Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

«Бир добуштан чечтик»

«Бир добуштан чечтик»

Жетектөөчү кеңеш кантип чечим чыгарган жана ал жыйналыштардын биримдигине кандай таасир эткен?

Элчилер 15:13—35-аяттарга негизделди

1, 2. а) Жетектөөчү кеңеш кандай олуттуу суроолорду карашы керек болгон? б)  Аларга туура чечим чыгарганга эмне жардам берген?

 ИЕРУСАЛИМДЕГИ элчилер менен аксакалдар олуттуу чечим чыгарганы турат. Алар тынчсызданып, бири-бирин ойлуу тиктешет. Сүннөткө отургузууга байланыштуу маселеден улам мындай суроолор туулган: Исанын жолдоочулары Муса пайгамбар аркылуу берилген мыйзамга баш ийиши керекпи? Исанын жүйүт жолдоочулары менен башка улуттагы жолдоочуларынын ортосунда айырма болушу керекпи?

2 Элчилер менен аксакалдар көп далилдерди карап чыкты. Пайгамбарлыктарды жана Кудайдын башка улуттагыларды кабыл алганына күбө болгондордун айткандарын талкуулашты. Ар бири өз оюн ортого салды. Ооба, аларда чечим чыгарганга жетиштүү далилдер бар. Жахаба да ыйык руху аркылуу эмнени каалап жатканын айкын кылды. Эми алар ыйык рухтун жетегине баш иеби?

3. Элчилер 15-бөлүмдү карап чыкканыбыз эмнеси менен пайдалуу?

3 Рухтун жетегине баш ийиш үчүн алардан ишеним жана кайраттуулук талап кылынат. Анткени алар чыгара турган чечим жүйүт диний жетекчилеринин каарын ого бетер кайнатышы мүмкүн. Ошондой эле Мыйзамды жактаган жыйналыштагы айрым кишилердин бул чечимге каршы чыгары да турган иш. Жетектөөчү кеңеш кандай чечим чыгарат? Келгиле, буга кененирээк токтололу. Бул бөлүмдөн бүгүнкү күндөгү Жетектөөчү Кеңештин кандайча элчилер менен аксакалдарды туураарын билебиз. Биз да чечим чыгарарда жана ар кыл кыйынчылыктарга кабылганда алардан үлгү алсак болот.

«Буга пайгамбарлардын китебиндеги бул сөздөр дал келет» (Элчилер 15:13—21)

4, 5. Жакып «Пайгамбарлардын китебинен» кайсы аяттарды цитата кылган?

4 Ошол жолугушууда Исанын бир тууган иниси Жакып сөз сүйлөгөн a. Сыягы, ошондо ал төрагалык кылган. Анын айткандары чогулгандардын ою менен дал келген. Жакып аларга: «Шымон бизге Кудай өзүнүн ысмы менен атала турган эл чогултуш үчүн башка улуттагыларга назар сала баштаганын эми эле айтып берди. Буга пайгамбарлардын китебиндеги бул сөздөр дал келет»,— деген (Элч. 15:14, 15).

5 Жакып Шымондун (Петирдин) жана Барнаба менен Пабылдын айткандарын кунт коюп угат. Ошондо ал талкууланып жаткан маселеге байланыштуу Жазмадагы аяттарды эстесе керек (Жкн. 14:26). Ал: «Буга пайгамбарлардын китебиндеги бул сөздөр дал келет»,— деп айткандан кийин Амос 9:11, 12деги сөздөрдү цитата кылат. Еврей Жазмаларына кирген Амос сыяктуу китептер эл оозунда «Пайгамбарлардын китеби» деп аталчу (Мт. 22:40; Элч. 15:16—18). Жакыптын ошондо цитата кылган сөздөрү бүгүнкү күндөгү Амос китебиндеги сөздөрдөн бир аз айырмаланат. Кыязы, Жакып ал сөздөрдү Септуагинтадан — Еврей Жазмаларынын грек тилиндеги котормосунан — келтирген.

6. Жазмада айтылгандар Кудайдын эркин жакшыраак түшүнгөнгө кандайча жардам берген?

6 Жахаба Амос пайгамбар аркылуу Дөөтүнүн «кулаган үйүн» кайра тургузарын — Дөөтүнүн тукумунан чыга турган Иса Машаяктын Падышалыгын орноторун — алдын ала айткан (Жез. 21:26, 27). Жахаба кайрадан жүйүт элин тандап алат беле? Жок. Пайгамбарлыкта «бардык элдерден» чыккан адамдардын Кудайдын ысмы менен аталган бир эл болору айтылган. Петирдин: «Кудай... бизге да [жүйүттөргө], аларга да [башка улуттагыларга] бирдей карай турганын көрсөтүп, жүрөктөрүн ишениминин аркасында тазалады»,— дегенин эстесеңер (Элч. 15:8, 9). Башкача айтканда, Жахабанын ой-ниети боюнча, жүйүттөр да, жүйүт эместер да Падышалыкты мурастай алмак (Рим. 8:17; Эф. 2:17—19). Бир да пайгамбарлыкта башка улуттагылар Исанын жолун жолдош үчүн сүннөткө отургузулушу же прозелит болушу керектиги айтылган эмес.

7, 8. а) Жакып кандай сунуш киргизген? б) Жакыптын сөздөрү эмнени көрсөтүп турат?

7 Пайгамбарлыктарды жана Кудайдын бөтөн улуттагыларды кабыл алганын талдап чыккандан кийин Жакып мындай деген: «Ошондуктан Кудайдын жолуна түшкөн башка улуттагыларга кыйынчылык туудурбай эле коёлу деп ойлоп жатам. Анын ордуна, аларга буркандарга багышталган арам нерселерден, жыныстык адеп-ахлаксыздыктан, арам өлгөн жаныбардын этин жегенден, канды колдонгондон качышы керектигин жазып жиберели. Анткени Мусанын ушул мыйзамдар камтылган китептери байыртадан эле бардык шаарлардагы сыйынуу жайларында дем алыш сайын эл алдында окулуп, аларда жазылгандар айтылып келет» (Элч. 15:19—21).

8 Жакып: «Ошондуктан... деп ойлоп жатам» — дегенде, төрага болгондуктан баары мен айткандай болушу керек дегиси келди беле? Түк да. Жакыптын бул сөздөрүнөн анын баары үчүн чечип салбаганын көрсө болот. Ал тек гана уккандарынын жана пайгамбарлыктардын негизинде өз оюн ортого салган.

9. Жакыптын сунушунун натыйжасы кандай болгон?

9 Жакыптын сунушун элчилер менен аксакалдар колдогон. Мунун натыйжасы кандай болгон? Исанын жүйүт эмес жолдоочуларына аябай жеңил болгон. Анткени алардан Кудайдын Муса аркылуу берген мыйзамына кармануу талап кылынбай калмак (Элч. 15:19). Ошол эле учурда Исанын жүйүт жолдоочуларынын абийири эске алынмак. Себеби алар «Мусанын ушул мыйзамдарын» нечендеген жылдар бою «сыйынуу жайларында дем алыш сайын эл алдында окулганын» угуп келген b (Элч. 15:21). Бул чечим Исанын жүйүт жана башка улуттан болгон жолдоочуларынын биримдигин чыңдаган. Баарынан да, ал чечим Жахабанын эркине ылайык келгендиктен, ага жаккан. Жыйналыштын ынтымагына коркунуч туудурган маселе эң сонун чечилген! Бул Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары үчүн мыкты үлгү!

Альберт Шрёдер эл аралык жыйында сөз сүйлөп жатат, 1998-жыл

10. Бүгүнкү күндөгү Жетектөөчү Кеңеш 1-кылымдагы жетектөөчү кеңешти кантип туурайт?

10 Буга чейинки бөлүмдө каралгандай, бүгүнкү күндөгү Жетектөөчү Кеңеш, 1-кылымдагыдай эле, бардык маселелерде ааламдын Эгедери Жахабанын жана жыйналыштын Башчысы Исанын көз карашын түшүнгөнгө аракет кылышат c (1 Кор. 11:3). Алар муну кантип кылат? Муну 1974-жылдан 2006-жылдын март айына чейин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Альберт Шрёдер жакшы түшүндүрүп берген. Ал мындай деген: «Жетектөөчү Кеңеш ар бир шаршембиде чогулуп, жолугушуунун алдында Жахабадан ыйык руху аркылуу жетектешин сурап тиленет. Каралып жаткан ар бир маселе жана ар бир чечим Ыйык Китепке ылайык келиши үчүн көп күч-аракет жумшалат». Көп жылдар бою Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылып, 2003-жылдын март айында жердеги жашоосун аяктаган Милтон Хеншель Гилат мектебинин 101-классынын бүтүрүүчүлөрүнө: «Жер жүзүндө кайсы уюмдун жетекчилери маанилүү чечим чыгарар алдында Ыйык Китепке кайрылат?» — деген суроо узаткан. Бул суроонун жообу баарыбызга айкын.

Аларды «жөнөтүүнү туура көрүштү» (Элчилер 15:22—29)

11. Жетектөөчү кеңештин чечими жыйналыштарга кантип жеткирилген?

11 Акыры, Иерусалимдеги жетектөөчү кеңеш сүннөткө отургузууга байланыштуу маселени бир добуштан чечет. Эми жыйналыштарда биримдик болушу үчүн кандай чечим чыкканын так-айкын, оң маанайда жеткире турган кишилер керек болчу. Буга кимдер жарактуу болмок? Элчилер китебинде мындай делет: «Элчилер менен аксакалдар, ошондой эле жыйналыштагылардын баары өздөрүнүн арасынан Барзаба деген да аты бар Жүйүт менен Сыласты тандап, Пабыл менен Барнабага кошуп Антиохияга жөнөтүүнү туура көрүшкөн. Жүйүт менен Сылас жыйналышта жетекчиликти колго алгандардан болчу». Мындан тышкары, жетектөөчү кеңеш атайын кат даярдап берип жиберишкен. Ал Антиохиядагы, Сириядагы жана Киликиядагы жыйналыштарда окулган (Элч. 15:22—26).

12, 13. Жетектөөчү кеңештин а) Жүйүт менен Сыласты жибергени, б) кат жөнөткөнү эмнелерге өбөлгө түзгөн?

12 Жетектөөчү кеңештин «жыйналышта жетекчиликти колго алган» Жүйүт менен Сыласты өкүлү катары тандаганы эң эле ылайыктуу болгон. Ал төрт киши жетектөөчү кеңештин сүннөткө отургузууга байланыштуу суроолорго кантип жооп бергенин эле эмес, алардын чечиминин жаңы көрсөтмө экенин айкын түшүндүрүп бере алмак. Коштоп барганга Жүйүт менен Сыластын да тандалганы Исанын Иерусалимдеги жүйүт жолдоочуларынын жана башка жерлердеги жүйүт эмес жолдоочуларынын ортосундагы биримдикти чыңдамак. Ушинтип жетектөөчү кеңеш акылдуулук кылган жана Кудайдын элин жакшы көрөрүн көрсөткөн. Бул биримдикке жана тынчтыкка өбөлгө түзгөнү шексиз.

13 Катта сүннөткө отургузулууга байланыштуу эле көрсөтмө берилген эмес. Анда Исанын бөтөн улуттагы жолдоочулары Жахабага жагып, батасын алышы үчүн эмне кылышы керектиги да жазылган. Каттын өзөгүндө мындай делген: «Кудай ыйык руху менен жетектегендиктен, биз силерге төмөнкү зарыл нерселерден башка эч кандай жүк артпай эле коёлу деген бүтүмгө келдик: буркандарга багышталган нерселерден, канды колдонгондон, арам өлгөн жаныбардын этин жегенден, жыныстык адеп-ахлаксыздыктан качкыла. Эгер мындан ары да ушулардан сак болсоңор, силерди ийгилик коштоп жүрөт. Сак-саламатта болгула!» (Элч. 15:28, 29).

14. Бөлүнүп-жарылган азыркы дүйнөдө ортодогу биримдигибизди эмне кармап турат?

14 Учурда дүйнө жүзү боюнча 100000ден ашуун жыйналышта 8000000дон ашуун Жахабанын Күбөсү бар. Ошого карабай ортобузда биримдик өкүм сүрөт. Анткени баарыбыз тең бир нерсеге ишенебиз жана бир иш менен алекпиз. Бөлүнүп-жарылган азыркы дүйнөдө ортодогу биримдигибизди эмне кармап турат? Жыйналыштын Башчысы Иса Машаяк «ишенимдүү жана акылдуу кул», тактаганда, Жетектөөчү Кеңеш аркылуу берген так-айкын жетекчилиги (Мт. 24:45—47). Ошондой эле бүт дүйнө жүзүндөгү боордошторубуз Жетектөөчү Кеңештин көрсөтмөсүнө даярдуулук менен баш ийгендиктен ортобузда сүйүү жана ынтымак бар.

«Бекемдээрлик сөздөрдү угуп баары кубанычка бөлөнүштү» (Элчилер 15:30—35)

15, 16. Жетектөөчү кеңештин чечимин жыйналыштагылар кандай кабыл алган жана эмне үчүн?

15 Элчилер китебинен Иерусалимден жөнөтүлгөн бир туугандардын Антиохияга барганда ал жердеги «бүт шакирттерди чогултуп, катты тапшырышканын» окуйбуз. Алар жетектөөчү кеңештин көрсөтмөсүн кандай кабыл алган? «Катты окуп беришкенде, андагы бекемдээрлик сөздөрдү угуп баары кубанычка бөлөнүшкөн» (Элч. 15:30, 31). Жүйүт менен Сылас да «көп насаат айтып, боордошторун кайраттандырып, дем-күч беришкен». Ал экөө Кудайдын эркин башкаларга жарыялагандыктан, Барнаба, Пабыл жана башкалар сыяктуу эле, «пайгамбар» деп аталган (Элч. 13:1; 15:32; Чыг. 7:1, 2).

16 Жахабанын жетектөөчү кеңештин ошол чечимине батасын бергени айкын болгон. Анын натыйжасында бүт жыйналыштар жалындап калган. Эмне үчүн? Анткени жетектөөчү кеңеш Кудайдын Сөзүнө негиздеп жана ыйык рухтун жетеги менен өз убагында айкын көрсөтмө берген. Андан тышкары, алардын чечимин жыйналыштарга так-айкын, жылуу-жумшак түшүндүрө алган кишилер жөнөтүлгөн.

17. Азыркы убактагы райондук көзөмөлчүлөр кимдердин үлгүсүнө карманат?

17 Бүгүнкү күндө да Жетектөөчү Кеңеш, элчилерден үлгү алып, дүйнө жүзүндөгү Кудайдын элине өз убагында так-таасын көрсөтмөлөрдү берип келет. Алардын чечимдери жыйналыштарга кээде райондук көзөмөлчүлөр аркылуу жеткирилет. Жанын аябаган ал кызматчылар улам бир жыйналышты кыдырып, көрсөтмөлөрдү жылуу-жумшак, так-айкын түшүндүргөнгө умтулушат. Алар, Пабыл менен Барнабага окшоп, башкаларды окутуп, жарчылар менен бирге «жакшы кабарды, тактап айтканда, Жахабанын сөзүн жарыялаганга» көп убакыт жумшашат (Элч. 15:35). Ошондой эле, Жүйүт менен Сыластай болуп, «көп насаат айтып, боордошторун кайраттандырып, дем-күч беришет».

18. Канткенде Жахабанын батасын ала алабыз?

18 Ал эми дүйнө жүзүндөгү жыйналыштар жөнүндө эмне десе болот? Аларга дүйнөдөгү бөлүнүүчүлүккө карабай тынчтыкты жана биримдикти сактоого эмне жардам берет? Шакирт Жакыптын кийинчерээк эмне деп жазганына көңүл бурсаң. Ал: «Кудай берген акылмандыкка ээ болгон адам баарынан мурда таза, андан кийин тынчтыкка умтулган, эстүү, баш ийгенге даяр... Андан сырткары, адилдиктин үрөнү тынчтык бар жерге себилип, тынчтыкка умтулгандарга түшүмүн берет»,— деп жазган (Жкп. 3:17, 18). Жакып муну менен Иерусалимдеги жетектөөчү кеңештин жолугушуусу жөнүндө айткысы келген-келбегени белгисиз. Бирок Элчилер 15-бөлүмдөгү окуялардан көрүнүп тургандай, биримдикке умтулуп, жетекчиликти колго алгандарга баш ийсек, Жахаба сөзсүз батасын берет.

19, 20. а) Антиохиядагы жыйналышта тынчтык, биримдик өкүм сүрө баштаганы эмнеден көрүнгөн? б) Пабыл менен Барнаба кайсы ишке көңүлүн топтой алган?

19 Сүннөткө байланыштуу маселе чечилгенден кийин Антиохиядагы жыйналышта тынчтык, биримдик өкүм сүрө баштаган. Антиохиядагылар Жүйүт менен Сыластар келгенде алар менен талашып-тартышпай, тескерисинче, сүйүнүшкөн. Муну «ошол жерде бир нече убакыт болгондон кийин, бир туугандарыбыз ал экөөнө ак жол каалап, кайра [Иерусалимге] узатып коюшканынан» көрсө болот (Элч. 15:33). Ал эми Жүйүт менен Сылас Иерусалимге кайтып барганда, ал жактагылар да эмне болгонун угуп кубанышкан. Ошентип, Жахабанын колдоосу менен алар ишин ийгиликтүү аяктаган.

20 Пабыл менен Барнаба болсо Антиохияда калып калган. Эми алар кабар айтуу ишин жетектегенге көбүрөөк көңүл топтой алмак. Азыркы күндөгү райондук көзөмөлчүлөр да жыйналыштарды кыдырганда кабар айтуу ишин жетектешет (Элч. 13:2, 3). Алар биз үчүн чоң бата! Жахаба Пабыл менен Барнабаны андан ары кантип колдонгон жана алар Жахабадан кандай бата алган? Бул тууралуу кийинки бөлүмдөн билебиз.

Бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш жана анын өкүлдөрү берген көрсөтмөлөрдөн чоң пайда алып жатабыз

a 112-беттеги « „Мырзабыздын бир тууган иниси“ Жакып» деген кутучаны кара.

b Жакып Мусанын жазгандарын цитата кылып абдан туура кылган. Анткени аларда мыйзамдар эле эмес, Мыйзам берилгенге чейин эле Кудайдын адамдарга кылган мамилеси, аларга ой-ниетин кантип ачып бергени жазылган. Мисалы, Башталыш китебинде Жахабанын канды колдонгонго, бузуктукка жана бурканга сыйынганга кандай караары так-айкын жазылган (Башт. 9:3, 4; 20:2—9; 35:2, 4). Ошондойчо Жахаба бардык адамдар, жүйүттөр да, жүйүт эместер да, карманышы керек болгон принциптерди ачып берген.

c 110-беттеги « Жетектөөчү Кеңеш кантип иш алып барат?» деген кутучаны кара.