Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

Кудайга жакпаган майрамдар

Кудайга жакпаган майрамдар

«Теңирге эмне жагарын баамдап биле бергиле» (ЭФЕСТИКТЕР 5:10).

1. Жахаба өзүнө кандай адамдарды жакындатат жана эмне үчүн алар рухий жактан сергек болушу керек?

«ЧЫНЫГЫ сыйынуучулар Атама ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйына турган убак келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Атам өзүнө ошондой сыйынуучуларды издейт»,— деп айткан Иса Машаяк (Жакан 4:23). Жахаба сени тапкандай эле, андай адамдарды тапканда аларды өзүнө жана Уулуна жакындатат (Жакан 6:44). Бул кандай гана чоң сыймык! Бирок Ыйык Китептеги чындыкты сүйгөндөр «Теңирге эмне жагарын баамдап биле бериши» керек, анткени Шайтан алдаганга маш (Эфестиктер 5:10; Аян 12:9).

2. Жахаба чыныгы дин менен жалган динди аралаштырууга аракет кылгандарга кандай карайт?

2 Синай тоосунун жанында ысрайылдыктар Арундан өздөрүнө кудай жасап беришин талап кылышканда, эмне болгонун эстесең. Арун алардын талабына моюн сунуп, алтын музоо жасап, анын Жахабаны билдирерин айткан. Ал: «Эртең Жахабага арналган майрам болот»,— деген. Чыныгы дин менен жалган диндин аралашып кеткенине Жахаба кош көңүл караганбы? Жок. Ал бурканга сыйынган 3 000ге жакын кишини өлүмгө кыйган (Чыгуу 32:1—6, 10, 28). Мындан кандай сабак алсак болот? Эгер Кудайдын сүйүүсүнөн айрылгыбыз келбесе, «арам нерселерге тийбей», чындыкты таза эмес, булгай турган нерселердин баарынан ынталуулук менен коргошубуз керек (Ышая 52:11; Жезекиел 44:23; Галатиялыктар 5:9).

3, 4. Кеңири тараган каада-салттарды, майрамдарды карап чыгууда эмне үчүн Ыйык Китептеги принциптерди эске алышыбыз керек?

3 Өкүнүчтүүсү, чындыктан четтөөчүлүккө каршы күрөшүп келген элчилер өлгөндөн кийин, Исанын жолдоочулары деп аталымыш болгон жана чындыкты сүйбөгөн адамдар бутпарастык каада-салттарды, майрамдарды кабыл алып, аларды Кудайга жагат деп эсептей башташкан (2 Тесалоникалыктар 2:7, 10). Бул бөлүмдөн ошол майрамдардын айрымдарын карап жатканда алардын Кудайдын эмес, дүйнөнүн рухун чагылдырарын байкасаң болот. Жалпысынан, дүйнөдөгү майрамдар бири-бирине окшош. Аларда денелик каалоолордун канааттандырылышына чоң маани берилет. Алар «Улуу Бабылга» таандык жалган диний көз караштар менен спиритизмдин жайылышына да өбөлгө түзөт * (Аян 18:2—4, 23). Жахабанын учурда кеңири тараган көптөгөн каада-салттардын келип чыгышына шарт түзгөн жийиркеничтүү диний үрп-адаттарды башынан эле билерин унутпайлы. Анын андай майрамдарды бүгүн да жийиркеничтүү деп эсептээри шексиз. Жахабанын көз карашы биз үчүн баарынан маанилүү болушу керек эмеспи? (2 Жакан 6, 7).

4 Жахабанын кызматчылары катары биз кээ бир майрамдардын ага жакпай турганын билебиз. Бирок билип эле койбостон, аларга такыр аралашпоого чечкиндүү болушубуз керек. Жахабага андай майрамдардын эмне үчүн жакпай турганын карап чыгуу анын сүйүүсүнөн айрылта турган нерселердин баарынан качууга жардам берет.

РОЖДЕСТВО — КҮНГӨ СЫЙЫНУУГА БАЙЛАНЫШКАН МАЙРАМ

5. Исанын 25-декабрда же 7-январда төрөлбөгөнүн кайдан билебиз?

5 Ыйык Китепте Исанын туулган күнүнүн белгилениши жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Чынында, анын кайсы күнү төрөлгөнү белгисиз. Ошентсе да анын 25-декабрда же 7-январда, Ысрайыл жеринде суук болуп турган убакта, төрөлбөгөнү шексиз *. Алсак, Луканын Инжилине ылайык, Иса төрөлгөндө, койчулар «талаада жашап», малын кайтарып жүрүшкөн (Лука 2:8—11). Кышкысын Бетлехемде жаан, кар жаап, суук болгондуктан, мал малканада кыштачу. Андыктан койчулар жылдын ошол мезгилинде «талаада жашап, түнкүсүн малын күзөтмөк» эмес. Анын үстүнө, Жусуп менен Мариям Бетлехемге цезарь Августтун эл каттоо жөнүндөгү буйругуна баш ийип барышкан (Лука 2:1—7). Цезардын Рим башкаруусуна нааразы болгон элге кыштын суук күнүндө ата-бабаларынын жерине барууну буйрук кылганы өтө эле күмөн.

6, 7. а) Рождествого байланышкан көптөгөн каада-салттар кайдан келип чыккан? б) Жахабанын кызматчыларынын белек бергени Рождество учурундагы белек берүүдөн эмнеси менен айырмаланат?

6 Рождество жалган кудайларга сыйынгандардын байыркы майрамдарынан, мисалы, дыйканчылыктын кудайы Сатурнга арналган римдиктердин сатурналия майрамынан келип чыккан. Ошондуктан ал Ыйык Жазмага негизделбейт. Андан тышкары, өздөрүнүн эсеби боюнча, Митра кудайынын сыйынуучулары 25-декабрда «жеңилгис Күндүн туулган күнүн» белгилешчү. «Рождество майрамы Күнгө сыйынуу Римде күч алып турган маалда», Иса Машаяк өлгөндөн үч кылымдай өткөндөн кийин пайда болгон («New Catholic Encyclopedia»).

Исанын жолдоочулары чын жүрөктөн белек беришет

7 Бутпарастар майрамдарда, азыркы убактагы Рождество маалындагыдай эле, бири-бирине белек берип, ичип-жешкен. Бирок, бүгүнкү күндөгүдөй эле, ал убакта белек берүү көбүнесе 2 Корунттуктар 9:7деги: «Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деген принципке дал келген эмес. Кудайдын кызматчылары белгилүү бир күндөрү эле эмес, каалаган убакта чын жүрөктөн белек беришет жана анын ордуна башка белек алам деп үмүт этишпейт (Лука 14:12—14; оку: Элчилер 20:35). Ошондой эле Рождество учурундагы машакаттардан арылышканына жана көптөрдөй болуп, карызга батпай калышканына сүйүнүшөт (Матай 11:28—30; Жакан 8:32).

8. Астрологдор Исага туулган күнүндө белек беришкенби? Түшүндүр.

8 Бирок айрымдар: «Астрологдор Исага анын туулган күнүндө белек берген эмес беле?» — деши мүмкүн. Эске алчу нерсе, астрологдордун Исага белек тартуулаганынын себеби, байыркы убактагы салт боюнча, белек берүү кадыр-барктуу бирөөгө урмат көрсөтүүнүн белгиси болгон (1 Падышалар 10:1, 2, 10, 13; Матай 2:2, 11). Анын үстүнө, алар Исага ал төрөлгөн түнү келишкен эмес. Алар келгенде, Иса акырда жаткан ымыркай эмес болчу. Анын төрөлгөнүнө бир канча ай болуп, үйдө жашап жатышкан.

ТУУЛГАН КҮН ЖӨНҮНДӨ ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

9. Ыйык Китепте жазылган туулган күндөр жөнүндө эмне айтууга болот?

9 Албетте, наристенин төрөлүшү чоң кубаныч тартуулайт (Забур 127:3). Бирок Ыйык Китепте Кудайдын бир да кызматчысынын туулган күнүн белгилегени айтылбайт. Балким, бул тууралуу жөн эле жазылбай калгандыр? Жок. Ыйык Китепте эки кишинин: Мисир фараону менен Ирод Антиппанын туулган күнүн белгилешкени айтылат. (Оку: Башталыш 40:20—22; Марк 6:21—29.) Ал эки окуянын тең аягы жаман болуп бүткөн. Экинчисинде Чөмүлдүрүүчү Жакандын башы алынган.

10, 11. Исанын алгачкы жолдоочулары туулган күндү белгилөөгө кандай карашкан жана эмне үчүн?

10 «Уорлд бук» энциклопедиясында: «Исанын алгачкы жолдоочулары туулган күндү белгилөөнү бутпарастык салт катары көрүшкөн»,— деп айтылат. Мисалы, байыркы гректер ар бир адамдын коргоочу руху бар, ошол рух адам төрөлгөндө келип, аны өмүр бою коргоп жүрөт деп ишенишкен. Бир китепте: «Ал рухтун адам кайсы кудайдын туулган күнүндө төрөлсө, ошол кудай менен кандайдыр бир сыйкырдуу байланышы бар деп эсептелчү»,— делет («The Lore of Birthdays»). Ошондой эле туулган күндү белгилөө байыртадан эле астрология жана гороскоп менен тыгыз байланышта болгон.

11 Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары туулган күндү бутпарастык каада-салттарга жана спиритизмге байланышы бар болгондуктан эле эмес, сыягы, принципке дал келбегендиктен да белгилешкен эмес. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Алар момун, жөнөкөй адамдардан болгондуктан, өздөрүнүн жарык дүйнөгө келген күнүн белгилегидей аны ушунчалык маанилүү деп эсептешкен эмес * (Микей 6:8; Лука 9:48). Тескерисинче, алар Жахабаны даңктап, өмүр белегин бергени үчүн ага ыраазычылык билдиришкен * (Забур 8:3, 4; 36:9; Аян 4:11).

12. Кандайча өлгөн күн туулган күндөн артык?

12 Ишенимдүүлүгүн сактап өлгөндөрдүн баары Кудайдын эс тутумунда жана келечекте түбөлүк өмүргө ээ болушат (Аюп 14:14, 15). Насаатчы 7:1де: «Жакшы ат баалуу майдан артык, адамдын өлгөн күнү туулган күнүнөн артык»,— делет. Биз «жакшы атка» — жакшы абройго — Кудайга ишенимдүү кызмат кылуунун аркасында ээ болобуз. Көңүл бурарлык нерсе, Жахабанын кызматчылары белгилеш керек болгон жалгыз майрам туулган күнгө эмес, өлгөн күнгө — Иса Машаяктын өлгөн күнүнө — байланыштуу. Биз анын ысымы аркылуу куткарылабыз (Еврейлер 1:3, 4; Лука 22:17—20).

ПАСХАНЫН ТУКУМДУУЛУКТУН КУДАЙЫНА СЫЙЫНУУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ БАР

13, 14. Пасхага байланышкан каада-салттар кайдан келип чыккан?

13 Пасха Исанын тирилген күнүн майрамдоо деп эсептелсе да, чынында, жалган динден келип чыккан. Мисалга анда колдонулган жумуртка менен коёнду алалы. «Британ энциклопедиясына» ылайык, жумуртка «жаңы жашоонун жана тирилүүнүн», ал эми коён узак убакыт бою тукумдуулуктун символу болуп келген. Демек, Пасха Исанын тирилгенин майрамдоо катары белгилүү болсо да, тукумдуулукка байланышкан үрп-адат болуп саналат *.

14 Уулунун тирилген күнүн майрамдоодо тукумдуулукка байланышкан жийиркеничтүү үрп-адаттын аралашканы Жахабага жагат беле? Түк да! (2 Корунттуктар 6:17, 18). Ыйык Жазмада Исанын тирилгенин белгилөөгө байланыштуу эч кандай буйрук берилбейт. Тукумдуулуктун кудайына сыйынуу менен байланышы бар болгондуктан, бул майрамды майрамдоо таптакыр туура эмес.

ХЭЛЛОУИН МАЙРАМЫНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

15. Хэллоуин кайдан келип чыккан жана аны майрамдоо үчүн тандалган күн тууралуу эмне айтууга болот?

15 Жез кемпирлери, үйдүн «ээлери» жана шумдуктуудай жасалгалары менен белгилүү болгон, 31-октябрда майрамдалган Хэллоуин майрамы, сыягы, байыркы Британиядагы жана Ирландиядагы кельттердин убагында пайда болгон. 1-ноябрга жакын, ай толгондо, алар «жайдын аягы» дегенди билдирген Самайн майрамын майрамдашчу. Алар бул майрамдын учурунда рухтардын дүйнөсү менен адамдардын дүйнөсүнүн ортосундагы көшөгө ачылып, жакшы рухтар менен жаман рухтардын баары жер жүзүн кыдырышат деп ишенишчү. Арбактар үйлөрүнө кайтып келишет деп ойлошкондуктан, аларды ыраазы кылыш үчүн сыртка тамак-аш, ичимдик коюп коюшчу. Ошондуктан бүгүнкү күндө арбак, жез кемпир болуп кийинип алган балдар үймө-үй кыдырып, жегенге бирдеме бербегендерди зыяндуу тамашага саларын айтып коркутуу менен, өздөрү түшүнбөй, Самайнга байланышкан үрп-адаттарды улантып келишет.

ҮЙЛӨНҮҮ ҮЛПӨТҮҢӨР АРАМДАЛБАСЫН

16, 17. а) Эмне үчүн Жахабанын эли үйлөнүү тоюна байланыштуу жергиликтүү каада-салттарды Ыйык Китептеги принциптердин негизинде текшериши керек? б) Кудайдын кызматчылары күрүч чачуу сыяктуу салттарга байланыштуу эмнени эске алышы керек?

16 Жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылда жакында «күйөө менен колуктунун үнү угулбай» калат (Аян 18:23). Эмне үчүн? Мунун бир себеби анын спиритизм аралашкан үрп-адаттарына байланыштуу. Ошондой үрп-адаттар никени үйлөнүү үлпөтүнөн тартып эле арамдап коюшу мүмкүн (Марк 10:6—9).

17 Ар кайсы өлкөдө салттар ар кандай болот. Эч жаман жери жоктой көрүнгөн кээ бир салттар жаңы үйлөнгөндөргө же конокторго «кут» конушуна шарт түзөт деп эсептелген байыркы бабылдык үрп-адаттардан келип чыгышы мүмкүн (Ышая 65:11). Андай каада-салттардын бири — баш кошуп жаткандарга күрүч жана башка нерселерди чачуу. Бул үрп-адаттын келип чыгышы, каардуу рухтарды тамак-аш менен ыраазы кылса, алар жаңы үйлөнгөндөргө жамандык кылышпайт деген түшүнүккө байланыштуу болушу ыктымал. Анын үстүнө, күрүчтүн илгертен эле тукумдуулук, бакыт-таалай, узак өмүр менен сыйкырдуу байланышы бар деп эсептелип келген. Ошондуктан Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоону каалагандардын баары андай ыпылас салттардан оолак болушат. (Оку: 2 Корунттуктар 6:14—18.)

18. Үйлөнүү үлпөтүнө даярданып жаткандар да, коноктор да кайсы принциптерге жетектелиши керек?

18 Кудайдын кызматчылары үйлөнүү үлпөтүнүн баркын кетире турган же кээ бирөөлөрдүн абийирине доо кетире турган нерселерден да качышат. Мисалы, алар какшыктоодон, секс жөнүндө кыйытып сүйлөөдөн, үйлөнүп жаткандарды жана башкаларды оңтойсуз абалда калтыра турган орой тамашаларды айтуудан алыс болушат (Накыл сөздөр 26:18, 19; Лука 6:31; 10:27). Ошондой эле алар тойдун өтө эле шаан-шөөкөттүү өтүп, жөнөкөйлүктү эмес, «колунда болгон нерселерине мактангандыкты» чагылдырышын каалашпайт (1 Жакан 2:16). Үйлөнүү үлпөтүнө даярданып жатсаңар, Жахабанын ошол өзгөчө күндү кийин өкүнүч менен эмес, жылуу сезим менен эскеришиңерди каалаарын унутпагыла *.

ТОСТ СҮЙЛӨӨ ДИНИЙ ҮРП-АДАТПЫ?

19, 20. Тост сүйлөөнүн келип чыгышы жөнүндө бир китепте эмне деп айтылат жана эмне үчүн Кудайдын кызматчылары тост сүйлөбөйт?

19 Үйлөнүү тойлорунда жана башка учурларда, адатта, тост сүйлөнөт. 1995-жылы чыккан бир китепте: «Тост сүйлөө... сыягы, кудайларга багышталган ыйык ичимдиктин курмандыкка куюлушуна жана „Көп жаша!“ же „Ден соолугуң үчүн!“ деген сөздөр менен каалоо айтууга, тиленүүгө байланышкан илгерки салттан калган»,— деп айтылат («International Handbook on Alcohol and Culture»).

20 Көптөр тост айтууну диний үрп-адат же ырым-жырым катары көрбөйт. Бирок бокалдарды өйдө көтөрүү салты «асмандан» — табияттан тышкаркы кандайдыр бир күчтөн — бата сураганга жатып калышы ыктымал. Бул болсо Ыйык Китепке дал келбейт * (Жакан 14:6; 16:23).

«ЖАХАБАНЫ ЖАКШЫ КӨРГӨНДӨР, ЖАМАНДЫКТЫ ЖЕК КӨРГҮЛӨ»

21. Динге байланышы жок болсо да, кеңири тараган кандай майрамдардан алыс болушубуз керек жана эмне үчүн?

21 Улуу Бабылдын түздөн-түз же кыйыр катышы менен дүйнөнүн нормалары тездик менен төмөндөөдө. Муну айрым өлкөлөрдө жыл сайын өткөрүлгөн карнавалдар, майрамдар чагылдырууда. Алар адепсиз бийлер менен коштолот, атүгүл өз жынысындагылар менен жыныстык катнашта болгондордун жашоо мүнөзүн даңазалайт. «Жахабаны жакшы көргөндөрдүн» аларга катышканы же көргөнү туурабы? Ошентүү менен алар жамандыкты чындап жек көрөрүн көрсөтүшөбү? (Забур 1:1, 2; 97:10). Андан көрө: «Көзүмдү пайдасыз нерселерден оолак кыл»,— деп тиленген забурчунукундай маанайда болуу алда канча жакшы эмеспи! (Забур 119:37).

22. Кайсы учурда Жахабанын кызматчысы белгилүү бир майрамга катышар-катышпасын абийирине жараша чечсе болот?

22 Майрам күндөрү Жахабанын кызматчысы өзүн майрамга катышып жаткандай алып жүрүүдөн сак болушу керек. «Жесеңер да, ичсеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деп жазган Пабыл (1 Корунттуктар 10:31). ( «Акылдуулук менен чечим чыгар» деген кутучаны кара.) Бирок кайсы бир каада-салт же майрам жалган дин, саясат же патриоттук азем менен байланыштуу болбосо жана Ыйык Китепке карама-каршы келбесе, анда Жахабанын ар бир кызматчысы ага катышар-катышпасын өзү чечсе болот. Ошол эле учурда ал башкаларды мүдүрүлтпөш үчүн алардын сезимдерин эске алат.

КУДАЙДЫ СӨЗҮҢ МЕНЕН ДА, ИШИҢ МЕНЕН ДА ДАҢКТА

23, 24. Жахабанын адил нормалары жөнүндө башкаларга кантип жакшы күбөлөндүрө алабыз?

23 Көптөр кеңири тараган кээ бир майрамдарды үй-бүлөсү, достору менен чогулууга мүмкүнчүлүк катары көрүшөт. Эгер кимдир бирөө Ыйык Китепке негизделген көз карашыбызды аша чапкандык деп эсептесе, Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөсү, достору менен убакыт өткөрүүнү жакшы көрөрүн жумшактык менен түшүндүрсөк болот (Накыл сөздөр 11:25; Насаатчы 3:12, 13; 2 Корунттуктар 9:7). Биз жакындарыбыз менен каалаган убакта пикирлеше алабыз, бирок Кудайды жана анын нормаларын жакшы көргөндүктөн, андай кубанычтуу учурлардын аны капаланта турган каада-салттардан улам арамдалып калышын каалабайбыз. ( «Чыныгы сыйынуу зор кубаныч тартуулайт» деген кутучаны кара.)

24 Айрым Күбөлөр «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» * деген китептин 16-бөлүмүндөгү ойлорду чын жүрөктөн кызыккан адамдар менен ийгиликтүү бөлүшө алышкан. Биздин максат башкалар менен талашып-тартышуу эмес, алардын кызыгуусун өрчүтүү экенин унутпа. Ошондуктан аларга урмат-сый, жумшактык менен мамиле кыл жана сөзүң «дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун» (Колосалыктар 4:6).

25, 26. Ата-энелер балдарына Жахабага болгон ишенимин жана сүйүүсүн өрчүтүүгө кантип жардам бере алышат?

25 Жахабанын кызматчылары катары биз ар тараптуу билимге ээбиз. Биз эмнелерге ишенерибизди жана эмне үчүн айрым нерселерди кылып, башкаларын кылбай турганыбызды билебиз (Еврейлер 5:14). Ата-энелер, ошондуктан балдарыңарды Ыйык Китептеги принциптердин үстүнөн ой жүгүртүүгө үйрөткүлө. Ошентип силер алардын ишенимин бекемдейсиңер, аларга ишеними тууралуу сурагандарга Ыйык Китептин негизинде жооп бере билүүгө жардам бересиңер жана Жахабанын аларды сүйөрүнө ынандырасыңар (Ышая 48:17, 18; 1 Петир 3:15).

26 Кудайга «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык» сыйынгандардын баары Ыйык Жазмага дал келбеген майрамдарды белгилебегенден тышкары, жашоонун башка тармактарында да чынчыл болгонго аракет кылышат (Жакан 4:23). Азыр көптөр чынчыл болуунун пайдасы жок деп эсептешет. Бирок, кийинки бөлүмдөн биле турганыбыздай, Кудайдын жолунда жүрүү дайыма пайдалуу.

^ 3-абз.  «Майрамга катышышым керекпи?» деген кутучаны кара. Айрым майрамдар Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индексинде» саналып өтөт.

^ 5-абз. Тарыхка жана ыйык китептик хронологияга таяна турган болсок, Иса Машаяк, сыягы, б.з.ч. 2-жылы жүйүттөрдүн эйтаним деген айында төрөлгөн. Ал ай, азыркы календарь боюнча, сентябрь/октябрь айларына дал келет. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» (англ.) эмгегинин 2-томунун 56, 57-беттерин кара («Онлайн китепкана», «Иса Машаяк» деген тема, ор.).

^ 11-абз. Мыйзам келишиминде талап кылынгандай, аял төрөгөндөн кийин Кудайга күнөө үчүн курмандык алып келиши керек болчу (Лебилер 12:1—8). Ал талап адамдардын күнөөнү балдарына өткөрүп берип жатканын эске салып турган. Ошондой эле ысрайылдыктарга баланын төрөлүшүнө тең салмактуу кароого жардам берген жана кыязы, бутпарастардын туулган күнгө байланыштуу каада-салттарынан алыс болууга түрткү берген (Забур 51:5).

^ 13-абз. Кызыктуусу, Пасханын англисче аталышы (Easter) англ-сакстардын Эастра (Эостра) деген аял кудайынын — таң менен жаздын кудайынын — атына окшош. Ал аял кудай тукумдуулуктун да кудайы болгон. Уламыштар жөнүндөгү бир сөздүктө «анын Айда жумуртканы жакшы көргөн коёну болгону айтылат жана кээде ал кудай коён баштуу болуп сүрөттөлөт» («The Dictionary of Mythology»).

^ 18-абз. Үйлөнүү үлпөтү, достук жолугушуулары тууралуу макалаларды «Күзөт мунарасынын» төмөнкү сандарынан кара: 2006-ж., 1-ноябрь, 8—12-б., 17—21-б. жана 2006-ж., 15-октябрь, 28—31-б., ор.

^ 20-абз. 2007-жылдын 15-февралындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 30, 31-беттерин кара.

^ 24-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.