Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

«Бузуктуктан кач»

«Бузуктуктан кач»

«Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө» (КОЛОСАЛЫКТАР 3:5).

1, 2. Билам Жахабанын элине кантип кара өзгөйлүк кылууга аракеттенген?

БАЛЫКЧЫ балык жакшы түшкөн жерге барат. Ал балыктын белгилүү бир түрүн кармагысы келет. Ошол максат менен жемди кайырмакка илип, сууга ыргытат. Бир аздан кийин кайырмак тартылып, ийиле баштайт. Балыкчы кайырмакты тартып, балыкты алып чыгат. Ал жемди туура тандаганына кубанат.

2 Бул б.з.ч. 1473-жылы болгон бир окуяны эсибизге салат. Ошол убакта Билам аттуу бир киши Кудай убадалаган жердин чек арасынын жанындагы Маап түздүгүнө жайланышкан ысрайыл элин азгырууга аракет кылган. Билам өзүн Жахабанын пайгамбары деп эсептегени менен, чынында, анын элин каргаш үчүн жалданган ач көз киши болгон. Бирок Жахаба кийлигишкендиктен, Билам ысрайылдыктарга бата берүүдөн башка эч нерсе кыла алган эмес. Сыйлык алууну көздөгөн Билам, ысрайыл эли олуттуу күнөө кылууга азгырылса эле, Кудай аларды каргайт деп ойлосо керек. Ал ошол максатка умтулуп, ысрайылдыктарды азгырууга мааптыктардын кыздарын колдонгон (Сандар 22:1—7; 31:15, 16; Аян 2:14).

3. Биламдын амалы канчалык деңгээлде ишке ашкан?

3 Анын амалы ишке ашканбы? Кайсы бир деңгээлде ашкан. Он миңдеген ысрайылдык эркектер кайырмакка илинип, «Мааптын кыздары менен бузуктук кылышкан». Ал тургай, Мааптын кудайларына, алардын ичинде жийиркеничтүү Пеор Баалына (тукумдуулуктун, башкача айтканда, жыныстык катнаштын кудайына) сыйына башташкан. Натыйжада убада кылынган жерге кирерге аз эле калганда 24 000 ысрайылдык кырылган. Кандай гана каргашалуу окуя! (Сандар 25:1—9).

4. Эмне себептен миңдеген ысрайылдыктар бузуктук кылышкан?

4 Ысрайыл эли андай каргашага эмне үчүн кабылган? Жахаба аларды Мисирден куткарып, чөлдө азыктандырып, убада кылынган жерге аман-эсен алып келсе да, көптөрү андан алыстап, жүрөктөрүнүн катаалданышына жол берип коюшкан (Еврейлер 3:12). Ошол тууралуу ой жүгүртүп, Пабыл: «Айрымдарына окшоп бузуктук кылбайлы; бузуктук кылышканынын айынан бир күндө алардын 23 миңи кырылган»,— деп жазган * (1 Корунттуктар 10:8).

5, 6. Ысрайылдыктардын Маап түздүгүндө кылган күнөөсү жөнүндөгү билдирүү бизге эмнеси менен пайдалуу?

5 Сандар китебинде жазылган бул билдирүүдө убада кылынган жаңы замандын босогосунда турган бүгүнкү күндөгү Кудайдын эли үчүн көптөгөн маанилүү сабактар камтылган (1 Корунттуктар 10:11). Мисалы, азыркы дүйнөдөгү секске баш-оту менен берилген адамдар байыркы мааптыктардан алда канча ашып түшөт. Өкүнүчтүүсү, жыл сайын Жахабанын миңдеген кызматчылары да адеп-ахлаксыздыкка берилип, ысрайылдыктар илинген кайырмакка илинишүүдө (2 Корунттуктар 2:11). Ысрайылдыктардын көзүнчө бир мидиандык кызды өз чатырына алып келген Зимриге окшоп, Кудайдын эли менен пикирлешип жүргөндөрдүн кээ бирлери жыйналышка бузуку таасирин тийгизүүдө (Сандар 25:6, 14; Жүйүт 4).

6 Сага азыр каймана мааниде Маап түздүгүндө жашап жаткандай сезилбейби? Сыйлык аларыңа — көптөн күткөн жаңы дүйнөгө жетериңе — аз калганын сезип жатасыңбы? Ошондой болсо, анда: «Бузуктуктан качкыла»,— деген буйрукка кулак кагуу менен Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого колуңан келишинче аракет жасай бер (1 Корунттуктар 6:18).

Маап түздүгү

БУЗУКТУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

7, 8. «Бузуктук» деген эмне жана бузуктук кылып жүргөндөр сепкенин кандайча оруп жатышат?

7 Ыйык Китепте «бузуктук» деген сөз (грекче порнейа) никеден тышкаркы жыныстык мамилелерге карата колдонулат. Ал өз ичине ойноштукту, сойкулукту, никеде турбаган адамдардын ортосундагы жыныстык мамилени, анын ичинде оралдык жана аналдык сексти, ошондой эле жубайы болбогон бирөөнүн жыныстык органдарын сексуалдык кумарларын канааттандыруу максатында кармалоону камтыйт. Андан тышкары, ага бир жыныстагы адамдардын ортосундагы жыныстык мамиле жана мал менен жанашуу да кирет *.

8 Ыйык Жазмада бузуктук кылып жүргөндөрдүн жыйналыштан чыгарылышы керектиги жана келечекте түбөлүк өмүргө ээ болбой турганы ачык эле айтылат (1 Корунттуктар 6:9; Аян 22:15). Андан тышкары, алар азыртан эле өздөрүнө чоң зыян келтирүүдө. Маселен, башкалардын ишениминен чыгып, өзүн өзү сыйлоо сезимин жоготуп, абийири айыптап, никедеги келишпестиктерге, күтүлбөгөн кош бойлуулукка, ооруга, атүгүл өлүмгө дуушар болуп жатышат. (Оку: Галатиялыктар 6:7, 8.) Ушунча көп азап-кайгы менен коштолгон жолго түшүүнүн кереги барбы? Өкүнүчтүүсү, көптөр биринчи кадамды таштаганда, алсак, порнографияга кызыга баштаганда анын эмнеге алып барарын ойлошпойт.

ПОРНОГРАФИЯ — БИРИНЧИ КАДАМ

9. Айрымдар ойлогондой, порнография зыянсызбы? Түшүндүр.

9 Көптөгөн өлкөлөрдө порнография гезит-журналдар, музыка, телевизор жана Интернет аркылуу кеңири жайылууда *. Айрымдар порнографияны зыянсыз деп эсептешет. Бул туурабы? Албетте, туура эмес. Порнография көргөндөр мастурбациялоону адат кылып, «жийиркеничтүү жыныстык кумарларды» өрчүтө башташы мүмкүн *. Бул болсо алардын жыныстык кумардын кулу болуп калышына, каалоолорунун бурмаланышына, никедеги мамилелердин бузулушуна, атүгүл ажырашууга алып барышы ыктымал (Римдиктер 1:24—27; Эфестиктер 4:19). Бир изилдөөчү секске болгон көз карандылыкты рак оорусуна салыштырып: «Ал өрчүп, күчөй берет, өзүнөн өзү оңой менен басаңдабайт. Аны менен күрөшүү же андан айыгуу өтө кыйын»,— деген.

Интернетти үйдөгүлөргө көрүнгүдөй жерде колдонуу акылдуулукка жатат

10. Жакып 1:14, 15-аяттардагы принципти кантип колдонсок болот? ( «Адеп-ахлак жактан таза болууга эмне жардам берет?» деген кутучаны да кара.)

10 Жакып 1:14, 15-аяттардагы сөздөргө көңүл бурсаң. Ал жерде: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө алып барат»,— деп жазылган. Андыктан жаман ой келгенде, андан арылуу үчүн ошол замат иш-аракет кыл! Мисалы, кокусунан адеп-ахлаксыздыкка байланышкан нерселерди көрүп калсаң, дароо жүзүңдү бурууга же компьютерди өчүрүүгө, же телевизорду башка каналга которууга аракеттен. Адеп-ахлаксыз каалоо күчөп отуруп ээ-жаа бербей калбашы үчүн, аны жеңүүгө бүт күчүңдү жумша! (Оку: Матай 5:29, 30.)

11. Жаман каалоолор менен күрөшүүдө Жахабага таянарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

11 Бизди өзүбүздөн да жакшы билген Кудай: «Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө»,— деп бекеринен айткан эмес (Колосалыктар 3:5). Бул насаатка ылайык иш кылуу оңойго турбашы мүмкүн. Бирок асманда мээримдүү, чыдамдуу Атабыз бар экенин эсиңен чыгарба (Забур 68:19). Андыктан туура эмес ойлор келгенде, дароо ага кайрыл. Андан «адаттан тышкаркы күч» сурап тиленип, акыл-оюңду башка нерселерге бурууга умтул (2 Корунттуктар 4:7; 1 Корунттуктар 9:27). ( «Жаман адатымдан кантип арылсам болот?» деген кутучаны кара.)

12. «Жүрөк» деген эмнени билдирет жана эмне үчүн аны сакташыбыз керек?

12 Акылман падыша Сулайман: «Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булактары чыгат»,— деп жазган (Накыл сөздөр 4:23). «Жүрөк» деген ички дүйнөбүздү, Кудайдын көз алдында чынында кандай адам экенибизди билдирет. Андан тышкары, түбөлүк өмүр алар-албасыбыз башкаларга кандай көрүнгөнүбүздөн эмес, Кудайдын «жүрөгүбүзгө» кандай баа бергенинен көз каранды. Бул бир чети жөнөкөй, бир чети олуттуу нерсе. Аялзатына көз артып карабашы үчүн ишенимдүү Аюп көзү менен келишим түзгөн (Аюп 31:1). Биз үчүн бул кандай сонун үлгү! Забурчунун: «Көзүмдү пайдасыз нерселерден оолак кыл»,— деп тиленген сөздөрүндө да ошондой маанай чагылдырылган (Забур 119:37).

ДИНАНЫН АКЫЛСЫЗ ТАНДООСУ

13. Дина деген ким болгон жана дос тандоодо ал кандай акылсыздык кылган?

13 Үчүнчү бөлүмдөн билгенибиздей, досторубуз бизге жакшы же жаман таасир тийгизет (Накыл сөздөр 13:20; оку: 1 Корунттуктар 15:33). Уруу башчысы Жакыптын кызы Динаны мисалга алалы. Жакшы тарбия көрүп чоңойгонуна карабай, Дина канаандык кыздар менен достошуп акылсыздык кылган. Мааптыктардай эле, канаандыктар да адеп-ахлаксыздыгы менен белгилүү болушкан (Лебилер 18:6—25). Канаандыктар, алардын ичинде «атасынын үйүндөгүлөрүнүн ичинен эң кадырлуусу» болгон Шекем Динаны оңой олжо катары көргөн (Башталыш 34:18, 19).

14. Динанын досторду туура эмес тандаганынын кесепети кандай болгон?

14 Дина Шекемди көргөндө аны менен жыныстык мамиледе болом деп ойлогон эмес болуш керек. Бирок Шекем канаандыктардын көбү жыныстык каалоосу күч алганда кадимки нерсе катары көргөн ишти кылган. Динанын акыркы мүнөттөрдө көрсөткөн каршылыгынан эч майнап чыккан эмес, анткени Шекем аны «кармап алып, зордуктап койгон». Сыягы, кийинчерээк Шекем Динаны «абдан жакшы көрүп калган», бирок бул анын келтирген зыянынын ордун толтура алган эмес. (Оку: Башталыш 34:1—4.) Мунун кесепетин Дина эле эмес, башкалар да тарткан. Ал өзүнө досторду туура эмес тандагандыктан, бүт үй-бүлөсү уят болгон (Башталыш 34:7, 25—31; Галатиялыктар 6:7, 8).

15, 16. Чыныгы акылмандыкка канткенде ээ боло алабыз? ( «Ой жүгүртүү үчүн аяттар» деген кутучаны да кара.)

15 Дина ошол окуядан сабак алса да, ачуу тажрыйбасынан улам алган. Бирок Жахабаны сүйгөндөр жана ага баш ийгендер сөзсүз эле өздөрүнүн ачуу тажрыйбасынан сабак алышы керек эмес. Кудайды уккандыктан алар «акылдуулар менен достошууну» туура көрүшөт (Накыл сөздөр 13:20а). Ошентип, алар «жакшылыктын бүт жолун түшүнүп», азап-кайгыдан жана ашыкча көйгөйлөрдөн кача алышат (Накыл сөздөр 2:6—9; Забур 1:1—3).

16 Кудайдын акылмандыгына ага умтулгандар ээ болушат. Алар Кудайдан үзгүлтүксүз тиленип, анын Сөзүн жана ишенимдүү кул чыгарган адабияттарды изилдөө менен акылмандыкка умтулушат (Матай 24:45; Жакып 1:5). Акылмандыкка ээ болуу үчүн момун болуу да маанилүү. Момундук Ыйык Жазмадагы кеңештерди даярдуулук менен кабыл алганыбыздан көрүнөт (2 Падышалар 22:18, 19). Маселен, Жахабанын кызматчысы жүрөгүнүн «эң эле митаам, өтө бузулган» экенин четке какпашы деле мүмкүн (Жеремия 17:9). Бирок жагдай талап кылганда, ал сүйүү менен берилген кеңешти жана жардамды кабыл алып, момундук көрсөтөбү?

17. Үй-бүлөдө кандай жагдай пайда болушу мүмкүн жана атасы кызы менен кантип ой жүгүртсө болот?

17 Мындай жагдайды элестетип көрсөң. Кызы атасынан ишенимдеши болгон жигит менен чогуу убакыт өткөрүүгө уруксат сурайт. Аларды эч ким коштоп жүрбөй турганын билип, атасы макул болбой коёт. Буга кызы: «Ата, мага ишенбейсизби? Биз эч деле жаман иш кылбайбыз!» — дейт. Ал кыз Жахабаны сүйүшү мүмкүн, оюнда деле жаман нерсе жоктур. Бирок аны «акылмандык менен жүрөт» деп айтууга болобу? Ал «бузуктуктан качып» жатабы? Же акылсыздык менен «өз жүрөгүнө таянып» жатабы? (Накыл сөздөр 28:26). Сен ал кыз менен атасына жардам берерлик башка да принциптерди билет чыгарсың. (Кара: Накыл сөздөр 22:3; Матай 6:13; 26:41.)

ЖУСУП БУЗУКТУКТАН КАЧКАН

18, 19. Жусуп кандай азгырыкка кабылган жана аны кантип жеңген?

18 Жусуп аттуу бир жаш жигит Кудайды сүйгөн жана бузуктуктан качкан. Ал Динанын бир тууганы болчу (Башталыш 30:20—24). Жусуп бала кезинде эжесинин акылсыздыгы эмнеге алып барганын өз көзү менен көргөн. Ошонун баары жана Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого болгон каалоосу кийин Жусупту Мисирде жүргөндө коргогону шексиз. Мырзасынын аялы аны «күн сайын» азгырган. Жусуп кул болгондуктан, албетте, баарын таштап, кетип кала алмак эмес. Ал акылмандык жана тайманбастык менен иш кылышы керек болчу. Жусуп Потипардын аялынын азгырыктарын кайра-кайра четке кагып, аягында андан качып кеткен. (Оку: Башталыш 39:7—12.)

19 Эгер ал ошол аялды ойлоп кумарданып жүрсө же деги эле жыныстык катнашта болууну эңсеп жүрсө, кынтыксыздыгын сактай алат беле? Сактай алмактыгы күмөн. Жусуп күнөөгө азгырган ойлорго баткан эмес, анткени Жахаба менен болгон мамилесин жогору баалаган. Бул Потипардын аялына айткан сөздөрүнөн көрүнүп турат. Жусуп ага: «Мырзам мага сизден башка эч нерсеге тыюу салган эмес, анткени сиз анын аялысыз. Анан кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деген (Башталыш 39:8, 9).

20. Жахаба Жусуптун жагдайын кантип өзгөрткөн?

20 Жахаба жаш Жусуптун, үй-бүлөсүнөн алыс болсо да, күн сайын кынтыксыздыгын сактап жүргөнүн көрүп, кандай гана кубанган! (Накыл сөздөр 27:11). Кийинчерээк ал Жусуптун түрмөдөн бошотулушуна эле эмес, Мисирде падышадан кийинки башкаруучу болушуна жана азык-түлүк бөлүштүрүүгө дайындалышына да кам көргөн! (Башталыш 41:39—49). Забур 97:10до: «Жахабаны жакшы көргөндөр, жамандыкты жек көргүлө. Ал ишенимдүү кызматчыларынын жанын сактайт, аларды ыймансыздардын колунан куткарат»,— деп кандай гана туура айтылган!

21. Африкадагы бир жаш Күбө кантип чечкиндүүлүк көрсөткөн?

21 Бүгүн да Кудайдын көптөгөн кызматчылары «жамандыкты жек көрөрүн» жана «жакшылыкты жакшы көрөрүн» айгинелөөдө (Амос 5:15). Африкада бир жаш Күбөгө классташ кызы, математикадан экзамен тапшырууга жардам берсе, аны менен жыныстык катнашта болорун ачык эле айткан. «Мен анын сунушун дароо эле четке кактым,— дейт ал бир тууган.— Кынтыксыздыгымдан жазбагандыктан алтын-күмүштөн алда канча баалуу болгон кадыр-баркымды жана өзүн өзү сыйлоо сезимимди сактап калдым». Күнөөнүн «убактылуу ырахат» тартуулай турганы чын, бирок тез эле өтүп кетүүчү андай «ырахат» адатта көп азап-кайгы алып келет (Еврейлер 11:25). Андан тышкары, Жахабага баш ийүүнүн аркасында жетүүгө боло турган чыныгы бакытка салыштырганда, андай убактылуу ырахаттануу эч нерсеге арзыбайт (Накыл сөздөр 10:22).

ЫРАЙЫМДУУ КУДАЙДЫН ЖАРДАМЫН КАБЫЛ АЛ

22, 23. а) Кудайдын кызматчысы олуттуу күнөө кетирсе, аны үмүтсүз абалда деп айтууга болобу? б) Күнөө кылган киши кандай жардам ала алат?

22 Жеткилеңсиз болгондуктан баарыбызга Кудайдын көз алдында туура иш кылуу үчүн дене кумары менен күрөшүүгө туура келет (Римдиктер 7:21—25). Жахаба муну түшүнөт, себеби «топурак экенибизди унутпайт» (Забур 103:14). Бирок кээде анын кызматчысы олуттуу күнөө кетириши мүмкүн. Андайда аны үмүтсүз абалда деп айтууга болобу? Жок. Албетте, күнөө кылган киши, Дөөтү падышага окшоп, күнөөсүнүн кесепетин тартышы ыктымал. Бирок өкүнүп, күнөөсүн «ачык айткандарды» Кудай кечирүүгө дайым даяр (Забур 86:5; Жакып 5:16; оку: Накыл сөздөр 28:13).

23 Андан тышкары, камкор Кудай өзүнүн элинин жыйналышына «адам түрүндөгү белектерди» — рухий жактан жетилген, жардам берүүгө дилгир жана жөндөмдүү койчуларды — берген (Эфестиктер 4:8, 12; Жакып 5:14, 15). Алардын максаты — күнөө кылган кишиге Кудай менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө жана күнөөсүн кайталабашы үчүн «акылдуу жүрөккө ээ болууга» жардам берүү (Накыл сөздөр 15:32).

«АКЫЛДУУ ЖҮРӨККӨ ЭЭ БОЛ»

24, 25. а) Накыл сөздөр 7:6—23-аяттарда айтылган жаш улан акылсыз экенин кантип көрсөткөн? б) Канткенде «акылдуу жүрөккө ээ боло» алабыз?

24 Ыйык Китепте «акылсыздар» жана «акылдуу жүрөккө ээ болгондор» жөнүндө айтылат (Накыл сөздөр 7:7). Рухий жактан жетиле элек, Кудайга кызмат кылууда тажрыйбасыз болгондуктан кимдир бирөөгө кыраакылык жана эстүүлүк жетишпеши мүмкүн. Накыл сөздөр 7:6—23-аяттарда айтылган жаш уланга окшоп, ал оңой эле олуттуу күнөө кылып алышы ыктымал. Ал эми «акылдуу жүрөккө ээ болгон» киши Кудайдын Сөзүн тиленүү менен үзгүлтүксүз изилдөөнүн аркасында ой-сезимдерин текшерип турат. Ал өзүнүн ойлорун, каалоолорун, сезимдерин жана көздөгөн максаттарын Кудайдын эркине мүмкүн болушунча ылайык келтирет. Ошентүү менен ал «өз жанын жакшы көрөт», башкача айтканда, өзүнө пайда алып келет жана «жакшылык табат» (Накыл сөздөр 19:8).

25 Өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Кудайдын нормалары туура экенине шектенбеймби? Аларды так аткаруунун аркасында бактылуу болорума бекем ишенемби?» (Забур 19:7—10; Ышая 48:17, 18). Эгер бир аз болсо да күмөн санасаң, анда тийиштүү чараларды көр. Кудайдын мыйзамдарын барк албагандык эмнеге алып барары жөнүндө ой жүгүрт. Ошондой эле чындыкка ылайык жашап жана акылыңды пайдалуу ойлорго — эмне чындык, адил, таза болсо, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жакшылык деп эсептелсе, ошол нерселерге — толтуруп, Жахабанын «канчалык жакшы экенин» «татып көр» (Забур 34:8; Филипиликтер 4:8, 9). Ушул кеңештерге ылайык иш кылсаң, барган сайын Кудайга болгон сүйүүң өсүп, ал жакшы көргөн нерселерди жакшы көрүп, ал жек көргөн нерселерди жек көрө баштайсың. Жусуп деле жеткилең болгон эмес. Анткен менен ал Жахабага өзүн көп жылдар бою калыпташына жана акылга ээ кылышына жол бергендиктен «бузуктуктан кача» алган. Сен да ошенте аласың (Ышая 64:8).

26. Кийинки бөлүмдөрдө кандай маанилүү тема талкууланат?

26 Жаратканыбыз жыныстык органдарды бизге оюнчук катары көрүш үчүн эмес, тукум улаш үчүн, ошондой эле никеде жыныстык мамиледен канааттануу алыш үчүн берген (Накыл сөздөр 5:18). Кудайдын никеге болгон көз карашы кийинки эки бөлүмдө талкууланат.

^ 4-абз. Сандар китебиндеги жыйырма төрт миң кишинин арасына Жахаба өзү жазалагандардан тышкары, сыягы, башкаруучулар өлүмгө кыйган «эл башчылары» да кирет. Алардын саны миңге жакын болушу мүмкүн (Сандар 25:4, 5).

^ 7-абз. Ыпыластык менен уятсыз жүрүм-турум жөнүндө билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган 2006-жылдын 15-июлундагы «Күзөт мунарасынан» (ор.) «Окурмандардын суроолорун» кара.

^ 9-абз. Бул жерде колдонулган «порнография» деген сөз жыныстык каалоолорду козгоо максатында сүрөт, жазуу түрүндөгү же үн менен берилген эротикалык материалды билдирет. Порнографияга бирөөнүн эротикалык позада түшкөн сүрөтүнөн тартып эки же андан көп адамдын ортосундагы жыныстык катнаштын эң эле ыпылас түрлөрү көрсөтүлгөн материалдар кирет.

^ 9-абз. Мастурбация тууралуу «Тиркеменин» «Мастурбациялоо адатын таштай аласың» деген темасында талкууланат.