Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Микеил деп аталган башкы периште ким?

Микеил деп аталган башкы периште ким?

МИКЕИЛ деп аталган рухий жаратуу жөнүндө Ыйык Китепте бир нече эле жолу айтылат. Анткен менен ал билдирүүлөрдө анын дайыма кандайдыр бир иш менен алек болуп жатканы баяндалат. Мисалы, Даниел китебинде анын жаман периштелер менен күрөшкөнү, Жүйүттүн катында Шайтан менен сүйлөшкөнү, ал эми Аян китебинде Шайтан жана анын жин-перилери менен согушканы жазылат. Жахабанын эгедерлигин жактап, анын душмандарына каршы күрөшүү менен Микеил өзүнүн «Ким Кудайдай?» деген маанини туюнткан ысмына жараша иш кылат. Бирок Микеил деген ким?

Айрым адамдардын эки же андан көп ысмы болот. Алсак, Жакыптын экинчи аты Ысрайыл болгон, ал эми элчи Петирди Симон деп да коюшчу (Башталыш 49:1, 2; Матай 10:2). Ошо сыңары, Ыйык Китептен Микеил деген Исанын жерге келгенге чейинки жана тирилип асманга кеткенден кийинки ысмы экенин көрүүгө болот. Кел анда, мындай жыйынтыкка келүүгө негиз берген айрым аяттарга кайрылып көрөлү.

Башкы периште. Ыйык Китепте Микеил «башкы периште» деп аталат (Жүйүт 9). Бул аталыш Ыйык Китепте жекелик санда гана кезигет. Мындан бир эле башкы периште бар экени айкын болууда. Андан сырткары, ал аталыш Исага карата колдонулат. 1 Тесалоникалыктар 4:16да тирилген Иса Машаяк жөнүндө: «Мырзабыз өзү асмандан башкы периштенин үнү менен буйрук берип,.. түшүп келет»,— деп жазылган. Бул аятта Исанын үнү башкы периштенин үнү деп сыпатталган. Ошондуктан Микеил деп аталган башкы периште Исанын өзү деп айтууга болот.

Аскер жетекчиси. Ыйык Китепте: «Микеил менен анын периштелери ажыдаар менен согушушту. Ажыдаар да өзүнүн периштелери менен аларга каршы согушту»,— деп айтылат (Аян 12:7). Демек, Микеил ишенимдүү периштелерден турган аскерди жетектейт. Аян китебинде Исанын да ишенимдүү периштелерден турган аскерди жетектээри көрсөтүлөт (Аян 19:14—16). Элчи Пабыл Иса Машаяктын «кубаттуу периштелери» бар экенин жазган (2 Тесалоникалыктар 1:7). Ошентип, Ыйык Жазмадан Микеилдин да, Исанын да периштелери бар экени көрүнүп турат (Матай 13:41; 16:27; 24:31; 1 Петир 3:22). Бирок анын эч жеринде асманда ишенимдүү периштелерден турган (бирин Микеил, экинчисин Иса жетектеген) эки аскер бар деп айтылбайт. Андыктан Микеил бул Иса Машаяктын өзү деген жыйынтык чыгаруу акылга сыярлык *.

^ 1-абз. Микеил деген ысымдын Кудайдын Уулуна карата колдонулары Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» (ор.) эмгегиндеги «Микеил» [«Михаил»] деген макалада кененирээк талкууланат.