Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Мастурбациялоо адатын таштай аласың

Мастурбациялоо адатын таштай аласың

Рухий жактан зыян алып келе турган мастурбациялоо адаты өзүңдү гана ойлоого түрткү берип, ой жүгүртүүңдү бузат *. Андай адаты бар адам башкаларды өзүнүн жыныстык кумарын кандыруу үчүн колдонулчу «курал» катары гана көрүп калат. Ал үчүн жыныстык мамиле сүйүү менен эч кандай байланышы жок, кумарын ошол замат кандыра турган нерсеге айланат. Ал эми алган канааттануусу убактылуу гана болот. Чын-чынында, мастурбация «бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга... азгырган дене мүчөлөрүн» өлтүргөндүн ордуна, аларды дүүлүктүрөт (Колосалыктар 3:5).

Элчи Пабыл: «Сүйүктүү бир туугандарым,.. келгиле, денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланып, Кудайдан коркуу менен ыйыктыгыбызды жеткилең кылууга умтула берели»,— деп жазган (2 Корунттуктар 7:1). Эгер бул сөздөргө ылайык иш кылуу кыйын болуп жатса, көңүлүңдү чөгөрбө. Жахаба дайыма жардам берүүгө, «кечирүүгө даяр» (Забур 86:5; Лука 11:9—13). Кээде жасаган аракетиң ийгиликсиз болсо да, жүрөгүңдүн айыптаганы жана бул адатты жеңүүгө күч жумшап жатканың, ниетиңдин жакшы экенин айгинелеп турат. Ошондой эле Кудайдын «жүрөгүбүздөн чоң» экенин жана баарын билерин унутпа (1 Жакан 3:20). Жахаба күнөөлөрүбүзгө эле көңүл бура бербейт; ал биздин кандай адам экенибизди жакшы билет. Ошол себептен ырайым көрсөтүшүн чын жүрөктөн өтүнгөнүбүздө, боор ооруу менен угат. Андыктан, кыйналганда атасына кайрылган балага окшоп, Кудайдан чын дилден, момундук менен кайра-кайра тилене бер. Ошондо ал сени таза абийирге ээ кылат (Забур 51:1—12, 17; Ышая 1:18). Албетте, тиленүүлөрүңө ылайык иш-аракет кылышың да керек. Маселен, порнографиянын бардык түрүнөн жана жаман чөйрөдөн алыс болушуң зарыл *.

Мастурбациялоо адатыңды таштай албай жатсаң, чындык жолундагы ата-энең менен же рухий жактан жетилген, сага жакшылык каалаган досуң менен сүйлөш * (Накыл сөздөр 1:8, 9; 1 Тесалоникалыктар 5:14; Тит 2:3—5).

^ 1-абз. Мастурбация — бул оргазмды чакыруу максатында жыныстык органдарды кармалап-сыйпалоо.

^ 2-абз. Көптөр үйүндөгүлөрдүн компьютерди туура колдонуп жаткан-жатпаганына көз салып туруу үчүн, аны баарына көрүнгүдөй жерге коюшат. Ошондой эле айрымдар жаман нерселер камтылган материалдарды «чыпкалай» турган атайын программаларды сатып алышат. Бирок андай программалардын бирине да толук ишенип болбойт.

^ 1-абз. Мастурбациялоо адатын жеңүүгө жардам берерлик кеңештерди төмөнкү адабияттардан табууга болот: «Ойгонгула!», 2007-жыл, январь— март, «Бул адатты кантип таштай алам?» деген макала; «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» китеби, 1-том, 178—182-б.