Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

«Улуу Бабыл» деген эмне?

«Улуу Бабыл» деген эмне?

АЯН китебинде түзмө-түз түшүнүүгө болбой турган сөздөр менен сөз айкаштары кезигет (Аян 1:1). Мисалы, анда чекесине «Улуу Бабыл» деген ысым жазылган бузуку аял жөнүндө баяндалат. Анын адамдардын, элдердин үстүндө отурганы айтылат (Аян 17:1, 5, 15). Кадимки аялдын мындай кылышы мүмкүн эмес болгондуктан, Улуу Бабылдын каймана мааниге ээ экени талашсыз. Анда ал бузуку аял эмнени билдирет?

Аян 17:18де ал аял «жер жүзүндөгү падышалардын үстүнөн падышалык кылган улуу шаар» катары сүрөттөлөт. Бул жердеги «шаар» деген сөз адамдардын уюшулган тобун билдирет. Ал «шаардын» «жер жүзүндөгү падышалардын үстүнөн» бийлик жүргүзгөнүнөн Улуу Бабыл деп аталган аялдын дүйнөлүк масштабдагы таасирдүү уюмду билдирери көрүнүп турат. Аны орундуу түрдө дүйнөлүк империя деп атоого болот. Ал империянын кайсы түрүнө кирет? Диний. Кел анда, Аян китебине кайрылып, кайсы аяттардын негизинде ушундай жыйынтык чыгарууга болорун карап көрөлү.

Империя саясий, коммерциялык жана диний болуп бөлүнөт. Улуу Бабыл деп аталган аял саясий империя эмес, анткени Кудайдын Сөзүндө «жер жүзүндөгү падышалардын», башкача айтканда, бул дүйнөнүн саясий күчтөрүнүн аны менен бузуктук кылышканы айтылат. Бул анын жер бетиндеги бийликтер менен келишимдерди түзгөнүнөн жана аларга үстөмдүк кылып, таасир эте алыш үчүн баарына даяр болгонунан айкын көрүнүүдө. Ошол себептен ал «улуу сойку» деп аталат (Аян 17:1, 2; Жакып 4:4).

Улуу Бабыл коммерциялык империя да эмес, себеби ал жок кылынганда, коммерциялык уюмдарды билдирген «дүйнөнүн соодагерлери» боздоп ыйлашат. Ыйык Китепте падышалардын да, соодагерлердин да Улуу Бабылды «алыста туруп» карашканы айтылат (Аян 18:3, 9, 10, 15—17). Ошондуктан Улуу Бабыл саясий же коммерциялык эмес, диний империя деп жыйынтык чыгаруу акылга сыярлык.

Улуу Бабылдын динди билдирерине дагы бир далил бар. Аян китебинде анын спиритизмге аралашып, бүт элдерди адаштырып жатканы айтылат (Аян 18:23). Спиритизмдин түрлөрүнүн баары дин менен байланышканын жана жин-перилердин таасири астында пайда болгонун эске алганда, Улуу Бабылдын эмне үчүн «жиндердин турак-жайы» деп аталары түшүнүктүү (Аян 18:2; Мыйзам 18:10—12). Ошондой эле бул империя чыныгы динге каршы чыгып, «пайгамбарларды» жана «ыйыктарды» куугунтуктоодо (Аян 18:24). Ал чыныгы динди ушунчалык жек көргөндүктөн «Исанын күбөлөрүн» мыкаачылык менен куугунтуктап, атүгүл өлтүрүп келет (Аян 17:6). Ошентип, Улуу Бабыл деп аталган аял жалган диндин дүйнөлүк империясын, тактап айтканда, Жахабага каршы болгон диндердин баарын билдирет.