Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

Өмүр белегин жогору баала

Өмүр белегин жогору баала
  • Кудайдын өмүргө болгон көз карашы кандай?

  • Ал бойдон алдырууга кандай карайт?

  • Өмүрдү баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

1. Бүт бардыгын ким жараткан?

ЖЕРЕМИЯ пайгамбар: «Жахаба — чынында эле, Кудай. Ал — тирүү Кудай»,— деген (Жеремия 10:10). Ыйык Китепте Жахабанын бүт бардыгынын Жаратуучусу экени да айтылат. Рухий жаратуулар аны: «Баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп даңкташкан (Аян 4:11). Дөөтү падыша да Кудайды даңазалап: «Өмүрдүн булагы сенде»,— деп ырдаган (Забур 36:9). Ооба, өмүр — бул Кудайдын белеги.

2. Кудай жашообузду кантип колдоп турат?

2 Жахаба бизди жаратып эле койбостон, жашоо үчүн керектүү нерселердин баары менен камсыз кылган (Элчилер 17:28). Ал жегенге тамак, ичкенге суу, дем алганга аба жана жашаганга жер берген. (Оку: Элчилер 14:15—17.) Андан сырткары, алардан ырахат алышыбызга да кам көргөн. Бирок кубанычыбыз толук болуш үчүн, Кудайдын мыйзамдарын окуп-изилдеп, аларды аткарууга тийишпиз (Ышая 48:17, 18).

ӨМҮРДҮ БААЛОО

3. Абылдын өлтүрүлгөнүнө Кудай кандай караган?

3 Кудай өзүбүздүн да, башкалардын да өмүрүн баалашыбызды каалайт. Мисалы, Адам ата менен Обо эненин улуу баласы Кабыл инисин жек көрө баштаганда, Жахаба ага мунун олуттуу күнөөгө алып барышы мүмкүн экенин эскерткен. Кабыл эскертүүгө кулак какпай койгон. Натыйжада ал «иниси Абылды өлтүрүп койгон» (Башталыш 4:3—8). Жахаба аны инисин өлтүргөнү үчүн жазалаган (Башталыш 4:9—11).

4. Өмүргө карата болгон туура көз караш Мусанын мыйзамында кандайча чагылдырылган?

4 Миңдеген жылдардан кийин Жахаба ысрайыл элине Өзүнө кантип сыйынуу керектигин көрсөткөн мыйзамдарды берген. Муса пайгамбар аркылуу берилгендиктен алар кээде Мусанын мыйзамы деп да аталат. Ошол мыйзамдардын биринде: «Киши өлтүрбө»,— деп айтылган (Мыйзам 5:17). Бул ысрайылдыктарга Кудайдын өмүрдү баалаарын жана адамдар да башкалардын өмүрүн баалашы керектигин көрсөтүп турган.

5. Бойдон алдырууга кандай карашыбыз керек?

5 Ал эми төрөлө элек баланын өмүрү жөнүндө эмне айтууга болот? Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, эненин ичиндеги түйүлдүктү өлтүрүү күнөө деп эсептелчү. Ооба, Жахаба атүгүл төрө элек баланын да өмүрүн баалайт. (Оку: Чыгуу 21:22, 23; Забур 127:3.) Ошондуктан бойдон алдыруу таптакыр туура эмес.

6. Эмне үчүн башкаларды жек көрбөшүбүз керек?

6 Айланабыздагы адамдарга туура мамиле кылуу менен да өмүрдү баалаарыбызды көрсөтөбүз. Ыйык Китепте: «Бир тууганын жек көргөн ар бир адам — киши өлтүргүч. Киши өлтүргүчтүн болсо түбөлүк өмүргө ээ эмес экенин билесиңер»,— делет (1 Жакан 3:15). Түбөлүк өмүргө ээ болгубуз келсе, жек көрүү сезимин жүрөгүбүздөн түп-тамыры менен жок кылганыбыз маанилүү, себеби ал көпчүлүк учурда зордук-зомбулукка алып барат (1 Жакан 3:11, 12). Биз башкаларды сүйүүгө үйрөнүшүбүз керек.

7. Адамдын кандай иштерди кылганы өмүрдү баалабаганын көрсөтөт?

7 Өмүрүбүздү баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз? Адатта, эч кимдин деле өлгүсү келбейт, ошентсе да айрымдар кумарын кандыруу үчүн өмүрүн тобокелге салышат. Мисалы, көптөр тамеки тартат, насыбай чегет же баңгизат колдонот. Андай заттар ден соолукка зыян келтирет, ал тургай, көп учурда өлүмгө дуушар кылат. Аларды колдонгондор өмүрдү баалабайт. Андан сырткары, андай иштер Кудайдын көз алдында ыпылас болуп эсептелет. (Оку: Римдиктер 6:19; 12:1; 2 Корунттуктар 7:1.) Ошондуктан Жахабага жаккыбыз келсе, ушу сыяктуу жаман адаттардан арылышыбыз керек. Бул оңойго турбашы мүмкүн, бирок Кудай бизге сөзсүз жардам берет. Анткени ал биздин өмүрдү белек катары көрүп, аны туура өткөрүү үчүн жасаган аракетибизди жогору баалайт.

8. Эмне себептен коопсуздук чараларын көрүү маанилүү экенин эстен чыгарбашыбыз керек?

8 Өмүрдү бааласак, коопсуздук чараларын көрүү маанилүү экенин да эстен чыгарбайбыз жана аларды сактоого олуттуу карайбыз. Ошондой эле көңүл ачуу же кумарды кандыруу үчүн өмүрүбүздү тобокелге салбайбыз. Машинебизди абайлап айдап, спорттун зордук-зомбулук камтылган же кооптуу түрлөрүнөн качабыз (Забур 11:5). Байыркы ысрайыл элине берилген Мыйзамда: «[Чатыры жалпак] үй кура турган болсоң, кимдир бирөө кулап кетип, үйүңдөгүлөрдүн баары канга забын болуп калбашы үчүн, үйүңдүн үстүнө тегерете тосмо жасап кой»,— деп айтылган (Мыйзам 22:8). Бул мыйзамда чагылдырылган принципке ылайык, бирөө чалынып кетип бир жерин кокустатып албашы үчүн, үйдүн тепкичтерин жана эшиктин алдын жакшы абалда күтүү маанилүү. Машинең бар болсо, аны айдоо коркунучтуу эмес экенине ынангандай бол. Үйүңдүн, машинеңдин коопсуз болушуна кам көр.

9. Өмүрдү бааласак, жаныбарларга кандай мамиле кылабыз?

9 Жаныбарлардын өмүрүнө карата кандай көз карашта болушубуз керек? Жараткандын көз алдында алардын да өмүрү ыйык. Кудайдын тамак-аш жана кийим-кече үчүн же коргонуу максатында айбанаттарды өлтүрүүгө жол бергени чын (Башталыш 3:21; 9:3; Чыгуу 21:28). Бирок аларга ырайымсыз мамиле жасоо же аларды себепсиз эле өлтүрүү туура эмес. Мындай иштер өмүрдү баалабагандыкка жатат (Накыл сөздөр 12:10).

КАНДЫ ЫЙЫК ЭСЕПТӨӨ

10. Кудай өмүр менен кандын ортосунда байланыш бар экенин кантип көрсөткөн?

10 Кабыл иниси Абылды өлтүргөндөн кийин, Жахаба: «Жерден бир тууганыңдын каны мага боздоп жатат»,— деген (Башталыш 4:10). Бул жерде Кудай Абылдын каны тууралуу сөз кылса да, чынында, анын өмүрү жөнүндө айткан. Кабыл Абылдын өмүрүн кыйгандыктан жазаланууга тийиш болгон. Абылдын каны — өмүрү — каймана мааниде Жахабадан адилеттик көрсөтүшүн сурап «боздоп жаткан». Өмүр менен кандын ортосунда байланыш бар экени Топон суудан кийин да баса белгиленген. Топон сууга чейин адамдар мөмө-жемиш, жашылча, жаңгак жана дан өсүмдүктөрү менен азыктанышкан. Андан кийин болсо Жахаба Нух пайгамбар менен балдарына: «Кыбыр эткен тирүү жандыктын баары силерге азык болсун»,— деп айткан. Ошол эле учурда ал: «Болгону, денени жаны менен — каны менен — кошо жебегиле»,— деген чектөө койгон (Башталыш 1:29; 9:3, 4). Ушундайча Жахаба өмүр менен кандын ортосунда тыгыз байланыш бар экенин айкын көрсөткөн.

11. Нух пайгамбардын күндөрүндө берилген кайсы буйрук дагы эле күчүндө?

11 Канды тамак-ашка колдонбоо менен да аны ыйык эсептээрибизди көрсөтөбүз. Ысрайыл элине берилген Мыйзамда: «Эгерде Ысрайыл уулдарынан кимдир бирөө... аңчылык кылып, этин жесе боло турган жаныбарды же канаттууну кармап алса, анын канын агызып, жерге көмүп койсун... Мен Ысрайыл уулдарына: „Эч кандай жандыктын канын жебегиле...“ — деп айткам»,— деп жазылган (Лебилер 17:13, 14). Демек, 800 жылдай мурун Нух пайгамбарга берилген буйрук ал кезде дагы эле күчүндө болгон. Мындан Жахабанын көз карашы айкын көрүнүүдө: ал кызматчыларына эт жегенге уруксат бергени менен, канды тамак-ашка колдонууга тыюу салган. Аны жерге төгүп салуу, мындайча айтканда, жаратууларынын өмүрүн Кудайга кайрып берүү талап кылынчу.

Догдур ичимдик ичпе десе, аны венаң аркылуу куйдурат белең?

12. Канга байланыштуу 1-кылымда ыйык рух аркылуу берилген кайсы буйрукка азыр да баш иебиз?

12 Ушу сыяктуу буйрук Исанын жолдоочуларына да берилген. 1-кылымда жетекчиликти колго алган элчилер менен аксакалдар жыйналыштардын баары кайсы мыйзам-жоболорго баш ийүүгө тийиш экенин чечүүгө чогулушкан. Анан төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен: «Ыйык рух жана биз силерге төмөнкү зарыл нерселерден сырткары кошумча жүк жүктөбөөнү туура деп таптык: арам өлгөн жаныбардын этин жегенден, буркандарга багышталган нерселерди, канды колдонуудан жана бузуктук кылуудан качкыла» (Элчилер 15:28, 29; 21:25). Демек, «канды колдонбошубуз» керек. Бул буйрукту бузсак, Кудайдын көз алдында бурканга табынгандай же бузуктук кылгандай эле жийиркеничтүү иш жасаган болобуз.

13. Канга байланыштуу буйрук кан куйдурууга да тиешелүү экенин мисал менен бышыкта.

13 Канга байланыштуу буйрук кан куйдурууга да тиешелүүбү? Ооба. Мисалы, догдур сага ичимдик ичүүгө болбой турганын айтты дейли. Бул ичимдикти ичүүгө болбогону менен, аны ийне аркылуу венага куя берсе болот дегенди билдиреби? Албетте, жок! Анын сыңарындай, канды колдонбоо аны денебизге эч кандай жол менен кабыл албоо керектигин билдирет. Демек, жогорудагы буйрукка ылайык, биз эч качан кан куйдурбайбыз.

14, 15. Эгер догдурлар Кудайдын кызматчысына кан куйдуруш керек десе, ал эмне кылат жана эмне үчүн?

14 Оор жаракат алганда же татаал операция жасоо керек болгондо Жахабанын кызматчысы эмне кылат? Мындай учурда догдурлар ага кан куйдурбасаң, өлүп каласың деши мүмкүн. Албетте, ал өлгүсү келбейт. Ошондуктан Кудайдын баа жеткис белеги болгон өмүрдү сактоо үчүн кан куйдуруудан башка жолдор менен дарыланууга макул болот. Ал кансыз дарылоонун өзүнө ылайык келген жолдорун тандайт.

15 Кудайдын кызматчысы азыркы дүйнөдө өмүрүн анча-мынча узартыш үчүн анын мыйзамын бузабы? «Ким өз жанын сактагысы келсе, ал андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жанынан айрылса, ал аны сактап калат»,— деген Иса Машаяк (Матай 16:25). Албетте, биз өлгүбүз келбейт. Бирок өмүрүбүздү сактап калуу үчүн Кудайдын мыйзамын буза турган болсок, келечектеги түбөлүк өмүрдөн айрылып калышыбыз мүмкүн. Жахабанын мыйзамдарынын туура экенине күмөн санабоо менен акылдуулук көрсөтөбүз. Эгер кайсы бир себептен улам көз жума турган болсок, өмүрдүн булагы Жахаба бизди сөзсүз эстээрине жана тирилтерине толук ишенсек болот (Жакан 5:28, 29; Еврейлер 11:6).

16. Кудайдын кызматчылары канды колдонууга байланыштуу кандай көз карашта?

16 Кудайдын ишенимдүү кызматчылары анын канга карата берген буйругуна баш ийүүгө чечкиндүү. Алар аны тамак-ашка да, медициналык максатта да колдонушпайт *. Себеби канды кандайча колдонуу керектигин аны жараткан Кудай гана баарынан жакшы билерине ишенишет. Сенчи?

КАНДЫН ТУУРА МАКСАТТА КОЛДОНУЛУШУ

17. Жахабанын эркине ылайык, байыркы убакта кан кандай максатта гана колдонулган?

17 Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, кан бир эле максатта колдонулушу керек болчу. Жахаба байыркы ысрайыл элине: «Тирүү жандыктардын өмүрү канда, күнөөдөн арылышыңар үчүн мен канды курмандык жайында колдонууга белгиледим. Силер кан аркылуу күнөөдөн арыласыңар»,— деген (Лебилер 17:11). Күнөөлөрү кечирилиши үчүн, ысрайылдыктар жаныбарларды курмандыкка чалып, алардын канын жыйын чатырында, кийинчерээк болсо ибадатканада жайгашкан курмандык чалынуучу жайга чачыратууга тийиш болчу. Кан ушундай максатта гана колдонулушу керек эле.

18. Иса Машаяктын канынын төгүлүшү эмнелерге жол ачкан?

18 Жахабанын кызматчылары бүгүнкү күндө Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга баш ийүүгө милдеттүү эмес. Ошондуктан алар жаныбарларды курмандыкка чалышпайт жана алардын канын курмандык чалынуучу жайга чачыратышпайт (Еврейлер 10:1). Анткен менен байыркы Ысрайылда кандын ушундай максатта колдонулушу келечекте Кудайдын Уулунун, Иса Машаяктын, баа жеткис курмандык алып келерин көрсөтүп турган. Бул китептин 5-бөлүмүнөн билгенибиздей, Иса биз үчүн канын төгүп, өмүрүн курмандыкка берген. Андан кийин асманга көтөрүлүп, канынын баасын «бир эле жолу» жана биротоло Кудайга тапшырган (Еврейлер 9:11, 12). Мунун аркасында күнөөлөрүбүздүн кечирилишине негиз түзүлүп, түбөлүк өмүргө жол ачылган (Матай 20:28; Жакан 3:16). Ооба, Исанын төгүлгөн каны кандай гана зор мааниге ээ! (1 Петир 1:18, 19). Анткени анын биз үчүн канын төккөнүнө ишенгенде гана куткарыла алабыз.

Өмүрдү жана канды баалаарыңды кантип көрсөтө аласың?

19. «Эч кимдин канына забын» болбош үчүн эмне кылышыбыз керек?

19 Өмүр белеги үчүн биз Жахаба Кудайга чексиз ыраазыбыз! Бул Исанын курмандыгына ишенүүнүн аркасында түбөлүк жашай аларыбыз жөнүндө башкаларга айтууга түрткү бериши керек эмеспи? Өмүргө карата Кудайдыкындай көз карашта болсок, түбөлүк өмүр тууралуу өзгөчө ынталуулук менен жарыялайбыз. (Оку: Жезекиел 3:17—21.) Эгерде ал ишке тырышчаактык менен катышсак, элчи Пабылга окшоп: «Мен эч кимдин канына забын эмесмин, анткени силерге Кудайдын эркин толугу менен жарыялоодон баш тарткан жокмун»,— деп айта алабыз (Элчилер 20:26, 27). Башкаларга Кудай жана анын ой-ниети жөнүндө айтып, өмүр менен канды жогору баалаарыбызды көрсөтөбүз.

^ 16-абз. Кан куюунун альтернативалары менен таанышуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Кансыз дарылоо ыкмалары жөнүндөгү документалдык тасмалар» деген тасманы көр.