Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Кудайды сүйүү деген эмнени билдирет?

Кудайды сүйүү деген эмнени билдирет?

«Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес» (1 ЖАКАН 5:3).

1, 2. Жахаба Кудайды сүйүүгө сага эмне түрткү берет?

СЕН Кудайды сүйөсүңбү? Эгер өзүңдү Жахаба Кудайга арнаган болсоң, бул суроого «ооба» деп жооп берериң шексиз. Жахабаны сүйгөнүбүз туура, анткени муну менен биз анын сүйүүсүнө жооп кайтарган болобуз. Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Биз... сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйгөн»,— деп айтылган (1 Жакан 4:19).

2 Ооба, Жахаба бизге биринчи болуп сүйүү көрсөткөн. Мисалы, ал ажайып кооз жерди жаратып, аны бизге үй катары берген. Ал бизди жашоого зарыл нерселердин баары менен камсыз кылып келет (Матай 5:43—48). Андан да маанилүүсү, Жахаба Кудай бизге рухий жактан кам көрүүдө. Ал бизге өзүнүн Сөзүн, Ыйык Китепти, берген. Ошондой эле бизди угарына жана жардам бериш үчүн ыйык рухун берерине ынандырып, өзүнө тиленүү аркылуу кайрылууга чакырат (Забур 65:2; Лука 11:13). Баарынан маанилүүсү, бизди күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотуу үчүн, ал өзүнүн эң жакшы көргөн Уулун Куткаруучу катары жерге жиберген. Жахаба бизге кандай гана зор сүйүү көрсөткөн! (Оку: Жакан 3:16; Римдиктер 5:8.)

3. а) Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн бизден эмне талап кылынат? б) Кайсы маанилүү суроону карап чыгышыбыз керек жана анын жообу каякта камтылган?

3 Жахаба биздин анын сүйүүсүнө бөлөнүп, түбөлүккө пайда алышыбызды каалайт. Бирок бул өзүбүздөн көз каранды. Ыйык Китеп бизди Кудайдын «түбөлүк өмүргө алып бара турган... сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылууга» чакырат (Жүйүт 21). «Аракет кылгыла» деген сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн биз тараптан күч жумшоо талап кылынат. Аны сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн ар кандай жолдору бар. Ошондуктан: «Кудайды сүйөрүмдү кантип көрсөтө алам?» — деген маанилүү суроону карап чыкканыбыз зарыл. Бул суроонун жообу элчи Жакандын: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— деген сөздөрүндө камтылган (1 Жакан 5:3). Биз Кудайга аны абдан сүйөрүбүздү көрсөтүүнү каалайбыз, андыктан бул аяттагы сөздөрдүн маанисин кылдат талдап чыкканыбыз орундуу.

КУДАЙДЫ СҮЙҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

4, 5. Жүрөгүңдө Жахабага болгон сүйүүң кантип өсө баштаганын айтып бер.

4 Элчи Жакан жогоруда келтирилген сөздөрүн: «Кудайды сүйүү — бул...» — деп баштаган. Кел анда, анын Кудайды сүйүү деген эмнени билдирерин кантип түшүндүргөнүн карап көрөлү. Бирок бул суроого токтолордон мурун жүрөгүңдө Жахабага болгон сүйүүң өсө баштаган убакты эстесең.

Арналганда жана чөмүлгөндө андан ары Жахабага чын жүрөктөн баш иериңди көрсөтөсүң

5 Бир саамга токтоп, Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндөгү чындыкты биринчи жолу угуп, ага болгон ишенимиң пайда болгон кезиң тууралуу ойлонуп көрсөң. Убакыттын өтүшү менен сен, Кудай менен эч кандай байланышы жок күнөөкөр болуп төрөлгөнүңө карабай, анын Машаяк аркылуу Адам ата жоготкон жеткилеңдикке жана түбөлүк өмүргө жетишиңе жол ачканын түшүндүң (Матай 20:28; Римдиктер 5:12, 18). Ошондой эле эң сүйүктүү Уулун жерге жиберип, сен үчүн өлүшүнө жол берүү менен Жахабанын кандай чоң курмандыкка барганын баамдадың. Бул жүрөгүңдү козгогондуктан, ушундай зор сүйүү көрсөткөн Кудайды сүйө баштадың. (Оку: 1 Жакан 4:9, 10.)

6. Чыныгы сүйүү эмнеден көрүнөт жана Кудайга болгон сүйүүң сага эмне кылууга түрткү берди?

6 Андай сезим Жахабага болгон чыныгы сүйүүңдүн башталышы гана болгон. Сүйүү бул сезим эле эмес. Кудайга болгон чыныгы сүйүү: «Мен Жахабаны сүйөм»,— деп айтып коюуну эле билдирбейт. Чыныгы сүйүү, ишеним сыяктуу эле, иштер менен көрсөтүлөт (Жакып 2:26). Тактап айтканда, кимдир бирөөгө болгон сүйүүбүз ага жаккан иштерди кылганыбыздан көрүнөт. Анын сыңарындай, жүрөгүңдө Жахабага болгон сүйүү тамырлай баштаганда, сен да асмандагы Атаңа жаккыдай жашоого түрткү алдың. Азыр Жахабанын чөмүлгөн кызматчысысыңбы? Анда ошондой маанилүү чечим чыгарышыңа Жахабага болгон күчтүү сүйүүң жана ага болгон берилгендигиң түрткү бергени шексиз. Ошентип, өзүңдү Жахабага анын эркин аткаруу үчүн арнап, аны чөмүлүү менен көрсөткөнсүң. (Оку: Римдиктер 14:7, 8.) Жахабага арналганда чын жүрөктөн берген убадаңды аткаруу үчүн элчи Жакандын андан ары айткан сөздөрүнө ылайык иш кылышың керек.

«АНЫН ОСУЯТТАРЫН АТКАРУУ»

7. Кудайдын айрым осуяттары кайсылар жана аларды аткаруу эмнени билдирет?

7 Жакан Кудайды сүйүү «анын осуяттарын аткарууну» билдирерин айткан. Кудай кандай осуяттарды берген? Өзүнүн Сөзүнө, Ыйык Китепке, ал бир топ айкын-так осуяттарды жаздырган. Мисалы, анда аракечтикке, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка, бурканга табынууга, уурулук кылууга, калп айтууга жана башка ушу сыяктуу иштерге тыюу салынат (1 Корунттуктар 5:11; 6:18; 10:14; Эфестиктер 4:28; Колосалыктар 3:9). Демек, Кудайдын осуяттарын аткаруу Ыйык Китепте жазылган адеп-ахлак нормаларына ылайык жашоону билдирет.

8, 9. Ыйык Китепте эч кандай так көрсөтмө берилбеген жагдайларда Жахабага эмне жагарын кантип биле алабыз? Мисал келтир.

8 Бирок Жахабага жагуу үчүн анын ачык айтылган осуяттарын аткаруу жетишсиз. Ал ар бир кадамыбызды кандайдыр бир мыйзам менен чектей бербейт. Андыктан биз туш болгон жагдайлардын айрымдарына байланыштуу Ыйык Китепте эч кандай так көрсөтмө болбошу мүмкүн. Андай учурларда Жахабага эмне жагарын кантип биле алабыз? Ыйык Китепте анын көз карашы айкын көрсөтүлгөн. Демек, ал китепти изилдөөнүн аркасында Жахабанын эмнени жактырып, эмнени жек көрөрүн аныктай алабыз. (Оку: Забур 97:10; Накыл сөздөр 6:16—19.) Ошондой эле анын кандай иштерди жана кандай көз карашты баалаарын түшүнөбүз. Жахабанын касиет-сапаттары менен жолдору жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, чечим чыгарууда жана иш-аракет кылууда анын ой жүгүртүүсүнө ошончолук көбүрөөк жетектелебиз. Ошентип, кайсы бир жагдайга карата Ыйык Китепте так мыйзам берилбесе да, көп учурда «Жахабанын эрки» эмне экенин айырмалап биле алабыз (Эфестиктер 5:17).

9 Мисалы, Ыйык Китепте зордук-зомбулук же жыныстык адеп-ахлаксыздык камтылган фильмдерди же телеберүүлөрдү көрүүгө тыюу салган айкын мыйзамдар жок. Бирок ошондой көрсөтүүлөргө тыюу салган мыйзамдардын зарылдыгы барбы? Биз Жахабанын андай нерселерге карата кандай көз карашта экенин билебиз. Ыйык Китепте: «Зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү анын жаны жек көрөт»,— деп ачык айтылат (Забур 11:5). Ошондой эле анда: «Бузуктук же ойноштук кылып жүргөндөрдү Кудай соттойт»,— делет (Еврейлер 13:4). Ыйык рухтун жетеги менен жазылган ушул сөздөрдүн үстүнөн ой жүгүртүү менен биз Жахабанын эрки эмне экенин так айырмалап биле алабыз. Натыйжада ал жек көргөн иштер чагылдырылган телеберүүлөрдү көрбөйбүз. Биз бул дүйнө зыянсыз көңүл ачуудай кылып көрсөткөн адеп-ахлаксыз нерселерден алыс болсок, Жахабага жагарыбызды билебиз *.

10, 11. Эмне себептен Жахабага баш ийүүнү каалайбыз жана ага канчалык деңгээлде баш иебиз?

10 Кудайдын осуяттарын аткарганыбыздын негизги себеби эмнеде? Эмне үчүн биз күн сайын Кудайдын көз карашына ылайык жашоону каалайбыз? Жазадан же Кудайдын эркине ылайык жашабагандар туш болгон кыйынчылыктардан качыш үчүн элеби? Жок (Галатиялыктар 6:7). Биз Жахабага баш ийүүнү аны сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн эң сонун жолу деп эсептейбиз. Атасынын жылмая карап, жактырганын көргүсү келген балага окшоп, биз да Жахабага жагууну каалайбыз (Забур 5:12). Ал — биздин Атабыз; биз аны сүйөбүз. «Жахабага жаккыдай» жашап жатканыбызды билүүдөн башка эч нерсе бизге мынчалык зор кубаныч, терең канааттануу тартуулай албайт (Накыл сөздөр 12:2).

11 Биз Кудайга аргасыздан же каалаганда гана баш ийбейбиз жана ага баш ийүүдө шарт койбойбуз *. Ошондой эле анча оор эмес, кыйынга турбаган учурларда же өзүбүзгө ыңгайлуу болгондо гана баш ийүүнү тандабайбыз. Тескерисинче, ага «чын жүрөктөн баш иебиз» (Римдиктер 6:17). Биз: «Осуяттарыңды баалайм, аларды жакшы көрөм»,— деп жазган забурчунун сезимдерине ортоктошпуз (Забур 119:47). Ооба, Жахабага баш ийүү бизге абдан жагат. Анын толук, эч шарт койбой баш ийишибизди талап кыларын жана ошого татыктуу экенин жакшы билебиз (Мыйзам 12:32). Жахаба Ыйык Китепте Нух пайгамбар жөнүндө кандай сөздөрдү айтса, биз жөнүндө да ошондой сөздөрдү айтышын каалайбыз. Байыркы убакта жашаган жана көптөгөн жылдар бою Кудайга баш ийип, аны сүйөрүн көрсөткөн ал ишенимдүү киши жөнүндө Ыйык Китепте: «Нух баарын Кудай айткандай жасады. Ал так ошондой кылды»,— делет (Башталыш 6:22).

12. Жахаба биздин ага кантип баш ийишибизди каалайт?

12 Жахабага өз каалообуз менен баш ийгенибизде, ал кандай сезимде болот? Өзүнүн Сөзүндө айтылгандай, мындай учурда анын жүрөгү кубанат (Накыл сөздөр 27:11). Баш ийүү менен чынында эле ааламдын Эгедеринин жүрөгүн кубанта алабызбы? Албетте! Анын кубанганынын себеби бар. Жахаба бизди эркин кылып жараткан. Бул биздин тандоо эркиндигине ээ экенибизди, тактап айтканда, Кудайга баш ийүүнү же баш ийбөөнү өзүбүз чечерибизди көрсөтүп турат (Мыйзам 30:15, 16, 19, 20). Жахабага өз каалообуз менен баш ийсек жана буга сүйүүгө толгон жүрөгүбүз түрткү берсе, ал абдан кубанат (Накыл сөздөр 11:20). Андан сырткары, эң жакшы жолду тандаган болобуз.

«АНЫН ОСУЯТТАРЫН АТКАРУУ ООР ЭМЕС»

13, 14. Эмне үчүн Кудайдын «осуяттарын аткаруу оор эмес» деп айта алабыз жана муну кандай мисал менен түшүндүрүүгө болот?

13 Элчи Жакандын сөздөрүндө Жахабанын осуяттарына байланыштуу жубатарлык ой камтылган. Ал: «Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— деп айткан. Ооба, Жахабанын осуяттары кыйын эмес жана акылга сыярлык. Анын мыйзамдары жеткилеңсиз адамдар баш ие албагыдай оор эмес.

14 Муну мындай мисал менен түшүндүрүүгө болот. Жакын досуң сенден башка жакка көчүүгө жардам беришиңди суранды дейли. Анын көп жүгү бар. Алардын айрымдары бир киши көтөрө алгыдай жеңил болсо, башкаларын көтөрүш үчүн эки киши керек. Досуң сага сен көтөрчү жүктөрдү көрсөтөт. Кандай деп ойлойсуң, ал сенден алың жетпей тургандарын көтөрүүнү суранабы? Албетте, антпейт. Анткени аларды жалгыз көтөрүп баратып бир жериңди кокустатып алышыңды каалабайт. Анын сыңарындай, мээримдүү жана боорукер Кудайыбыз бизге аткарууга кыйын болгон осуяттарды бербейт (Мыйзам 30:11—14). Мындайча айтканда, ал эч качан бизден оор «жүк» көтөрүүнү суранбайт. Жахаба күчүбүздүн бардык нерсеге жете бербесин жакшы түшүнөт, анткени «биздин эмнеден жаратылганыбызды билет, топурак экенибизди унутпайт» (Забур 103:14).

15. Жахабанын осуяттарын аткаруу бизге чоң пайда алып келерине эмне үчүн шектенбесек болот?

15 Жахабанын осуяттары оор эмес, тескерисинче, аларды аткаруу бизге көп пайда алып келет. (Оку: Ышая 48:17.) Муса пайгамбар байыркы ысрайыл элине: «Өзүбүзгө жакшы болушу үчүн Жахаба Кудайыбыздан дайыма коркуп, бүгүнкүдөй тирүү жүрүшүбүз үчүн, Жахаба ушул көрсөтмөлөрдүн баарын аткарууну буйрук кылган»,— деп айткан (Мыйзам 6:24). Бизге мыйзамдарын берип жатканда да Жахаба пайдабызды, түбөлүк жыргалчылыгыбызды көздөгөнүнө шектенбесек болот. Ал талап кылган нерселер бизге эч качан зыян алып келбейт. Жахаба — чексиз акылман Кудай (Римдиктер 11:33). Ошол себептен бизге эмне пайда алып келерин жакшы билет. Андан сырткары, Жахаба — сүйүүнүн өзү (1 Жакан 4:8). Ошондуктан сөздөрү менен иштеринин баары сүйүүгө негизделет. Өзүнүн кызматчыларына берген бардык осуяттары да сүйүүгө негизделген.

16. Эмне үчүн азыркы бузулган дүйнөнүн жана жеткилең эмес денебиздин таасирине карабай Кудайга баш ие алабыз?

16 Албетте, Кудайга баш ийүү дайыма эле оңой деп айтууга болбойт. Бизге «Шайтандын бийлиги астында» жаткан бузулган дүйнөнүн таасирине каршы күрөшүүгө туура келет (1 Жакан 5:19). Ошондой эле Кудайдын мыйзамдарын бузууга түрткөн жеткилең эмес денебиз менен да күрөшүшүбүз керек (Римдиктер 7:21—25). Бирок Кудайды сүйсөк, жеңишке жете алабыз. Жахаба ага баш ийип, сүйүүсүн далилдөөнү каалагандардын баарына батасын берет. Ал өзүнө баш ийгендерге ыйык рухун берет (Элчилер 5:32). Анын рухунун таасири менен биз эң сонун жемишти — Кудайга баш ийүүгө жардам берген сапаттарды — өстүрө алабыз (Галатиялыктар 5:22, 23).

17, 18. а) Бул китепте эмнелер каралат жана аларды талкуулап жатканда эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек? б) Кийинки бөлүмдө эмне талкууланат?

17 Бул китепте Жахабанын принциптери менен адеп-ахлак нормалары жана анын эркине байланышкан башка нерселер каралат. Аларды талкуулап жатканда бир нече маанилүү ойду эсибизден чыгарбайлы. Мисалы, Жахаба бизди мыйзам-принциптерине баш ийүүгө мажбурлабай турганын, ага чын жүрөктөн баш ийишибизди каалаарын унутпайлы. Ошондой эле ал бизди азыр мол батага ээ кыла турган, келечекте болсо түбөлүк өмүргө алып бара турган жашоо өткөрүүгө чакырып жатканын да эсибизден чыгарбайлы. Андан сырткары, Жахабага чын жүрөктөн баш ийүүнү аны абдан сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн эң сонун жолу катары көрөлү.

18 Туураны туура эместен айырмалоого жардам берүү үчүн мээримдүү Кудайыбыз бизге абийир белегин берген. Бирок абийирибиз туура жол көрсөтүшү үчүн, аны үйрөтүшүбүз керек. Бул кийинки бөлүмдө талкууланат.

^ 11-абз. Аргасыз болгондо атүгүл жиндер да баш иет. Иса Машаяк жиндерге айрым жин оорулуу адамдардын ичинен чыгып кетүүнү буйруганда, алар анын бийлиги бар экенин моюнга алууга аргасыз болуп, каалашпаса да баш ийишкен (Марк 1:27; 5:7—13).