Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-БӨЛҮМ

Тиленүү аркылуу Кудайга жакында

Тиленүү аркылуу Кудайга жакында
  • Эмне үчүн тиленишибиз керек?

  • Кудай бизди угушу үчүн, эмне кылууга тийишпиз?

  • Кудай тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берет?

«Асман менен жерди жараткан» Кудай бизди угууга даяр

1, 2. Эмне себептен тиленүүнү сыймык катары көрүшүбүз керек жана Ыйык Китептен ал жөнүндө окуп-билүү эмне үчүн маанилүү?

УЧУ-КЫЙЫРЫНА көз жетпеген ааламга салыштырмалуу Жер кенедей эле болуп калат. Ооба, «асман менен жерди жараткан» Жахабанын көз алдында бардык элдер «чакадан тамган тамчыдай» эле (Забур 115:15; Ышая 40:15). Ошентсе да Ыйык Китептен: «Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына, чындык боюнча чакыргандардын баарына жакын. Ал Өзүнөн корккондордун каалоосун аткарат, зарлаган үндөрүн угат»,— дегенди окуйбуз (Забур 145:18, 19). Бул эмнени билдирерин ойлоп көрсөң! Кудурети күчтүү Жараткан ар бирибизге жакын жана «чындык боюнча чакырсак», ал бизди угат. Кудайга тиленүү аркылуу кайрылуу кандай гана чоң сыймык!

2 Бирок Жахабанын бизди угушун кааласак, ага өзүнө жаккан жол менен кайрылышыбыз керек. Ал үчүн Ыйык Китепте тиленүү тууралуу эмнелер айтылганын билүү маанилүү, анткени тиленүү бизге Жахабага жакындоого жардам берет.

ЭМНЕ ҮЧҮН ТИЛЕНИШИБИЗ КЕРЕК?

3. Биз кайсы маанилүү себептен улам тиленебиз?

3 Биринчиден, биз Жахаба өзү чакыргандыктан тиленебиз. Анын Сөзүндө: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»,— деп жазылат (Филипиликтер 4:6, 7). Ааламдын Эгедери берген ушундай эң сонун белекти биз, албетте, жогору баалагыбыз келет.

4. Дайыма тиленүү Жахаба менен болгон мамилебизди кандайча бекемдейт?

4 Экинчиден, дайыма тиленүүнүн аркасында Кудай менен болгон мамилебиз бекемделет. Чыныгы достор бир нерсе керек болгондо гана сүйлөшүшпөйт. Алар бири-бирине чын дилден көңүл бурушат. Ой-сезимдерин, жүрөгүн өйүгөн нерселерин ачык айтып пикирлешкен сайын, алардын мамилеси бекемделе берет. Жахаба Кудай менен болгон мамилебиз тууралуу да ушуну айтууга болот. Колуңдагы китептин жардамы менен Ыйык Жазмадан Жахаба, анын касиет-сапаттары жана ой-ниети жөнүндө көп нерселерди билдиң. Натыйжада анын тирүү Кудай экенин түшүндүң. Асмандагы Атаңа жүрөгүңдүн түпкүрүндөгү сезимдериң менен ойлоруңду айтуунун аркасында ага жакындай аласың (Жакып 4:8).

КАЙСЫ ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРИШИБИЗ КЕРЕК?

5. Жахабанын тиленүүлөрдүн баарын кабыл кыла бербесин кайдан билебиз?

5 Жахаба тиленүүлөрдүн баарын эле кабыл кыла береби? Анын Ышая пайгамбар аркылуу козголоңчул ысрайыл элине: «Көп тиленсеңер да, укпайм. Колуңар кан төккөн»,— деп айтканына көңүл бурсаң (Ышая 1:15). Ооба, кайсы бир иштерибизден улам Кудай тиленүүлөрүбүздү укпай коюшу мүмкүн. Ал бизди угушу үчүн, белгилүү бир талаптарга жооп беришибиз керек.

6. Кудай тиленүүлөрүбүздү угушу үчүн, эмне талап кылынат жана ан үчүн эмне кылышыбыз керек?

6 Негизги талаптардын бири — ишеним көрсөтүү. (Оку: Марк 11:24.) Элчи Пабыл: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес, анткени Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек»,— деп жазган (Еврейлер 11:6). Чыныгы ишеним Кудайдын бар экенине жана тиленүүлөрүбүздү угуп, кабыл кыларына ишенүүдөн да көптү билдирет. Ал иштер менен коштолот. Ишенимге ээ экенибизди жашообузда күн сайын көрсөтүшүбүз керек (Жакып 2:26).

7. а) Эмне үчүн Жахабага урмат-сый менен кайрылышыбыз керек? б) Канткенде чын жүрөктөн жана момундук менен тиленген болобуз?

7 Ошондой эле Жахаба ага момундук менен жана чын жүрөктөн кайрылышыбызды каалайт. Ал буга чынында эле татыктуу эмеспи? Адамдар президентке кайрылганда, адатта, анын башкаруучу экенин эске алып, урмат-сый менен сүйлөшөт. Жахабага кайрылганда ага андан бетер урмат көрсөтүшүбүз керек (Забур 138:6). Анткени ал — Кудурети Күчтүү Кудай (Башталыш 17:1). Ошондуктан тиленгенде момун болуп, анын алдында пенде экенибизди унутпашыбыз керек. Бул бизге чын жүрөктөн тиленүүгө, ошондой эле сөздөрдү жаттап алуудан же китептен окуп айтуудан, же аларды кайра-кайра кайталоодон качууга түрткү берет. Иса Машаяк: «Тиленгенде... окшош эле нерселерди кайталай бербе»,— деп айткан (Матай 6:7, 8).

8. Канткенде тиленүүбүзгө ылайык иш кылган болобуз?

8 Мындан сырткары, Кудайдын бизди угушун кааласак, тиленүүбүзгө ылайык иш кылуу үчүн колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек. Себеби Жахаба бизден ошону күтөт. Мисалы: «Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр»,— деп тиленсек, кандай жумушту болбосун тырышчаактык менен аткарышыбыз кажет (Матай 6:11; 2 Тесалоникалыктар 3:10). Ал эми кайсы бир алсыздыгыбызды жеңүүгө жардам беришин сурасак, жаман ишке түртө турган жагдайлардан качканыбыз абзел (Колосалыктар 3:5). Булардан тышкары тиленүү жөнүндө дагы эмнелерди билишибиз керек?

ТИЛЕНҮҮ ЖӨНҮНДӨ ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮ ЗАРЫЛ?

9. Тиленгенде кимге жана ким аркылуу кайрылышыбыз керек?

9 Тиленгенде кимге кайрылышыбыз керек? Иса жолдоочуларына «асмандагы Атабызга» кайрылышыбыз керектигин айткан (Матай 6:9). Демек, биз Жахаба Кудайдан гана тиленишибиз керек. Жахаба Иса Машаяк аркылуу тиленишибизди каалайт. Эмне үчүн? 5-бөлүмдөн билгенибиздей, Иса жерге өзүн курмандыкка берип, бизди күнөө менен өлүмдөн куткаруу үчүн жиберилген (Жакан 3:16; Римдиктер 5:12). Ал Башкы дин кызматчы жана Сот болуп дайындалган (Жакан 5:22; Еврейлер 6:20). Ошондуктан Ыйык Жазмада Иса аркылуу тиленишибиз керектиги айтылат. Ал өзү да: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп айткан (Жакан 14:6). Ооба, тиленүүлөрүбүз кабыл кылынышы үчүн, биз Жахабага гана жана Уулу аркылуу кайрылышыбыз керек.

10. Тиленгенде денебизди кандай абалда кармаганыбыз же кайсы тарапты караганыбыз эмне үчүн маанилүү эмес?

10 Тиленгенде денебизди кандай абалда кармаганыбыз же кайсы тарапты караганыбыз маанилүүбү? Жок. Жахаба колубуздун же денебиздин белгилүү бир абалда болушун талап кылбайт. Ыйык Китептен ар кандай абалда, мисалы, отуруп да, тизелеп да, туруп да тиленсе болорун окуйбуз (1 Жылнаама 17:16; Некемия 8:6; Даниел 6:10; Марк 11:25). Демек, тиленгенде денебизди кандай абалда кармаганыбызга же кайсы тарапты караганыбызга эмес, жүрөгүбүздүн абалына көңүл бурганыбыз маанилүү. Күндөлүк иштерибиз менен алектенип жатканда же кайсы бир кыйынчылыкка учураганда атүгүл ичибизден да тиленсек болот. Жахаба башкаларга билгизбей айткан андай тиленүүлөрүбүздү да угат (Некемия 2:1—6).

11. Өзүбүзгө байланыштуу эмнелер тууралуу тиленсек болот?

11 Эмнелер жөнүндө тиленсек болот? Ыйык Китепте: «Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деп айтылат (1 Жакан 5:14). Демек, Кудайдын эркине каршы келбеген нерселердин баары тууралуу тиленсек болот. Жеке өзүбүздү тынчсыздандырган нерселер жөнүндө тиленгенибиз анын эркине ылайык келеби? Албетте! Тиленүү ынак достордун сүйлөшүүсүнө окшош. Ошондуктан Кудайга жүрөгүбүздөгүнүн баарын төксөк болот (Забур 62:8). Ыйык рух сурап тиленгенибиз да орундуу, анткени ал бизге туура иш кылууга жардам берет (Лука 11:13). Андан сырткары, туура чечимдерди чыгарууга жетекчилик жана кыйынчылыктарыбызды көтөрүүгө кайрат сураганыбыз жөндүү (Жакып 1:5). Күнөө кетиргенде Машаяктын курмандыгынын негизинде кечирим сурашыбыз керек (Эфестиктер 1:3, 7). Албетте, өзүбүз жөнүндө эле тилене бергенибиз туура эмес болуп калар эле. Башкалар, айталы, үй-бүлөбүз, ишенимдештерибиз жөнүндө да тиленгенибиз абзел (Элчилер 12:5; Колосалыктар 4:12).

12. Канткенде биринчи кезекте Кудайга байланыштуу нерселер жөнүндө тиленген болобуз?

12 Ошентсе да биринчи кезекте Жахаба Кудайга байланышы бар нерселер тууралуу тиленишибиз керек. Бизде аны даңктоого жана бардык жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдирүүгө көптөгөн себептер бар (1 Жылнаама 29:10—13). Матай 6:9—13-аяттарда Иса Машаяк үйрөткөн тиленүү жазылган. (Аяттарды оку.) Ал Кудайдын ысмынын ыйыкталышы, андан соң Кудайдын Падышалыгынын келиши жана анын эркинин асмандагыдай эле, жерде да аткарылышы жөнүндө тиленүү керектигин айткан. Жахаба Кудайга байланыштуу ушу маанилүү нерселерден кийин гана Иса адамдын жеке кызыкчылыктарына тиешелүү нерселерди айткан. Эгер ал үйрөткөндөй тиленсек, өзүбүздүн жыргалчылыгыбызды эле ойлой бербей турганыбызды көрсөтөбүз.

13. Канчалык узакка тиленишибиз керектиги жөнүндө Ыйык Жазмада эмне айтылат?

13 Канчалык узакка тиленишибиз керек? Ыйык Китепте жекече же эл алдында канчалык узакка тиленишибиз керектиги жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Тиленүүлөрүбүздүн узактыгы ар кандай болот. Мисалы, тамактын алдында кыска эле тиленсек, жекече тиленгенде жүрөгүбүздөгүнү төгүп, Жахаба менен көпкө сүйлөшүшүбүз ыктымал (1 Шемуел 1:12, 15). Ошол эле учурда Иса өзүн адил эсептеген жана башкалардын көзүнчө узакка тиленген адамдарды айыптаган (Лука 20:46, 47). Андай тиленүүлөр Жахабаны таасирлентпейт. Тиленүүлөрүбүздүн чын жүрөктөн чыкканы маанилүү. Демек, канчалык узакка тиленерибиз муктаждыктарыбыз менен жагдай-шартыбызга жараша болот.

Каякта жүрбө, Кудай тиленүүлөрүңдү угат

14. Үзгүлтүксүз тиленүү деген эмнени билдирет жана эмне үчүн бул бизди кубантат?

14 Күнүнө канча жолу тиленишибиз керек? Ыйык Китеп бизди үзгүлтүксүз жана туруктуулук менен тиленүүгө үндөйт (Матай 26:41; Римдиктер 12:12; 1 Тесалоникалыктар 5:17). Албетте, бул Жахабага мүнөт сайын эле кайрыла беришибиз керектигин билдирбейт. Ыйык Китеп бизди Жахабага мүмкүн болушунча бат-баттан кайрылып, бардык жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдирүүгө жана жетекчилик, күч-кубат суроого чакырат. Жахаба Кудайдын күнүнө канча жолу жана канчалык узакка тиленишибиз керектигине карата чек койбогонун билүү кубантпайбы? Тиленүү белегин чындап бааласак, асмандагы Атабыз менен сүйлөшүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү табабыз.

15. Эмне үчүн жекече же эл алдында айтылган тиленүүлөрдүн аягында «оомийн» дешибиз керек?

15 Эмне үчүн тиленүүнүн аягында «оомийн» дешибиз керек? «Оомийн» деген сөз «туура» же «ушундай болсун» дегенди билдирет. Ыйык Китептеги билдирүүлөрдөн жекече же эл алдында айтылган тиленүүлөрдүн аягында «оомийн» деш керек экени көрүнүп турат (1 Жылнаама 16:36; Забур 41:13). Жекече тиленүүбүздү «оомийн» деп бүтүрүү менен айткан нерселерибиздин баары чын жүрөктөн чыкканын тастыктайбыз. Ал эми эл алдындагы тиленүүнүн аягында ичибизден же угуза «оомийн» дегенибизде айтылган ойлорго кошуларыбызды көрсөтөбүз (1 Корунттуктар 14:16).

КУДАЙ ТИЛЕНҮҮЛӨРҮБҮЗГӨ КАНТИП ЖООП БЕРЕТ?

16. Тиленүүгө карата эмнеден шектенбесек болот?

16 Жахаба тиленүүлөрүбүзгө чынында эле жооп береби? Албетте! Кудайдын миллиондогон адамдардын чын жүрөктөн айткан тиленүүлөрүн угуп, кабыл кыларына шектенбесек болот (Забур 65:2). Ал ар кандай жолдор менен жооп берет.

17. Эмне үчүн тиленүүлөрүбүзгө жооп берүүдө Кудай периштелери менен жердеги кызматчыларын колдонот деп айтууга болот?

17 Тиленүүлөрүбүзгө жооп берүү үчүн Жахаба периштелери менен жердеги кызматчыларын колдонот (Еврейлер 1:13, 14). Кудайдан Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам сураганынан көп өтпөй анын кызматчыларына жолуккан адамдар жөнүндө уккан же окуган учурларыбыз көп эле болот. Андай окуялар Падышалык тууралуу кабар таратуу ишине периштелер да катышып жатканын далилдейт (Аян 14:6). Жардамга муктаж болуп турганыбызда Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жооп кылып кызматчыларын жибериши мүмкүн (Накыл сөздөр 12:25; Жакып 2:16).

Тиленүүбүзгө жооп кылып, Жахаба кызматчыларын жардамга жибериши мүмкүн

18. Кызматчыларынын тиленүүлөрүнө жооп берүү үчүн Жахаба кандайча ыйык рухун жана Сөзүн колдонот?

18 Жахаба кызматчыларынын тиленүүлөрүнө жооп берүү үчүн ыйык рухун жана Сөзүн да колдонот. Кыйынчылыктарга туш болгонубузда, ал ыйык рух аркылуу жетекчилик, күч-кубат бере алат (2 Корунттуктар 4:7). Ыйык Китеп аркылуу да жардам алган учурларыбыз көп болот. Ал туура чечим чыгарууга көмөк кыла турган кеңештерге бай. Аларды табуу үчүн Ыйык Китепти жана колуңдагы китепке окшогон адабияттарды изилдөө кажет. Андан сырткары, Ыйык Жазмага негизделген керектүү кеңешти жыйналыштан же камкор аксакал менен сүйлөшкөндө угушубуз мүмкүн (Галатиялыктар 6:1).

19. Тиленүүлөрүбүз жоопсуз калып жаткандай сезилсе, эмнени эстен чыгарбашыбыз зарыл?

19 Кайсы бир тиленүүлөрүбүз жоопсуз калып жаткандай сезилсе, Кудай аларды аткара албайт деп ойлогонубуз туура эмес. Жахаба аларга өзүнүн эркине ылайык, ошондой эле өзү туура көргөн убакта жооп берерин эстен чыгарбашыбыз керек. Ал муктаждыктарыбызды да, аларды кантип канааттандыруу керектигин да бизден жакшы билет. Көп учурларда Кудай бизге кайра-кайра суроого, издөөгө жана тыкылдатууга мүмкүндүк берет (Лука 11:5—10). Талыкпай тиленгенибиз сурап жаткан нерсебиздин биз үчүн абдан маанилүү экенин жана ишенимибиздин бекем экенин көрсөтөт. Жахаба тиленүүбүзгө биз күткөндөн башкача жол менен жооп бериши мүмкүн. Мисалы, кыйынчылык учурунда андан арылтууну эмес, аны көтөрүп кетүүгө күч берүүнү туура көрүшү ыктымал. (Оку: Филипиликтер 4:13.)

20. Эмне үчүн тиленүү белегин жогору баалашыбыз керек?

20 Чексиз ааламды жараткан Кудайдын ага тиленүү аркылуу кайрылгандардын баарына жакын экенин билүү кандай гана кубантат! (Оку: Забур 145:18.) Тиленүү белегин дайыма жогору баалайлы. Ошондо тиленүүнү угуучу Жахаба Кудайга уламдан улам жакындай беребиз.