Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Бардык жагынан чынчыл бол

Бардык жагынан чынчыл бол

«Бардык жагынан чынчыл болууну [каалайбыз]» (ЕВРЕЙЛЕР 13:18).

1, 2. Чынчыл болууга аракет кылганыбыз Жахабаны эмне үчүн кубандырат? Мисал менен түшүндүр.

КИЧИНЕКЕЙ бала апасы менен дүкөндөн чыгат. Күтүлбөгөн жерден бала токтой калат да, өңү өзгөрө түшөт. Колунда дүкөндөн алган кичинекей оюнчугу бар. Көрсө, аны кайра ордуна койгонду же апасынан аны сатып беришин суранганды унутуп коюптур. Ошондуктан эмне кыларын билбей, ыйлап жиберет. Апасы аны сооротуп, кайра дүкөнгө алып кирет. Бала оюнчукту дүкөнчүгө кайрып берип, кечирим сурайт. Ушундан улам апасынын жүрөгү кубанычка толуп, сыймыктанып калат. Эмне үчүн?

2 Балдарынын чынчылдыкка үйрөнүп жатканын көргөндө ата-эне кубанбай койбойт. Асмандагы Атабыз, «чындыктын Кудайы», жөнүндө да ушуну айтууга болот (Забур 31:5). Рухий жактан жетилип, чынчыл болууга аракет кылып жатканыбызды көргөндө Жахаба абдан кубанат. Ага жагууну жана анын сүйүүсүнөн айрылбоону каалагандыктан биз, элчи Пабылга окшоп, «бардык жагынан чынчыл болгубуз» келет (Еврейлер 13:18). Кел анда, жашообуздун негизги төрт тармагына токтолуп, чынчыл болуу кайсы жактардан кээде оңойго турбашы мүмкүн экенин карап көрөлү. Андан кийин чынчылдыктын кандай пайдалары бар экенин карап чыгабыз.

ӨЗҮБҮЗГӨ КАРАТА ЧЫНЧЫЛ БОЛУУ

3—5. а) Ыйык Китепте өзүн өзү алдоого карата кандай эскертүү берилет? б) Өзүбүзгө карата чынчыл болууга эмне жардам берет?

3 Баарынан да өзүбүзгө карата чынчыл болуу кыйынга турат. Жеткилең эмес болгондуктан өзүбүздү өзүбүз оңой эле алдап коюшубуз мүмкүн. Мисалы, Иса Машаяк Лаодикиядагы жолдоочуларына өздөрүн өздөрү алдап жүргөнүн айткан. Алар өздөрүн бай деп эсептешкени менен, чынында, аянычтуу абалда — рухий жактан «жакыр, сокур, жылаңач» — болушкан (Аян 3:17). Өздөрүн өздөрү алдаганы алардын абалын ого бетер оорлоткон.

4 Шакирт Жакыптын: «Ким Кудайга туура сыйынып жатам деп ойлоп, бирок тилин ооздуктабаса, ал өзүн өзү алдап жатат; анын сыйынуусу пайдасыз»,— деп эскерткенин да эстесең (Жакып 1:26). Тилибизди туура эмес колдонуп, бирок сыйынуубуз Жахабага жагат деп ойлосок, өзүбүздү алдаган болобуз. Анда сыйынуубуз Жахабанын алдында пайдасыз, толугу менен жараксыз болуп калмак. Андай кейиштүү абалдан кантип кача алабыз?

5 Жакып ошол эле бөлүмдө Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты күзгүгө салыштырат. Ал бизди Кудайдын жеткилең мыйзамын кунт коюп изилдеп, ошого жараша өзгөрүлүүгө үндөйт. (Оку: Жакып 1:23—25.) Ыйык Китеп өзүбүзгө карата чынчыл болууга жана жакшырыш үчүн эмне кылышыбыз керектигин түшүнүүгө жардам бере алат (Жеремиянын ыйы 3:40; Акай 1:5). Ошондой эле Жахабадан бизди текшеришин, олуттуу кемчиликтерибизди байкоого, аларды жоюуга көмөк кылышын сурансак болот (Забур 139:23, 24). Жалганчылык — билинбей чоң зыян алып келе турган алсыздык. Андыктан ага асмандагы Атабыздыкындай көз карашта болушубуз керек. Накыл сөздөр 3:32де: «Жахаба арамзадан жийиркенет, ал эми чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот»,— деп айтылат. Жахаба бизге анын сезимдерин чагылдырууга, өзүбүзгө анын көз карашы менен кароого жардам бере алат. Пабылдын: «Бардык жагынан чынчыл болууну [каалайбыз]»,— деп айтканын эстесең. Биз азыр жеткилең боло албасак да, чынчыл болууну чын жүрөктөн каалайбыз жана ошого тырышчаактык менен умтулабыз.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ ЧЫНЧЫЛ БОЛУУ

Чынчылдык туура эмес иштерден качууга жардам берет

6. Жубайлар эмне үчүн бири-бирине карата чынчыл болушу керек жана анын аркасында эмнеден кача алышат?

6 Жахабага кызмат кылгандардын үй-бүлөсү чынчылдыгы менен айырмаланып турушу керек. Ошондуктан күйөөсү менен аялы ачык сүйлөшүп, чынчыл болушу абзел. Алар зыяндуу, ыпылас иштерден, алсак, жарынан башка бирөөгө тийишүүдөн, Интернет аркылуу кимдир бирөө менен жашыруун түрдө мамилелешүүдөн же порнография көрүүдөн алыс болушу керек. Кээ бир ишенимдештерибиз ошондой туура эмес иштерге барып, аны өмүрлүк жарынан жашырып жүрүшкөн. Албетте, бул чынчылдыкка жатпайт. Ишенимдүү Дөөтү падышанын: «Жалганчылар менен бирге отурган эмесмин, өздөрүнүн ким экенин жашыргандарга кошулган эмесмин»,— деген сөздөрүнө көңүл бурсаң (Забур 26:4). Эгер жарың бар болсо, андан чыныгы жүзүңдү жашырууга түртө турган иштерге эч качан барба!

7, 8. Ыйык Китептеги кайсы окуялар балдарга чынчыл болууга жардам берет?

7 Балдарын чынчыл болууга үйрөтүүдө ата-энелердин Ыйык Китептеги окуяларды колдонгону акылдуулукка жатат. Чынчыл эмес адамдарды мисалга алсак, алар: уурулук кылып, уурдаганын катып коюуга аракет кылган Ахан; акчаны сүйгөндүктөн калп айткан Гехази; акча уурдап, Исага чыккынчылык кылуу үчүн аны алдаган Жүйүт (Жашыя 6:17—19; 7:11—25; 2 Падышалар 5:14—16, 20—27; Матай 26:14, 15; Жакан 12:6).

8 Ал эми чынчылдыгы менен үлгү болгондор: уулдарына өздөрүнүн кабынан табылган акчаны кайрып бериши керектигин айткан Жакып; Иптах жана атасынын убадасын аткаруу менен чоң курмандыкка барган анын кызы; пайгамбарлык аткарылышы үчүн жана досторун коргоо үчүн жаалдуу топтун алдына чыгып, өзүнүн ким экенин тайманбай айткан Иса (Башталыш 43:12; Бийлер 11:30—40; Жакан 18:3—11). Ушу сыяктуу мисалдар ата-энелерге Кудайдын Сөзүндө кандай кенч катылганын түшүнүүгө жардам берет. Аларды колдонуп, ата-энелер балдарын чынчылдыкты сүйүүгө, баалоого үйрөтө алышат.

9. Балдарына чынчылдыгы менен үлгү болгусу келген ата-эне эмнеден качышы керек жана алардын үлгүсү эмне үчүн маанилүү?

9 Балдарын окутуп-үйрөтүүдө ата-энелерге чоң жоопкерчилик артылат. Элчи Пабыл: «Эмнеге башкаларды үйрөтүп, өзүң үйрөнбөйсүң? „Уурдаба“,— деп насаат айтасың да, эмнеге өзүң уурдайсың?» — деген (Римдиктер 2:21). Айрым ата-энелер балдарын чынчыл болууга үйрөтүп, бирок өздөрү чынчыл болбой, балдарынын башын маң кылышат. Алар майда-чүйдө нерселерди уурдоонун жана анча-мынча калп айтуунун жаман жери жоктой көрсөтүп, «элдин баары эле ушинтет» же «мындай калптын эч деле зыяны жок» деген сыяктуу сөздөрдү айтып актанышы мүмкүн. Бирок, чынында, уурдалган буюм кымбатпы же арзанбы, уурулук деген уурулук. Ошондой эле эмне жөнүндө жана канчалык деңгээлде айтылбасын, калп калп бойдон кала берет *. (Оку: Лука 16:10.) Балдар эки жүздүүлүктү дароо эле байкашат. Бул болсо аларга терс таасирин тийгизет (Эфестиктер 6:4). Ал эми ата-энелери чынчыл болуу жагынан үлгү көрсөтүшсө, балдар жалгандыкка толгон ушул дүйнөдө Жахабаны даңктай турган адамдардан болуп чоңоюшу мүмкүн (Накыл сөздөр 22:6).

ЖЫЙНАЛЫШТА ЧЫНЧЫЛ БОЛУУ

10. Ишенимдештерибиз менен пикирлешүүдө эмнелерди эске алышыбыз керек?

10 Ишенимдештерибиз менен пикирлешүү бизге чынчыл болууга жардам берет. 12-бөлүмдөн билгенибиздей, өзгөчө, рухий бир туугандарыбыз менен пикирлешүүдө сүйлөө жөндөмдүүлүгүн туура колдонууга умтулушубуз керек. Анткени жөнөкөй эле сөздөр билинбей отуруп зыяндуу кеп-сөзгө, атүгүл ушакка айланып кетиши мүмкүн! Эгер уккандарыбызды текшербей туруп башкаларга айтсак, калптын жайылышына себепкер болуп калышыбыз ыктымал. Андыктан тилибизди тыя билгенибиз жакшы (Накыл сөздөр 10:19). Андан тышкары, кайсы бир нерсенин чын экенин билсек да, бул аны айта берсе болорун билдирбейт. Мисалы, анын бизге тиешеси жок болушу же аны айтуу боорукердикке жатпашы мүмкүн (1 Тесалоникалыктар 4:11). Айрымдар оройлугун чынчылдык деп эсептеп, аны актоого аракет кылышат. Бирок биз дайыма жагымдуу, сылык-сыпаа сүйлөшүбүз керек. (Оку: Колосалыктар 4:6.)

11, 12. а) Олуттуу күнөө кылгандардын кээ бирлери өздөрүнүн абалын кантип ого бетер оорлотушат? б) Шайтандын олуттуу күнөөлөр тууралуу жалган ырастоолорунун айрымдары кайсылар? в) Жахабанын уюмунда чынчылдыгыбызды кантип көрсөтө алабыз?

11 Жыйналышта жетекчиликти колго алгандардын алдында чынчыл болгонубуз өзгөчө маанилүү. Кээ бирөөлөр олуттуу күнөө кылгандан кийин аны жаап-жашырууга аракеттенип же аксакалдарга калп айтып, өздөрүнүн абалын ого бетер оорлотушат. Ал тургай, эки түрдүү жашоо өткөрө башташат: Жахабага кызмат кылымыш болуп, күнөө кылганын уланта беришет. Бирок мындай жүрүм-турумдун натыйжасында адамдын жашоосу жалгандык менен эле өтүп калат (Забур 12:2). Башкалар аксакалдардан айрым маанилүү нерселерди жашырып, чындыкты жарым-жартылай эле айтышат (Элчилер 5:1—11). Андай жалганчылык көп учурда Шайтандын жалган ырастоолоруна ишенүүдөн башталат. ( «Шайтандын олуттуу күнөөлөр жөнүндөгү жалган ырастоолору» деген кутучаны кара.)

12 Жахабанын уюмунда суроолорго жазуу түрүндө жооп берүүдө да чынчыл болуу маанилүү. Айталы, кызматыбыз тууралуу отчётту так, бурмалабай жазабыз. Кызматтын кайсы бир түрүнө байланыштуу анкета толтурганда ден соолугубуз же дагы башка нерселер жөнүндө болгонун болгондой жазабыз. (Оку: Накыл сөздөр 6:16—19.)

13. Ишенимдештерибиз менен ишкердик мамиледе болсок, чынчыл экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

13 Ишенимдештерибиз менен ишкердик мамиледе болгондо да чынчыл болушубуз керек. Кээде рухий бир туугандар чогуу иш жүргүзүшү мүмкүн. Алар андай иштерин, Падышалык залында болобу же кызматта болобу, Кудайга сыйынуу менен аралаштырбашы керек. Чогуу иштешкендердин бири жумуш берүүчү, башкасы жумушчу болушу мүмкүн. Эгер кол алдыбызда ишенимдештерибиз иштесе, аларга акчасын убагында, сүйлөшүлгөн өлчөмдө төлөп, алдын ала макулдашылган же мыйзам боюнча талап кылынган жеңилдиктерди берип туруу керек (1 Тиметей 5:18; Жакып 5:1—4). Ал эми рухий бир тууганыбыздын кол алдында иштесек, алган акыбызды актап, жумушту тийиштүү түрдө аткарышыбыз керек (2 Тесалоникалыктар 3:10). Ишенимдеш болгону үчүн эле жумуш берүүчүбүздүн бизге өзгөчө мамиле кылышын күтпөйбүз. Маселен, аны бизге кошумча дем алыш күндөрүн, ар кандай жеңилдиктерди, артыкчылыктарды берүүгө милдеттүүдөй көрбөйбүз (Эфестиктер 6:5—8).

14. Чогуу иш жүргүзгөн ишенимдештердин кандай сактык чараларын көргөнү акылдуулукка жатат жана эмне үчүн?

14 Ал эми бир туугандар чогуу акча-каражат чыгарып же карыз алып, бирге ишкана ачсачы? Ыйык Китепте буга байланыштуу маанилүү жана иш жүзүндө колдонорлук принцип камтылган: баарын кагаз жүзүнө түшүрүү керек! Мисалы, Жеремия жер сатып алганда, күбөлөрдүн көзүнчө эки нускада документ толтуруп, анын сакталышына кам көргөн (Жеремия 32:9—12; Башталыш 23:16—20-аяттарды да кара). Чогуу иш жүргүзгөндө рухий бир туугандардын майда-чүйдөсүнөн бери тактап, документти кылдат даярдаганы, кол койгону, анын күбөлөндүрүлүшүнө кам көргөнү бири-бирине ишенбей турганын билдирбейт. Тескерисинче, бул аларга кийин пайда болушу мүмкүн болгон түшүнбөстүктөрдөн, нааразычылыктардан жана ортого жик салуучу келишпестиктерден качууга жардам берет. Чогуу иш жүргүзүп жаткан бир туугандардын ар бири ишкердик мамилелеринин жыйналыштын биримдигине жана тынчтыгына доо кетирбеши керек экенин унутпоого тийиш * (1 Корунттуктар 6:1—8).

ДҮЙНӨНҮН ИШТЕРИНДЕ ЧЫНЧЫЛ БОЛУУ

15. Ишкердик мамилелердеги жалганчылыкка Жахаба кандай карайт жана анын кызматчылары кандай карашы керек?

15 Кудайдын кызматчысы жыйналышта эле эмес, бардык жерде чынчыл болушу керек. Пабыл: «Бардык жагынан чынчыл болууну [каалайбыз]»,— деген (Еврейлер 13:18). Жаратканыбыз дүйнөнүн иштеринде да чынчыл болушубузду каалайт. Накыл сөздөр китебинде эле таразанын так болушу керектиги жөнүндө бир нече жолу айтылат (Накыл сөздөр 11:1; 20:10, 23). Байыркы убакта соода-сатык иштеринде товарды, акчаны өлчөш үчүн тараза менен кадак таштар кеңири колдонулчу. Сатып алуучуларды алдаш үчүн амалкөй соодагерлер так эмес таразаны жана кадак таштардын эки түрүн колдонушчу *. Жахаба андай иштерди жек көрөт! Анын сүйүүсүнөн айрылбаш үчүн, ишкердик мамилелерде жалганчылыктын бардык түрүнөн оолак болушубуз керек.

16, 17. Бүгүнкү дүйнөдө жалганчылык канчалык кеңири тараган жана Кудайдын кызматчылары эмне кылууга чечкиндүү?

16 Бул дүйнөнүн башкаруучусу Шайтан болгондуктан, жалганчылыктын кеңири тараганына таң калбайбыз. Чынчыл бойдон калуу үчүн бизге күн сайын күрөшүүгө туура келет. Кээ бирөөлөр жумушка орношуу үчүн резюме жазганда, адатта, жалган маалымат берип, эмгек тажрыйбасы тууралуу апыртып жазышат. Ал эми иммиграцияга, салык төлөөгө, камсыздандырууга жана башка ушу сыяктуу нерселерге байланыштуу кагаздарды толтурууда өз пайдасын көздөп, көп учурда туура эмес маалымат беришет. Көптөгөн студенттер менен окуучулар экзамендерде алдамчылыкка барышат же дил баян, реферат жазууда Интернеттен даяр маалыматты көчүрүп алып, аны өзүнүн эмгегиндей кылып көрсөтүшөт. Айрымдар болсо көздөгөнүнө жетүү үчүн кызмат адамдарына пара беришет. Ооба, дүйнөдө «өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн... жакшылык кылгысы келбеген» адамдардын көп экени таң калыштуу эмес (2 Тиметей 3:1—5).

17 Жахабанын кызматчылары андай иштерге аралашпоого чечкиндүү. Бирок бул дүйнөдө жалганчылар ийгиликке жетип, атүгүл өркүндөп-өсүп жаткандай көрүнгөндүктөн, кээде чынчыл бойдон калуу оңойго турбашы мүмкүн (Забур 73:1—8). Кудайдын кызматчылары «бардык жагынан чынчыл болууну» каалагандыктан материалдык жактан да жапа чегиши ыктымал. Андай курмандыктарга баруу арзырлык нерсеби? Албетте! Эмне үчүн? Чынчыл болуунун кандай пайдалары бар?

ЧЫНЧЫЛ БОЛУУНУН ПАЙДАЛАРЫ

18. Чынчыл адам катары белгилүү болуу эмне үчүн маанилүү?

18 Чынчыл, ишенүүгө татыктуу адам катары белгилүү болуу — жашоодогу эң баалуу нерселердин бири. ( «Мен канчалык чынчылмын?» деген кутучаны кара.) Ойлоп көрсөң, андай атка ар бирибиз ээ боло алабыз! Бул биздин шык-жөндөмүбүздөн, байлыгыбыздан, сырткы көрүнүшүбүздөн, коомдо ээлеген абалыбыздан же алыбыз жетпей турган нерселерден көз каранды эмес. Ошентсе да көптөр жакшы аброй күтүүгө умтулушпайт. Чынында, андай аброй сейрек кездешүүчү кенч сыяктуу (Микей 7:2). Чынчыл болгонуң үчүн, айрымдар сени шылдыңдашса да, башкалар бул сапатыңды баалап, сага ишеним артып, урмат көрсөтүшөт. Андан тышкары, көптөгөн Күбөлөр чынчыл болуунун материалдык жактан да пайдалуу экенин байкашкан. Алсак, кээ бирөөлөр чынчыл болбогону үчүн жумушунан бошотулса, Күбөлөр жумуш ордун сактап калышкан же кайсы бир ишканага чынчыл адамдар керек болгондо, жумуш таба алышкан.

19. Чынчыл болгонубуз абийирибизге жана Жахаба менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

19 Андай болбогон күндө да, чынчылдыктын көп пайдасы бар. Чынчыл болсоң, абийириң таза болот. Пабыл: «Биз абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз»,— деп жазган (Еврейлер 13:18). Мындан тышкары, жакшы абройго ээ болсоң, муну асмандагы мээримдүү Атабыз байкабай койбойт, анткени ал чынчыл адамдарды жакшы көрөт. (Оку: Забур 15:1, 2; Накыл сөздөр 22:1.) Ооба, чынчыл болуу Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет. Бул болсо биз үчүн эң чоң сыйлык! Эми ушуга байланышкан башка теманы — Жахабанын эмгекке карата кандай көз карашта экенин — карап көрөлү.

^ 9-абз. Жахабанын кызматчысы башкаларга зыян келтирүү максатында калп айтып жүрсө, бул ага карата аксакалдардын укуктук чараларды көрүшүн талап кылышы мүмкүн.

^ 14-абз. Ишкердик мамилелерге байланыштуу көйгөйлөр пайда болгондо эмне кылыш керектиги «Тиркеменин» «Ишкердик мамилелерге байланышкан талаптарды кантип чечүү керек?» деген темасында талкууланат.

^ 15-абз. Алар бир нерсе сатып алып жатканда тараза таштарынын бир түрүн, сатып жатканда башка түрүн колдонушкан. Ошентип, экөөндө тең пайда көрүшкөн. Ошондой эле алар, сыягы, таразанын бир ийинин узартып же оорураак кылып, сатып алуучуларды алдашкан.