Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?
  • Адамдардын азап чегип жатканына Кудай жооптуубу?

  • Эйден багында кандай маанилүү маселе көтөрүлгөн?

  • Кудай адамзатты азап-кайгыдан кантип арылтат?

1, 2. Адамдар кандай кырсык-каргашаларга дуушар болушат жана ошондон улам кандай суроолорду беришет?

СОГУШ тыйылбаган бир өлкөдө жашаган адамдар кезектеги кандуу кагылышуудан каза тапкан миңдеген бейкүнөө аялдар менен балдардын баарын бир жерге көөмп, тегерете «Эмне үчүн?» деген жазуусу бар тактайчаларды орнотуп коюшкан. Мындай суроону күйүт тарткан көптөгөн адамдар беришет. Согуштун, табигый кырсыктын, оорунун же кылмыштуулуктун айынан жакындарынан, үй-жайынан айрылгандар же дагы башка жол менен жапа чеккендер айланып келип эле ушу суроого такалышат. Алар андай каргашаларга эмне үчүн дуушар болгонун билгиси келишет.

2 Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө? Эгерде Жахаба Кудай кудурети күчтүү, мээримдүү, акылман жана адилеттүү болсо, эмне үчүн дүйнөдө жек көрүүчүлүк менен адилетсиздик ушунчалык кулач жайган? Сенин да ушундай суроолорду берген учуруң болду беле?

3, 4. а) «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берет?» — деп суроонун туура эмес эч нерсеси жок экенин кайдан билебиз? б) Жамандык менен азап-кайгыга Жахаба кандай карайт?

3 «Кудай эмне үчүн азап-кайгыга жол берет?» — деп суроо туурабы? Айрымдар мындай суроо берүү ишенимдин жетишсиздигин же Кудайды урматтабагандыкты билдирет деп ойлошот. Бирок Ыйык Китептен Кудайдан корккон жана ага ишенимдүү кызмат кылган адамдардын да ушу сыяктуу суроолорду беришкенин көрүүгө болот. Мисалы, Хабакук пайгамбар Жахабадан: «Эмнеге мага кыянат иштерди көрсөтүп жатасың? Эмнеге кырсык-каргашаларды унчукпай карап турасың? Эмнеге талап-тоноочулук, зордук-зомбулук, чыр-чатак, уруш-талаштар болуп жатат?» — деп сураган (Хабакук 1:3).

Жахаба адамдарды азап-кайгыдан арылтат

4 Жахаба мындай суроо бергени үчүн Хабакукту айыптаганбы? Жок. Кайра анын чын жүрөктөн айткан бул сөздөрүнүн Ыйык Китепке жазылып калышына кам көргөн. Андан сырткары, Жахаба пайгамбарынын суроосуна жооп берип, ишенимин бекемдеген. Ал сага да жардам берүүнү каалайт. Ыйык Китепте анын сага «кам көрөрү» айтылганы эсиңде чыгар (1 Петир 5:7). Жахаба Кудай жамандыкты жек көрөт жана адамдардын кыйналып жатканына бизден да катуу кайгырат (Ышая 55:8, 9). Анда эмне үчүн дүйнөдө азап-кайгы мынчалык көп?

ЭМНЕ ҮЧҮН АЗАП-КАЙГЫ МЫНЧАЛЫК КӨП?

5. Айрымдар адамдардын эмне үчүн азап-кайгыга дуушар болорун кантип түшүндүрүшөт, бирок Ыйык Китепте эмне делет?

5 Көптөр диний жетекчилерге ушундай суроо менен кайрылышат. Диний жетекчилер болсо көбүнчө Кудайдын эрки ушундай экенин жана ал бардыгын, анын ичинде каргашалуу кырсыктарды да маңдайга жазып коёрун айтышат. Айрымдары Кудайдын жолдору таанып-билгис дешсе, башкалары ал адамдарды, атүгүл балдарды өзүнө керек болуп калганы үчүн өлүмгө дуушар кылат деп айтышат. Бирок, буга чейин окуганыңдай, Жахаба Кудай жаман нерселер үчүн жооптуу эмес. Ыйык Китепте: «Кудай эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!» — деп жазылган (Аюп 34:10).

6. Эмне үчүн көптөр дүйнөдөгү жаман нерселер үчүн Кудайды күнөөлөшөт?

6 Адамдардын дүйнөдө болуп жаткан жаман нерселер үчүн эмне себептен Кудайды күнөөлөшөрүн билесиңби? Себеби көптөрү азыркы дүйнөнү ал башкарат деп ойлошот. Алар Ыйык Китепте жазылган жөнөкөй, ошол эле учурда маанилүү бир чындыкты билишпейт. Сен ал жөнүндө, тактап айтканда, азыркы дүйнө Шайтандын бийлиги астында жатканын 3-бөлүмдөн окугансың.

7, 8. а) Азыркы дүйнө өзүнүн башкаруучусуна мүнөздүү кандай сапаттарды чагылдырат? б) Жеткилеңсиздик жана «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылуу» кандайча азап-кайгынын көп болушуна себеп болууда?

7 Кудайдын Сөзүндө «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экени» ачык эле айтылат (1 Жакан 5:19). Муну билүү көп нерсени түшүнүүгө жардам берет. Азыркы дүйнө «бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн» жана көзгө көрүнбөгөн рухий жаратууга, Шайтанга, мүнөздүү сапаттарды чагылдырат (Аян 12:9). Ал абдан каардуу, митаам, мыкаачы. Ошондуктан анын бийлиги астында жаткан дүйнөдөгү адамдардын көбү каардуу, митаам жана мыкаачы. Азап-кайгынын көп болгонунун биринчи себеби ушунда.

8 Экинчи себеби бул китептин 3-бөлүмүндө талкууланган. Ал жерде айтылгандай, Эйден багында Кудайга каршы чыккандан тартып адамдар жеткилеңсиз, күнөөкөр болуп калышкан. Ал эми күнөөкөр адамдар үстөмдүк кылууга жакын келет, ошондуктан согуш, бири-бирин эзүү жана кайгы-капа адаттагы нерселерден болуп калды (Насаатчы 4:1; 8:9). Үчүнчүдөн, ар бир адам «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылышы» мүмкүн. (Оку: Насаатчы 9:11.) Азыркы дүйнөнү Жахаба коргобогондуктан, адамдар кээде ылайыксыз учурда ылайыксыз жерде болуп калып кырсыкка кабылышат.

9. Жахабанын азап-кайгыга жол берип жатканына олуттуу себеп бар экенине эмне үчүн шектенбесек болот?

9 Кудайдын азап-кайгыга себепкер эмес экенин билүү биздин абдан жубатат. Ал көптөрдү жабыр тарттырган согуш, кылмыштуулук, эзүүчүлүк же табигый кырсыктар үчүн жооптуу эмес. Анткен менен: «Жахаба бул нерселердин баарына эмне үчүн жол берет?» — деген суроого жооп алганыбыз маанилүү. Эгерде ал Кудурети Күчтүү болсо, буларды токтотууга күчү жетиши керек эле да. Анда ал эмне үчүн чара көрбөйт? Мээримдүү Кудайдын азап-кайгыга жол берип жатканына олуттуу себеп бар экенине шектенбесек болот (1 Жакан 4:8).

МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕНИН КӨТӨРҮЛҮШҮ

10. Шайтан эмнеге шек туудурган жана кантип?

10 Кудайдын азап-кайгыга эмне үчүн жол берип келатканын түшүнүү үчүн кыйынчылыктар башталган убакка кайрылып көрөлү. Адам ата менен Обо энени Кудайдан баш тарттыруу менен Шайтан маанилүү талаш маселени көтөргөн. Ал Жахабанын күчтүү экенине шек келтирген эмес, анткени анын чексиз кудуретке ээ экенин эң сонун билет. Ибилис Кудайдын бийлик кылууга укуктуу экенин талашка салган. Кудайды жалганчы жана өзүнүн жаратууларынан жакшы нерселерди жашырып жатат деп айыптоо менен Шайтан Жахабаны жаман башкаруучу катары көрсөткөн. (Оку: Башталыш 3:2—5.) Анын айтымында, адамдар Кудайсыз эле алда канча жакшы жашай алмак. Бул Жахабанын эгедерлигине, анын бийлик жүргүзүүгө болгон укугуна, шек туудурган.

11. Эмне себептен Жахаба өзүнө каршы чыккандарды Эйденде эле жок кылып салган эмес?

11 Адам ата менен Обо эне Кудайга каршы чыгышкан. Алар кылган иши менен: «Жахабанын башкаруусуна муктаж эмеспиз. Эмне жакшы, эмне жаман экенин өзүбүз деле биле алабыз»,— деп айткандай болушкан. Жахаба ал жагдайды кантип чечиши керек эле? Алардын жаңылып жатканын, ал эми өзү көрсөткөн жол туура экенин башка аң-сезимдүү жаратууларынын баарына кантип далилдемек? Айрымдар: «Кудай Адам ата менен Обо энени жок кылып салып эле, башка түгөй жаратып, баарын жаңыдан баштаса болмок»,— деши мүмкүн. Бирок Жахаба Адам ата менен Обо эненин тукумдары жер бетин толтуруп, бейиште түбөлүк жашашын ниет кылган (Башталыш 1:28). Ал өзүнүн ой-ниетин ар дайым ишке ашырат (Ышая 55:10, 11). Андан сырткары, Жахаба өзүнө каршы чыккандарды Эйден багында эле жок кылып салса, анын бийлик жүргүзүү укугуна байланышкан маселе чечилбей калмак.

12, 13. Жахаба Шайтанга бул дүйнөнү башкарууга жана адамдарга өзүлөрү каалагандай бийлик жүргүзүүгө эмне үчүн жол берген? Мисал менен түшүндүр.

12 Буга байланыштуу мындай мисалдын үстүнөн ой жүгүртүп көрөлү. Мугалим окуучуларга бир татаал маселени кантип чыгаруу керектигин түшүндүрүп жатат дейли. Анан эле жөндөмдүү, бирок өзүнүкүн бербеген бир окуучу агайынын жаңылып жатканын, анын билими начар экенин жана маселени өзү жакшыраак чыгара аларын айтат. Окуучулардын айрымдары аны жактай башташат. Мындай жагдайда мугалимдин эмне кылганы дурус? Эгерде козголоңчулардын баарын класстан чыгарып салса, башка окуучулар кандай ойдо калат? Алар кимдики туура, кимдики туура эмес экенин аныктай алышабы? Агай билиминин тайкылыгы ачылып каларынан корккондуктан ошентти деп ойлоп, аны сыйлабай калышпайбы? А эгер мугалим козголоңчу окуучуга маселени өзү билгендей чыгарууга мүмкүнчүлүк берсе кандай болот?

Окуучу билими жагынан мугалимине тең келе алабы?

13 Жахаба ушул мисалдагы мугалимдей иш кылган. Эйденде болгон окуя Шайтанга жана түпкү ата-энебизге эле эмес, байкоо салып турган миллиондогон периштелерге да таасир этмек (Аюп 38:7; Аян 5:11). Ошондуктан Жахабанын жагдайды кандайча чечери аларга жана акыры аң-сезимдүү жаратуулардын баарына таасир этмек. Жахаба эмне кылган? Ал Шайтанга адамзатты башкарып көрүүгө, ал эми адамдарга Ибилистин жетеги астында өзүлөрү каалагандай бийлик жүргүзүүгө жол берген.

14. Жахабанын адамдарга өзүлөрү билгендей бийлик жүргүзүүгө жол бергени кандай пайда алып келет?

14 Мисалдагы мугалим текебер окуучунун жана анын досторунун жаңылып жатканын билет. Бирок аларга өзүлөрүнүн көз карашын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берсе, бул класстагы калган окуучуларга пайда алып келерин да түшүнүп турат. Анткени алар беркилердин колунан эч нерсе келбегенин көрүшкөндө агайынын айтканы туура экенине жана сабакты ал гана өткөрө аларына ынанышат. Ал эми кийин дагы кимдир бирөө ушу сыяктуу иш кылса, агайы чечкиндүү түрдө чара көрө алат жана аны эч ким эч нерсе деп күнөөлөй албайт. Анын сыңарындай, Жахаба Шайтан менен анын тарабын ээлегендердин колунан эч нерсе келбей турганын жана адамдардын ийгиликтүү бийлик жүргүзө албай турганын көрүү ниети таза адамдар менен периштелердин баарына пайда алып келерин билет. Алар да байыркы убакта жашаган Жеремия пайгамбарга окшоп маанилүү чындыкты — «пенденин жолу өз эркинде эмес экенин», «басып бараткан адам өз кадамын багыттай албай» турганын — түшүнүшөт (Жеремия 10:23).

ЭМНЕ ҮЧҮН АЗЫРКЫГА ЧЕЙИН КЫЙНАЛЫП КЕЛЕБИЗ?

15, 16. а) Эмне үчүн Жахаба азап-кайгынын ушунчалык көпкө созулушуна жол берүүдө? б) Эмне себептен Кудай жүрөктүн үшүн алган жаман нерселерди болтурбай койбойт?

15 Эмне үчүн Жахаба азап-кайгынын ушунчалык көпкө созулушуна жол берди? Эмне себептен ал жаман нерселерди болтурбай койбойт? Мисалдагы мугалим жөнүндө ойлонуп көрөлү. Биринчиден, ал козголоңчул окуучуга маселени өзү туура көргөндөй чыгарууга жолтоо кылган эмес. Экинчиден, ага эч кандай жардам берген жок. Жахаба да так ушундай кылган. Биринчиден, ал Шайтанга жана анын тарабындагыларга өздөрүнүн ырастоосун далилдөөгө тоскоолдук кылган эмес. Тескерисинче, аларга жетиштүү убакыт берген. Миңдеген жылдардын ичинде адамдар ар кандай башкаруу формаларын колдонуп көрүштү. Ырас, илимде жана башка тармактарда албан ийгиликтер жасалды. Бирок адилетсиздик, жакырчылык, кылмышкерлик жана согуштар токтомок турсун, күчөгөндөн күчөөдө. Бул адамдардын өз алдынча ийгиликтүү бийлик жүргүзө алышпаарын айгинеледи.

16 Экинчиден, Жахаба Шайтанга бул дүйнөнү башкарууга жардам берген жок. Эгер Кудай жүрөктүн үшүн алган окуяларды болтурбай койсо, ага каршы чыккандардын чырагына май таммак. Натыйжада адамдар Кудайсыз эле ийгиликтүү бийлик жүргүзө алабыз деген ойдо калышмак. Андан сырткары, Жахаба андай кылуу менен каршылаштарынын калпын колдогон болмок. Бирок «Кудайдын калп айтышы» мүмкүн эмес (Еврейлер 6:18).

17, 18. Шайтан жана адамдардын башкаруусу алып келген зыяндын ордун Жахаба кантип толтурат?

17 Кылымдардан бери уланып келаткан козголоңдун кесепетинен пайда болгон зыяндын баары эмне болот? Жахабанын кудурети күчтүү Кудай экенин эстен чыгарбоо абзел. Ал адамзатка келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтура алат жана жакында буга байланыштуу чара көрөт. Мурунураак билгенибиздей, жерди кыйраткандар жок кылынып, жер бети бейишке айланат. Исанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүүнүн натыйжасында адамдар күнөөдөн толук арылат. Ошондой эле тирилүүнүн аркасында өлүм биротоло багынтылат. Кудай Иса Машаякты «Ибилистин иштерин кыйратыш үчүн» колдонот (1 Жакан 3:8). Жахаба булардын баарын өз убагында ишке ашырат. Кудайдын ушул убакка чейин чыдамдуулук көрсөткөнүнө кандай гана ыраазыбыз, себеби мунун аркасында биз чындыкты таанып, ага кызмат кылууга мүмкүнчүлүк алдык. (Оку: 2 Петир 3:9, 10.) Өзү белгилеген мезгил келгиче, Кудай жүрөгү таза адамдарды издөөнү уланта берет. Андай адамдарга ал азыркы коогалаңдуу дүйнөдө ар кандай кыйынчылык-көйгөйлөрдү көтөрүүгө жардам берүүдө (Жакан 4:23; 1 Корунттуктар 10:13).

18 Айрымдар: «Эмне үчүн Кудай Адам ата менен Обо энени алар дайыма туура иш кылгыдай кылып жараткан эмес?» — деши мүмкүн. Бул суроого жооп алыш үчүн, Жахабанын бизге кандай баа жеткис белек бергенин эстегенибиз абзел.

КУДАЙ БЕРГЕН БЕЛЕКТИ КАНТИП КОЛДОНОСУҢ?

Кудай сага кыйынчылыктарыңды көтөрүүгө жардам берет

19. Жахаба бизге кандай баа жеткис белек берген жана эмне үчүн аны баалашыбыз керек?

19 5-бөлүмдөн окуганыбыздай, адамдар чечим чыгаруу эркиндиги менен жаратылган. Анын канчалык баалуу белек экенин билесиңби? Ойлоп көрсөң, Кудай сокур сезимге жетектелген сан жеткис жан-жаныбарларды жараткан (Накыл сөздөр 30:24). Адамдар болсо салынган программа боюнча иштей турган роботторду ойлоп табышкан. Эгер Кудай бизди аларга окшош кылып жаратып койсо, өзүбүздү бактылуу сезет белек? Жок. Биз кандай адам болууну, жашообузду кандай өткөрүүнү, кимдер менен достошууну жана башка ушу сыяктуу нерселерди өзүбүз чече алабыз. Бул бизге кубаныч тартуулайт. Ооба, бизге кандайдыр бир деңгээлде эркин болуу жагат жана Кудай да так ушуну каалаган.

20, 21. Чечим чыгаруу эркиндигин канткенде эң сонун колдоно алабыз жана ошондой кылганыбыз эмне үчүн маанилүү?

20 Жахаба аң-сезимдүү жаратууларынын ага аргасыздан кызмат кылышын каалабайт (2 Корунттуктар 9:7). Мисалы, ата-эне баласы: «Мен сизди жакшы көрөм»,— деп чын жүрөктөн айтканда көбүрөөк кубанабы же бирөөнүн үйрөтүүсү боюнча айткандабы? Жахаба берген чечим чыгаруу эркиндигин сен кантип колдоносуң? Шайтан, Адам ата, Обо эне аны таптакыр туура эмес колдонушкан. Алар Жахабадан баш тартып кетишкен. Сен эмне кыласың?

21 Ал белекти эң сонун колдонсоң болот. Сенин Жахабанын миллиондогон кызматчыларына кошулууга мүмкүнчүлүгүң бар. Алар Шайтандын жалганчы экенин жана анын башкаруусу эч жакшылык алып келбегенин далилдеп, Жахабанын жүрөгүн кубантышууда (Накыл сөздөр 27:11). Сен да туура жолду тандоо менен аны сүйүнтө аласың. Буга кийинки бөлүмдөн көбүрөөк токтолобуз.