Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Майрамдарды белгилөө туурабы?

Майрамдарды белгилөө туурабы?

ДҮЙНӨНҮН булуң-бурчунда жашаган адамдар ар кандай майрамдарды белгилешет. Бирок алар Ыйык Китепке негизделген эмес. Анда ал майрамдар кайдан келип чыккан? Беделдүү китеп, энциклопедияларга кайрылып көрсөң, өзүң жашаган жердегилер белгилеген майрамдар тууралуу кызыктуу нерселерди биле аласың. Буга байланыштуу бир-эки мисалга токтолуп өтөлү.

Пасха. «Британ энциклопедиясында»: «Исанын тирилгенине байланыштуу майрам өткөрүлгөнү жөнүндө Жаңы Келишимдин эч жеринде айтылбайт»,— делет. Ал майрам Исанын тирилгенине арналган деп эсептелгени менен, анын каада-салттары бутпарастардан калган. Мисалы, бир энциклопедияда пасха коёнун «бутпарастар түшүмдүүлүктүн символу» катары эсептешкени айтылат («The Catholic Encyclopedia»). Ал эми «Чоң Совет энциклопедиясында»: «Христиандар белгилеген Пасханын ар кандай каадалары (таттуу нанды ыйыктоо, сырдан пасха жасоо, жумуртка боё ж.б.у.с.) бутпарастар жазында белгилеген майрамдан келген»,— деп жазылган (2-басылышы, 32-том, 1955-ж., ор.).

Жаңы жыл. Жаңы жыл ар кайсы өлкөдө ар башка убакта жана ар түрдүүчө белгиленет. Бул майрамдын келип чыгышы жөнүндө «Уорлд бук» энциклопедиясында мындай делет: «Б. з. ч. 46-жылы Рим башкаруучусу Юлий Цезарь жаңы жыл 1-январдан башталсын деп буйрук кылган. Римдиктер ал майрамды каалга-эшиктердин, кире бериш-чыга бериштин жана ар кандай башталманын кудайы болуп эсептелген Янустун урматына өткөрүшчү. Ал эки беттүү (бири алды жагында, экинчиси арт жагында жайгашкан) кудай катары сүрөттөлчү. Январь айы ошол кудайдын атынан аталып калган». Мындан Жаңы жылдын да бутпарастардан калган майрам экенин көрүүгө болот.

Башка майрамдар. Албетте, бул тиркемеде дүйнө жүзүндөгү майрамдардын баарын талкуулоо мүмкүн эмес. Анткен менен адамга же уюмга арналган майрамдардын Жахабага жакпай турганы айкын (Жеремия 17:5—7; Элчилер 10:25, 26). Майрамдын кайдан келип чыкканын билүүнүн аркасында анын Кудайга жагар-жакпасын аныктай алабыз (Ышая 52:11; Аян 18:4). Бул китептин 16-бөлүмүндө талкууланган ыйык китептик принциптер кайсы бир майрамды белгилөөгө Кудай кандай караарын билүүгө жардам берет.