерде улантышпайт, алар жок болушат (Забур 115:17). «Өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр», чынында, каардуу рухтарга алданып, Кудайга жакпаган иш кылышат. (Оку: Мыйзам 18:10, 11; Ышая 8:19.) Ошондуктан жин-перилерге алданып калуудан сак бол.

13. Бир кезде жин-перилерден коркуп жашаган көптөгөн адамдар эмне кылышкан?

13 Каардуу рухтар адамдарды алдап-адаштыргандан сырткары, коркутушат. Шайтан да, жин-перилер да өзүлөрүнүн «убактысынын аз калганын» жана жакында иш-аракетсиз абалда болорун билишет, ошондуктан алар азыр мурдагыдан да ырайымсыз (Аян 12:12, 17). Ошентсе да бир кезде каардуу рухтардан коркуп жашаган миңдеген адамдар алардын таасиринен арылышты. Кантип? Спиритизм менен алектенген адам эмне кылышы абзел?

КААРДУУ РУХТАРГА КАРШЫ ТУРУУНУН ЖОЛДОРУ

14. Каардуу рухтардын таасиринен арылуу үчүн Иса Машаяктын Эфестеги жолдоочуларына окшоп, эмне кылышыбыз керек?

14 Ыйык Китепте каардуу рухтарга каршы туруунун жана алардын таасиринен арылуунун жолдору көрсөтүлөт. Байыркы Эфес шаарында жашаган Иса Машаяктын жолдоочулары эмне кылышканын карап көрөлү. Чындык жолун тааныганга чейин алардын айрымдары спиритизм менен алектенген. Кийин анын Кудайга жакпаган иш экенин түшүнгөндө эмне кылышкан? Ыйык Жазмада: «Сыйкырчылык кылгандардын бир тобу китептерин чогултуп, баарынын көзүнчө өрттөп жиберишти»,— деп айтылат (Элчилер 19:19). Муну менен алар каардуу рухтарга каршы турууну каалагандарга жакшы үлгү калтырышкан. Жахабага кызмат кылгысы келгендер спиритизм менен байланышы бар нерселердин баарын жок кылууга тийиш. Аларга спиритизмге аралашууга үндөгөн жана аны жагымдуу, кызыктуу кылып көрсөткөн китеп-журналдар, ырлар, фильмдер жана сүрөттөр кирет. Андай нерселерге тумар жана жамандыктан коргойт деп эсептелген башка буюм-тайымдар да кирет (1 Корунттуктар 10:21).

15. Каардуу рухтарга каршы туруу үчүн эмне кылышыбыз керек?

15 Исанын Эфестеги жолдоочулары спиритизм менен байланышкан китептерин жок кылгандан бир нече жыл өткөндөн кийин, элчи Пабыл аларга: «Биз... асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр... менен күрөшүп жатабыз»,— деп жазган (Эфестиктер 6:12). Демек, жин-перилер чабуулун токтотпой, алардын үстүнөн бийлик кылууга бүт күчүн жумшай беришкен. Ошондуктан Исанын жолдоочулары дагы эмне кылышы керек эле? Пабыл: «Баарынан мурун, кара өзгөйдүн [Шайтандын] оттуу жебелерин өчүрө алышыңар үчүн чоң ишеним калканын алгыла»,— деген (Эфестиктер 6:16). Ишенимибиз канчалык күчтүү болсо, каардуу рухтарга каршы турууга ошончолук чечкиндүү болобуз (Матай 17:20).

16. Ишенимибизди кантип бекемдөөгө болот?

16 Ишенимибизди кантип бекемдөөгө болот? Ыйык Китепти изилдөө менен. Пайдубал канчалык жакшы болсо, үйдүн дубалы ошончолук бекем болот. Анын сыңарындай, ишенимибиздин бекемдиги анын «пайдубалына» — Ыйык Китептен алган так билимибизге — жараша болот. Кудай Сөзүн күн сайын окуп-изилдесек, ишенимибиз чыңдала берет. Андай ишеним, бекем дубал сыяктуу, каардуу рухтардын таасиринен калкалап турат (1 Жакан 5:5).

17. Каардуу рухтарга каршы туруу үчүн дагы эмне кылуу керек?

17 Исанын Эфестеги жолдоочулары дагы эмне кылышы керек эле? Жин-перилердин таасири кеңири жайылган шаарда жашагандыктан алар коргоонун дагы башка түрүнө муктаж болушкан. Ошондуктан Пабыл аларга: «Кудайга ар кандай тиленүү, жалынуу менен кайрылып, ар дайым рух менен тиленгиле»,— деген (Эфестиктер 6:18). Биз да жин-перилер бийлеп алган дүйнөдө жашап жаткандыктан аларга каршы туруу үчүн Жахабадан жардам сурап, жалындуу тиленишибиз керек. Тиленгенде анын ысмын чакыруу абдан маанилүү. (Оку: Накыл сөздөр 18:10.) Ооба, Кудайдан мындан ары да кара өзгөй Шайтандан сакташын өтүнгөнүбүз абзел (Матай 6:13). Ал чын жүрөктөн айткан тиленүүлөрүбүздү угат (Забур 145:19).

18, 19. а) Эмне үчүн каардуу рухтарга каршы туруп, жеңишке жете алабыз? б) Кийинки бөлүмдөн кайсы суроолорго жооп алабыз?

18 Жин-перилер абдан мыкаачы, бирок алардан коркуунун кереги жок. Шайтанга каршы турсак жана Кудайдын эркин аткарып, ага жакындасак, алар бизге эч зыян келтире алышпайт. (Оку: Жакып 4:7, 8.) Себеби алардын күчү чектелүү. Каардуу рухтар Нух пайгамбардын күндөрүндө жазаланышкан, ал эми жакында аларга акыркы өкүм чыгарылат (Жүйүт 6). Бизди Жахабанын күч-кубаттуу периштелери коргоп турарын да унутпа (2 Падышалар 6:15—17). Алар каардуу рухтарга каршы турууда ийгиликке жетишибизди каалайт. Кудайдын адил периштелери, мындайча айтканда, бизди колдоп-кубаттап турушат. Ошондуктан Жахаба менен жакын мамиледе болуп, анын ишенимдүү рухий жаратууларынан турган үй-бүлөсүнөн алыстабайлы. Спиритизмдин бардык түрүн четке кагып, дайыма Кудайдын Сөзүндөгү кеңештер боюнча жашайлы (1 Петир 5:6, 7; 2 Петир 2:9). Ошондо каардуу рухтарга каршы күрөшүүдө жеңишке жетебиз.

19 Бирок айрымдар: «Эмне үчүн Кудай каардуу рухтарды жок кылып салбайт? Эмнеге ал ушунчалык көп азап-кайгынын болушуна жол берүүдө?» — деп ойлонушу мүмкүн. Бул суроолорго кийинки бөлүмдө жооп берилет.

^ 2-абз. Аян 5:11де ишенимдүү периштелер тууралуу: «Алардын саны миң-миңдеп, миң-түмөндөп саналат»,— деп айтылат. Бул жүз миллиондогон периште бар экенин көрсөтүп турат.