Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Ата, Уул жана ыйык рух жөнүндөгү чындык

Ата, Уул жана ыйык рух жөнүндөгү чындык

ҮЧИЛТИККЕ (Троица) ишенген адамдардын ою боюнча, Ата, Уул жана ыйык рух — үчөө биригип бир Кудайды түзөт. Үчөө күчү жагынан бири-бирине тең жана эч кимисинин башталышы болгон эмес деп эсептелет. Ошондуктан Үчилтик окуусуна ылайык, Ата да Кудай, Уул да Кудай, ыйык рух да Кудай, анткен менен бир гана Кудай бар.

Бул окууга ишенгендердин көбү аны түшүндүрүп бере албайт. Бирок алар Ыйык Китеп ушуга окутат деп ойлошот. Белгилей кетчү нерсе, «Үчилтик» деген сөз Ыйык Жазманын эч жеринде кездешпейт. Ыйык Китепте ал окууну ырастап турган кандайдыр бир ойлор барбы? Бул суроого жооп алыш үчүн, кел, Үчилтик окуусун жактагандар көп колдонгон бир аятка кайрылып көрөлү.

«СӨЗ КУДАЙ БОЛГОН»

«Үмүт нуру» котормосунда Жакан 1:1-аят: «Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон»,— деп берилген. Ушул эле бөлүмдүн башка аятында Жакан «Сөздүн» Иса экенин көрсөткөн (Жакан 1:14). Биринчи аятта «Сөз» Кудай делгендиктен, айрымдар Уул менен Ата бир эле Кудайды билдирет деп ойлошот.

Бирок Ыйык Жазманын бул китеби грек тилинде жазылганын эске алуу зарыл. Кийинчерээк ал башка тилдерге которулган. Көптөгөн котормочулар «Сөз Кудай болгон» деген сөздөрдү колдонушкан эмес. Эмне үчүн? Байыркы грек тилинин айрым өзгөчөлүктөрүн билгендиктен алар бул үзүндүнү башкача которууну туура көрүшкөн. Мисалы, кээ бир котормолордо ал «Сөз кудай болгон» («The New Testament in an Improved Version»), «Сөз Кудай менен болгон жана табияты боюнча ага окшош болчу» («The Translator’s New Testament») деп берилген. Бул котормолордон көрүнүп тургандай, «Сөз» кудурети күчтүү Кудай болгон эмес *. Жахабанын жаратууларынын арасында жогорку абалга ээ болгондуктан «Сөз» бул жерде «кудай» делген. Анткен менен бул аяттагы «кудай» деген сөз кудурети күчтүү Кудайды эмес, «күчтүү» бирөөнү билдирет.

ДАГЫ БАШКА ФАКТЫЛАР

Бүгүн адамдардын көпчүлүгү байыркы грек тилин билишпейт. Анда элчи Жакандын эмнени айтканын кантип билүүгө болот? Мындай мисал жөнүндө ой жүгүртүп көрсөң. Мугалим окуучуларга бир татаал теманы түшүндүрүп жатат дейли. Окуучулар аны ар башкача түшүнүп алышат. Алар кимиси туура, кимиси жаңылып жатканын кантип биле алышат? Мугалимге кайрылып, теманы кененирээк түшүндүрүп берүүнү сурашса болот. Кошумча маалыматтын теманы айкыныраак түшүнүүгө өбөлгө түзөрү шексиз. Ошо сыңары, Жакан 1:1дин маанисин билүү үчүн, Жакандын Инжилинде Иса жөнүндө дагы эмнелер айтыларын карап көргөнүң дурус. Бул туура жыйынтыкка келүүгө жардам берет.

Маселен, Жакандын ошол эле 1-бөлүмдүн 18-аятында эмне деп жазганына көңүл бурсаң. Ал жерден: «[Кудурети күчтүү] Кудайды бир да адам көргөн эмес»,— дегенди окуйбуз. Ал эми Исаны адамдар көрүшкөн, анткени Жакан өзү: «Сөз [Иса] адам болуп, арабызда жашады. Биз анын даңкын... көрдүк»,— деп жазган (Жакан 1:14). Анда Уул кантип кудурети күчтүү Кудай боло алат эле? Андан сырткары, Жакан Сөздүн «Кудайда болгонун» айткан. Бирок кандайча кимдир бирөө бирөөнүн ичинде, ошол эле учурда анын өзү да боло алат? Ошондой эле Исанын Жакан 17:3төгү сөздөрүнөн анын асмандагы Атасынан айырмаланары айкын көрүнүп турат. Ал Атасын «жалгыз чыныгы Кудай» деп атаган. Жакан Инжилинин аяк жагында: «Булар Исанын Кудайдын Уулу, Машаяк экенине ишенишиңер үчүн... жазылды»,— деген (Жакан 20:31). Байкасаң, Иса бул жерде Кудай эмес, Кудайдын Уулу деп аталууда. Бул кошумча маалыматтар Жакан 1:1ди кандайча түшүнүү керектигин көрсөтүп турат. «Сөз» — Иса — жогорку абалды ээлегендиктен «кудай» деп аталат. Бирок ал кудурети күчтүү Кудайга тең келбейт.

ДАГЫ ЭМНЕНИ ЭСКЕ АЛУУ АБЗЕЛ?

Жогорудагы мисал тууралуу дагы ой жүгүртүп көрөлү. Мугалим теманы кененирээк түшүндүргөндөн кийин да, айрым окуучулар шектене берет дейли. Мындайда эмне кылса болот? Башка мугалимге кайрылып көрсө болот. Эгерде ал биринчи мугалимдин айткандары туура экенин ырастаса, окуучулардын көбү шек санабай калышы мүмкүн. Анын сыңарындай, эгер Жакандын Иса жана кудурети күчтүү Кудай жөнүндө жазгандары анча түшүнүктүү болбой жатса, Ыйык Китепти жазууга катышкан башка кишинин сөздөрүнө кайрылсаң болот. Мисалы, Марктын Инжилин карап көрөлү. Анда жазылгандарга ылайык, Иса бул дүйнөнүн акыры жөнүндө айтып жатып: «Ал күндү же саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет»,— деген (Марк 13:32). Бул сөздөр Исанын кудурети күчтүү Кудай эмес экенин кандайча далилдеп турат?

Иса Атасы Уулуна караганда көптү билерин айткан. Эгерде Иса кудурети күчтүү Кудай болсо, анда Атасы билгенди ал да билет болчу. Демек, Уул Атасына тең эмес. Ошентсе да кимдир бирөө: «Иса бул сөздөрдү жерде адам болуп жүргөндө айткан да...» — деши мүмкүн. Ырас, Иса ал сөздөрдү жерде жүргөндө айткан. Бирок ыйык рух жөнүндө эмне айтууга болот? Эгер ал да Кудай болсо, эмне үчүн Иса аны Атасы билгенди билет деген эмес?

Ыйык Китепти изилдеп жатып ушу темага байланыштуу дагы көптөгөн аяттарды окуйсуң. Алар Ата, Уул жана ыйык рух жөнүндөгү чындыкты түшүнүүгө жардам берет (Забур 90:2; Элчилер 7:55; Колосалыктар 1:15).

^ 3-абз. Жакан 1:1ге байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Күзөт мунарасы» (ор.) журналынын 2008-жылдын 1-ноябрында чыккан санынын 24, 25-беттерин кара.