Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

Чындык жолуна түш

Чындык жолуна түш
  • Сөлөкөттөргө жана ата-бабаларга сыйынуу жөнүндө Ыйык Китепте эмне айтылат?

  • Кудайдын кызматчылары диний майрамдарга кандай карашат?

  • Ишенимиң тууралуу башкаларга кантип сылыктык менен айтып берсең болот?

1, 2. Жалган динден чыккан соң эмне деп ойлонуп көрүшүң керек жана бул эмне үчүн маанилүү?

СЕН жашаган аймактын ууланып калганын билип калдың дейли. Кара ниет бирөө билгизбей уулуу заттарды таштап жүргөндүктөн, ал жерде жашаган адамдардын өмүрүнө коркунуч туулууда. Сен эмне кыласың? Мүмкүн болсо, ал аймактан көчүп кетесиң, чынбы? Ошондой эле ууланып калган-калбаганыңды сөзсүз текшерүүгө аракеттенесиң.

2 Жалган дин жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ыйык Китепте анын жалган окуулар менен каада-салттарга «ууланып» калганы айтылат (2 Корунттуктар 6:17). Ошондуктан «Улуу Бабылга» кирген жалган диндердин кайсы бирин тутуп жүрсөң, андан чыкканың маанилүү (Аян 18:2, 4). Сен бул кадамды жасадыңбы? Эгер жасасаң, мактоого татыктуусуң. Бирок бул жетишсиз. «Жалган дин менен болгон байланышымды толук үздүмбү?» — деп ойлонуп көр. Кел, бул эмнени билдирерин карап көрөлү.

СӨЛӨКӨТТӨРГӨ ЖАНА АТА-БАБАЛАРГА СЫЙЫНУУ

3. а) Сөлөкөттөргө сыйынуу жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет жана эмне үчүн айрымдарга Кудайдын көз карашын кабыл алуу оор болушу ыктымал? б) Жалган дин менен байланышы бар буюмдарыңды эмне кылышың керек?

3 Айрымдар үйлөрүндө сөлөкөттөрдү же ыйык деп эсептелген буюмдарды сактап келишет. Сенчи? Балким, сага да андай нерселерсиз Кудайга сыйынуу мүмкүн эместей сезилеттир. Алардын айрымдарын өзгөчө аздектейттирсиң. Бирок Кудайга кантип сыйынуу керектигин ал өзү көрсөтүшү керек эмеспи? Ыйык Китепте анын сыйынууда сөлөкөттөрдү колдонушубузду каалабасы айтылат. (Оку: Чыгуу 20:4, 5; Забур 115:4—8; Ышая 42:8; 1 Жакан 5:21.) Ошондуктан чындык жолунда жүрүш үчүн, жалган дин менен байланышы бар буюмдарыңдын баарын жок кылышың керек. Жахабага окшоп, аларды «жийиркеничтүү» нерсе катары эсепте (Мыйзам 27:15).

4. а) Арбакка сыйынуу курулай убаракерчилик экенин кайдан билебиз? б) Эмне себептен Жахаба өз элине спиритизм менен алектенүүгө тыюу салган?

4 Көптөгөн жалган диндерде өлгөн адамдарга сыйынуу кеңири таралган. Чындыкты тааныганга чейин айрымдар өлгөндөн кийин адам арбакка айланып, тирүүлөргө жардам берет же зыян келтирет дегенге ишенип келишкен. Мүмкүн, сен да мурун арбактарды ыраазы кылуу үчүн көп күч жумшап келгендирсиң. Бирок 6-бөлүмдө айтылгандай, өлгөндөн кийин адам эч жерде жашабайт. Ошондуктан аны менен пикирлешүүгө умтулуу — курулай убаракерчилик. Өлгөн жакындарыбыздан келгендей көрүнгөн кабарларды, чынында, жин-перилер жиберет. Ошол себептен Жахаба ысрайылдыктарга өлгөндөр менен сүйлөшүүгө жана спиритизмдин башка түрлөрү менен алектенүүгө тыюу салган. (Оку: Мыйзам 18:10—12.)

5. Мурун кайсы бир нерселерге же арбактарга сыйынып келсең, эмне кылышың керек?

5 Эгер мурун кайсы бир нерселерге же арбактарга сыйынып келсең, эмне кылышың керек? Ыйык Китептен Кудайдын буга кандай караарын көрсөткөн билдирүүлөрдү окуп, алардын үстүнөн ой жүгүрт. Күн сайын Кудайга чындык жолуна түшкүң келерин айтып, анын көз карашына ээ болууга жардам беришин сура (Ышая 55:9).

МАШАЯКТЫН АЛГАЧКЫ ЖОЛДООЧУЛАРЫ РОЖДЕСТВОНУ БЕЛГИЛЕШКЕН ЭМЕС

6, 7. а) Рождество майрамы эмнеге арналган жана Исанын алгачкы жолдоочулары аны белгилешкенби? б) 1-кылымда туулган күндү белгилөө эмне менен байланыштуу болгон?

6 Азыркы кеңири тараган майрамдардын көбүнүн жалган динге байланышы бар. Мисалга Рождествону алалы. Бул майрам Иса Машаяктын туулган күнүнө арналган деп эсептелет жана аны христиан деп аталган диндердин дээрлик баары белгилейт. Бирок Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары аны майрамдашканын көрсөткөн эч кандай далил жок. Бир китепте: «Машаяк төрөлгөндөн кийин 1, 2-кылымдарда анын туулган күнүн эч ким билген эмес, ага кызыккандар да саналуу эле болгон»,— деп айтылат («Sacred Origins of Profound Things»).

7 Исанын жолдоочулары анын туулган күнүнүн так датасын билишкен күндө да аны белгилешмек эмес. Эмне үчүн? Анткени «Уорлд бук» энциклопедиясында айтылгандай, алар «туулган күндү белгилөөнү бутпарастарга таандык каада катары эсептешкен». Ыйык Китепте туулган күнүн белгилеген эки гана адам жөнүндө айтылат. Ал башкаруучулардын экөө тең Жахабага сыйынышкан эмес (Башталыш 40:20; Марк 6:21). Андан сырткары, туулган күндү белгилөө жалган кудайларга сыйынуу менен байланышта болгон. Мисалы, римдиктер 24-майда Диана аттуу аял кудайынын, эртеси күнү болсо күндүн кудайы болуп эсептелген Аполлондун туулган күнүн белгилешчү. Демек, туулган күндү белгилөө чыныгы дин менен эмес, жалган дин менен байланыштуу болгон.

8. Туулган күндү белгилөөнүн ырым-жырымдар менен кандай байланышы бар экенин түшүндүрүп бер.

8 Исанын алгачкы жолдоочулары дагы бир себептен анын туулган күнүн белгилешмек эмес. Сыягы, алар туулган күндү белгилөө ырым-жырымдар менен байланыштуу экенин билишкен. Алсак, байыркы убакта көптөгөн гректер менен римдиктер адам менен кошо аны өмүр бою коргоп жүрө турган руху да төрөлөт деп ишенишчү. «Ал рухтун адам кайсы кудайдын туулган күнүндө төрөлсө, ошол кудай менен кандайдыр бир сыйкырдуу байланышы бар деп эсептелчү»,— делет бир китепте («The Lore of Birthdays»). Жахаба, албетте, ырым-жырымдарга байланышы бар кайсы бир аземдин Исага карата өткөрүлүшүн жактырмак эмес (Ышая 65:11, 12). Анда эмне үчүн көптөр Рождествону майрамдап калышкан?

РОЖДЕСТВОНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

9. Эмнеден улам 25-декабрь Исанын туулган күнү катары белгиленип калган?

9 Иса Машаяк жерде жашап кеткенден 300 жылдай өткөндөн кийин гана көптөр анын туулган күнүн 25-декабрда белгилей башташкан. Бирок Иса ал күнү эмес, болжолу, октябрь айында төрөлгөн *. Анда эмне себептен 25-декабрь тандалган? Сыягы, өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп атагандар анын туулган күнүн «бутпарас римдиктер жеңилгис күн кудайынын урматына өткөргөн майрам менен бирге белгилөөнү каалашкан» («Жаңы Британ энциклопедиясы»). Кышында күндүн күчү кайта түшкөндө, жалган кудайларга сыйынгандар жылуулук менен жарыктын булагын алыскы сапарынан кайтаруу үчүн майрамдарды өткөрүшчү. Алар так ошол 25-декабрда күн артты көздөй жол тартат деп ойлошчу. Бутпарастарды өзүнүн динине тартуу максатында диний жетекчилер ал майрамды кабыл алып, «христиандардын» майрамындай кылып көрсөтүүгө аракет кылышкан *.

10. Эмне себептен бир кездерде Рождество майрамдалбай калган?

10 Рождествонун бутпарастардан калган майрам экени байыртан эле маалым. Ыйык Китепке негизделбегендиктен, 17-кылымда Англия жана Американын карамагындагы айрым жерлерде аны белгилөөгө тыюу салынган. Ал күнү жумушка чыкпай үйүндө калгандар айып пул төлөчү. Бирок бара-бара эски каада-салттар кайра күчүнө кирген жана аларга жаңылары кошулган. Натыйжада Рождество мурункудай эле жалпынын колдоосуна алынып, көптөгөн өлкөлөрдө чоң майрам катары белгиленип келет. Кудайга жагууну каалагандар Рождествону жана жалган дин менен байланышы бар башка майрамдарды белгилешпейт *.

МАЙРАМДЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫН ЭСКЕ АЛУУ МААНИЛҮҮБҮ?

11. Кээ бирөөлөр майрамдарды эмне үчүн белгилешет? Биз биринчи кезекте эмнени ойлошубуз керек?

11 Кээ бирөөлөр Рождествонун жалган дин менен байланышы бар экенин билишсе да, аны майрамдоонун эч жаман жери деле жок деп ойлошот. Андан сырткары, көптөр кайсы бир майрамды белгилегенде динди оюна да алышпайт. Алар андай учурларды үй-бүлө менен чогуу убакыт өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгү катары көрүшөт. Сен да ушинтип ойлойсуңбу? Анда чындык жолуна түшүүгө жалган динге эмес, үй-бүлөңө болгон сүйүүң тоскоолдук кылып жатышы ыктымал. Кандай болбосун, үй-бүлөнүн негиздөөчүсү Жахабанын үй-бүлөң менен жакшы мамиледе болушуңду каалаарына эч шектенбе (Эфестиктер 3:14, 15). Жакындарың менен болгон мамилеңди Кудайга жаккан жол менен бекемдей аласың. Элчи Пабыл: «Теңирге эмне жагарын баамдап биле бергиле»,— деп айтуу менен биринчи кезекте эмнени ойлошубуз керектигин көрсөткөн (Эфестиктер 5:10).

Кир сууда жаткан момпосуйду алып жейт белең?

12. Кир «булактан» чыккан каада-салттар менен майрамдардан эмне үчүн качышыбыз керек? Мисал менен түшүндүр.

12 Балким, сен майрамдардын каяктан келип чыкканына азыр көп деле маани берилбейт дейттирсиң. Алардын каяктан келип чыкканын эске алуу чын эле маанилүүбү? Ооба. Маселен, кир сууда момпосуй жатса, эмне кылат элең? Аны алып жейт белең? Албетте, жок! Ал таза эмес да. Таттуу момпосуй сыяктуу эле, майрамдар да кызыктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок алар кир «булактан» келип чыккан. Чындык жолуна түшүү үчүн, биз Ышая пайгамбардыкындай маанайда болушубуз керек. Ал Кудайдын кызматчыларын: «Арам нерселерге тийбегиле»,— деп үндөгөн (Ышая 52:11).

БАШКАЛАРГА КЫРААКЫЛЫК МЕНЕН МАМИЛЕ КЫЛ

13. Майрамдарды белгилөөдөн баш тартуу менен кандай кыйынчылыктарга кабылышың мүмкүн?

13 Майрамдарды белгилөөдөн баш тартуу менен кыйынчылыктарга учурашың мүмкүн. Мисалы, чогуу иштешкендериң майрамдарга карата өткөрүлгөн отуруштарга барбаганыңа таң калышы ыктымал. Кимдир бирөө майрамга карата белек берсе, эмне кыласың? Аны алганың туура болобу? Өмүрлүк жарың ишенимиңди бөлүшпөсө кандай болот? Майрамдарды белгилебегендиктен балдарың өздөрүн бир нерседен куру калып жаткандай сезбеши үчүн, эмне кылсаң болот?

14, 15. Кимдир бирөө майрамда куттуктаса же белек берсе, эмне кылганың дурус?

14 Ар бир жагдайда кыраакылык көрсөтүү маанилүү. Эгер анча тааныш эмес бирөө куттуктаса, рахмат айтып коюуну туура көрөттүрсүң. Бирок дайыма көрүшүп жүргөн же бирге иштеген киши куттуктаса, көз карашыңды түшүндүрүүнү чечеттирсиң. Кандай жагдай болбосун, ар дайым сылык бол. Ыйык Китепте: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер»,— деп кеңеш берилет (Колосалыктар 4:6). Башкаларды сыйлабагандай иш кылуудан, көз карашыңды түшүндүрүүдө алардын көңүлүн оорутуп алуудан сак бол. Майрамдарда эмес, башка убакта белек берүүгө же алууга, ошондой эле чогуу көңүл ачууга каршы эмес экениңди билдир.

15 Кимдир бирөө белек берсечи? Көп нерсе жагдайга жараша болот. Белек тартуулаган киши: «Майрамдарды белгилебей турганыңды билем, ошентсе да муну сага бергим келип жатат»,— деши мүмкүн. Балким, андай учурда белекти алуу майрамга катышууга жатпайт деп чечеттирсиң. Ал эми аны берген киши ишенимиң тууралуу эч нерсе билбесе, майрамдарды белгилебей турганыңды айтсаң болот. Бул өзүңдүн эмне үчүн ага белек бербээриңди да түшүндүрүүгө жардам берет. Бирок кимдир бирөө сени сынаш үчүн белек берсечи же белек сага жагып жатсачы? Андайда аны албай эле койгонуң акылдуулук болоттур.

ЖАКЫНДАРЫҢА КАНДАЙ МАМИЛЕ ЖАСАГАНЫҢ ТУУРА?

16. Майрамга байланыштуу маселелерде кантип сылыктык көрсөтсөң болот?

16 Үй-бүлөңдөгүлөр ишенимиңди бөлүшпөсө, канткениң туура болот? Мында да сылык болгонуң маанилүү. Жакындарыңа жаккан ар бир майрам же каада-салт боюнча талашып-тартышуунун зарылдыгы жок. Туугандарыңдын сенин көз карашыңды сыйлашын кааласаң, сен да алардын көз карашын сыйла. (Оку: Матай 7:12.) Майрамга байланыштуу иштердин эч бирине катышпоого аракет кыл. Ал эми ага байланышы жок нерселерди жасоодо эстүүлүк көрсөт. Кандай жагдай болбосун, дайыма абийириңди таза сакта. (Оку: 1 Тиметей 1:18, 19.)

17. Балдарың өздөрүн бир нерседен куру калып жаткандай сезбеши үчүн, эмне кылсаң болот?

17 Ыйык Китепке каршы келген майрамдарды белгилебегениңерден улам балдарың өздөрүн бир нерседен куру калып жаткандай сезбеши үчүн, эмне кылсаң болот? Көп нерсе башка убакта кылган иш-аракетиңден көз каранды. Кээ бир ата-энелер балдарына бөлөк учурларда белек беришет. Аларга убакыт бөлүп, көңүл бурганың эң баалуу белек болуп саналат.

ЧЫНДЫК ЖОЛУНДА ЖҮР

Чындык жолу адамды бактылуу кылат

18. Жыйналыш жолугушуулары чындык жолуна түшүүгө кандайча жардам берет?

18 Кудайга жагуу үчүн жалган динден баш тартып, чындык жолуна түшүшүң абзел. Буга эмне жардам берет? Ыйык Китепте: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли»,— деп айтылат (Еврейлер 10:24, 25). Жыйналыштар Кудайга жаккандай сыйынууга өбөлгө түзөт (Забур 22:22; 122:1). Ал жерден ишенимдештер менен пикирлешип, бекемделесиң (Римдиктер 1:12).

19. Ыйык Китептен билгендериң тууралуу башкаларга айтканың эмне үчүн маанилүү?

19 Чындык жолуна түшүү үчүн, Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китептен билгендериң тууралуу башкаларга айтканың да маанилүү. Азыркы дүйнөдөгү жаман иштерди көрүп, көптөр үшкүрүнүп, онтоп жатышат. Балким, андай адамдарды сен да билеттирсиң. Аларга Ыйык Китептеги үмүт жөнүндө айтып берүүгө эмне үчүн болбосун? Жахабанын Күбөлөрү менен пикирлешүү жана Ыйык Китептен билгендериң тууралуу башкаларга айтуу өзүңө жаккан, бирок жалган динге байланышы бар каада-салттардан баш тартууга жардам берет. Чындык жолуна түшүү менен мол бата алып, бактылуу болоруңа эч шектенбе (Малаки 3:10).

^ 9-абз. «Тиркеменин» 221, 222-беттерин кара.

^ 9-абз. 25-декабрдын тандалышында Сатурналия майрамы да роль ойногон. Ал 17—24-декабрда римдиктердин дыйканчылыкты колдойт деп эсептелген кудайынын урматына өткөрүлчү. Той-топур, шаан-шөкөт менен коштолгон Сатурналиянын убагында адамдар бири-бирине белек-бечкек бере турган.

^ 10-абз. Кеңири белгиленген башка майрамдарга Кудайдын кызматчылары кандай караарын билүү үчүн «Тиркеменин» 222, 223-беттерин кара.