Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

«Жахаба күч бергендиктен,.. кабарды тайманбай айтып жүрүштү»

«Жахаба күч бергендиктен,.. кабарды тайманбай айтып жүрүштү»

Пабыл менен Барнаба момун, туруктуу жана тайманбас болушкан

Элчилер 14:1—28-аяттарга негизделди

1, 2. Пабыл менен Барнаба Листрадан кандай окуяга туш болгон?

 ЛИСТРАНЫН эли ызы-чуу түшүүдө. Пабыл менен Барнаба төрөлгөнүнөн эле буту баспаган кишини жаңы эле айыктырышты. Ал киши кубанычы койнуна батпай секирип жүрөт. Эл аң-таң. Дин кызматчылар болсо гүлчамбар көтөрүп келатат. Аны эл кудай деп ойлогон ал эки кишиге кийгизмекчи. Зевстин дин кызматчысы курмандыкка чалганга алып бараткан өгүздөрдүн өңгүрөп мөөрөгөнү угулууда. Пабыл менен Барнаба болсо үнү бүткөнчө кыйкырып, элди токтотуунун аракетинде. Алар кийимдерин айрып жиберет да, ортого чуркап кирип, элди аларга сыйынбаганга араң көндүрөт.

2 Так ошол учурда Писидиядагы Антиохиядан Исанын окууларына каршы чыккан жүйүттөр келет. Алар Пабыл менен Барнабага ар кандай жалаа жаап, Листрадагы элди аларга каршы тукурушат. Ошондо жаңы эле Пабылга сыйынганы жаткан эл аны эс-учун жоготкончо таш бараңга алат. Элдин ачуусу тарагандан кийин аны өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышат.

3. Бул бөлүмдө эмнелер каралат?

3 Жагдайдын ушундай өрчүшүнө эмне себеп болгон? Барнаба, Пабыл жана Листранын оома калкы жөнүндө жазылгандардан бүгүнкү күндөгү жарчылар эмнеге үйрөнө алышат? Ошондой эле «Жахаба күч бергендиктен,.. кабарды тайманбай айта» берген Барнаба менен Пабылдан аксакалдар кандай үлгү ала алышат? (Элч. 14:3).

«Көптөгөн жүйүттөр менен гректер ишенип, Исанын жолун жолдой башташты» (Элчилер 14:1—7)

4, 5. Пабыл менен Барнаба Иконияга эмне үчүн барган жана ал жакта эмне болгон?

4 Бир нече күн мурун эле Писидиянын Антиохия шаарындагы жүйүттөр Пабыл менен Барнабаны кууп жиберишкен. Бирок ал экөө көңүлүн чөгөрбөй, «буттарындагы чаңды күбүп», башка жакка кетип калган (Элч. 13:50—52; Мт. 10:14). Алар талашып-тартышпай, жүйүттөрдү Кудайга коюп, андан ары кубанып кызмат кыла беришкен (Элч. 18:5, 6; 20:26). Падышалыктын ал эки жарчысы жалындаган бойдон сапарын уланткан. Алар ал жерден түштүк-чыгышты көздөй 150 километрдей жол жүрүп, жери түшүмдүү, бөксө тоолуу аймакка барган. Ал Тавр менен Султан тоо кыркаларынын койнунан орун алган.

5 Пабыл менен Барнаба адегенде Иконияга токтошкон. Ал шаарда грек маданияты сакталып калган жана ал Рим провинциясы Галатиянын негизги шаарларынын бири болгон a. Ошондой эле Иконияда аттуу-баштуу жүйүттөр жана көптөгөн прозелиттер жашаган. Ал жерге барганда Пабыл менен Барнаба адатынча жүйүттөрдүн сыйынуу жайына кирип, кабар айткан (Элч. 13:5, 14). «Алардын сөзү ушунчалык таасирдүү болгондуктан, көптөгөн жүйүттөр менен гректер ишенип, Исанын жолун жолдой башташкан» (Элч. 14:1).

6. Пабыл менен Барнабанын айткандары эмне үчүн таасирдүү болгон жана алардан эмнеге үйрөнө алабыз?

6 Пабыл менен Барнабанын айткандары эмне себептен таасирдүү болгон? Пабыл Жазманы абдан жакшы билген. Ал Исанын убадаланган Машаяк экенин далилдеш үчүн ысрайылдын тарыхын, пайгамбарлыктарды жана Мусанын мыйзамын жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берген (Элч. 13:15—31; 26:22, 23). Ал эми Барнабанын камкордугу, боорукердиги башкаларды өзүнө тартып турган (Элч. 4:36, 37; 9:27; 11:23, 24). Алар өздөрүнө эмес, Жахаба берген күчкө таянып кабар айтышкан. Кабар айтканда алардан кандай үлгү алсаң болот? Кудайдын Сөзүн кылдат изилдеп, аны жакшы билгенге умтул. Аймактагыларга кызыктуу боло турган аяттарды белгилеп ал. Аларды кантип жубатсаң болорун ойлон. Кабар айтканда өз билимиңе таянба, айткандарыңды дайыма Жахабанын Сөзүнө негизде.

7. а) Жакшы кабарды адамдар кандай кабыл алат? б) Үйүңдөгүлөр Жахабага сыйынганың үчүн каршы чыкса, эмнени унутпашың керек?

7 Бирок Пабыл менен Барнабанын айткан кабары икониялыктардын баарына эле жаккан эмес. Лука жазгандай, «ишенбей койгон жүйүттөр башка улуттагыларды үгүттөп, ал экөөнө каршы тукурушкан». Ошондо Пабыл менен Барнаба чындыкты коргош үчүн ал шаарда калууну чечкен. Алар ал жерде «бир топ убакыт болуп... тайманбай кабар айтышкан». Натыйжада «шаар калкы экиге бөлүнүп», бир тобу жүйүттөр тарапты, экинчи тобу элчилер тарапты ээлешкен (Элч. 14:2—4). Бүгүнкү күндө да жакшы кабарды ар ким ар кандай кабыл алат. Ошондон улам айрымдар бизге кошулса, башкалары каршы болот (Мт. 10:34—36). Эгер Жахабага сыйынганың үчүн үйүңдөгүлөр сага каршы болуп жатса, буга көбүнчө ушак-айың же жалаа себеп болорун унутпа. Бирок жакшы жүрүм-турумуң андай ушактын, жалган жалаанын негизсиз экенин көрсөтүп, атүгүл каршылык көрсөткөндөрдүн жүрөгүн жумшартышы мүмкүн (1 Пет. 2:12; 3:1, 2).

8. Пабыл менен Барнаба Икониядан эмне үчүн кетип калган жана алардан эмнеге үйрөнсөк болот?

8 Бир нече убактан кийин каршылык көрсөткөндөр Пабыл менен Барнабаны таш бараңга алууну ойлонуштурат. Бирок ал экөө бул жөнүндө билип калып, башка жакка барып кабар айтууну чечишет (Элч. 14:5—7). Падышалыктын жарчылары бүгүн да ушундай кылышат. Эгер кимдир бирөө бизди тилдеп, коркутуп-үркүтсө, биз тайманбастык менен кабар айта беребиз (Флп. 1:7; 1 Пет. 3:13—15). Бирок зордук-зомбулук көрсөтүлө тургандай болуп жатса, өзүбүздүн жана ишенимдештерибиздин өмүрүн тобокелге салбай, акылдуулук көрсөтүп, кетип калабыз (Накыл 22:3).

«Тирүү Кудайга кайрылгыла» (Элчилер 14:8—19)

9, 10. Листра кайсы жерде жайгашкан жана анын тургундары кандай адамдар болгон?

9 Андан кийин Пабыл менен Барнаба Рим колониясы болгон Листрага бет алышат. Ал Икониядан түштүк-батышты көздөй 30 километрдей алыс жайгашкан. Листра менен Писидиядагы Антиохиянын окшош жактары көп болгон, бирок ал жерде жүйүттөр аз болгон. Листралыктардын эне тили лукония тили болсо да, алар грек тилинде сүйлөшкөн көрүнөт. Кыязы, Листрада синагога жок болгондуктан, Пабыл менен Барнаба эл көп чогулган жерде кабар айта баштаган. Айта кетчү нерсе, Петир Иерусалимде тубаса шал болгон кишини айыктырса, Пабыл Листрада төрөлгөнүнөн тартып баспаган бир кишини айыктырат (Элч. 14:8—10). Петир жасаган кереметти көргөндөр Кудайга ишенип калган (Элч. 3:1—10). Ал эми Пабыл жасаган керемет элге такыр башкача таасир эткен.

10 Бул бөлүмдүн башында айтылгандай, Пабыл буту баспаган кишини айыктырганда, жалган кудайларга сыйынган Листранын эли Пабыл менен Барнабаны кудай көрүп алышкан. Алар Барнабаны кудайлардын чоңу Зевс деп, ал эми Пабылды Зевстин уулу жана кудайлардын өкүлү Гермес дешкен. (« Листра шаары жана Зевс менен Гермес» деген кутучаны кара.) Барнаба менен Пабыл ал керемет жалган кудайлардын күчү менен эмес, жалгыз чыныгы Кудай Жахабанын күчү менен болгонун түшүндүрүүгө аракет кылышкан (Элч. 14:11—14).

«Ушундай пайдасыз нерселерге сыйынганыңарды коюп, асман-жерди... жараткан тирүү Кудайга сыйынгыла» (Элчилер 14:15).

11—13. а) Пабыл менен Барнаба Листранын тургундарына эмне деген? б) Алардын айткандарынан эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Кандай жагдай болбосун, Пабыл менен Барнаба башкалардын жүрөгүн козгогонго аракет кыла берген. Лука алардын чыныгы Кудайды билбегендерге жакшы кабарды жеткириш үчүн кандай натыйжалуу ыкманы колдонушканын жазган. Пабыл менен Барнаба элге мындай деп кайрылган: «Эмнеге минтип жатасыңар? Биз силерге окшогон эле көр пендебиз. Ушундай пайдасыз нерселерге сыйынганыңарды коюп, асман-жерди, деңизди жана алардагынын баарын жараткан тирүү Кудайга сыйынышыңар үчүн, силерге жакшы кабар жарыялап жатабыз. Кудай мурун бардык элдерге каалаганын кылганга жол берип келген. Ошол эле учурда силерге асмандан жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген» (Элч. 14:15—17).

12 Алардын бул сөздөрүнөн эмнеге үйрөнө алабыз? Биринчиден, Пабыл менен Барнаба өздөрүн угуучуларынан жогору эсептеген эмес, өзгөчө күчкө ээ болгондой кылып да көрсөткөн эмес. Пабыл менен Барнаба ошол адамдарга окшогон эле алсыз пенде экенин айтышкан. Албетте, ал экөө Жахабанын ыйык рухуна ээ болушкан жана жалган окуулардан арылышкан. Ошондой эле Машаяк менен бирге башкарганга үмүттөнүшкөн. Бирок алар Листранын тургундары да Машаякка баш ийсе, ошондой белектерге ээ боло аларын билишкен.

13 Биз кабарда жолуктургандарга кандай карайбыз? Өзүбүздү алардан жогору көрбөйбүзбү? Биз менен Ыйык Китепти изилдегендер бизди мактаганда, эмне кылабыз? Пабыл менен Барнабаны туурайбызбы? 19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында кабар айтуу ишин жетектеген, Кудай Сөзүн чебер окуткан Чарлз Тейз Рассел да бул жагынан мыкты үлгү калтырган. Ал: «Башкалардын бизди же жазгандарыбызды кастарлап-аздектешин, бизди Ыйык ата же Рабби деп аташын каалабайбыз»,— деп жазган. Рассел бир тууган, Пабыл менен Барнабадай болуп, момун болгон. Биз да башкаларга кабар айтканда, өзүбүздү көрсөтүүнү эмес, аларга «тирүү Кудайга сыйынууга» жардам берүүнү көздөйбүз.

14—16. Пабыл менен Барнабадан дагы кандай эки нерсеге үйрөнөбүз?

14 Экинчиден, Пабыл менен Барнабанын угармандарына ылайыкташканынан үлгү алсак болот. Икониядагы жүйүттөр менен прозелиттерден айырмаланып, листралыктар Жазма жөнүндө жана Кудай менен ысрайыл элинин ортосундагы мамиле тууралуу бир аз эле билишкен же такыр эле билишкен эмес. Бирок алар дыйканчылык кылышкан. Ошондой эле Листранын климаты жылуу, жери түшүмдүү болгон. Андыктан ал жерде жашагандар берекелүү мезгилдерде Жараткандын сапаттарын аңдай алышмак. Пабыл менен Барнаба ушул нерселерди айтып, алардын жүрөгүн козгогонго аракет кылган (Рим. 1:19, 20).

15 Биз да алардан үлгү алабызбы? Мисалы, дыйкан бир эле үрөндү ар кандай талаага себиши мүмкүн жана жерди үрөн сепкенге даярдаш үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушу ыктымал. Айрым жерлердин топурагы жумшак болгондуктан, үрөндү сепсең, бат өнүп чыгат. Кээ бир жерлер катуу болгондуктан, үрөн сепкенге чейин көбүрөөк иштетиш керек болот. Биз да бир эле үрөндү — Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды — «себебиз». Эгер Пабыл менен Барнабаны туурасак, маектешибиздин жагдай-шартын, кайсы динди тутарын баамдай билүүгө аракет кылабыз жана Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ошого жараша ылайыкташтырып айтабыз (Лк. 8:11, 15).

16 Үчүнчүдөн, төмөнкү нерсеге үйрөнсөк болот: бүт күчүбүздү жумшаган күндө да, себилген үрөн «уурдалып» кетиши же «таштак жерге түшүп» калышы мүмкүн (Мт. 13:18—21). Андай учурда көңүлүңдү чөгөрбө. Пабыл кийин Римдеги шакирттерге: «Ар бирибиз [анын ичинде биз кабар айткандардын ар бири] Кудайдын алдында жооп беребиз»,— деп жазган (Рим. 14:12).

Аларды «Жахабага... тапшырышты» (Элчилер 14:20—28)

17. Пабыл менен Барнаба Дербеден чыгып каякка барган жана эмне үчүн?

17 Листранын тургундары Пабылды өлдү деп ойлоп шаардын сыртына таштап салышканда, тегерегине шакирттер чогулган. Алар Пабылга ордунан туруп, шаардагы бир үйгө барганга жардам берген. Эртеси Пабыл менен Барнаба 100 километр алыстыкта жайгашкан Дербеге жөнөп кеткен. Кечээ эле таш бараңга алынган Пабыл жолдон аябай эле кыйналса керек. Ошентсе да Барнаба экөө кызматын уланта берген. Алар Дербеге барып, «бир топ шакирт даярдашкан». Андан соң өздөрү көп токтогон Сириядагы Антиохияга кыска жол менен кетип калбай, «кайрадан Листрага, Иконияга жана Антиохияга [Писидиядагы]» барышкан. Эмне үчүн? Ал шаарлардагы шакирттерди «ишенимин бекем сактаганга үндөп, кайраттандырыш» үчүн (Элч. 14:20—22). Ооба, ал экөө чынында эле мыкты үлгү калтырган! Алар өздөрүнүн эмес, ишенимдештеринин жыргалчылыгын көбүрөөк ойлошкон. Бүгүнкү күндө да кыдыруучу көзөмөлчүлөр жана миссионерлер алардан үлгү алышат.

18. Аксакалдар кантип дайындалат?

18 Шакирттерди сөзү менен да, үлгүсү менен да бекемдегенден тышкары, Пабыл менен Барнаба «ар бир жыйналышка аксакалдарды дайындаган». Алар миссионердик сапарга «Кудайдын ыйык руху аркылуу жиберилишсе» да, жаңы аксакалдарды «Жахабага... тапшырыш» үчүн тиленип, орозо тутушкан (Элч. 13:1—4; 14:23). Бүгүнкү күндө да аксакалдар ушундай жол менен дайындалышат. Кимдир бирөөгө аксакалдыкка кепилдеме берерде аксакалдар кеңеши анын Ыйык Китептеги талаптарга жооп берер-бербесин тиленип алып карап чыгышат (1 Тим. 3:1—10, 12, 13; Тит 1:5—9; Жкп. 3:17, 18; 1 Пет. 5:2, 3). Адамдын чындыкта канча убакыттан бери жүргөнү негизги талап эмес. Эң негизгиси, сүйлөгөн сөзүнөн, жүрүм-турумунан, эл алдында кандай атка ээ болгонунан анын ыйык рухка канчалык жетектелип жатканы көрүнүп турушу керек. Ошондой эле Ыйык Жазмадагы талаптарга канчалык деңгээлде жооп бергенинен оторду кайтарууга жарактуу же жараксыз экени көрүнөт (Гал. 5:22, 23). Эгер жарактуу деп табылса, райондук көзөмөлчү аны аксакал кылып дайындайт. (Салыштыр: 1 Тиметей 5:22.)

19. Аксакалдар эмнени унутпайт жана Пабыл менен Барнабаны кантип туурашат?

19 Аксакалдар оторго жасаган мамилеси үчүн Кудайдын алдында жооп берерин билишет (Евр. 13:17). Алар, Пабыл менен Барнабага окшоп, кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алат. Ишенимдештерин бекемдеп-сооротушат. Ошондой эле жыйналыштын жыргалчылыгын өздөрүнүкүнөн жогору коюшат (Флп. 2:3, 4).

20. Боордошторубуз тууралуу окуганда эмне кылганга түрткү алабыз?

20 Акыры, Пабыл менен Барнаба Сириядагы Антиохияга кайтып барышат. Анан жыйналышты чогултуп, «Кудай аларга эмнелерди кылганга жардам бергенин, башка элдердин ага ишенишине кантип жол ачканын айтып беришет» (Элч. 14:27). Бүгүнкү күндө боордошторубуздун кантип кызмат кылып жатканын жана Жахаба аларга батасын берип жатканын окуганда биз да «кабарды тайманбай айтканга» түрткү алабыз.

a 96-беттеги « Фригиядагы Икония шаары» деген кутучаны кара.