Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

«Никени баала»

«Никени баала»

«Жаш кезиңде алган аялың менен кубан» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 5:18).

1, 2. Кайсы суроону карап чыгабыз жана эмне үчүн?

СЕНИН үй-бүлөң барбы? Эгер бар болсо, үй-бүлөлүк жашоодон кубаныч алып жатасыңбы же олуттуу көйгөйлөргө туш болуудасыңбы? Өмүрлүк жарыңдан алыстап бараткан жоксуңбу? Никеңден кубаныч албай, эптеп эле чыдап жашап жүрөсүңбү? Ошондой болсо, бир кездерде ынак болгон мамилеңердин сууп баратканынан улам көңүлүң чөгүп жаткандыр. Иса Машаяктын жолдоочусу катары сен, албетте, никеңдин Жахабаны, өзүң сүйгөн Кудайды, даңкташын каалайсың. Ошондуктан учурдагы абалың тынчыңды алып, жүрөгүңдү өйүп жүрүшү мүмкүн. Бирок үмүтүңдү үзүп, жагдайды оңдоо мүмкүн эмес деп жыйынтык чыгарууга шашпа.

2 Жахабанын элинин арасында бир кездерде никеси оор абалда болгон, бирок учурда бактылуу жашап жаткан көптөгөн сонун жубайлар бар. Алар мамилелерин жакшыртуунун жолун табышкан. Сен да никеңден көбүрөөк кубаныч ала аласың. Кантип?

КУДАЙГА ЖАНА ӨМҮРЛҮК ЖАРЫҢА ЖАКЫНДА

3, 4. Өмүрлүк жарлар Кудайга жакындоого умтулса, кандайча бири-бирине жакындашат? Мисал менен түшүндүр.

3 Эгер жубайың экөөң Кудайга жакындоого умтулсаңар, бири-бириңерге жакындайсыңар. Кандайча? Бир мисал карап көрөлү. Этек жагы жазы, ал эми баш жагы кууш болгон тоону элестетсең. Күйөөсү тоонун берки бетинде, аялы аркы бетинде. Анан экөө тең тоого чыга баштайт. Тоонун этегинде жүрүшкөндө, аларды чоң аралык ажыратып турган. Ал эми жогору көтөрүлүп, тоонун чокусуна жакындаган сайын, алардын ортосундагы аралык уламдан-улам азая берет. Бул мисалда кандай сабак камтылганын байкадыңбы?

4 Жахабага кызмат кылуу үчүн жумшаган күч-аракетиңди тоого чыгуу үчүн жумшалган күч-аракетке салыштырса болот. Сен Жахабаны сүйгөндүктөн, мындайча айтканда, «тоого чыгууга» көп күч жумшап жатасың. Бирок жубайың экөөң бири-бириңен алыстап калган болсоңор, анда силер тоонун эки башка бетинде жүрүшүңөр мүмкүн. Ал эми өйдөлөй берсеңер, эмне болот? Башында ортоңордогу аралык чоң болушу ыктымал. Анткен менен тоонун чокусуна чыгыш үчүн, башкача айтканда, Кудайга жакындоо үчүн канчалык көп күч-аракет жумшасаңар, түгөйүң экөөң бири-бириңерге ошончолук жакындай бересиңер. Ооба, Кудайга жакындоонун аркасында өмүрлүк жарыңа жакындайсың. Ан үчүн эмне кылсаң болот?

Ыйык Китептен алган билимиңди колдонуп, никеңди чыңдай аласың

5. а) Жахабага жана өмүрлүк жарыңа жакындоонун бир жолу кайсы? б) Жахаба никеге кандай карайт?

5 Каймана мааниде «тоого чыгуунун» бир маанилүү жолу — никеге карата Кудай Сөзүндө берилген кеңештерге кулак кагуу (Забур 25:4; Ышая 48:17, 18). Буга байланыштуу элчи Пабылдын кеңешин карап көрөлү. Ал: «Баары никени баалашсын»,— деген (Еврейлер 13:4). Бул сөздөр Жахабанын никеге болгон көз карашын чагылдырып турат. Ал никени абдан баалайт.

ЖАХАБАГА БОЛГОН СҮЙҮҮНҮН КҮЧҮ

6. Пабылдын никеге байланышкан сөздөрүнүн контексти эмнени көрсөтүп турат жана аны эстен чыгарбоо эмне үчүн маанилүү?

6 Албетте, Кудайдын кызматчылары катары жубайың экөөң никенин баалуу, атүгүл ыйык экенин билесиңер. Нике түзүлүшүн Жахаба негиздеген. (Оку: Матай 19:4—6.) Бирок үй-бүлөлүк жашоодо көйгөйлөргө туш болуп жатсаңар, никенин баалуу экенин билүүнүн өзү эле силерге бири-бириңерге сүйүү, урмат-сый менен мамиле кылууга түрткү бербеши мүмкүн. Анда эмне түрткү берет? Кайрадан Пабылдын сөздөрүнө көңүл буралы. Контексттен көрүнүп тургандай, Пабылдын никеге байланышкан кеңеши — бир катар насааттардын бири (Еврейлер 13:1—5). Ал никенин баалуулугун эмес, аны баалоо керектигин баса белгилеген. Бул айырмачылыкты эстен чыгарбаганың сага өмүрлүк жарыңа кайрадан урмат көрсөтө баштоого жардам берет. Кандайча?

7. а) Ыйык Китептеги кайсы буйруктарды аткарып жатабыз жана эмне үчүн? б) Кудайдын осуяттарына баш ийүүнүн натыйжасы кандай болот?

7 Ыйык Китептеги башка буйруктарга, мисалы, шакирт даярдоого же жыйналыш жолугушууларына катышууга байланышкан буйруктарга кандай карайсың? (Матай 28:19; Еврейлер 10:24, 25). Кээде аларды аткаруу кыйынга турушу мүмкүн. Алсак, айткан кабарыңды башкалар дайыма эле жакшы кабыл ала бербеши же жумуштан аябай чарчап келгендиктен жыйналыш жолугушууларына баруу оңойго турбашы ыктымал. Ошондой болсо да, сен Падышалык кабарын жарыялоо ишине жана жыйналыш жолугушууларына дайыма катышасың. Сени эч ким, атүгүл Шайтан да токтото албайт! Эмне себептен? Себеби Жахабаны чын жүрөктөн сүйгөнүң анын осуяттарына баш ийүүгө түрткү берет (1 Жакан 5:3). Мунун натыйжасы кандай болот? Кабар айтуу ишине жана жыйналыш жолугушууларына катышуунун аркасында жан дүйнө бейкуттугуна, чыныгы кубанычка ээ болосуң, анткени Кудайдын эркин аткарып жатканыңды билесиң. Андай сезимдер сага күч берет (Некемия 8:10). Мындан кандай сабак алсак болот?

8, 9. а) Никени жогору баалоого бизге эмне түрткү берет жана эмне үчүн? б) Азыр эмнелер талкууланат?

8 Кудайга болгон күчтүү сүйүү сага кабар айтууга жана жыйналыш жолугушууларына катышууга байланышкан буйруктарга эч нерсеге карабай баш ийүүгө түрткү бергендей эле, ал сүйүү «никени баалоо» керектиги тууралуу буйрукка да, аны аткаруу оор көрүнгөнүнө карабай, баш ийүүгө түрткү берет (Еврейлер 13:4; Забур 18:29; Насаатчы 5:4). Андан тышкары, кабар айтууга жана жыйналыш жолугушууларына катышууга күч-аракет жумшоо менен Кудайдан көптөгөн баталарды алып жатканыңдай эле, никени жогору баалоого умтулсаң, жасаган аракеттериң Жахабанын көз жаздымында калбайт жана андан мол бата аласың (1 Тесалоникалыктар 1:3; Еврейлер 6:10).

9 Анда никеңди жогору баалаарыңды кантип көрсөтө аласың? Ан үчүн нике түйүнүнө залакасын тийгизе турган жүрүм-турумдан оолак болушуң керек. Ошондой эле никеңди бекемдөө үчүн иш-аракет кылышың зарыл.

НИКЕНИН БАРКЫН КЕТИРЕ ТУРГАН СӨЗДӨРДӨН ЖАНА ЖҮРҮМ-ТУРУМДАН КАЧ

10, 11. а) Кандай сөздөр никенин баркын кетирет? б) Жубайыңан эмне деп сурап көрсөң болот?

10 Бир жолу бир ишенимдешибиз: «Мен Жахабадан чыдаганга күч сурап тиленем»,— деген. Эмнеге чыдаганга? Ал: «Күйөөм мени сөз менен жей берет. Бети-башым көк-ала болбосо да, анын „жөн эле жүк болуп жүрөсүң“, „эч нерсеге жарабайсың“ деген сыяктуу заар сөздөрү жүрөгүмдү жаралайт»,— деп түшүндүргөн. Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, никеде кемсинтерлик сөздөрдүн колдонулушу — олуттуу көйгөй.

11 Жахабага кызмат кылган жубайлардын заар сөздөрдү айтып, бири-биринин жүрөгүндө оңой менен айыккыс жарааттарды калтырганы кандай гана өкүнүчтүү! Муну менен алар никени баалабай турганын көрсөтүшөт. Бул жагынан сенин үй-бүлөңдө иштин жайы кандай? Муну билиш үчүн, момундук менен жарыңан: «Менин сөздөрүм сага кандай тиет?» — деп сурап көр. Ал бир канча жолу көңүлүн оорутканыңды айтса, оңолууга даяр бол (Галатиялыктар 5:15; оку: Эфестиктер 4:31).

12. Сыйынууң кандайча Кудайдын көз алдында пайдасыз болуп калышы мүмкүн?

12 Үй-бүлөңдө тилиңди кандай колдонгонуң Жахаба менен болгон мамилеңе таасир этерин эсиңен чыгарба. Ыйык Китепте: «Ким Кудайга туура сыйынып жатам деп ойлоп, бирок тилин ооздуктабаса, ал өзүн өзү алдап жатат; анын сыйынуусу пайдасыз»,— деп айтылат (Жакып 1:26). Сүйлөгөн сөздөрүң сыйынууң менен тыгыз байланышта. Кудайга кызмат кылып жатсаң, үйүңдө өзүңдү кандай алып жүргөнүң анча деле маанилүү эмес деп ойлоо Ыйык Китепке туура келбейт. Ошондуктан өзүңдү өзүң алдаба. Бул — абдан олуттуу нерсе. (Оку: 1 Петир 3:7.) Сен Кудайга кызмат кылууда ынталуу, жөндөмдүү болушуң мүмкүн, бирок заар сөздөр менен жарыңдын көңүлүн оорутсаң, никени баалабай турганыңды көрсөтөсүң жана сыйынууң Кудайдын көз алдында пайдасыз болуп калышы ыктымал.

13. Жубайлар кантип бири-биринин көңүлүн оорутушу мүмкүн?

13 Ошондой эле өмүрлүк жарлар анча байкалбаган жолдор менен бири-биринин көңүлүн калтыруудан этият болушу керек. Буга байланыштуу эки жагдайды карап көрөлү: жалгыз бой эне кеңеш сураш үчүн жыйналыштагы үй-бүлөлүү эркек бир тууганга бат-баттан телефон чалып, аны менен көпкө сүйлөшөт; бойдок эркек бир тууган менен күйөөсү бар эже жума сайын көп убакыт чогуу кабар айтышат. Бул жерде айтылган үй-бүлөлүү бир туугандардын жаман ою деле болбошу мүмкүн, бирок алардын жүрүм-туруму жубайларына кандай таасир этет? Ошондой жагдайда болгон бир эже: «Күйөөмдүн жыйналыштагы башка бир эжеге көп убакыт бөлүп, көп көңүл бурганы мага аябай эле катуу тиет. Бул мени басырынтат»,— деп айткан.

14. а) Башталыш 2:24тө кайсы милдет баса белгиленет? б) Эмне тууралуу ойлонуп көрүшүбүз керек?

14 Андай жагдайга туш болгон кишинин эмне үчүн капаланары айтпаса да түшүнүктүү. Анткени анын жары Кудайдын никеге байланыштуу: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет»,— деген алгачкы көрсөтмөсүнө маани бербейт (Башталыш 2:24). Албетте, үйлөнгөндөр ата-энесин дагы деле сыйлашат. Бирок, Кудайдын көрсөтмөсү боюнча, алар биринчи кезекте өмүрлүк жарынын алдындагы милдетин аткарууга тийиш. Ошо сыяктуу эле, Кудайдын кызматчылары ишенимдештерин сүйөт, бирок алар үчүн биринчи орунда жубайынын алдындагы милдети турушу керек. Андыктан үй-бүлөлүү бир туугандар ишенимдештери менен, айрыкча, башка жыныстагылар менен орунсуз түрдө көп убакыт өткөрсө же өтө жакын мамиледе болсо, бул нике түйүнүнө доо кетирет. Никедеги келишпестиктер ушундан улам келип чыгышы мүмкүнбү? «Жубайыма тийиштүү түрдө убакыт бөлүп, көңүл буруп, сүйүү көрсөтүп жатамбы?» — деп ойлонуп көр.

15. Матай 5:28ге ылайык, үй-бүлөлүү бир туугандар эмне үчүн башка жыныстагыларга орунсуз түрдө көп көңүл бөлүүдөн качышы керек?

15 Анын үстүнө, жубайы болбогон башка жыныстагы бирөөгө орунсуз түрдө көп көңүл бөлгөн бир туугандар өздөрүн кооптуу абалга дуушар кылышат. Өкүнүчтүүсү, кээ бир үй-бүлөлүү бир туугандар башкалар менен өтө жакын мамиледе болгондуктан аларга карата махабат сезимин өрчүтүп алышкан (Матай 5:28). Натыйжада алар никеге андан да чоң зыян алып келе турган иштерге барышкан. Буга байланыштуу элчи Пабылдын эмне дегенин карап көрөлү.

«НИКЕ ТӨШӨГҮ БУЛГАНБАСЫН»

16. Пабыл никеге байланыштуу кандай буйрук берген?

16 «Баары никени баалашсын»,— деп айткандан кийин Пабыл: «Нике төшөгү булганбасын, анткени бузуктук же ойноштук кылып жүргөндөрдү Кудай соттойт»,— деп кошумчалаган (Еврейлер 13:4). Ал колдонгон «нике төшөгү» деген сөздөр жыныстык мамилени билдирет. Андай мамилелер никеде гана болсо, «нике төшөгүн» таза, булганбаган деп айтууга болот. Ошондуктан Кудайдын кызматчылары анын Сөзүндөгү: «Жаш кезиңде алган аялың менен кубан»,— деген кеңешке кулак кагышат (Накыл сөздөр 5:18).

17. а) Эмне үчүн дүйнөнүн ойноштукка карата болгон көз карашы Жахабанын кызматчыларына таасир этпеши керек? б) Аюп пайгамбарды кантип туурай алабыз?

17 Жубайы болбогон башка бирөө менен жыныстык катнашта болгондор Кудайдын адеп-ахлак нормаларын таптакыр сыйлабай турганын көрсөтүшөт. Бүгүнкү күндө көптөр ойноштукту кадимки нерседей көрүшөт. Бирок башка адамдар ойноштук тууралуу кандай ойдо болушпасын, бул чындык жолунда жүргөндөрдүн көз карашына таасир этпеши керек. Алар акыр-аягы «бузуктук же ойноштук кылып жүргөндөрдү» адамдар эмес, Кудай соттой турганын билишет (Еврейлер 10:31; 12:29). Ошондуктан Жахабанын кызматчылары бул жагынан анын көз карашына бекем карманышат. (Оку: Римдиктер 12:9.) Аюп пайгамбардын: «Көзүм менен келишим түзгөм»,— деп айтканын эстесең (Аюп 31:1). Ооба, ойноштукка алып бара турган жолду көздөй бир да кадам таштабаш үчүн Жахабанын кызматчысы көзүн башкара билип, жубайы болбогон башка бирөөгө эч качан кумардануу менен карабайт. («Тиркемедеги» «Ажырашууга жана бөлөк жашоого Кудай кандай карайт?» деген теманы кара.)

18. а) Жахабанын көз алдында ойноштук канчалык олуттуу күнөө? б) Ойноштук менен бурканга сыйынуучулуктун ортосунда кандай окшоштук бар?

18 Жахабанын көз алдында ойноштук канчалык олуттуу күнөө? Анын буга кандай караарын түшүнүүгө бизге Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзам жардам берет. Ысрайылда ойноштук кылгандар менен бурканга сыйынгандар өлүм жазасына тартылчу (Лебилер 20:2, 10). Бул эки күнөөнүн ортосунда кандай окшоштук бар экенин билесиңби? Бурканга сыйынган ысрайылдык киши Жахаба менен түзгөн келишимин бузган. Ошо сыяктуу эле, ойноштук кылган адам жубайы менен түзгөн келишимин бузган. Демек, экөө тең чыккынчылык кылышкан (Чыгуу 19:5, 6; Мыйзам 5:9; оку: Малаки 2:14). Ошондуктан берилгендигин сактаган ишенимдүү Кудайдын алдында экөө тең айыптуу болгон (Забур 33:4).

19. Ойноштуктан качууга чечкиндүү болууга эмне жардам берет жана эмне үчүн?

19 Албетте, биз Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамдын бийлиги астында эмеспиз. Бирок ойноштуктун байыркы Ысрайылда олуттуу күнөө катары эсептелгенин билүү бизге андай ишке барбоого ого бетер чечкиндүү болууга жардам берет. Эмне үчүн? Салыштыруу иретинде мындай мисал карап көрөлү: сен чиркөөгө барып, тизе бүгүп, сөлөкөткө сыйынат белең? «Эч качан!» — дейт болушуң керек. Чоң суммада акча сунуш кылышсачы? Буга да: «Жок!» — деп жооп берет болушуң керек. Ооба, бурканга сыйынып, Жахабага чыккынчылык кылуу жөнүндөгү ой биз үчүн жийиркеничтүү. Ошо сыяктуу эле, ойноштук кылууга кандай гана азгырык болбосун, Кудайдын кызматчысы андай күнөөгө батуу менен Кудайга жана жубайына чыккынчылык кылуудан жийиркениши керек (Забур 51:1, 4; Колосалыктар 3:5). Биз Шайтанды кубандырган, ал эми Жахабаны жана ыйык эсептелген нике түзүлүшүн урматтабагандыкка жаткан иш кылууну каалабайбыз.

НИКЕҢДИ КАНТИП БЕКЕМДЕЙ АЛАСЫҢ?

20. Кээ бир үй-бүлөлөрдө кандай жагдай болушу мүмкүн? Мисал менен түшүндүр.

20 Никенин баркын кетире турган жүрүм-турумдан качуудан тышкары, өмүрлүк жарыңа көбүрөөк урмат көрсөтүү үчүн кандай кадамдарды жасасаң болот? Бул суроого жооп алуу үчүн, никени үйгө салыштырып көрөлү. Жубайлардын бири-бирине айткан жагымдуу сөздөрү, көңүл бурганы жана башка жолдор менен урмат көрсөткөнү үйдүн көркүн чыгарып турган жасалгалар сыяктуу. Эгер силер ынак мамиледе болсоңор, никеңер жасалгаланган кооз үйгө окшош болот. Анча ынак болбосоңор, жогорудагы жасалгалар акырындык менен жок болуп отуруп, никеңер аңгырап бош калган үй сыяктуу болуп калат. Бирок сен Кудайдын «никени баалоо» жөнүндөгү буйругуна баш ийүүнү каалагандыктан, албетте, жагдайды оңдоого аракет кыласың. Баалуу нерсе ошого татыйт эмеспи. Жагдайды оңдоо үчүн эмне кылсаң болот? Кудайдын Сөзүндө: «Үй акылмандык менен курулат, кыраакылык менен бекемделет. Бөлмөлөр ар кандай баалуу, сонун буюмдарга билим менен толтурулат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 24:3, 4). Бул сөздөрдү никеде кантип колдонууга болорун карап көрөлү.

21. Никебизди акырындык менен кантип чыңдай алабыз? ( «Никемди кантип бекемдей алам?» деген кутучаны да кара.)

21 Бактылуу үй-бүлөнүн үйүн толтурган кымбат «баалуу, сонун буюмдарга» чыныгы сүйүү, Кудайдан коркуу, бекем ишеним сыяктуу сапаттар кирет (Накыл сөздөр 15:16, 17; 1 Петир 1:7). Андай сапаттар нике түйүнүн чыңдайт. Бирок мурунку абзацтагы аяттардан үй ичи кымбат баалуу мүлккө кантип толтуруларын байкадыңбы? Ооба, ал «билим менен» толтурулат. Ыйык Китептеги билимди иш жүзүндө колдонгондо адамдардын ой жүгүртүүсү өзгөрүп, бири-бирине болгон сүйүүсүн кайрадан жандандырууга түрткү алышат (Римдиктер 12:2; Филипиликтер 1:9). Ошондуктан жубайың экөөң чогуу отуруп, Ыйык Китепке негизделген маалыматты, мисалы, күндөлүк аятты же «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарынан нике тууралуу макаланы талкуулаганыңарда үйүңөрдүн көркүн чыгара турган кооз жасалгаларды карап жаткандай болосуңар. Ал эми Жахабага болгон сүйүүңөрдөн улам ошол кеңештерди жашооңордо колдонгондо, силер, мындайча айтканда, жасалгаларды «бөлмөлөрүңөргө» алып киргендей болосуңар. Натыйжада никеден мурункудай кубаныч ала баштайсыңар.

22. Никебизди чыңдоого аракет кыла берсек, бул кандай пайда алып келет?

22 Каймана маанидеги жасалгаларды кайрадан орду-ордуна коюу үчүн, албетте, бир топ убакыт жана күч-аракет талап кылынышы мүмкүн. Ошого карабай аракет кыла берсең, Ыйык Китептеги: «Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деген буйрукту аткаруудан чоң кубаныч аласың (Римдиктер 12:10; Забур 147:11). Андан да маанилүүсү, никени жогору баалоого тырышчаактык менен аракет кыла берсең, бул сага Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет.