Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Кудайдын ысмынын колдонулушу жана мааниси

Кудайдын ысмынын колдонулушу жана мааниси

СЕН колдонгон Ыйык Китепте Забур 83:18-аят кантип которулган? Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» ал: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деп берилген. Башка котормолордун айрымдарында да ал ушу сыяктуу которулган. Бирок көпчүлүгүндө Жахаба деген ысым кездешпейт, ал «Теңир» же «Кудай» деген наамдар менен алмаштырылган. Ошондуктан: «Бул аятта эмне турушу керек: наамбы же Жахаба деген ысымбы?» — деген суроо туулат.

Кудайдын ысмынын еврей тилинде жазылышы

Байыркы еврей тилинде жазылган түп нускада (Ыйык Китептин басымдуу бөлүгү ошол тилде жазылган) бул аятта өзгөчө ысым турат. Ал יהוה (ЙХВХ же ЖХВХ) деген еврей тамгалары менен берилген. Кыргызча айтылышы — «Жахаба». Бул ысым Ыйык Китептин бир эле аятында кезигеби? Жок. Еврей Жазмаларынын түп нускасында ал 7 000дей жолу кездешет.

Кудайдын ысмын колдонуу канчалык маанилүү? Иса Машаяктын үлгү иретиндеги тиленүүсү: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын»,— деген сөздөр менен башталат (Матай 6:9). Кийинчерээк Иса: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деп тиленген. Кудай болсо асмандан: «Даңктадым, дагы да даңктайм»,— деп жооп берген (Жакан 12:28). Мындан Кудайдын ысмын колдонуу абдан маанилүү экени айкын көрүнүп турат. Анда эмне үчүн кээ бир котормочулар аны наамдар менен алмаштырып коюшкан?

Мунун эки негизги себеби бар. Биринчиден, көптөр азыр Кудайдын ысмынын так айтылышы белгисиз болгондуктан, аны такыр эле колдонбош керек деп эсептешет. Байыркы еврей алфавитинде үндүү тамгалар (мисалы, а, и, о, у жана башкалар) болгон эмес. Ошондуктан ал убактагы адамдардын ЙХВХ деген жазууну кантип окушканын эч ким билбейт. Бирок бул Кудайдын ысмын колдонбош керек дегенди билдиреби? Исанын ысмын деле байыркы убактарда жашаган адамдардын кантип айтышканы белгисиз. Балким, «Иешуа» же «Иехошуа» дешкендир. Анткен менен дүйнө жүзүндөгү адамдар анын ысмын өздөрүнүн эне тилине ылайыкташтырып, ар кандайча айтышат. Ооба, алар 1-кылымдагылар Исанын ысмын кандайча айтышканын билишпесе да, аны колдонушат. Эгер сен башка өлкөгө барсаң, ал жердегилер ысмыңды башкача айтышарын байкайсың. Демек, Кудайдын ысмынын так айтылышы бүгүн белгисиз болсо да, бул аны такыр колдонбош керек дегенди билдирбейт.

Кудайдын ысмынын Ыйык Китептен алынып салынганынын экинчи себеби жүйүттөрдүн байыркы салтына байланыштуу. Алардын көптөрү Кудайдын ысмын айтууга болбойт деп эсептешчү. Калыбы, мындай көз караш Ыйык Китептеги: «Жахаба Кудайыңдын ысмын жөнү жок колдоно бербе, анткени Жахаба анын ысмын жөнү жок колдоно бергендерди жазасыз калтырбайт»,— деген мыйзамды туура эмес түшүнгөндүктөн пайда болгон (Чыгуу 20:7).

Ал мыйзамга ылайык, Кудайдын ысмын жөнү жок айта берүү олуттуу күнөө болуп эсептелчү. Бирок аны урмат көрсөтүү менен колдонууга тыюу салынганбы? Жок. Еврей Жазмаларын («Байыркы Келишимди») жазгандар Кудайдын байыркы ысрайыл элине берген Мыйзамына карманып жашаган ишенимдүү адамдардан болушкан. Алар Кудайдын ысмын көп айтышчу. Алсак, анын ысмы топ эл ырдаган көптөгөн забурларда кездешет. Андан сырткары, Жахаба Кудай өзү да кызматчыларына ысмын чакырууну буюрган. Ишенимдүү адамдар ошол буйрукка баш ийишкен (Жоел 2:32; Элчилер 2:21). Мына ошондуктан бүгүн Иса Машаяктын жолдоочулары, ага окшоп, Кудайдын ысмын урматташат жана аны колдонуудан коркушпайт (Жакан 17:26).

Кудайдын ысмын наамдарга алмаштыруу менен котормочулар олуттуу ката кетиришет. Анткени Кудайдын ысмы кезикпеген Ыйык Китепти окуган адамдарга ал өтө эле алыс, кайдыгер сезилет. Бирок Ыйык Жазма бизди аны менен «ынак мамиле» өрчүтүүгө чакырат (Забур 25:14). Жакын досуң жөнүндө ойлонуп көрсөң. Атын билбесең, аны менен ынак достордон боло алат белең? Анын сыңарындай, адамдар Кудайдын ысмы Жахаба экенин билишпесе, аны менен дос боло алышпайт. Ошондой эле анын ысмынын маанисин да түшүнүшпөйт. Кудайдын ысмынын мааниси кандай?

Кудай ысмынын маанисин Муса пайгамбарга ачып берген. Муса пайгамбар Кудайдын атын сураганда, ал: «Мен ким болгум келсе, ошол болом»,— деп жооп берген (Чыгуу 3:14). Ооба, Жахаба ой-ниетин ишке ашыруу үчүн ким болушу керек болсо, ошол боло алат жана жаратууларын да, алар ким же эмне болушу керек болсо, ошол кыла алат.

Мисалы, сен ким болууну кааласаң, ошол боло аласың дейли. Досторуң үчүн эмнелерди кылат элең? Алардын бирөө катуу ооруп калса, догдур болуп, аны айыктырмаксың. Эгер бардык нерсесинен кол жууп калса, алардын ордун толук толтуруп бере алмаксың. Бирок, тилекке каршы, башкалардыкындай эле, сенин да мүмкүнчүлүктөрүң чектелүү. Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахаба өзүнүн ой-ниети ишке ашышы үчүн ким болушу керек болсо, ошол боло аларын билесиң. Ал күчүн өзүн сүйгөндөрдүн жыргалчылыгы үчүн колдонууга даяр (2 Жылнаама 16:9). Жахабанын ысмын билбегендер анын ушундай сонун сапаттарын аңдашпайт.

Ооба, Жахабанын ысмын Ыйык Китептен алып салууга болбойт. Асмандагы Атабыздын ысмынын маанисин түшүнүп, сыйынууда колдонуу менен биз ага барган сайын жакындай беребиз *.

^ 3-абз. Кудайдын ысмы, анын мааниси жана эмне үчүн аны колдонушубуз керектиги жөнүндө Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепченин 1—5-беттеринен, ошондой эле «Кудайдын ысмы түбөлүк турат» (ор.) деген китепчеден көбүрөөк билүүгө болот.