Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Канткенде үй-бүлө бактылуу болот?

Канткенде үй-бүлө бактылуу болот?
  • Жакшы күйөө кандай болот?

  • Канткенде аял өз милдетин жакшы аткара алат?

  • Жакшы ата-эне болуу үчүн эмне кылыш керек?

  • Балдар үй-бүлөнүн бактылуу болушуна кантип салым кошо алат?

1. Үй-бүлөлүк бакыттын ачкычы эмнеде?

ЖАХАБА КУДАЙ үй-бүлөңдүн бактылуу болушун каалайт. Анын Сөзүндө, Ыйык Китепте, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө Кудайдын кандай роль бергени айтылат жана аларды аткарууга жардам берерлик жетекчилик камтылат. Эгер үй-бүлөдөгүлөрдүн баары Жахабанын кеңештерине ылайык иш кылса, натыйжасы эң сонун болот. Иса: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айткан (Лука 11:28).

2. Үй-бүлөбүз бактылуу болушу үчүн, эмнени билишибиз зарыл?

2 Үй-бүлөбүз бактылуу, бекем болушу үчүн, аны Иса Машаяк «асмандагы Атабыз» деп атаган Жахаба Кудай негиздегенин билишибиз зарыл (Матай 6:9). Жер бетиндеги ар бир үй-бүлө бар болгону үчүн асмандагы Атабызга милдеттүү. Ал үй-бүлөнүн бактылуу болушуна эмне өбөлгө түзөрүн баарынан жакшы билет (Эфестиктер 3:14, 15). Кел анда, үй-бүлөдө кимге кандай роль берилгени тууралуу Ыйык Китепте эмне айтылганын карап көрөлү.

КУДАЙ — ҮЙ-БҮЛӨНҮН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ

3. Үй-бүлөнүн кантип пайда болгону тууралуу Ыйык Китепте эмне делет жана ал билдирүүнүн чындык экенин кайдан билебиз?

3 Жахаба Адам ата менен Обо энени жаратып, экөөнү бир үй-бүлө кылган. Анан жер бетиндеги кооз бейишке — Эйден багына — жайгаштырып: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле»,— деп айткан (Башталыш 1:26—28; 2:18, 21—24). Бул билдирүү жомок же уламыш эмес. Себеби Башталыш китебинде үй-бүлөнүн кантип жаралганы жөнүндө айтылгандардын чындык экенин Иса пайгамбар да ырастаган (Матай 19:4, 5). Бүгүнкү жашоо Кудай каалагандай болбосо да жана күн сайын көптөгөн көйгөйлөргө кабылып жатсак да, үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу боло алабыз. Буга шектенбөөгө кандай негиз бар экенин карап көрөлү.

4. а) Үй-бүлөнүн бактылуу болушуна анын ар бир мүчөсү кантип өбөлгө түзө алат? б) Бактылуу үй-бүлөлөрдөн болуу үчүн эмне себептен Иса Машаяк тууралуу окуп-билүү маанилүү?

4 Сүйүү көрсөтүү жагынан Кудайды тууроо менен ар бир адам үй-бүлөсүнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзө алат (Эфестиктер 5:1, 2). Бирок кимдир бирөө: «Кудайды көрбөсөк, аны кантип туурай алабыз?» — деши мүмкүн. Жахаба жөнүндө биз анын тун Уулу Иса тууралуу окуу менен көптү биле алабыз (Жакан 1:14, 18). Жерде жүргөндө ал асмандагы Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган. Андыктан Иса Машаякты угуп-көргөндөр Жахабанын өзүн угуп-көргөндөй эле болушкан (Жакан 14:9). Демек, Исанын кантип сүйүү көрсөткөнү жөнүндө окуп, андан үлгү алсак, үй-бүлөбүздүн бактылуу болушуна шарт түзөбүз.

КҮЙӨӨЛӨР ҮЧҮН ҮЛГҮ

5, 6. а) Иса жыйналышка жасаган мамилеси менен күйөөлөргө кандай үлгү калтырган? б) Күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн эмне кылышыбыз керек?

5 Ыйык Китепте Иса Машаяк шакирттерине кандай мамиле жасаса, күйөөсү аялына ошондой мамиле жасашы керектиги айтылат. Мисалы, анда төмөнкүдөй көрсөтмө берилет: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген... Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт. Машаяк да жыйналышка ушинтип кам көрөт» (Эфестиктер 5:23, 25—29).

6 Иса жолдоочуларынан турган жыйналышка сүйүү көрсөтүү менен күйөөлөр үчүн эң сонун үлгү калтырган. Шакирттери жеткилеңсиз болсо да, Машаяк алар үчүн өмүрүн берип, «аларды акырына чейин сүйгөн» (Жакан 13:1; 15:13). Күйөөлөр да аялдарына болгон «сүйүүсүн муздатпоого», «аларга каарданбоого» чакырылат (Колосалыктар 3:19). Күйөө канткенде дайыма, өзгөчө, аялы жаңылган учурларда бул кеңешке ылайык иш кыла алат? Ал өзүнүн да ката кетирерин жана Кудайдын кечиришине муктаж экенин эстен чыгарбаганы абзел. Демек, Жахаба кечириши үчүн, ал эмне кылышы керек? Өзүнө каршы күнөө кылгандарды, анын ичинде жубайын да кечириши кажет. Албетте, бул аялдан да талап кылынат. (Оку: Матай 6:12, 14, 15.) Бактылуу нике бири-бирин кечирүүгө даяр эки адамдын шериктиги деп бекеринен айтылган эмес.

7. Иса Машаяк жолдоочуларына кандай мамиле кылган жана күйөөлөр мындан эмнеге үйрөнө алышат?

7 Иса Машаяк күйөөлөргө дагы бир жагынан үлгү калтырган. Ал жолдоочуларына дайыма түшүнүү менен мамиле кылып, алардын абалын, муктаждыктарын эске алчу. Бир жолу алардын чарчаганын байкап: «Ээн жерге барып, бир аз эс алып алгыла»,— деп айткан (Марк 6:30—32). Күйөөлөр да аялдарына түшүнүү менен мамиле кылып, аларга кам көрүшү зарыл. Ыйык Китепте аялзатынын «морт идиштей» алсызыраак экени айтылып, күйөөлөрдөн аларга урмат көрсөтүү талап кылынат. Эмне үчүн? Себеби эркектер да, аялдар да бирдей сыйлыкка, «баа жеткис өмүр белегине», ээ болушат (1 Петир 3:7). Кудай үчүн адамдын аял же эркек болгону эмес, анын ишенимдүү болгону маанилүү. Күйөөлөр муну унутпашы керек (Забур 101:6).

8. а) Эмне үчүн «аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт» деп айтууга болот? б) Күйөө менен аялдын «бир дене» болушу эмнени билдирет?

8 Ыйык Жазмада: «Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт»,— деп айтылган. Себеби, Иса белгилегендей, эркек менен аял баш кошкондон кийин «эки эмес, бир дене» болуп калат (Матай 19:6). Андыктан алар бири-бири менен гана жыныстык мамиледе болушу керек (Накыл сөздөр 5:15—21; Еврейлер 13:4). Эгер алар биринчи кезекте өзүнүн эмес, жарынын муктаждыгын ойлосо, бири-бирине берилгендигин сактай алышат (1 Корунттуктар 7:3—5). Ыйык Китептеги: «Эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт»,— деген сөздөр да көңүлгө аларлык. Күйөө аялын өз жанындай сүйүп, башчысы Иса Машаяктын алдында жооптуу экенин эстен чыгарбашы кажет (Эфестиктер 5:29; 1 Корунттуктар 11:3).

9. Филипиликтер 1:8де Исанын кайсы сапаты тууралуу айтылат жана эмне үчүн күйөө аялына мамиле жасоодо аны чагылдырууга тийиш?

9 Элчи Пабыл Исанын сүйүүсү тууралуу сөз кылган (Филипиликтер 1:8). Исанын элге жумшак мамиле жасаганы башкаларды өзүнө тартып турган. Ошондуктан шакирттеринин арасында аялдардын да болгону таң калыштуу эмес (Жакан 20:1, 11—13, 16). Ооба, аял күйөөсүнүн ага сүйүү менен, жумшак мамиле жасашын каалайт.

АЯЛДАР ҮЧҮН ҮЛГҮ

10. Иса Машаяк аялдарга кандай үлгү калтырган?

10 Үй-бүлө эки же андан көп адамдан турат. Ал бекем жана бактылуу болушу үчүн, анын башчысы болууга тийиш. Атүгүл Исанын да башчысы бар. «Машаяктын башчысы Кудай» болгондой эле, «аялдын башчысы эркек» (1 Корунттуктар 11:3). Демек, ар бирибиз кимдир бирөөгө баш ийүүгө тийишпиз. Ошондуктан Кудайга бардык жагынан баш ийген Иса Машаяктан үлгү алганыбыз маанилүү.

11. Аялы күйөөсүнө кандай мамиле жасашы керек жана анын жакшы жүрүм-туруму кандай натыйжага алып келиши ыктымал?

11 Жеткилең эмес болгондуктан күйөө ката кетириши, кээде башчылык милдетин тийиштүү түрдө аткарбашы ыктымал. Андайда жубайы эмне кылышы керек? Анын күйөөсүн кемсинткени же аны башкарууга умтулганы таптакыр туура эмес. Ал Кудайдын көз алдында токтоолук жана жумшактык жогору бааланарын эстен чыгарбашы керек (1 Петир 3:4). Эгер аял ушундай сапаттарды чагылдырса, оор жагдайда да күйөөсүнө баш ийүү оңоюраак болот. Андан сырткары, Ыйык Китепте: «Аял... күйөөсүн терең урматтасын»,— деп айтылат (Эфестиктер 5:33). Бирок күйөөсү Машаякты башчысы катары кабыл албасачы? Андай аялдарга Ыйык Жазмада төмөнкүдөй кеңеш берилет: «Силер, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун. Алар силердин терең урмат көрсөтүп жатканыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп, Сөзгө баш ийишсин» (1 Петир 3:1, 2).

12. Эмне үчүн аялдын өз оюн сылык билдиргени орунсуз эмес?

12 Күйөөсү чындык жолунда жүрөбү же жокпу, аял кайсы бир маселе боюнча күйөөсүнүн оюна кошулбаса, ал жөнүндө сылык айтса болот. Бул анын жолдошун урматтабай турганын билдирбейт. Аялынын сунушу туура болушу жана бүт үй-бүлөсүнө пайда алып келиши мүмкүн. Бир жолу Ыбрайым пайгамбар үй-бүлөсүндө пайда болгон көйгөйдү аялы Саара айткандай чечүүнү каалабаганда, Кудай ага: «Анын айтканын ук»,— деген. (Оку: Башталыш 21:9—12.) Бирок күйөөсү чыгарган акыркы чечим Кудайдын мыйзамына каршы келбесе, аялы баш ийип, аны колдоого тийиш (Элчилер 5:29; Эфестиктер 5:24).

Саара аялдарга кандай үлгү калтырган?

13. а) Тит 2:4, 5-аяттарда аялдар эмне кылууга чакырылат? б) Ыйык Китепте бөлөк жашоо жана ажырашуу тууралуу эмне делет?

13 Өзүнүн ролун туура аткаруу менен аял үй-бүлөнүн бактылуу болушуна чоң салым кошо алат. Ыйык Китеп зайыптарды «күйөөсүн, балдарын сүйүүгө, акыл-эстүү, адеп-ахлактык жактан таза болууга, үйүнө кам көрүүгө, жакшылык кылууга, күйөөсүнө баш ийүүгө» үндөйт (Тит 2:4, 5). Бул кеңешке карманган аялды күйөөсү да, балдары да жакшы көрүп, сыйлайт. (Оку: Накыл сөздөр 31:10, 28.) Нике жеткилеңсиз адамдардан тургандыктан, кээде олуттуу себептерден улам бөлөк жашоого же ажырашууга туура келиши мүмкүн. Ыйык Китеп боюнча айрым учурларда бөлөк жашоого жол берилет. Бирок мындай чечим жеңил ойлуулук менен чыгарылбашы абзел, себеби Кудайдын Сөзүндө: «Аял күйөөсүнөн кетпесин... Күйөөсү да аялын таштабасын»,— деп буйрук кылынат (1 Корунттуктар 7:10, 11). Ыйык Китепке ылайык, жубайлардын бири жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганда гана ажырашууга жол берилет (Матай 19:9).

АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН ҮЛГҮ

14. Иса балдарга кандай мамиле кылган жана балдар эмнеге муктаж?

14 Балдарга мамиле жасоодо Иса ата-энелерге мыкты үлгү калтырган. Шакирттер кичинекей балдарга Исанын жанына барууга тыюу салганда, ал: «Балдарды мага коё бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла»,— деген. Анан аларды «кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын берген» (Марк 10:13—16). Исага окшоп, балдарыбызга көңүл бурганыбыз маанилүү. Алар биздин бир аз эле эмес, көп убакыт бөлүшүбүзгө муктаж. Ата-энелер, балдарыңарды окутуп-үйрөтүүгө убакыт тапкыла, себеби муну силерден Жахаба талап кылат. (Оку: Мыйзам 6:4—9.)

15. Балдарын коргош үчүн ата-эне эмне кылышы керек?

15 Азыркы заман күндөн күнгө бузулуп бараткандыктан, ата-энелер балдарын ар кандай бузуку адамдардан, мисалы, аларды жыныстык жактан бузууну көздөгөндөрдөн коргошу абзел. Иса пайгамбар кээде жолдоочуларына «балдар» деп кайрылган жана аларды коргогон. Душмандар аны өлтүрүш үчүн кармаганы келгенде, ал шакирттерин коргоп: «Буларды коё бергиле»,— деген (Жакан 13:33; 18:7—9). Ата-энелер, балдарыңарды Шайтандын айла-амалдарынан сакташ үчүн кыраакы болушуңар керек. Аларга акыл айтып, коркунучтуу жагдайлардан качууга жардам беришиңер кажет * (1 Петир 5:8). Бүгүн аларды бардык жактан, анын ичинде рухий жана адеп-ахлактык жактан коргоо болуп көрбөгөндөй маанилүү.

Ата-энелер Иса Машаяктан эмнеге үйрөнө алышат?

16. Исанын жеткилең эмес шакирттерине жасаган мамилесинен ата-энелер эмнеге үйрөнө алышат?

16 Иса Машаяктын жердеги жашоосунун акыркы түнү шакирттери кимиси баарынан чоң экени тууралуу талашышкан. Иса ал жолкусунда да ачууланбай, мээримдүүлүк менен насаат айтып, сөзү жана иши менен үлгү көрсөткөн (Лука 22:24—27; Жакан 13:3—8). Эгер балаң бар болсо, аны оңдоп-түзөөдө Исаны кантип туурай аласың? Айрым учурларда аны тартипке салуу керек болуп калат. Андайда «чени менен оңдоп-түзөө», ачууга алдырбоо маанилүү. «Ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралагандан» качканың абзел (Жеремия 30:11; Накыл сөздөр 12:18). Балаң кийин жазанын өз убагында берилгенин жана кандай пайда алып келгенин түшүнгөндөй болушу керек (Эфестиктер 6:4; Еврейлер 12:9—11).

БАЛДАР ҮЧҮН ҮЛГҮ

17. Иса Машаяк балдарга кандай үлгү калтырган?

17 Иса Машаяктан балдар эмнеге үйрөнө алышат? Иса ата-энеге баш ийүү жагынан эң сонун үлгү калтырган. Мисалы, ал: «Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөйм»,— деп айткан. Анан: «Мен ар дайым ага жакканды кылам»,— деп кошумчалаган (Жакан 8:28, 29). Ооба, Иса ар убак асмандагы Атасына баш ийген. Ыйык Китепте балдардын да ата-энелерине баш ийиши керектиги айтылат. (Оку: Эфестиктер 6:1—3.) Иса өзү жеткилең болсо да, жеткилең эмес ата-энесинин, Жусуп менен Мариямдын, тилин алган. Бул анын үй-бүлөсүнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзгөнү шексиз (Лука 2:4, 5, 51, 52).

18. Эмне үчүн Иса ар дайым асмандагы Атасына баш ийген жана балдар ата-энесине баш ийүү менен кимди сүйүнтүшөт?

18 Балдар канткенде Исаны туурап, ата-энесин кубандыра алышат? Ата-энеге баш ийүү кээде оңойго турбасы чын, бирок муну Кудай талап кылат (Накыл сөздөр 1:8; 6:20). Иса ар дайым, атүгүл оор жагдайда да асмандагы Атасына баш ийген. Мисалы, бир жолу Кудай тапшырган ишти аткаруу өзгөчө кыйын болгондо, ал: «Бул чөйчөктү [белгилүү бир талапты] менден алыстата көр»,— деп тиленген. Ошентсе да Атасынын эркине ылайык иш кылган, анткени анын эмне кылуу керектигин жакшы билерине шектенген эмес (Лука 22:42). Тил алчаак болууга үйрөнүү менен балдар ата-энелерин да, асмандагы Атасын да сүйүнтүшөт * (Накыл сөздөр 23:22—25).

Азгырыкка дуушар болгондо жаштар эмнени эстен чыгарбашы керек?

19. а) Шайтан балдарды кантип азгырат? б) Баланын туура эмес жүрүм-туруму ата-энесине кандай таасир этет?

19 Шайтан Исаны азгырууга аракет кылгандыктан, анын балдарды да жөн койбосу анык (Матай 4:1—10). Ал жаштарга көбүнчө курбулары аркылуу кысым көрсөтөт жана ага каршы туруу дайыма эле оңой боло бербейт. Ошондуктан балдардын жаман чөйрөдөн качканы абдан маанилүү (1 Корунттуктар 15:33). Жакыптын кызы Дина Жахабага сыйынбагандар менен достошкондуктан чоң каргашага кабылган (Башталыш 34:1, 2). Эгер бала жыныстык жактан ыпылас иш кылса, үйүндөгүлөрү канчалык азап тартарын элестетсең (Накыл сөздөр 17:21, 25).

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ

20. Үй-бүлө бактылуу болушу үчүн, анын ар бир мүчөсү эмне кылууга тийиш?

20 Ыйык Китептеги кеңештер үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды чечүүгө жардам берет. Аларды иш жүзүндө колдонсо, үй-бүлө бактылуу болот. Ошондуктан күйөөлөр, аялыңарды сүйгүлө жана Иса Машаяк жыйналышка кандай мамиле жасаса, аларга ошондой мамиле жасагыла. Зайыптар, күйөөңөргө баш ийип, Накыл сөздөр 31:10—31-аяттарда сүрөттөлгөн жакшы аялдай болгула. Ата-энелер, балдарыңарга таалим-тарбия бергиле (Накыл сөздөр 22:6). Аталар, үй-бүлөңөрдү «жакшы башкара билгиле» (1 Тиметей 3:4, 5; 5:8). Балдар, силер болсо ата-энеңерге баш ийгиле (Колосалыктар 3:20). Үй-бүлө жеткилеңсиз адамдардан тургандыктан, анын ар бир мүчөсү ката кетирет. Андыктан момун болуп, бири-бириңерден кечирим сурагыла.

21. Алдыда кандай келечек күтүп турат жана канткенде үй-бүлөбүз азыртадан эле бактылуу болот?

21 Ырас, Ыйык Китеп үй-бүлөнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзгөн кеңештер менен көрсөтмөлөргө бай. Ошондой эле анда Жахабанын жаңы дүйнөнү орнотору жана бейишке айланган жер бети ага сыйынган бактылуу адамдарга толору жөнүндө айтылат (Аян 21:3, 4). Алдыда кандай сонун келечек күтүп турат! Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди колдонсок, үй-бүлөбүз азыртадан эле бактылуу болот.

^ 15-абз. Балдарды коргоого байланыштуу пайдалуу кеңештерди Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген китептин 32-бөлүмүнөн таба аласың.

^ 18-абз. Ата-энеси Кудайдын кайсы бир мыйзамын бузууну талап кылганда гана бала аларга тил албай койсо болот (Элчилер 5:29).