Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Эскерүү кечеси — Кудайды даңктаган азем

Эскерүү кечеси — Кудайды даңктаган азем

ИСАНЫН ЖОЛДООЧУЛАРЫНА анын өлүмүн Эскерүү кечесин өткөрүү буйрук кылынган. Ыйык Китепте ал азем «Мырзабыздын кечки тамагы» деп да аталат (1 Корунттуктар 11:20). Ал кандай мааниге ээ? Аны качан жана кантип өткөрүү керек?

Иса Машаяк бул аземди б. з. 33-жылы жүйүттөр Пасахты майрамдаган күнү негиздеген. Пасах болсо жылына бир эле жолу, еврей календары боюнча, нисан айынын 14-күнү белгиленчү. Ал датаны эсептөө үчүн, жүйүттөр жазында күн менен түн теңелген мезгилди күтүшчү. Ал күнү күн да, түн да 12 саатка созулат. Жазында күн менен түн теңелгенден кийин ай биринчи жолу жаңырганда, нисан айы башталчу. Андан 13 күн өткөн соң, Пасах майрамы белгиленчү.

Иса шакирттери менен Пасахты белгилеп бүтүп, Жүйүт Искариотту кетирип жиберет да, өзүнүн өлүмүн Эскерүү кечесин негиздейт. Ал жүйүттөрдүн Пасах майрамынын ордуна белгиленип калгандыктан, жылына бир эле жолу өткөрүлүшү керек.

Матайдын Инжилинде мындай делет: «Иса нанды алып, тиленген соң аны сындырды да, шакирттерине узатып жатып: „Алгыла, жегиле. Бул менин денемди билдирет“,— деди. Ошондой эле чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аны шакирттерине узатып: „Мындан баарыңар ичкиле, анткени бул көптөрдүн күнөөлөрү кечирилиши үчүн төгүлө турган канымды, “келишимдин канын”, билдирет...“ — деди» (Матай 26:26—28).

Айрымдар Иса нан менен шарапты кадимки денеси менен канына айландырган дегенге ишенишет. Бирок нанды узатып жатканда ал тирүү болчу. Шакирттер Исанын кадимки денесин жеп, канын ичишкен эмес. Бул киши жегичтикке (каннибализмге) жана Кудайдын мыйзамын бузгандыкка жатмак (Башталыш 9:3, 4; Лебилер 17:10). Лука 22:20га ылайык, Иса: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— деген. Ал чөйчөктүн өзү «жаңы келишим» болгонбу? Жок. Себеби келишим, чөйчөктөн айырмаланып, абстракттуу түшүнүк.

Ошондуктан нан да, шарап да символ катары гана колдонулат. Нан Машаяктын жеткилең денесин билдирет. Иса Пасах майрамынан калган нанды колдонгон. Андай нан ачыткы кошулбай жасалчу (Чыгуу 12:8). Ыйык Китепте ачыткы көп учурда күнөөнү же бузулгандыкты билдирет. Ошон үчүн Эскерүү кечесинде колдонулган нан Исанын курмандыкка чалынган жеткилең, күнөөсүз денесин символдоштурат (Матай 16:11, 12; 1 Корунттуктар 5:6, 7; 1 Петир 2:22; 1 Жакан 2:1, 2).

Кызыл шарап Исанын канын билдирет. Ошол кан аркылуу жаңы келишим күчүнө кирген. Иса айткандай, анын каны «көптөрдүн күнөөлөрү кечирилиши үчүн төгүлгөн». Мунун натыйжасында адамдар Жахабанын көз алдында таза деп эсептелип, аны менен түзүлгөн жаңы келишимге кире алышат (Еврейлер 9:14; 10:16, 17). Бул келишим Исанын 144 000 ишенимдүү жолдоочусуна асманда жашоого жол ачкан. Алар падыша жана дин кызматчы болуп, бүткүл адамзатка зор пайда алып келишет (Башталыш 22:18; Жеремия 31:31—33; 1 Петир 2:9; Аян 5:9, 10; 14:1—3).

Эскерүү кечесиндеги символдордон, нан менен шараптан, кимдер ооз тийиши керек? Жаңы келишимге киргендер, тактап айтканда, асманда жашоого үмүттөнгөндөр гана. Кудайдын ыйык руху аларды асманда падыша болууга тандалышканына ынандырат (Римдиктер 8:16). Иса алар менен Падышалык келишимин түзгөн (Лука 22:29).

Бейишке айланган жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр жөнүндө эмне айтууга болот? Алар да Исанын буйругуна баш ийип, Эскерүү кечесине келишет жана анын абдан маанилүү азем экенин түшүнүшөт, анткен менен символдордон ооз тийишпейт. Жахабанын Күбөлөрү Эскерүү кечесин жылына бир жолу, 14-нисанда, күн баткандан кийин белгилешет. Асманда жашоого үмүттөнгөндөрдөн азыр дүйнө жүзү боюнча бир нече эле миң адам калды. Бул аземге алар да, Исанын жерде жашоого үмүттөнгөн жолдоочулары да чоң маани беришет. Эскерүүнүн убагында баарыбызда Жахаба Кудай менен Иса Машаяктын зор сүйүүсү жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк болот (Жакан 3:16).