Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-БӨЛҮМ

«Өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле»

«Өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле»

«Өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдеп,.. Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылгыла» (ЖҮЙҮТ 20, 21).

1, 2. Сен кандай куруу ишин жүргүзүп жатасың жана ал ишти сапаттуу аткарганың эмне үчүн маанилүү?

ҮЙ КУРУУ үчүн баш көтөрбөй иштеп жатасың. Курулуш бир канча убактан бери жүргүзүлүп келатат, бирок дагы көпкө созулат. Жумуш оор болсо да, жагымдуу. Алдыда эмне күтүп турбасын, сен эч багынбоого жана иштин жүрүшүн басаңдатпоого чечкиндүүсүң, себеби ал ишти сапаттуу аткарганың жашооңо, атүгүл келечегиңе таасир этет. Эмне үчүн? Анткени курулуп жаткан үй сенсиң!

2 Шакирт Жүйүт өзүбүздүн үстүбүздөн иштешибиз керектигин баса белгилеген. Ал ишенимдештерин «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылууга» үндөө менен бирге муну кантип кылса болорун да көрсөтүп: «Өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле»,— деген (Жүйүт 20, 21). Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн өзүңдү кантип бекемдей аласың? Кел эмесе, каймана маанидеги куруу ишине байланыштуу үч нерсени карап көрөлү.

ЖАХАБАНЫН АДИЛ ТАЛАПТАРЫНА БОЛГОН ИШЕНИМИҢДИ БЕКЕМДЕ

3—5. а) Шайтан Жахабанын талаптарына карата кандай көз карашта болушуңду каалайт? б) Кудайдын талаптарына кандай карашыбыз керек жана бул бизге кандай таасир этиши керек? Мисал менен түшүндүр.

3 Баарынан мурда биз Кудайдын мыйзамдарына болгон ишенимибизди бекемдешибиз керек. Ушул китептен сен Жахабанын жүрүм-турумга карата берген адил талаптары жөнүндө билдиң. Аларга кандай көз караштасың? Шайтан сенин Жахабанын мыйзам-принциптери менен нормаларын эркиндигиңди чектегендей же өтө эле катуу талаптардай көрүп, алданышыңды каалайт. Бул ыкманы ал Эйдендеги айла-амалы ийгиликтүү ишке ашкандан бери колдонуп келет (Башталыш 3:1—6). Ал сени да алдай алабы? Көп нерсе өзүңдөн көз каранды.

4 Кооз бакта жүргөнүңдү элестетсең. Сейилдеп баратып анын бир бөлүгү бийик тосмо менен тосулганын көрөсүң. Ал жердин кооздугу өзүнө тартып турат. Адегенде тосмону эркиндигиңди чектеген нерседей көрүшүң ыктымал. Бирок жакшылап карап, ары жактан жемине кол салганы жаткан айбаттуу арстанды көрөсүң! Эми тосмонун сени коргоп турганын түшүнөсүң. Сага кайсы жырткыч кол салууга даяр турганын билесиңби? Ыйык Китепте: «Сак жана сергек болгула. Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деп эскертилет (1 Петир 5:8).

5 Шайтан — айбаттуу жырткыч. Жахаба Шайтанга жем болушубузду каалабагандыктан бизди ошол кара өзгөйдүн көптөгөн айла-амалдарынан коргош үчүн мыйзамдарын берген (Эфестиктер 6:11). Ошондуктан асмандагы Атабыздын мыйзамдары тууралуу ой жүгүрткөндө аларда анын сүйүүсү чагылдырылганын баамдай билишибиз керек. Ошондо анын мыйзамдары коопсуздуктун жана кубанычтын булагы болот. Шакирт Жакып: «Ким эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамды кылдат изилдеп, ага ылайык жашаса... бактылуу болот»,— деп жазган (Жакып 1:25).

6. Кудайдын мыйзамдары менен принциптерине болгон ишенимибизди бекемдөөнүн эң сонун жолу кайсы? Мисал келтир.

6 Кудайдын осуяттары боюнча жашоо — Мыйзам Чыгаруучуга жана анын мыйзамдарындагы даанышмандыкка болгон ишенимибизди бекемдөөнүн эң сонун жолу. Мисалы, «Машаяктын мыйзамы» башкаларды анын буйруктарынын баарын аткарууга үйрөтүүнү камтыйт (Галатиялыктар 6:2; Матай 28:19, 20). Кудайдын кызматчылары ага сыйынуу үчүн жана пикирлешүү аркылуу бири-бирин бекемдөө үчүн чогулуп турууга да олуттуу карашат (Еврейлер 10:24, 25). Кудайдын осуяттарын аткарууга үзгүлтүксүз, бат-баттан жана чын жүрөктөн тиленүү да кирет (Матай 6:5—8; 1 Тесалоникалыктар 5:17). Ушул көрсөтмөлөргө ылайык жашоо менен биз алардын сүйүүгө негизделгенине ынана беребиз. Аларга баш ийсек, азыркы тынчы кеткен дүйнөдө башка эч жерден табылбай турган кубанычка ээ болуп, канааттанууну сезебиз. Кудайдын мыйзамдары боюнча жашаганың кандай пайда алып келип жатканы жөнүндө ой жүгүрткөндө, ишенимиң ого бетер бекемделбейби?

7, 8. Адил талаптарга өмүр бою карманып жашоо өтө эле оор деп ойлогондорду Жахаба эмнеге ынандырат?

7 Айрымдар Жахабанын мыйзамдарына өмүр бою карманып жашоо өтө эле оор деп ойлошот. Алар Кудайдын мыйзамдарын бузуп алам деп коркушат. Сен да ошентип ойлосоң, анда: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм. Оо, эгер осуяттарыма көңүл бурсаң кана! Ошондо тынчтыгың дарыядай, адилдигиң деңиз толкундарындай болмок»,— деген сөздөрдү эсиңе бек сакта (Ышая 48:17, 18). Бул сөздөрдүн канчалык бекемдээрлик экени тууралуу ойлонуп көрдүң беле?

8 Бул аяттарда Жахаба анын тилин алганыбыз өзүбүзгө эле пайда алып келерин эсибизге салып жатат. Ал, эгер тил алсак, эки жагынан пайда аларыбызды убадалайт. Биринчиден, тынчтыгыбыз суусу мол, тынч аккан, эч качан түгөнбөгөн дарыядай болот. Экинчиден, адилдигибиз деңиз толкунундай болот. Биринин артынан бири келип, жээкке урунган толкундарды көргөндө мындай көрүнүштүн түбөлүккө кайталана берерин аңдайсың. Ооба, толкундардын эч токтобой, кылымдар бою жээкке уруна берери белгилүү. Жахаба сенин да адилдигиңдин ошондой болушу мүмкүн экенин, тактап айтканда, дайыма адил иш кылууга умтуларыңды айтып жатат. Эгер ага ишенимдүү болууга умтулсаң, ал сени дайыма колдойт! (Оку: Забур 55:22.) Жүрөк жылытарлык ушундай убадалар Жахабага жана анын адил талаптарына болгон ишенимиңди бекемдебейби?

«ЖЕТИЛГЕНДИККЕ УМТУЛ»

9, 10. а) Жетилгендикке умтулуу эмне себептен биз үчүн эң сонун максат? б) Рухий көз карашка ээ болуу кандай кубаныч тартуулайт?

9 Куруу ишине байланышкан экинчи нерсе Кудайдын Сөзүндөгү: «Жетилгендикке умтулалы»,— деген сөздөрдө камтылат (Еврейлер 6:1). Жетилгендикке умтулуу — биз үчүн эң сонун максат. Азыр жеткилеңдикке жете албасак да, жетилгендикке жете алабыз. Жахабанын кызматчылары жетилгендикке умтулуу менен ага кызмат кылуудан көбүрөөк кубаныч ала алышат. Эмне үчүн?

10 Жахабанын жетилген кызматчысы — рухий адам. Ал баарына анын көз карашы менен карайт (Жакан 4:23). Пабыл: «Дененин каалоосу боюнча жашагандар денеге мүнөздүү нерселерди, ал эми рухтун каалоосу боюнча жашагандар рухка мүнөздүү нерселерди ойлошот»,— деп жазган (Римдиктер 8:5). Дененин каалоосу боюнча жашагандар өзүмчүл келгендиктен, дүнүйө-мүлккө умтулгандыктан жана кыраакы болбогондуктан жашоодон чыныгы кубаныч алышпайт. Ал эми рухтун каалоосу боюнча жашагандар көңүлүн Жахабага, «бактылуу Кудайга», бургандыктан чоң кубаныч табышат (1 Тиметей 1:11). Рухий адам Жахабага жагууга умтулат жана кыйынчылыктарга карабай кубанычын жоготпойт. Эмне үчүн? Анткени сыноолор Шайтандын жалганчы экенин далилдөөгө жана асмандагы Атабыздын алдында кынтыксыз бойдон калып, аны сүйүнтүүгө шарт түзөт (Накыл сөздөр 27:11; оку: Жакып 1:2, 3).

11, 12. а) Пабыл «акыл» тууралуу эмне деген жана «машыктыруу» деген сөздүн мааниси кандай? б) Дене жетилип, шамдагай болушу үчүн, кандай машыгуу талап кылынат?

11 Жетилген, рухий адам болуу үчүн «машыгыш» керек. Ыйык Жазмада: «Катуу тамак рухий жактан жетилген адамдарга, колдонуу аркылуу акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктыргандарга, таандык»,— делет (Еврейлер 5:14). Пабыл акылыбыздын «машыктырылганы» жөнүндө айтканда, сыягы, 1-кылымда Грециянын спортзалдарында кеңири колдонулган сөздү колдонгон. Аны «гимнастка окшоп машыккан» деп которууга болот. Андай машыгууга эмне кирет?

Гимнаст машыгуу аркылуу такшалат

12 Төрөлгөндө баланын денеси машыктырыла элек болот. Мисалы, ал колу-бутун башкара албайт. Андыктан колдорун туш келди кыймылдатып жатып өзүн өзү уруп алат да, чочуп кетет же таң калат. Бара-бара ал денесин башкарууга үйрөнөт. Адегенде эмгектейт, анан баса баштайт, кийин чуркап калат *. Ал эми гимнаст жөнүндө эмне айтууга болот? Анын өйдө секирип, абада ушунчалык тактык, чебердик менен чимирилгенин көргөнүңдө денесинин тийиштүү түрдө жөнгө салынган механизмдей экенине суктанбай койбойсуң. Гимнаст андай жөндөмдүүлүккө өзүнөн өзү эле ээ болуп калбайт. Ан үчүн көп убакыт бою машыгуу талап кылынат. Бирок, Ыйык Китепте айтылгандай, «денени машыктыруунун пайдасы аз». Андыктан рухий түшүнүү жөндөмүбүздү машыктырып үйрөткөнүбүз алда канча маанилүү! (1 Тиметей 4:8).

13. Акылыбызды кантип машыктыра алабыз?

13 Бул китепте рухий адам катары Жахабага ишенимдүү бойдон калышың үчүн акылыңды машыктырууга эмнелер жардам берери талкууланды. Күнүмдүк жашооңдо чечим чыгарууда Кудайдын мыйзам-принциптери тууралуу тиленүү менен ой жүгүрт. Чечим чыгарарда: «Буга байланыштуу Ыйык Китепте кандай мыйзам-принциптер бар? Аларды кантип колдонсом болот? Канткенде Жахабага жаккыдай иш кылам?» — деп ойлонуп көр. (Оку: Накыл сөздөр 3:5, 6; Жакып 1:5.) Ушуларды эске алып чечим чыгарсаң, акылыңды машыктыра бересиң. Бул сага чындап рухий адам болууга жана рухийлигиңди сактоого жардам берет.

14. Рухий жактан өсүү үчүн кандай табит өрчүтүшүбүз керек жана кайсы эскертүүгө кулак кагышыбыз зарыл?

14 Жетилгендикке жеткен күндө да, рухий жактан дайыма өсө беришиң керек. Өсүш болсо тамактан көз каранды. Ошондуктан Пабыл: «Катуу тамак рухий жактан жетилген адамдарга... таандык»,— деп айткан. Ишенимиңди бекемдөөнүн ачкычы — рухий катуу тамак менен азыктануу. Окуп-билгендериңди туура колдонсоң, бул акылмандыкка жатат. Ыйык Китепте: «Эң негизгиси — акылмандык»,— делет. Андыктан Атабыз ачып берип жаткан баалуу чындыкка табит өрчүтүшүбүз керек (Накыл сөздөр 4:5—7; 1 Петир 2:2). Албетте, билимге жана Кудайдын акылмандыгына ээ болгонубуз корстон болууга жана текеберденүүгө себеп болбошу керек. Текебердик же дагы башка алсыздык жүрөгүбүздө тамырлап, өрчүп кетпеши үчүн, өзүбүздү ар дайым текшерип турушубуз зарыл. Пабыл: «Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңөрдү текшерип, өзүңөрдү сынап тургула»,— деп жазган (2 Корунттуктар 13:5).

15. Рухий жактан өсүү үчүн эмне себептен сүйүү сапатын өрчүтүшүбүз керек?

15 Үй курулуп бүткөнү менен, иш аяктабайт. Аны күтө билип, кээде оңдоп туруу керек. Же зарыл болгондо кеңейтүү керек болот. Анын сыңарындай, жетилгендикке жетүүгө жана рухийлигибизди сактоого бизге эмне жардам берет? Баарынан мурда, сүйүү. Биз мындан ары да Жахабага жана ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүздү өрчүтүшүбүз керек. Бизде сүйүү жок болсо, алган билимибиздин, кылган иштерибиздин баары «зың эткен жездей» эле пайдасыз болуп калат (1 Корунттуктар 13:1—3). Сүйүүнүн жардамы менен жетилгендикке жетип, андан ары да рухий жактан өсө беребиз.

ЖАХАБА БЕРГЕН ҮМҮТКӨ КӨҢҮЛ ТОПТО

16. Шайтан бизди эмнелерге түртөт жана Жахаба бизди эмне менен камсыз кылат?

16 Куруу ишине байланыштуу дагы бир нерсени карап көрөлү. Өзүңдү Кудайдын кызматчысы катары «курушуң» үчүн ой жүгүртүүңдү коргошуң керек. Бул дүйнөнүн башкаруучусу Шайтан адамдарды жаман ойго, терс маанайга, шек саноого, үмүтсүздүккө түрткөнгө маш (Эфестиктер 2:2). Жыгач үйгө кургак чирик коркунуч туудургандай эле, андай нерселер бизге коркунуч туудурат. Бактыга жараша, Жахаба бизди коргой турган зарыл нерсе менен камсыз кылат. Ал — үмүт.

17. Үмүттүн маанилүүлүгү Кудайдын Сөзүндө кайсы мисалдын жардамы менен көрсөтүлөт?

17 Ыйык Китепте бизге Шайтан менен дүйнөгө каршы согушууда керек болгон рухий курал-жарактын ар кандай түрлөрү саналып өтөт. Андай курал-жарактын маанилүү бир бөлүгү — туулга, «куткарылуу үмүтү» (1 Тесалоникалыктар 5:8). Байыркы убакта жоокер туулгасын кийбесе согушта көп узабай эле курман болуп калышы мүмкүн экенин билчү. Туулга көп учурда темирден жасалып, булгаары же жүн топунун үстүнөн кийилчү. Ал башка тийген соккулардын көбүн майтаргандыктан, жоокер анча жабыркачу эмес. Туулга башты коргогондой эле, үмүт акылыбызды, ой жүгүртүүбүздү коргойт.

18, 19. Иса Машаяк үмүттү бекем сактоо жагынан кандай үлгү көрсөткөн жана аны кантип туурай алабыз?

18 Иса үмүттү бекем сактоо жагынан эң сонун үлгү көрсөткөн. Жердеги жашоосунун акыркы түнүндө анын эмнелерге дуушар болгонун эстесең. Жакын досторунун бири аны акчага сатып койгон. Дагы бири тааныбай турганын айтып, андан баш тартып кеткен. Башкалары аны таштап, качып кетишкен. Өзүнүн эле мекендештери ага каршы чыгып, Рим аскерлеринин аны кыйнап өлтүрүшүн талап кылышкан. Исанын башына түшкөн сыноолор биз туш боло турган сыноолордон алда канча оор болгонун ишенимдүү түрдө айтууга болот. Ага эмне жардам берген? Еврейлер 12:2де: «Ал алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп, шылдың болгонуна карабай жаза устунунда өлгөн, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурган»,— деп айтылат. Ооба, Иса «алдыда күтүп турган кубанычты» эсинде бек туткан.

19 Аны алдыда кандай кубаныч күтүп турган? Ал акырына чейин чыдаса Жахабанын ысмынын ыйыкталышына салым кошорун жана Шайтандын жалганчы экенин эң сонун далилдей аларын билген. Башка бир да үмүт ага анчалык кубаныч тартуулай алмак эмес! Ошондой эле ал ишенимдүүлүгү үчүн Жахабадан чоң сыйлык аларын — алдыда кайрадан Атасы менен бирге боло турган кереметтүү убак күтүп турганын — билген. Иса Машаяк ал үмүтүн эң оор учурларда да эсинде сактаган. Биз да ошентишибиз керек. Алдыда бизди да кубаныч күтүп турат. Жахаба ар бирибизге өзүнүн улуу ысмын ыйыктоого салым кошуу сыймыгын берген. Биз Жахабаны Эгедерибиз катары тандап, эч бир сыноого, азгырыкка карабай анын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулуп, Шайтандын жалганчы экенин далилдей алабыз.

20. Үмүт үзбөй, оң маанай сактоого эмне жардам берет?

20 Жахаба ишенимдүү кызматчыларына сыйлык берүүнү абдан каалайт (Ышая 30:18; оку: Малаки 3:10). Ал кызматчыларынын жүрөгүндөгү жакшы каалоолорду орундатууга дилгир (Забур 37:4). Ошондуктан мындан ары да көңүлүңдү келечекке болгон үмүткө топто. Шайтандын эскирген дүйнөсүнө таандык терс, бузуку, бурмаланган ой жүгүртүүгө эч качан алдырба. Эгер бул дүйнөнүн рухунун акылыңа же жүрөгүңө таасир эте баштаганын сезсең, Жахабага кайрылып, жалындуу тилен, анткени анын тынчтыгы «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турат». Кудайдан келген андай тынчтык жүрөгүң менен акылыңды сактайт (Филипиликтер 4:6, 7).

21, 22. а) «Эбегейсиз көп адамдар» кандай кереметтүү үмүткө ээ? б) Кудайдын кызматчыларына берилген үмүт сага баарынан да эмнеси менен жагат жана сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

21 Кандай кереметтүү үмүткө ээ экениңди ойлоп көрсөң! Эгер сен «улуу алааматтан аман өтө» турган «эбегейсиз көп адамдардын» арасында болсоң, жакында кандай жашоо болорун элестетсең (Аян 7:9, 14). Шайтан менен анын жин-перилери жок болгондо, канчалык жеңилдеп каларыңды азыр элестетүү кыйындыр. Анткени арабызда Шайтандын зыяндуу таасирин сезбей жашап көргөн эч ким жок. Анын таасири жок болгондо, Иса Машаяктын жана аны менен чогуу башкара турган 144 000дин жетекчилиги астында жерди бейишке айландыруу бизге зор кубаныч тартуулайт! Оору-сыркоонун баарынан арылууга, тирилген жакындарыбызды тосуп алууга, Кудайдын баштапкы ой-ниетине ылайык жашоого үмүттөнүү кандай сонун! Жеткилеңдикке жакындаган сайын биз андан да чоң сыйлыкка — Римдиктер 8:21де убадалангандай, «Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгуу» сыйлыгына — жакындай беребиз.

22 Жахаба сен элестеткенден да чоң эркиндикке ээ болушуңду каалайт. Андай эркиндикке тил алчаактыктын аркасында гана жетүүгө болот. Ошон үчүн күн сайын Жахабанын тилин алууга күч-аракет жумшай бергениң маанилүү. Анда мындан ары да өзүңдү абдан ыйык ишенимиңдин негизинде бекемдеп, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кыла бер!

^ 12-абз. Окумуштуулардын айтымында, бизде проприоцепция деп аталган өзгөчө сезим өрчүйт. Ал денеге өзүнүн кыймылын, кол-буттун абалын сезүүгө жардам берет. Мисалы, ал сезимдин жардамы менен биз, көзүбүздү жумуп турсак да, кол чаба алабыз. Ошондой сезиминен айрылган бир бейтап тура да, баса да, отура да албай калган.