Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Кудай сүйгөн адамдарды сүйгүлө

Кудай сүйгөн адамдарды сүйгүлө

«Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 13:20).

1—3. а) Ыйык Китепте кандай талашсыз чындык жазылган? б) Канткенде жакшы таасир эте турган досторду тандай алабыз?

АДАМДАР кандайдыр бир мааниде кебезге окшош. Биз айланабыздагы нерселерди сиңирип алууга жакын келебиз. Кээде өзүбүз байкабай эле, жакын мамиледеги адамдарыбыздын көз карашын, кулк-мүнөзүн оңой эле «жуктуруп» алып, алар карманган нормаларга кармана башташыбыз мүмкүн.

2 Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат»,— деген талашсыз чындык жазылган (Накыл сөздөр 13:20). Бул накыл сөздө үстүртөн эле болгон мамиле жөнүндө айтылган жок. «Мамилелешүү» деген сөз кимдир бирөө менен дайыма карым-катнашта болууну билдирет. Ыйык Китеп жөнүндөгү бир эмгектин бул аятка берилген түшүндүрмөсүндө: «Кимдир бирөө менен мамилелешүү аны жакшы көрүүнү, аны менен ынак болууну туюнтат»,— деп айтылган. Жакшы көргөн адамдарыбызды туураганга жакын келерибизге сен да кошулат чыгарсың. Ооба, биз жакшы көргөн адамдарыбыз менен ынак болуп калабыз, ошондуктан алар бизге, оң болобу же терс болобу, күчтүү таасир эте алышат.

3 Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн оң таасир тийгизе турган досторду тандаганыбыз маанилүү. Ал үчүн эмне кылуу керек? Жөнөкөй сөз менен айтканда, Кудай сүйгөн адамдарды сүйүп, анын достору менен дос болушубуз керек. Ойлоп көрсөң, Жахаба өзүнүн досторунан талап кылган сапаттарга ээ адамдардан артык ким жакшы дос боло алат? Анда эмесе, Кудайдын кандай адамдарды жакшы көрөрүнө токтололу. Жахабанын көз карашын эстен чыгарбасак, жакшы таасир эте турган досторду тандай алабыз.

КУДАЙ КАНДАЙ АДАМДАРДЫ СҮЙӨТ?

4. Эмне себептен Жахаба досторду кылдат тандоого укуктуу жана эмне үчүн ал Ыбрайым пайгамбарды «досум» деп атаган?

4 Жахаба досторду кылдаттык менен тандайт. Ал буга толук укуктуу. Анткени ал — ааламдын Эгедер Теңири жана аны менен дос болуу — эң чоң сыймык. Жахаба кандай адамдар менен достошот? Ага таянган, толук ишенген адамдар менен. Мисалга күчтүү ишеними менен белгилүү болгон Ыбрайым пайгамбарды алалы. Ата үчүн өз уулун курмандыкка чалуудан өткөн оор сыноо жок экени шексиз *. Ошентсе да Ыбрайым пайгамбар уулу Ыскакты курмандыкка чалууга даяр болгон, анткени аны «өлгөндөрдүн арасынан тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетерине» толук ишенген (Еврейлер 11:17—19). Ал ушундай күчтүү ишеним көрсөтүп, баш ийгендиктен, Жахаба аны жакшы көрүп, «досум» деп атаган (Ышая 41:8; Жакып 2:21—23).

5. Жахаба өзүнө берилгендик менен баш ийгендерге кандай карайт?

5 Жахаба берилгендик менен баш ийүүнү жогору баалайт жана ага болгон берилгендигин баарынан жогору койгондорду абдан жакшы көрөт. (Оку: 2 Шемуел 22:26.) Бул китептин 1-бөлүмүнөн билгенибиздей, Жахаба өзүнө сүйүүсүнөн улам баш ийип жаткандарды көрүп аябай кубанат. Накыл сөздөр 3:32де анын «чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болору» айтылат. Жахаба анын талаптарын берилгендик менен аткаргандарды өзүнүн «чатырына» конокко чакырат. Ооба, алар ага сыйынып, каалаган учурда тиленүү менен кайрыла алышат (Забур 15:1—5).

6. Исаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз жана Жахаба Уулун сүйгөндөрдү көргөндө кандай сезимде болот?

6 Жахаба анын жалгыз Уулу Исаны жакшы көргөндөрдү да жакшы көрөт. Иса Машаяк: «Ким мени сүйсө, ал менин сөздөрүмдү аткарат. Ошондуктан Атам аны сүйөт жана Атам экөөбүз келип, аны менен чогуу болобуз»,— деп айткан (Жакан 14:23). Исаны сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз? Албетте, анын осуяттарын аткаруу менен. Мунун ичине жакшы кабар жарыялоо жана шакирт даярдоо тапшырмасын аткаруу да кирет (Матай 28:19, 20; Жакан 14:15, 21). Аны сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн дагы бир жолу — «анын изи менен так жүрүү», башкача айтканда, аны сөздөрүбүз жана кылган иштерибиз менен жеткилең эмес адамдар катары колубуздан келишинче тууроо (1 Петир 2:21). Жахаба анын Уулун сүйүп, андан үлгү алууга аракет кылып жаткандарды көргөндө абдан кубанат.

7. Эмне үчүн Жахабанын достору менен дос болгонубуз акылдуулукка жатат?

7 Ишеним, берилгендик, баш ийүү, Машаякка жана ал окуткан нормаларга болгон сүйүү — Жахаба досторунан талап кылган сапаттардын айрымдары. Ар бирибиз өзүбүздөн: «Жакын досторум ушундай сапаттарга ээби? Аларды Жахабанын досторунун арасынан тандадымбы?» — деп сурап көргөнүбүз дурус. Ушундай досторду тандаганыбыз акылдуулукка жатат. Кудайга жаккан сапаттарды өстүрүп, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуу жарыялаган бир туугандар бизге оң таасир тийгизип, Кудайга жагууга болгон чечкиндүүлүгүбүздөн жазбоого түрткү бере алышат. ( «Жакшы дос кандай болот?» деген кутучаны кара.)

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ КААРМАНДАРДЫН ҮЛГҮСҮ

8. Сени а) Наами менен Руттун; б) үч жаш еврейдин; в) Пабыл менен Тиметейдин достугу эмнеси менен таасирлентет?

8 Ыйык Жазмада жакшы дос тандоонун аркасында баталарга ээ болгон көптөгөн эркек-аялдар жөнүндө жазылган. Андан Наами менен келини Руттун, Бабылда туткун болуп жүргөн үч жаш еврейдин, ошондой эле Пабыл менен Тиметейдин ортосундагы ынак мамилелер тууралуу окуй аласың (Рут 1:16; Даниел 3:17, 18; 1 Корунттуктар 4:17; Филипиликтер 2:20—22). Кел, азыр достуктун эң сонун үлгүсүн калтырган Дөөтү менен Жонатандын ортосундагы мамилеге токтололу.

9, 10. Дөөтү менен Жонатандын жан кыйышпас достордон болушуна эмне өбөлгө түзгөн?

9 Ыйык Китепте айтылгандай, Дөөтү Голиатты өлтүргөндөн кийин, Жонатан ага «бүт жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көрүп калган» (1 Шемуел 18:1). Ошол убактан тартып экөө, жашы жагынан чоң айырма болгонуна карабай, Жонатан согуш майданында каза болгонго чейин, абдан ынак мамиледе болушкан * (2 Шемуел 1:26). Алардын жан кыйышпас достордон болушуна эмне өбөлгө түзгөн?

10 Дөөтү да, Жонатан да Жахабаны жакшы көргөн жана экөө тең ага ишенимдүү бойдон калууну абдан каалаган. Так ушул нерсе алардын дос болушуна өбөлгө түзгөн. Ооба, экөөнү Кудайга жагууга болгон каалоо бириктирип турган. Алар бири-бирине жаккан сапаттарды чагылдырышкан. Жонатанды Жахабанын ысмын тайманбастык менен коргогон жаш жигиттин эр жүрөктүгү, ынтасы таасирленткени шексиз. Дөөтү болсо улуу кишинин анын кызыкчылыктарын өзүнүкүнөн жогору койгонун жана Жахабанын чараларын берилгендик менен колдогонун көрүп, аны урматтоого түрткү алган. Мисалга анын Жонатандын атасы Шабул падышанын каарынан качып, чөлдө жүргөн кезин алалы. Анын көңүлү абдан чөгүп турганда, досуна болгон берилгендигинен улам Жонатан ага өзү барып, «Кудайга болгон ишенимин бекемдеген» (1 Шемуел 23:16). Жакшы көргөн досу келип, бекемдегенде, Дөөтүнүн кандай сезимде болгонун элестетсең *.

11. Жонатан менен Дөөтүнүн үлгүсүнөн достукка байланыштуу эмнеге үйрөнө аласың?

11 Жонатан менен Дөөтүнүн үлгүсүнөн эмнеге үйрөнсөк болот? Эң алды, достордун рухийликке байланыштуу баалаган нерселери окшош болушу керек. Ырас, ишеними, баалаган нерселери жана Кудайга ишенимдүү бойдон калууга болгон каалоосу биздикиндей болгон адамдар менен достошсок, ой-сезимдерибиз, тажрыйбабыз менен бөлүшүп, бири-бирибизди бекемдей алабыз. (Оку: Римдиктер 1:11, 12.) Рухийликке умтулган мындай досторду ишенимдештерибиздин арасынан табууга болот. Бирок бул Падышалык залына келгендердин баары эле жакшы дос боло алат дегенди билдиреби? Жок, андай деле эмес.

ДОС ТАНДООДО ЭМНЕНИ ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК?

12, 13. а) Эмне үчүн ишенимдештерибиздин арасынан дос тандоодо да сак болушубуз керек? б) 1-кылымдагы жыйналыштарда кандай көйгөйлөр пайда болгон жана ошондон улам Пабыл кандай эскертүүлөрдү берген?

12 Атүгүл жыйналыштагылардын арасынан да бизди рухий жактан бекемдей турган досторду тандаганды билишибиз кажет. Буга таң калышыбыз керекпи? Жок. Дарактагы жемиштердин айрымдары кечирээк бышкандай эле, жыйналыштагы кээ бир ишенимдештерибиз рухий жактан бара-бара жетилет. Андыктан ар бир жыйналышта рухийлиги ар башка деңгээлде болгон бир туугандар бар (Еврейлер 5:12—6:3). Албетте, биз жаңыларга же алсыздарга рухий жактан өсүүгө жардам берүүнү каалайбыз, ошондуктан аларга чыдамдуулук, сүйүү менен мамиле кылабыз (Римдиктер 14:1; 15:1).

13 Бирок айрым учурларда жыйналыштан дос тандап жатканда сак болуу талап кылынат. Кээ бирөөлөрдүн жүрүм-туруму шек туудурушу мүмкүн. Дагы башкалары таарынганга, наалыганга жакын болушу ыктымал. Б.з. 1-кылымында да ушу сыяктуу көйгөйлөр болгон. Жыйналыштагылардын көпчүлүгү ишенимдүү болушса да, кээ бирлери өздөрүн туура эмес алып жүрүшкөн. Корунт шаарындагы жыйналыштын кээ бир мүчөлөрү Исанын айрым окууларын колдобогондуктан, элчи Пабыл ишенимдештерине: «Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп эскерткен (1 Корунттуктар 15:12, 33). Пабыл Тиметейге атүгүл ишенимдештердин арасынан да айрымдар өздөрүн туура эмес алып жүрөрүн айтып, андайлардан алыс болууга, алар менен дос болбоого чакырган. (Оку: 2 Тиметей 2:20—22.)

14. Пабылдын эскертүүлөрүндө камтылган принципти кантип колдонсок болот?

14 Пабылдын эскертүүлөрүндө камтылган принципти кантип колдонсок болот? Жыйналыштагылар болобу же башкаларбы, терс таасир тийгизе турган адамдар менен жакын мамиледе болуудан качканыбыз абзел (2 Тесалоникалыктар 3:6, 7, 14). Биз рухийлигибизди коргошубуз керек. Кебезге окшоп, жакын досторубуздун көз караштары менен нормаларын «сиңирип» аларыбызды унутпа. Кир сууга малынган кебез таза сууну сиңирет деп ойлобогонубуздай эле, терс таасир тийгизген адамдар менен байланышып, алардан жакшы нерсеге үйрөнөбүз деп ойлобошубуз керек (1 Корунттуктар 5:6).

Ишенимдештериңдин арасынан жакшы досторду таба аласың

15. Рухийликти баалаган досторду табуу үчүн эмне кылсаң болот?

15 Бактыга жараша, ишенимдештерибиздин арасынан көптөгөн жакшы досторду таба алабыз (Забур 133:1). Рухийликти баалаган андай досторду табууга эмне жардам берет? Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүп, анын жолдору менен жүрүүгө умтулсаң, өзүңө окшоп, Кудайга жагууга аракет кылган бир туугандардын сага тартылары шексиз. Ошол эле учурда жаңы досторду күтүү үчүн демилгени колго алып, белгилүү бир кадамдарды жасаганың дурус. ( «Жакшы досторду табууга эмне жардам берет?» деген кутучаны кара.) Өзүң өрчүткүң келген сапаттарды чагылдырган бир туугандарды изде. Ыйык Китептеги «жүрөгүңөрдү кенен ачкыла» деген кеңешти колдонуп, расасы, улуту же маданияты башка ишенимдештер менен достошууга аракет кыл (2 Корунттуктар 6:13; оку: 1 Петир 2:17). Өзүң теңдүүлөр менен эле чектелбе. Жонатандын Дөөтүдөн бир топ улуу болгонун унутпа. Ооба, көптөгөн кары бир туугандарыбыз турмуштук тажрыйбасы жана акылмандыгы менен бөлүшүп, достугубузду көркүнө чыгара алышат.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ПАЙДА БОЛГОНДО...

16, 17. Бир тууганыбыз көңүлүбүздү оорутуп койгондо жыйналыштан алыстаганыбыз эмне үчүн туура эмес?

16 Жыйналыштагылардын кулк-мүнөзү, чоңойгон чөйрөсү ар башка болгондуктан, кээде ортодо кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Бир тууганыбыз сүйлөгөн сөзү же кылган иши менен көңүлүбүздү оорутуп коюшу ыктымал (Накыл сөздөр 12:18). Кээде көйгөй түшүнбөстүктөрдөн же кулк-мүнөзүбүздүн, көз караштарыбыздын ар башка болгонунан улам туулат. Андай учурда көңүлүбүз калып, жыйналыштан алыстап кетебизби? Эгерде Жахабаны жана ал сүйгөн адамдарды чын жүрөктөн сүйсөк, эч качан антпейбиз.

17 Бизди жаратып, кам көрүп келаткандыктан Жахаба сүйүүбүзгө жана толук берилгендигибизге татыктуу (Аян 4:11). Ал колдонуп жаткан жыйналыш да биздин берилгендик менен колдоо көрсөтүшүбүзгө татыктуу (Еврейлер 13:17). Ошондуктан бир тууганыбыз кандайдыр бир жол менен бизди капалантса же көңүлүбүздү калтырса, таарынып, жыйналыштан алыстап кетпейбиз. Андай кылганыбыз туура эмес болуп калар эле, анткени бизди Жахаба таарынткан жок. Жахабага болгон сүйүүбүз андан жана анын элинен жүзүбүздү буруп кетүүгө жол бербейт. (Оку: Забур 119:165.)

18. а) Жыйналышта тынчтыкка өбөлгө түзүү үчүн эмне кылсак болот? б) Негиз бар болсо, кечирип коюу кандай бата алып келет?

18 Ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүз жыйналышта тынчтыкка өбөлгө түзүүгө түрткү берет. Жахаба өзү сүйгөн адамдарынан жеткилеңдикти талап кылбагандай эле, биз да талап кылбашыбыз керек. Сүйүү бизге баарыбыздын жеткилең эмес экенибизди, жаңыла турганыбызды унутпоого жана башкалардын майда-барат каталарына көңүл бурбоого жардам берет (Накыл сөздөр 17:9; 1 Петир 4:8). Ошондой эле бири-бирибизди мындан ары да «айкөлдүк менен кечирүүгө» түрткү берет (Колосалыктар 3:13). Албетте, бул кеңешке ылайык иш кылуу дайыма эле оңой боло бербейт. Эгер терс сезимдерибиздин үстөмдүк кылып кетишине жол берсек, көңүлүбүздү ооруткан бир тууганга ачууланып, аны жазалайм деген ойдо таарынып жүрө беришибиз мүмкүн. Бирок бул, чынында, өзүбүзгө эле зыян алып келет. Ал эми негиз бар болсо, кечирип коюу менен мол батага ээ болобуз (Лука 17:3, 4). Алсак, жан дүйнөбүз тынч болот, жыйналыштагы тынчтык бузулбайт жана баарынан маанилүүсү, Жахаба менен болгон мамилебизди сактап калабыз (Матай 6:14, 15; Римдиктер 14:19).

КАНДАЙ УЧУРДА МАМИЛЕЛЕШҮҮНҮ ТОКТОТУУ КЕРЕК?

19. Кандай учурларда кимдир бирөө менен болгон мамилебизди токтотушубуз керек?

19 Кээде кайсы бир ишенимдешибиз менен болгон мамилебизди токтотууга чакырылабыз. Мындай жагдай кимдир бирөө Кудайдын мыйзамын бузганына өкүнбөгөнү үчүн жыйналыштан чыгарылганда же жалган окууларды таратуу менен чындык жолунан четтегенде, же жыйналыштан баш тартканда пайда болот. Кудайдын Сөзү бизди андайлар менен «мамилелешпөөгө» чакырат *. (Оку: 1 Корунттуктар 5:11—13; 2 Жакан 9—11.) Эгер ал жакын досубуз же тууганыбыз болсо, бул буйрукка баш ийүү кыйынга турушу мүмкүн. Андайда Жахабага жана анын адил мыйзамдарына болгон берилгендигибизди сактоо биз үчүн баарынан маанилүү экенин көрсөтүп, бекем турабызбы? Жахабанын берилгендикти жана баш ийүүнү жогору баалаарын эсиңден чыгарба.

20, 21. а) Эмне үчүн жыйналыштан чыгаруу чарасы сүйүүнү айгинелеп турат? б) Досторду акылдуулук менен тандаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

20 Жыйналыштан чыгаруу чарасы, чынында, Жахабанын сүйүүсүн айгинелеп турат. Кандайча? Өкүнбөгөн күнөөкөрлөргө карата колдонулган мындай чара Жахабанын ыйык ысмына жана ага байланышкан бардык нерсеге болгон сүйүүбүздү көрсөтүп турат (1 Петир 1:15, 16). Ошондой эле бул тартип жыйналышты коргойт. Анын ишенимдүү мүчөлөрү өкүнбөгөн күнөөкөрдүн терс таасиринен корголот жана азыркы бузулган дүйнөдө жыйналыштын коопсуз жай экенине толук ишенип, сыйынуусун уланта беришет (1 Корунттуктар 5:7; Еврейлер 12:15, 16). Мындай катуу тартип күнөөкөргө болгон сүйүүнү да көрсөтүп турат. Бул ага акылына келип, Жахабага кайрылып келүү үчүн тийиштүү кадамдарды жасоого түрткү бериши мүмкүн (Еврейлер 12:11).

21 Жакын досторубуздун бизге күчтүү таасир этерин эч кимибиз тана албайбыз. Ошондуктан аларды акылдуулук менен тандаганыбыз маанилүү. Жахабанын достору менен дос болуп, ал сүйгөн адамдарды сүйсөк, эң жакшы достордун курчоосунда болобуз. Алардан «сиңирип» алган нерселерибиз Жахабага жагууга болгон чечкиндүүлүгүбүздөн жазбоого жардам берет.

^ 4-абз. Ыбрайым пайгамбарга уулун курмандыкка чалууну буйруу менен Жахаба өзүнүн жалгыз Уулун курмандык катары берерин алдын ала көрсөткөн (Жакан 3:16). Ыбрайым пайгамбар менен болгон окуяда Жахаба Ыскактын ордуна курмандыкка чалууга кочкорду берип, жагдайдын чечилишине кам көргөн (Башталыш 22:1, 2, 9—13).

^ 9-абз. Голиатты өлтүргөндө Дөөтү жаш болчу, ал эми Жонатан каза тапкан учурда 30дарда эле (1 Шемуел 17:33; 31:2; 2 Шемуел 5:4). Жонатан 60 жаштарында каза болгон, демек, ал Дөөтүдөн 30 жаштай улуу болгон.

^ 10-абз. 1 Шемуел 23:17ден көрүнүп тургандай, Жонатан Дөөтүнү бекемдөө үчүн беш нерсени айткан: 1) аны коркпоого чакырган; 2) Шабулдун иш-аракетинен эч майнап чыкпай турганына ынандырган; 3) анын, Кудайдын убадасына ылайык, падыша болорун эстеткен; 4) өзүнүн ага берилген бойдон каларын убада кылган жана 5) ага болгон берилгендиги жөнүндө атасы Шабулдун да билерин айткан.

^ 19-абз. Жыйналыштан чыгарылгандарга же баш тарткандарга кандай мамиле кылуу керектиги жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Тиркемедеги» «Жыйналыштан чыгарылгандарга кандай мамиле кылышыбыз керек?» деген теманы кара.