Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

Кудай таза адамдарды сүйөт

Кудай таза адамдарды сүйөт

«Тазалыгын сактаганга таза... мамиле кыласың» (ЗАБУР 18:26).

1—3. а) Эмне үчүн эне баласынын тыкан, таза болушуна кам көрөт? б) Эмне үчүн Жахаба кызматчыларынын таза болушун каалайт жана бизге таза болууга эмне түрткү берет?

ЭНЕСИ баласын бир жакка жөнөткөнү жатат. Ал аны жуунтуп, таза, тыкан кылып кийинтет. Анткени баласынын ден соолугу чың болушу үчүн тазалыкты сактоо маанилүү экенин жана анын сырткы көрүнүшү ата-энеси жөнүндө көп нерсени айтып турарын жакшы билет.

2 Асмандагы Атабыз Жахаба кызматчыларынын таза болушун каалайт. Анын Сөзүндө: «Тазалыгын сактаганга таза... мамиле кыласың»,— деп айтылат * (Забур 18:26). Жахаба бизди сүйөт жана тазалыкты сактоо бизге чоң пайда алып келерин билет. Ошондой эле анын Күбөлөрү катары аны даңкташыбызды каалайт. Чынында эле, сырткы көрүнүшүбүз таза болуп, өзүбүздү жакшы алып жүрсөк, Жахабага жана анын ыйык ысмына тил тийгизбей, аны даңктайбыз (Жезекиел 36:22; оку: 1 Петир 2:12).

3 Кудайдын таза адамдарды сүйөрүн билүү бизге таза болууга түрткү берет. Жахабаны сүйгөндүктөн аны даңктагыдай жашоону каалайбыз. Андан сырткары, анын сүйүүсүнөн айрылгыбыз келбейт. Кел анда, эмне үчүн тазалыкты сакташыбыз керек экенин, таза болуу эмнени билдирерин жана канткенде тазалыкты сактай аларыбызды карап чыгалы. Бул бизге кайсы жактардан жакшырышыбыз керектигин көрүүгө жардам берет.

ЭМНЕ ҮЧҮН ТАЗАЛЫКТЫ САКТАШЫБЫЗ КЕРЕК?

4, 5. а) Кайсы негизги себептен улам тазалыкты сакташыбыз керек? б) Жахабанын таза Кудай экени жараткан нерселеринен кандайча көрүнүп турат?

4 Жахаба бизди өзүнүн үлгүсү аркылуу үйрөтөт. Ошондуктан анын Сөзү: «Кудайды туурагыла»,— деп чакырат (Эфестиктер 5:1). Биз сыйынган Жахаба Кудай бардык жагынан таза жана ыйык. Ушул негизги себептен улам тазалыкты сакташыбыз керек. (Оку: Лебилер 11:44, 45.)

5 Жахабанын сапаттары менен нормалары жараткан нерселеринен көрүнүп тургандай эле, анын таза Кудай экени жаратылыштан айкын көрүнүп турат (Римдиктер 1:20). Алсак, ал Жерди адамдар үчүн таза үй болсун деп жараткан. Абанын, суунун таза болушун шарттаган ар кандай жаратылыш циклдарынын болушуна кам көргөн. Кээ бир микробдор таштандыларды зыянсыз заттарга айландырып, тазалыкка «кам көрүшөт». Окумуштуулар андай «тамаксоо» микроорганизмдердин айрымдарын мунайзат төгүлгөн же өзүмчүл, ач көз адамдардын айынан булганган жерлерди тазалоодо колдонушат. Ооба, жерди жараткан Кудай тазалыкка чоң маани берет (Жеремия 10:12). Биз да тазалыкка олуттуу карашыбыз керек.

6, 7. Жахабага сыйынгандардан тазалыкты сактоо талап кылынганы Мыйзамда кандайча баса белгиленген?

6 Эгедер Башкаруучубуз Жахаба кызматчыларынан тазалыкты талап кылат. Ушу себептен улам да тазалыкка кам көрүшүбүз керек. Ысрайыл элине берилген Мыйзамда тазалыктын сыйынуу менен тыгыз байланышта экени баса белгиленген. Мисалы, анда күнөөдөн арылуу күнү башкы дин кызматчы бир эмес, эки жолу жуунушу керектиги айтылган (Лебилер 16:4, 23, 24). Дин кызматчылардан болсо курмандык чалардын алдында колдору менен буттарын жууп туруу талап кылынчу (Чыгуу 30:17—21; 2 Жылнаама 4:6). Мыйзамда адамдын же анын сыйынуусунун арамдалып калышына алып келе турган 70тей жагдай айтылып өткөн. Кайсы бир себептен улам таза эмес болуп калган ысрайылдык киши сыйынууга байланышкан иштерге катыша алчу эмес, атүгүл айрым учурларда өлүм жазасына тартылышы мүмкүн болчу (Лебилер 15:31). Тазалыкка карата коюлган талаптарды аткаруудан, алардын ичинде денесин жана кийим-кечегин жуудан баш тарткан киши «жыйналыштын ичинен жок кылынышы» керек болчу (Сандар 19:17—20).

7 Азыр бизден Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды аткаруу талап кылынбаса да, анда жазылгандарды изилдөөнүн аркасында Кудайдын көз карашын биле алабыз. Мыйзамдагы жол-жоболордон Кудайдын элинен тазалыкты сактоо талап кылынары айкын көрүнүп турат. Жахаба андан бери өзгөргөн жок (Малаки 3:6). Ал «арам деп эсептелбеген таза сыйынуубузду» гана кабыл алат (Жакып 1:27). Ошол себептен Кудайдын тазалыкка байланыштуу бизден эмнени күтөрүн билүү маанилүү.

КУДАЙДЫН АЛДЫНДА ТАЗА БОЛУУ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

8. Жахаба биздин кайсы жактардан таза болушубузду каалайт?

8 Ыйык Китепке ылайык, таза болуу кадимки тазалыкты сактоодон да көптү билдирет. Жахабанын алдында биз бардык жактан таза болушубуз керек. Ал рухий, адеп-ахлактык жана кадимки тазалыкты сакташыбызды, ошондой эле ойлорубуздун таза болушун каалайт. Анда эмесе, тазалыктын бул төрт түрүнүн ар бири эмнени билдирерин карап көрөлү.

9, 10. Рухий тазалыкты сактоо деген эмнени билдирет жана биз эмнелерден качабыз?

9 Рухий тазалык. Жөнөкөй сөз менен айтканда, рухий жактан таза болуш үчүн чыныгы сыйынууга жалган окууларды аралаштырбоо керек. Иерусалимге кайтып баруу үчүн Бабылдан чыккан ысрайылдыктар Кудайдын: «Ал жерден чыккыла, арам нерселерге тийбегиле... Өзүңөрдү булгабагыла»,— деген сөздөрүнө кулак кагышы керек болчу (Ышая 52:11). Алар мекенине биринчи кезекте Жахабага сыйынууну калыбына келтирүү үчүн баратышкан. Таза сыйынуу бабылдыктар туткан диндин каада-салттары, Кудайды жаманатты кылган окуулар жана иштер менен булганбашы керек болчу.

10 Жахабанын Күбөлөрү катары биз да арамдалып калбаш үчүн жалган динге аралашуудан сак болушубуз керек. (Оку: 1 Корунттуктар 10:21.) Бул жагынан кыраакы болгонубуз абдан маанилүү, себеби жалган диндин таасири азыр бардык жерде сезилүүдө. Көп өлкөлөрдө өлгөн адамдын жаны андан ары жашай берет деген сыяктуу жалган окууларга негизделген ар кандай каада-салттар, үрп-адаттар кеңири жайылган (Насаатчы 9:5, 6, 10). Чындык жолунда жүргөндүктөн биз жалган дин менен байланышы бар каада-салттарды аткарбайбыз *. Ошондой эле Ыйык Китептеги нормаларга каршы иш кылдыргысы келгендердин кысымына алдырбайбыз (Элчилер 5:29).

11. Адеп-ахлактык жактан таза болуу эмнени билдирет жана бул эмне үчүн маанилүү?

11 Адеп-ахлактык тазалык. Мындай тазалык жыныстык адеп-ахлаксыздыктын бардык түрүнөн качууну билдирет. (Оку: Эфестиктер 5:5.) Адеп-ахлак жактан таза болгонубуз абдан маанилүү. Кийинки бөлүмдөн биле турганыбыздай, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн «бузуктуктан качышыбыз» керек. Бузуктук кылып жүргөнүнө өкүнбөгөндөр «Кудайдын Падышалыгын мурастабайт» (1 Корунттуктар 6:9, 10, 18). Кудай аларды «таза эмес, жийиркеничтүү адамдардын» катарына кошот. Эгер адеп-ахлаксыз иштерин токтотпосо, алар «экинчи өлүмгө» дуушар болушат (Аян 21:8).

12, 13. Ойлорубуз менен кылган иштерибиздин ортосунда кандай байланыш бар жана канткенде ойлорубузду таза сактай алабыз?

12 Ойлорубузду таза сактоо. Адамдын кылган иштери ойлоруна жараша болот. Эгер акылыбыз менен жүрөгүбүзгө туура эмес ойлордун уялашына жол берсек, акыры ыпылас иштерди жасашыбыз толук мүмкүн (Матай 5:28; 15:18—20). Ал эми акылыбызды жакшы, таза ойлорго толтурсак, өзүбүздү туура алып жүрүүгө түрткү алабыз. (Оку: Филипиликтер 4:8.) Канткенде ойлорубузду таза сактай алабыз? Биринчиден, ой жүгүртүүбүзгө терс таасир эте турган көңүл ачуулардын баарынан алыс болушубуз керек *. Экинчиден, Кудай Сөзүн дайыма изилдеп, акылыбызды таза ойлорго толтурганыбыз абзел (Забур 19:8, 9).

13 Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн рухий жана адеп-ахлак жактан таза болгонубуз, ойлорубузду таза сактаганыбыз абдан маанилүү. Булар жөнүндө башка бөлүмдөрдөн көбүрөөк билебиз. Азыр болсо тазалыктын төртүнчү түрүнө — кадимки тазалыкка — токтололу.

КАНТКЕНДЕ ТАЗАЛЫКТЫ САКТАЙ АЛАБЫЗ?

14. Эмне үчүн кадимки тазалыкты сактоо ар кимдин өз иши эмес?

14 Кадимки тазалык өзүбүздү жана айлана-тегерегибизди таза сактоону билдирет. Бул ар бир адамдын өз ишиби? Муну менен башка эч кимдин иши болбошу керекпи? Жахабанын кызматчыларынын мындай ойдо болгону туура эмес болуп калар эле. Жогоруда айтылып кеткендей, тазалыкты сактаганыбыз бизге чоң пайда алып келгенден сырткары, башкалардын Жахаба тууралуу жакшы ойдо болушуна да өбөлгө түзөт. Ошондуктан Жахаба тазалыкка өзгөчө маани берет. Биринчи абзацта айтылган мисал жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ар дайым кир жүргөн баланы көргөндө: «Эмне, муну ата-энеси карабайбы?» — деп таң каласың, чынбы? Анын сыңарындай, биз сырткы көрүнүшүбүздүн же өткөргөн жашообуздун асмандагы Атабызга сөз тийгизишин же айтып жаткан кабарыбыздын маанилүүлүгүн төмөндөтүшүн каалабайбыз. Кудайдын Сөзүндө: «Кызматыбыз кынтыксыз болушу үчүн, башкалардын мүдүрүлүшүнө эч бир жагынан себепкер болбойбуз. Тескерисинче, бардык жагынан өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтөбүз»,— деп айтылган (2 Корунттуктар 6:3, 4). Анда канткенде кадимки тазалыкты сактай алабыз?

15, 16. Эмне жакшы адат болуп эсептелет жана кийимибиз кандай болушу керек?

15 Тулку боюбуз жана кийим-кечебиз. Ар кайсы өлкөдө жашаган адамдардын маданияты менен жашоо шарты ар башка болсо да, өзүбүз да, балдарыбыз да таза болушу үчүн, дайыма жуунуп турууга суу менен самынды баарыбыз эле таба алабыз. Тамак ичерде же жасаарда, дааратканага барып келгенде, ошондой эле баланы жууп-тазалагандан кийин же жалаягын которгондо колду самындап жуу жакшы адат болуп эсептелет. Колду самын менен жууп жүрүү ар кандай оору-сыркоолордун алдын алат, атүгүл өмүрдү да сактайт. Андан сырткары, зыяндуу вирустар менен бактериялардын таралышына бөгөт коюп, ич өткөк ооруларынан сактайт. Кээ бир өлкөлөрдө үйлөрдүн канализация системасы жок. Андайда, байыркы ысрайыл элиндей болуп, заң-заара, акыр-чикирлерди көмүп турганыбыз туура (Мыйзам 23:12, 13).

16 Кийимибиз таза, жагымдуу болушу үчүн, аны дайыма жууп туруу керек. Кудайдын кызматчысынын кийими сөзсүз эле кымбат болушу же акыркы модага ылайык келиши талап эмес, бирок тыкан, таза болуп, уят-сыйыттуулукту чагылдырып турганы маанилүү. (Оку: 1 Тиметей 2:9, 10.) Кайсы жерде болбойлу, сырткы көрүнүшүбүздүн «Куткаруучу Кудайыбыздын окуусун бардык жагынан көркүнө чыгарышын» каалайбыз (Тит 2:10).

17. Эмне үчүн үйүбүз менен айлана-тегерегибиз таза, жагымдуу болушу керек?

17 Үйүбүз жана айлана-тегерегибиз. Үйүбүз бардык шарты бар, заңгыраган үй болбосо да, таза жана мүмкүнчүлүккө жараша тыкан болушу керек. Эгер жыйналышка же кабар айтуу кызматына машине менен барсак, анын ичи-тышы таза болушуна тийиштүү түрдө кам көргөнүбүз кажет. Үйүбүз менен айлана-тегерегибиздин таза болгону башкаларга жакшы күбөлөндүрүү берерин унутпайлы. Андан тышкары, биз Жахабанын таза Кудай экени, «жерди кыйраткандарды кыйратары» жана анын Падышалыгы жакында жерди бейишке айландырары жөнүндө кабар айтабыз (Аян 11:18; Лука 23:43). Андыктан үйүбүз менен буюм-тайымдарыбыздын тазалыгынан жаңы заманда жашай турган адамдарга таандык адаттарды өрчүтүп жатканыбыз көрүнүп турушу керек.

Тазалык өзүбүздү жана айланабызды таза сактоону билдирет

18. Падышалык залына тийиштүү түрдө кам көрөрүбүздү кантип көрсөтөбүз?

18 Сыйынуу жайыбыз. Жахабаны сүйгөндүктөн биз өзүбүз жашаган аймакта чыныгы сыйынуунун борбору болгон Падышалык залына тийиштүү түрдө кам көрөбүз. Биз жыйналышка жаңы келгендердин сыйынган жайыбыз жөнүндө жакшы ойдо калышын каалайбыз. Падышалык залыбыз жагымдуу болуп турушу үчүн, аны дайыма тазалап, өз маалында оңдоп туруу керек. Жыйналыш жолугушуулары өткөрүлгөн жайды жакшы абалда күтүү менен ага тийиштүү түрдө кам көрөрүбүздү көрсөтөбүз. Аны тазалоого жана «бузулган жерлерин оңдоп, калыбына келтирүүгө» өз ыктыярыбыз менен катышуу — биз үчүн чоң сыймык (2 Жылнаама 34:10). Жыйындар залына же жыйын өткөрүлгөн башка жайларга карата да ушул эле принциптерди колдонууга болот.

АДАМДЫ БУЛГАГАН АДАТТАР МЕНЕН ИШТЕРДЕН КАЧ

19. Өзүбүздү таза сактоо үчүн эмнелерден алыс болушубуз керек жана бул жагынан Ыйык Китеп кандайча жардам берет?

19 Өзүбүздү таза сактоо үчүн тамеки тартуу, ичимдикти кыянат колдонуу жана көз каранды кылуучу же аң-сезимге терс таасир этүүчү заттарды медициналык максаттан тышкары пайдалануу сыяктуу жаман иштерден алыс болушубуз керек. Ыйык Китепте азыр кеңири жайылган жийиркеничтүү иштердин бардыгы жөнүндө айтылбаса да, анда Жахабанын аларга кандай караарын билүүгө жардам берген принциптер бар. Анын көз карашын билгендиктен жана аны сүйгөндүктөн биз ага жаккыдай жашоону каалайбыз. Кел анда, ушуга байланыштуу Ыйык Китептеги беш принципти карап кетели.

20, 21. Жахаба кайсы иштерден алыс болушубузду каалайт жана эмне үчүн алардан алыс болушубуз керек?

20 «Сүйүктүү бир туугандарым, бизге ушундай убадалар берилген соң, келгиле, денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланып, Кудайдан коркуу менен ыйыктыгыбызды жеткилең кылууга умтула берели» (2 Корунттуктар 7:1). Жахаба денебизди булгай турган жана ой жүгүртүүбүзгө терс таасир тийгизе турган ыпылас иштерден алыс болушубузду каалайт. Ошондуктан ден соолугубузга, аң-сезимибизге терс таасир тийгизе турган жаман адаттардан качышыбыз керек.

21 Ыйык Китепте «ар кандай ыпыластыктан» эмне үчүн тазаланышыбыз керектиги көрсөтүлөт. 2 Корунттуктар 7:1дин башындагы: «Бизге ушундай убадалар берилген соң»,— деген сөздөргө көңүл бурсаң. Бул жерде кайсы убадалар жөнүндө сөз жүрүп жатат? Андан мурунку аяттарда айтылгандай, Жахаба: «Мен силерди кабыл алам... Силерге ата болом»,— деп убада берүүдө (2 Корунттуктар 6:17, 18). Элестетсең, ал сени коргоорун, уулундай же кызындай жакшы көрөрүн убада кылууда. Бирок Жахаба бул убадаларын «денебиз менен рухубузду» таза сактасак гана аткарат. Жаман адаттардын айынан Жахаба менен болгон баа жеткис, ынак мамилеңди бузуп алсаң, кандай гана акылсыздык болуп калар эле.

22—25. Ыйык Китептеги кайсы принциптер жаман адаттар менен иштерден качууга жардам берет?

22 «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй» (Матай 22:37). Иса Машаяк бул осуяттын эң маанилүү осуят экенин айткан (Матай 22:38). Жахаба биздин ушундай күчтүү сүйүүбүзгө татыктуу. Аны бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз жана бүт акылыбыз менен сүйүш үчүн, биз Кудай берген ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүбүзгө доо кетире турган же өмүрүбүзгө коркунуч туудура турган иштерден качышыбыз керек.

23 «[Жахаба] өмүрдү да, демди да жана бүт баарын бардыгына өзү берет» (Элчилер 17:24, 25). Өмүр — Кудайдын белеги. Кудайды сүйгөндүктөн биз ал белекти баалайбыз. Ден соолукка зыян келтире турган иштерди кылуу өмүрдү баалабагандыкка жатарын түшүнгөндүктөн андай иштер менен адаттардан качабыз (Забур 36:9).

24 «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (Матай 22:39). Жаман адаттар менен иштер көп учурда адамдын өзүнө эле эмес, тегерегиндегилерге да таасир этет. Маселен, кимдир бирөөнүн тамеки тартканы жанындагы адамдардын ден соолугуна зыян келтирет. Башкаларга залакасын тийгизген киши Кудайдын: «Жакыныңды... сүй»,— деген талабын бузган болот. Ошондой эле «Кудайды сүйөм» деген сөздөрүн жокко чыгарат (1 Жакан 4:20, 21).

25 «Өкмөткө жана бийликтерге баш ийип, тил ал» (Тит 3:1). Көптөгөн өлкөлөрдө баңгизаттын айрым түрлөрүн сактоо же колдонуу мыйзамды бузганга жатат. Жахабанын кызматчылары болгондуктан биз мыйзамда тыюу салынган баңгизаттарды сактабайбыз жана колдонбойбуз (Римдиктер 13:1).

26. а) Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Эмне үчүн Кудайдын алдында таза жашоо өткөрүүдөн артык эч нерсе жок?

26 Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн биз бардык жагынан таза болушубуз керек. Жаман адаттар менен иштерди таштоо жана тазалыкты сактоо оңой эместир, бирок толук мүмкүн *. Жахаба бизди дайыма пайдалуу нерсеге үйрөткөндүктөн, анын алдында таза жашоо өткөрүүдөн артык эч нерсе жок. (Оку: Ышая 48:17.) Баарынан маанилүүсү, өзүбүздү таза сактасак, жакшы көргөн Кудайыбызды даңктайбыз жана анын сүйүүсүнөн айрылбайбыз. Муну билүү бизге зор кубаныч тартуулайт.

^ 2-абз. Түп нускадагы «таза» деп которулган сөз кээде кадимки тазалыкка, ал эми көп учурда адеп-ахлактык же рухий тазалыкка карата колдонулат.

^ 67-абз. Ысмы өзгөртүлдү.