Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

Көңүл ачуунун пайдалуу түрлөрүн танда

Көңүл ачуунун пайдалуу түрлөрүн танда

«Баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла» (1 КОРУНТТУКТАР 10:31).

1, 2. Көңүл ачууга байланыштуу кандай тандоо жасашыбыз керек?

ДААМДУУ жемишти жегени жатып анын бир жери чирик экенин көрүп калдың дейли. Андайда эмне кыласың? Эчтекесине карабай жемишти бүт бойдон, атүгүл чирик жерин да кошо жеп салсаң болот же аны ыргытып жиберсең, же чириген жерин кесип салып, калганын жесең да болот. Сен эмне кылат элең?

2 Көңүл ачууну кайсы бир мааниде жемишке салыштырууга болот. Албетте, кээде эс алгың келет. Бирок өзүң көрүп-билгендей, азыркы дүйнөдөгү көңүл ачуулардын басымдуу бөлүгү адеп-ахлаксыз, атүгүл «чирик». Ошон үчүн эмне кылсаң болот? Айрымдар жаман экенине көңүл бурбай, бул дүйнө сунуш кылган көңүл ачуунун баарын туура көрө беришет. Кээ бирөөлөр зыян тартып калуудан корккондуктан алардын бардык түрүнөн баш тартышы мүмкүн. Башкалары болсо зыяндууларын четке кагып, пайдалууларын тандашат. Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн сен көңүл ачуунун кандай түрүн тандашың керек?

3. Азыр эмнеге токтолобуз?

3 Көбүбүз зыяндуу көңүл ачууну четке кагып, пайдалуусун тандамакпыз. Биз кээде эс алуу зарыл экенин, ошол эле учурда адеп-ахлак нормаларын бузбашыбыз керектигин түшүнөбүз. Андыктан көңүл ачуунун пайдалуу түрлөрүн зыяндууларынан кантип айырмаласа болорун карап чыкканыбыз маанилүү. Бирок адегенде тандаган көңүл ачуубуздун Жахабага кылган кызматыбызга кандай таасир этерине токтололу.

«БААРЫН КУДАЙДЫ ДАҢКТАШ ҮЧҮН КЫЛ»

4. Кудайга арналганыбыз көңүл ачууну тандоого кандай таасир этиши керек?

4 1946-жылы чөмүлгөн бир кары ишенимдешибиз мындан бир канча убак мурун: «Мен ар бир жыйында чөмүлө тургандарга арналган баяндамага сөзсүз катышууну жана аны өзүм чөмүлгөнү жаткандай кунт коюп угууну максат кылып койгом»,— деген. Эмне үчүн? Ал: «Кудайга арналганымды эсимде бек сактоо ишенимдүү бойдон калышым үчүн абдан маанилүү»,— деп түшүндүргөн. Анын айткандарына сенин да кошуларың шексиз. Ооба, өмүр бою Жахабага кызмат кылууга убада бергениңди эстеп жүрүү туруктуу болууга түрткү берет. (Оку: Насаатчы 5:4.) Кудайга арналганың жөнүндө ой жүгүртүү ага кылган кызматыңа гана эмес, жашооңдун бардык тармагына, анын ичинде көңүл ачууга карата болгон көз карашыңа да таасир этет. Муну элчи Пабыл ишенимдештерине: «Жесеңер да, ичсеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деп айтканда баса белгилеген (1 Корунттуктар 10:31).

5. Кандайча Лебилер 22:18—20-аяттар Римдиктер 12:1де анча байкалбаган эскертүү камтылганын көрүүгө жардам берет?

5 Жашооңдо кылган иштериңдин баары Жахабага сыйынууң менен тыгыз байланышта. Бул чындыкты ишенимдештерине жеткирүү үчүн элчи Пабыл римдиктерге жазган катында күчтүү сөздөрдү колдонгон. Ал: «Денеңерди тирүү, ыйык, Кудайга жагарлык курмандыкка бергиле. Ошентип, ыйык кызматыңарды акыл жөндөмүңөрдү колдонуп аткаргыла»,— деп чакырган (Римдиктер 12:1). Бул аяттагы «дене» деген сөз акылыңды, жүрөгүңдү жана күчүңдү билдирет. Булардын баарын сен Кудайга кызмат кылууда колдоносуң (Марк 12:30). Жан-дилден аткарылган мындай кызматты Пабыл курмандыкка салыштырган. Анын сөзүндө биз үчүн анча байкала бербеген эскертүү камтылган. Байыркы убакта, Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамдан көрүнүп тургандай, Кудай кемчилиги бар курмандыкты кабыл алчу эмес (Лебилер 22:18—20). Анын сыңарындай, эгерде Кудайдын кызматчысынын рухий курмандыгы кандайдыр бир жол менен арамдалып калса, Кудай аны кабыл албайт. Бирок эмнеден улам курмандыгыбыз арамдалып калышы мүмкүн?

6, 7. Кудайдын кызматчысы денесин кантип булгап алышы мүмкүн жана мунун кесепети кандай болот?

6 Пабыл Римдеги ишенимдештерине: «Дене мүчөлөрүңөрдү күнөөгө... бербегиле»,— деген. Ошондой эле аларды «дененин иштерин» өлтүрүүгө чакырган (Римдиктер 6:12—14; 8:13). Андан мурунураак болсо «дененин иштерине» эмнелер кирерин санап өткөн. Ал күнөөкөр адамдардын «ооздору каргышка» толгонун, «буттары кан төгүүгө шашарын», «көздөрүнөн Кудайдан коркуу дегенди» көрүү мүмкүн эмес экенин айткан (Римдиктер 3:13—18). Эгер Кудайдын кызматчысы «дене мүчөлөрүн» ушу сыяктуу жаман иштерди кылууга колдонсо, денесин булгаган болот. Маселен, билип туруп порнография сыяктуу ыпылас материалдарды же мыкаачылык камтылган нерселерди көрсө, ал «[көздөрүн] күнөөгө... берип», бүт денесин булгайт. Андайда курмандык катары эсептелген сыйынуусу ыйык болбой калат, ошондуктан Кудайга жакпайт (Мыйзам 15:21; 1 Петир 1:14—16; 2 Петир 3:11). Зыяндуу көңүл ачууларга берилүү абдан каргашалуу!

7 Мындан тандаган көңүл ачуубуз олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экени көрүнүп турат. Ошондуктан Кудайга чалган курмандыгыбызды булгабай турган, кайра аны көркүнө чыгарып, жагымдуу кыла турган көңүл ачууну тандагыбыз келет. Кел, азыр көңүл ачуунун пайдалуу түрлөрүн зыяндууларынан кантип айырмаласа болорун карап чыгалы.

«ЖАМАНДЫКТАН ЖИЙИРКЕН»

8, 9. а) Көңүл ачууларды кандай эки топко бөлүүгө болот? б) Көңүл ачуунун кандай түрлөрүн четке кагабыз жана эмне үчүн?

8 Көңүл ачууларды жалпы жонунан эки топко бөлүүгө болот. Биринчисине Жахабанын кызматчылары чечкиндүү түрдө баш тарткан көңүл ачуулар кирсе, экинчисине алар туура көрүшү да, туура көрбөшү да мүмкүн болгондору кирет. Алгач алар четке каккан көңүл ачууларга токтололу.

9 Бул китептин 1-бөлүмүндө айтылгандай, көңүл ачуулардын айрым түрлөрү Ыйык Китепте ачыктан-ачык тыюу салынган иштерди камтыйт. Мисалы, мыкаачылык, порнография же жийиркеничтүү, адеп-ахлаксыз иштер, ошондой эле жин-перилер менен байланышы бар нерселер камтылган веб-сайттар, фильмдер, телекөрсөтүүлөр жана музыка жөнүндө ойлонуп көрсөң. Мындай жаман иштер жакшы көңүл ачуудай көрсөтүлсө да, Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерге каршы келет. Ошондуктан Кудайдын кызматчылары алардан алыс болушу керек (Элчилер 15:28, 29; 1 Корунттуктар 6:9, 10; Аян 21:8). Көңүл ачуунун андай зыяндуу түрлөрүн четке кагуу менен сен Жахабага «жамандыктан жийиркенериңди», андан «алыс» экениңди көрсөтөсүң. Ошентип, «эки жүздүүлүгү жок ишенимге» ээ болосуң (Римдиктер 12:9; Забур 34:14; 1 Тиметей 1:5).

10. Көңүл ачууга карата кандай ойдо болуу кооптуу жана эмне үчүн?

10 Кээ бирөөлөр адеп-ахлаксыздык чагылдырылган нерселерди көрүүнүн эч кандай деле зыяны жок деп ойлошу мүмкүн. Алар: «Муну фильмдер менен телеберүүлөрдөн көргөнүм менен, өзүм эч качан андай ишке барбайм»,— дешеттир. Бирок мындай ойдо болуу туура эмес, ары кооптуу. (Оку: Жеремия 17:9.) Эгер Жахаба айыптаган нерселерди көрүүнү жакшы көрсөк, «жамандыктан жийиркенген» болобузбу? Жаман иштер жөнүндө кайра-кайра окуй берсек же аларды угуп-көрө берсек, сезимдерибиз «мокоп» калат (Забур 119:70; 1 Тиметей 4:1, 2). Андан сырткары, бул кылган иштерибизге же башкалардын туура эмес жүрүм-турумуна болгон көз карашыбызга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

11. Галатиялыктар 6:7де көңүл ачууга байланыштуу кандай чындык камтылган?

11 Бул айтылгандар — талашсыз чындык. Кээ бир ишенимдештерибиз адеп-ахлаксыздык чагылдырылган нерселерди дайыма көрө бергендиктен, акыры өздөрү да ошондой ишке барышкан. Алар «адам эмнени сепсе, ошону орорун» өздөрүнүн ачуу тажрыйбасынан түшүнүшкөн (Галатиялыктар 6:7). Бирок андай каргашанын алдын алууга болот. Эгер акылыңа жакшы, таза нерселерди «сепсең», анын жакшы натыйжаларын кубаныч менен «оруп» аласың. ( «Көңүл ачуунун кандай түрүн тандашым керек?» деген кутучаны кара.)

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕРДИН НЕГИЗИНДЕ ЖЕКЕЧЕ ЧЕЧИМ ЧЫГАР

12. Галатиялыктар 6:5тин көңүл ачууга кандай байланышы бар жана чечим чыгарууга карата бизге кандай жетекчилик берилген?

12 Эми көңүл ачуулардын экинчи тобуна — Кудайдын Сөзүндө түздөн-түз айыпталбаган, ошол эле учурда туура экени да ачык жазылбаган көңүл ачууларга — токтололу. Мындай көңүл ачуулардын кайсынысын пайдалуу деп эсептээрин Кудайдын ар бир кызматчысы жеке өзү чечиши керек. (Оку: Галатиялыктар 6:5.) Ошентсе да Жахаба Кудай бизге бул жагынан да жетекчилик берген. Ыйык Китепте анын ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө жардам бере турган принциптер, негизги чындыктар, камтылган. Ал принциптерге терең көңүл бурсак, бардык нерсеге, анын ичинде көңүл ачууга карата «Жахабанын эркин таанып-биле» алабыз (Эфестиктер 5:17).

13. Көңүл ачуунун Жахабага жакпаган түрлөрүнөн качууга эмне түрткү берет?

13 Жахабага кызмат кылгандардын баарынын адеп-ахлактык жөнүндөгү түшүнүгү бирдей деңгээлде эмес экени түшүнүктүү (Филипиликтер 1:9). Ошондой эле ар кимге ар кандай көңүл ачуу жагат. Андыктан жыйналыштагылардын баары бипбирдей чечим чыгарат деп күтүү туура эмес болуп калар эле. Бирок Кудай бекиткен принциптердин акылыбыз менен жүрөгүбүзгө таасир этишине канчалык көбүрөөк жол берсек, көңүл ачуунун ага жакпаган түрлөрүнөн качууга ошончолук чечкиндүү болобуз (Забур 119:11, 129; 1 Петир 2:16).

14. а) Көңүл ачууну тандап жатканда эмнени эске алышыбыз керек? б) Падышалыкты биринчи орунга коюуга эмне жардам берет?

14 Көңүл ачууну тандап жатканда дагы бир маанилүү нерсени — убактыбызды — эске алышыбыз керек. Кандай көңүл ачууну тандаганыңдан эмнени жактырарың көрүнсө, ага канча убакыт бөлгөнүңдөн эмнени маанилүү деп эсептээриң айкын болот. Албетте, Жахабанын кызматчысы үчүн рухий нерселер баарынан маанилүү. (Оку: Матай 6:33.) Канткенде Падышалыктын иштерин дайыма биринчи орунга койгон болосуң? Элчи Пабыл: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле»,— деп жазган (Эфестиктер 5:15, 16). Чынында эле, көңүл ачууга арнаган убактыңды чектөө менен «маанилүүрөөк» нерселерге — рухийлигиңди бекемдей турган иштерге — көбүрөөк убакыт таба аласың (Филипиликтер 1:10).

15. Эмне үчүн көңүл ачууну тандап жатканда коркунуч туудурган чектен алыс болуу акылдуулукка жатат?

15 Көңүл ачууну тандап жатканда коркунуч туудура турган чекке өтө жакын баруудан сак болушубуз керек. Бул эмнени билдирет? Дагы бир жолу жемиш жөнүндөгү мисалга кайрылып көрөлү. Чиригин байкабай жеп албаш үчүн, сен чирик жерин эле эмес, анын айланасын да кесип саласың. Анын сыңарындай, көңүл ачууну тандап жатканда коркунуч туудурган чектен алыс болушубуз керек. Исанын акылдуу жолдоочулары ыйык китептик принциптерге түздөн-түз каршы келген көңүл ачуулардан гана эмес, шектүү же рухийликке доо кетире турган жактары бардай көрүнгөн көңүл ачуулардан да качышат (Накыл сөздөр 4:25—27). Буга Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга бекем кармануу жардам берет.

«ЭМНЕ ТАЗА БОЛСО...»

Көңүл ачууну тандоодо Кудайдын принциптерине жетектелүү рухий жактан коргойт

16. а) Адеп-ахлактыкка карата Жахабаныкындай көз карашта экенибизди кантип көрсөтөбүз? б) Канткенде дайыма Ыйык Китептеги принциптерге жетектелип жашайсың?

16 Көңүл ачууну тандаганда Жахабанын кызматчылары эң алды анын көз карашын эске алышат. Ыйык Китептен биз анын сезимдери, бекиткен нормалары тууралуу биле алабыз. Алсак, Сулайман падыша Жахаба жек көргөн айрым нерселерди санап өткөн. Алардын ичине «жалган тил, жазыксыз кишинин канын төккөн кол, кыянаттык ойлогон жүрөк, жамандык кылууга чуркаган бут» кирет (Накыл сөздөр 6:16—19). Жахабанын көз карашы бизге кандай таасир этиши керек? Забурчу: «Жахабаны жакшы көргөндөр, жамандыкты жек көргүлө!» — деп чакырган (Забур 97:10). Тандаган көңүл ачууңдан Жахаба жек көргөн нерселерди чындап жек көрөрүң көрүнүп турушу керек (Галатиялыктар 5:19—21). Элдин көзүнчө эмес, жалгыз калганда кылган иштериң чынында кандай адам экениңди айгинелеп турарын унутпа (Забур 11:4; 16:8). Жашооңдун ар бир тармагында Жахабанын адеп-ахлактыкка карата болгон көз карашын чагылдырууну чын жүрөктөн кааласаң, ар дайым Ыйык Китептеги принциптерге шайкеш келген чечимдерди чыгарасың. Ошентип, дайыма принциптерге жетектелип жашайсың (2 Корунттуктар 3:18).

17. Көңүл ачууну тандаарда кайсы суроолордун үстүнөн ойлонуп көрүшүбүз керек?

17 Тандаган көңүл ачууңдун Жахабанын көз карашына ылайык келер-келбесин билүүгө дагы эмне жардам берет? Ал үчүн: «Бул мага жана Кудай менен болгон мамилеме кандай таасир этет?» — деп ойлонуп көр. Маселен, кайсы бир фильмди көрүүнү же көрбөөнү чечип жатканда, өзүңдөн: «Бул фильм абийириме кандай таасир этет?» — деп сурап көр. Кел, андай учурда кайсы принциптерди колдонсо болорун карап көрөлү.

18, 19. а) Филипиликтер 4:8деги принцип көңүл ачуунун пайдалуу түрүн аныктоого кандайча жардам берет? б) Көңүл ачуунун пайдалуу түрүн тандоого дагы кайсы принциптер жардам берет? (Шилтемени кара.)

18 Маанилүү принциптердин бири Филипиликтер 4:8де камтылган. Ал жерде: «Эмне чындык болсо, эмне олуттуу көңүл бурууга татыса, эмне адил, эмне таза болсо, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жөнүндө жакшы пикирде болушса, эмне жакшылык деп эсептелсе, эмне мактоого татыктуу болсо, ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө»,— деп жазылган. Ырас, Пабыл бул аятта көңүл ачуу тууралуу сөз кылган эмес. Ал жүрөгүбүздө Кудайга жаккан нерселер жөнүндө ойлонушубуз керектигин айткан (Забур 19:14). Ошентсе да анын сөздөрүндө камтылган принципти көңүл ачууга байланыштуу да колдонсок болот. Кантип?

19 «Мен тандаган фильмдер, видеооюндар, музыка же башка ушу сыяктуу нерселер акылымды „таза“ нерселерге толтурабы?» — деп ойлонуп көр. Мисалы, кайсы бир фильмди көргөндөн кийин көз алдыңа анын кайсы көрүнүштөрү тартыла берет? Эгер жагымдуу, таза, кубаттандырарлык нерселерди элестетсең, анда пайдалуу көңүл ачууну тандагансың. Ал эми фильмди көргөндөн кийин оюңа ыпылас нерселер келе берсе, анда жаман, атүгүл зыяндуу көңүл ачууну тандагансың (Матай 12:33; Марк 7:20—23). Эмне үчүн? Анткени адеп-ахлаксыз нерселер жөнүндө ой жүгүртүү жан дүйнө бейкуттугуңду бузат, Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийириңди мокотот жана Кудай менен болгон мамилеңе доо кетирет (Эфестиктер 5:5; 1 Тиметей 1:5, 19). Мындай көңүл ачуулар терс таасир тийгизгендиктен, алардан баш тартууга чечкиндүү бол * (Римдиктер 12:2). Жахабадан: «Көзүмдү пайдасыз нерселерден оолак кыл»,— деп тиленген забурчудан үлгү ал (Забур 119:37).

БАШКАЛАРДЫН ПАЙДАСЫН КӨЗДӨ

20, 21. 1 Корунттуктар 10:23, 24-аяттарда камтылган принциптин пайдалуу көңүл ачууну тандоого кандай байланышы бар?

20 Элчи Пабыл жекече чечим чыгарууда эске алышыбыз керек болгон негизги принципти баса белгилеген. Ал: «Баарын кылууга укугум бар, бирок баары эле ишенимди бекемдей бербейт. Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн»,— деген (1 Корунттуктар 10:23, 24). Бул принциптин пайдалуу көңүл ачууну тандоого кандай байланышы бар? Ар бирибиз: «Мен тандаган көңүл ачуу башкаларга кандай таасир этет?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

21 Балким, өзүң туура деп эсептегендиктен, кайсы бир көңүл ачууну тандоого абийириң жол береттир. Бирок абийири көп нерсеге чектөө койгон бир туугандардын аны туура көрбөгөнүн байкасаң, андан баш тартууну чечеттирсиң. Эмне үчүн? Анткени, Пабыл айткандай, бир туугандарыңа Кудайдын алдында ишенимдүү бойдон калууга тоскоолдук кылсаң, аларга гана эмес, «Машаякка каршы күнөө кылган» болосуң. Бирок, албетте, антүүнү эч качан каалабайсың. Эч кимдин «мүдүрүлүшүнө себепкер болгуң» келбей турганың шексиз (1 Корунттуктар 8:12; 10:32). Жахабанын Күбөлөрү эч кандай принципти бузбаган, бирок бекемдебей турган көңүл ачуулардан качып, Пабылдын камкордук жана кыраакылык менен берген кеңешине ылайык иш кылышат (Римдиктер 14:1; 15:1).

22. Эмне үчүн Жахабанын кызматчысы ар ким өзү чече турган иштерде өзүнүн көз карашын таңуулабашы керек?

22 Башкалардын пайдасын көздөөдө дагы бир нерсени эстен чыгарбоо зарыл. Абийири көп нерсеге чектөө койгон бир тууган көңүл ачууну тандоодо өзүнүн көз карашын жыйналыштагылардын баарына таңуулай бербеши керек. Эгерде анте турган болсо, ал айдоочулардын баарын бир жол менен жана ага жаккан ылдамдыкта гана жүрүүгө мажбурлаган айдоочуга окшошуп калат. Мындай талап коюу акылсыздык болуп калар эле. Ишенимдештеринин көңүл ачууга байланыштуу көз карашы башкача болгону менен, Ыйык Китептеги принциптер бузулбаса, абийири өтө «сезимтал» бир тууган алардын көз карашын сыйлап, сүйүү көрсөтүшү керек. Ошентип, анын эстүүлүгү «бардык адамдарга белгилүү болот» (Филипиликтер 4:5; Насаатчы 7:16).

23. Канткенде көңүл ачуунун пайдалуу түрүн тандай аласың?

23 Демек, канткенде көңүл ачуунун пайдалуу түрүн тандай аласың? Адамды буза турган жана Кудайдын Сөзүндө ачыктан-ачык тыюу салынган адеп-ахлаксыз иштерди камтыган көңүл ачуулардын баарын четке как. Көңүл ачуунун Ыйык Китепте айтылбаган түрүн тандоого келгенде Кудай бекиткен принциптерге жетектел. Абийириңди мокото турган көңүл ачуулардан кач жана башкаларды, айрыкча, ишенимдештериңди жаман абалда калтыра турган түрлөрүнөн баш тартууга даяр бол. Бул жагынан чечкиндүү аракет жасасаң, Кудайды даңктайсың жана өзүңө да, үй-бүлөңө да анын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам бересиң.

^ 19-абз. Көңүл ачууну тандоодо колдонсо болорлук айрым принциптер төмөнкү аяттарда камтылган: Накыл сөздөр 3:31; 13:20; Эфестиктер 5:3, 4; Колосалыктар 3:5, 8, 20.